9000 даана медициналык беткап дарыгерлердин коопсуздугу үчүн тартууланды
Сүрөт интернеттен алынды
8-апрель күнү 9000 даана медициналык беткап ( 6000 бир жолу колдонулуучу беткап жана 3000 респиратордук беткап) дарыгерлерди колдоо максатында тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул демилге “Жаңы Жибек жолу” Ассоциациясынын төрагасы Азат Эркебаев жана Пекиндин «Елинк Технолоджи» компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылып, коронавируска каршы күрөшүп жаткан кыргызстандык дарыгерлерлердин коопсуздугу үчүн аткарылды.
Өлкөбүз кабылган оор кырдаалда медицина кызматкерлери сап башында туруп, вируска каршы айыгышкан күрөш жүргүзүүдө. Ал эми мамлекетибиздин кайдыгер эмес жарандары, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, керектүү болгон каражаттар менен камсыз кылышууда.
Бул демилгеден келип түшкөн бардык жардам Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Жалал-Абад облустук ооруканасына, Сузак жана Ноокат аймактык ооруканаларына, Ош облустар аралык ооруканасына, Ысык-Көл облустук ооруканасына жана Чолпон-Ата аймактык ооруканасына тапшырылып берилмекчи.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 9-апрелине карата Кыргызстанда жалпы тастыкталган 280 учур катталды. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 86, Ош облусунда – 98, Чүй облусунда – 7, Баткен облусунда – 4, Ош шаарын – 36, Бишкек шаарында – 36, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 3 учур бар.
Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 34. Катталган учурлардын ичинен: 147 –аял, 133 – эркек, жаӊы 10 учурдун ичинен 3ө аял, 7си эркек.
последние
Рекомендация
- 1Кыргызстанда 7-апрелге карата COVID-19 менен катталган 12 жаңы учур катталды - алардын жетөөсү дарыгерлер
- 2Бишкек комендатурасы Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды кабыл алды
- 3АБР прогнозирует рост ВВП Кыргызстана в 2020 году в 4 процента
- 4При ЧС уровень преступности в Джалал-Абадской области снизился почти в три раза
- 5Алишер Абдрахманов: В борьбе с коронавирусом большую помощь оказывают предприниматели