Кыргызстанда 7-апрелге карата COVID-19 менен катталган 12 жаңы учур катталды - алардын жетөөсү дарыгерлер
Сүрөт интернетттен алынды
Кыргызстанда 7-апрелге карата COVID-19 менен катталган 12 жаңы учур катталды. Бардыгы Ош облусунда обсервацияда болгон. 9 аял, 3 эркек киши. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов республикалык штабдын пресс-борборунда маалымдады.
Ошондо, 2020-жылдын 7-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 228 түздү. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 80, Ош облусунда – 106, Баткен облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 3, Чүй облусунда – 30.
Сабыржан Абдикаримов: “Бардыгыбыз билгендей, Кытай Эл Республикасы дагы тартиптин, ушундай чаралардын арты менен тез аранын ичинде жеңишке жетишти. Ошондуктан, учурда кырдаалды жөнгө салууда көрүп жаткан чараларыбыз туура деп эсептейбиз”,-деп билдирди.
Бугүнкү күндө, COVID-19 оорусун жуктурган дарыгерлердин саны 19 түзүп, алардын бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп, ооруканаларда жайгаштырылгандыгы белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министринин айтуусунда жаңы жуктурган 12 бейтаптып жетөөсү – дарыгерлер, бардыгы ооругандар менен байланышта болгондор.
“Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатат. Кенемтенин суммасын комиссия аныктайт – бул бир жолку компенсация, ал эми өлүм учуру катталса, башка кенемте каралат”, - деп билдирди саламаттык сактоо министри С.Абдикаримов.
Анын айтымында, ушул күндөрү өзгөчө абал учурунда дарыгерлердин макамы тууралуу мыйзам Жогорку Кеӊешке кароого киргизилет жана алар тез арада оӊдоолорду киргизүүгө даяр.
последние
Рекомендация
- 1Южная часть Бишкека перекрыта на карантинную зону
- 2Кыргызстанда 7-апрелге карата COVID-19 менен катталган 12 жаңы учур катталды - алардын жетөөсү дарыгерлер
- 3В Кыргызстане зарегистрировано девять новых случаев заражения коронавирусом
- 4Национальный центр фтизиатрии готовится к перепрофилированию с созданием специализированного отделения для пациентов с COVID-19
- 5Казахстан помог вывезти из Индии 15 кыргызстанцев