WeChat      Избранное

Бишкек комендатурасы Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды кабыл алды

31/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Бишкек комендатурасы Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды кабыл алды

Сүрөт интернетттен алынды

31-март күнү Өкмөт үйүндө Ички иштер министринин орун басары-Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал режиминин жыйынтыгы боюнча брифинг берди. 

Ал: “Өткөн суткада саат 20:00дөн 7:00гө чейин борбор калаада 137 тартип бузган жаран кармалды. Алар 18 аял, 116 эркек, анын ичинде 3 өспүрүм. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 876 адам кармалган”,-деп билдирди. 

Муну менен эле катар, Алмазбек Орозалиев Бишкекте күзөтүү иштери күч алгандыгын билдирип, кошумча чектөөлөргө кол койгондугу тууралуу маалымат берди. 

Бул маалымат боюнча: шаар ичинде жөө жүрүүгө жана унаа менен жүрүүгө тыюу салынат, төмөнкү учурлардан сырткары:

- жашаган жеринен жумушуна чейин жана жумушунан үйүнө кайтуу, жанында ишмердүүлүгү бекитилген тармактардын тизмесине кирген уюмдарда иштегени жөнүндө аныктамасы болушу керек;

- каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 1,5 км алыс эмес радиустагы дүкөндөн азык-түлүк товарларын, дарыканалардан медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди сатып алуу;

- үй жаныбарларын, каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 100 метрден алыс эмес радиуста сейилдетүү, 30 минутадан көп эмес;

- ыкчам учурлар боюнча медицина мекемелерине чыгуу;

- адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан өзгөчө кырдаалда ж.б.у.с. учурларда үйдөн күтүүсүздөн чыгуу.

Туугандарга, досторго, кошуналарга ж.б. конокко барууга тыюу салынат; Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнөн сырткары, 3 адамдан көп топтор болуп чогулууга тыюу салынат; Жашы жете электерге чоӊ адамдардын коштоосу жок жүрүүгө тыюу салынат; Шаардын жашоо ишмердүүлүгүн камсыз кылгандардан тышкары, бардык уюмдар менен ишканалар ишин убактылуу токтотсун.

2020-жылдын 31-мартына карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталды:

Бишкек ш. – 1

Нарын облусу – 3

Ысык-Көл облусу – 2

Чүй облусу – 1

Ош облусу – 5

Жалал-Абад облусу – 1

Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)