Каржы министрлигинин алдында ачылган атайын эсепке түшкөн акчанын суммасы 116 млн 808 миң 450 сомду түздү
Сүрөт интернеттен алынды
Каржы министрлигинин алдында ачылган атайын эсепке түшкөн акчанын суммасы 116 млн 808 миң 450 сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Каржы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын директору Амандыков Марлен Республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.
Марлен Амандыков: “Бүгүнкү күнгө карата Финансы министрлигинин алдында ачылган атайын эсепке түшкөн акчанын суммасы 116 млн 808 миң 450 сомду түздү. Анын ичинен комиссиянын чечими менен 38 млн 559 миң 300 сом медициналык кызматкерлерге кошумча каражат төлөөгө бөлүнгөн. Ал эми, 1 млн 900 миң кассалык чыгымдарга кеткен”, - деп кошумчалады ал.
Ошондой эле министрдин орун басары белгилегендей, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган экинчи депозиттик эсепке бүгүнкү күнгө карата 7 млн 839 миң сом түшкөн.
“Комиссиянын чечими менен 4 млн 379 миң 996 сом Бишкек мэриясына жана Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнө бөлүнгөн. Бул тууралуу толук мааалыматты КРдин Каржы министрлигинин сайтынан же болбосо, https://help.covid.kg порталынан ала аласыздар. Ал жакта бардыгы ачык жана толук көрсөтүлгөн.”,- деди Амандыков.
Министрдин орун басарынын айтуусунда, пландаштырылган айлык акы, жөлөкпул жана Социалдык фонддун бюджетине берилген трансферттер толугу менен каржыланып жатат. Бүгүнкү күндө апрель айына карата 2 млрд 700 млн сом бөлүнгөн. Анын ичинен Социалдык фондго 1 млрд сом жана 609 млн сом социалдык жөлөкпулдарга каралган. Брифинг учурунда апрелге пландаштырылган чыгымдардын баары толугу менен берилээри маалым болду.
последние
Рекомендация
- 1Комендатура коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге 2700 өткөрмө кагазын берген
- 2Правительство Республики Корея экстренно выделяет 50 000 долларов правительству Кыргызской Республики для борьбы с коронавирусом
- 32020-жылдын 9-апрель күнүнө карата чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар арасында коронавирус менен катталган 23 учур тастыкталды
- 4Красный Полумесяц передал Центру экстренной медицины средства индивидуальной защиты
- 5В Центре экстренной медицины консультируют больных еще и по телефону