WeChat      Избранное

Комендатура коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге 2700 өткөрмө кагазын берген ​

02/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Комендатура коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге 2700 өткөрмө кагазын берген   ​

Сүрөт интернетттен алынды

2-апрель күнүнө карата Өкмөт үйүндө Ички иштер министринин орун басары-Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал режиминин жыйынтыгы боюнча маалымат берди. 

Ал: “2020-жылдын 25-мартынан тартып Бишкекке өзгөчө абал киргизилди. Ошол күндөн 1-апрелге чейин, коменданттык убакытты 1076 адам бузган, алардын ичинен 145 аял, 931 эркек жана 14 өспүрүм. Азыркы тапта, коомдук тартипти 3000ден ашык милиция кызматкери жана КР Генералдык штабынын аскер кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат”, - деп билдирди. Муну менен катар, учурда Комендатура коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге 2700 өткөрмө кагазын бергендигин билдирди. 

2-апрелден баштап, Бишкектин түштүк тарабы дагы карантиндик чектөөгө алынды. 

Жаңы кошулган аймактарга жарандардын жана унаалардын өтүүсүнө тыюу салынат.

Алар төмөнкү көчөлөр: 

• Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;

• Сүйөркулов–Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн магистралга чейинки бөлүгү;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Байтик баатыр көчөсүнүн түндүк тарабы;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Малдыбаевдин түндүк тарабы;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Токтоналиевдин түндүк тарабы;

• Масалиевден баштап Чыңгыз Айтматов проспектинин түндүк тарабы;

• Бакаев көчөсүнөн баштап Ахунбаевдин чыгыш тарабы.

Мындай чектөөлөр аталган аймактарды дезинфекциялоо үчүн киргизилип жатат. Буга чейин чектөөгө алынган Бишкектин борбордук бөлүгүнда дагы дезинфекция иштери улантылат. 

Эске сала кетсек, 2-апрель күнүнө карата коронавирусту жуктуруп алган жаңы беш учур катталды. Алар - Ош облусунун Ноокат районунда – 2 адам, Ош шаарында – 1 адам жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында – 2 адам.

Өлкө боюнча жуктургандардын саны 116га жетти: Жалал-Абад облусунда 54, Ош облусунда 30, Чүй облусунда 5, Баткен облусунда 3, Ош шаарында 10, Бишкек шаарында 8, Нарын облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 2.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)