WeChat      Избранное

Замира Акбагышева: «КЭР вирустун чыгышы менен ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп, системалуу түрдө иштеп жатат»

22/02/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Замира Акбагышева: «КЭР вирустун чыгышы менен ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп, системалуу түрдө иштеп жатат»

Сүрөт интернеттен алынды

Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарынан чыккан вирус дүйнөнү ойго салып турган учуру. Азыркы тапта, бул вирус дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринен дагы табылып, аны менен күрөшүү жолдору кызуу изилденип жаткан мезгил. Кытай Эл Республикасы дагы бул жаатта бир катар мыкты иштерди аткарып, вирус менен активдүү күрөшүп жаткан чагы.  

Мына, ушул жаатта Кыргызстан Аялдар Конгрессинин төрайымы Акбагышева Замира Акбагышеванын оюн уктук.

«Кытай алдыга, Ухань биз сени менен!!!»

-Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы карым-катнаш, достук, кызматташтык алака ар тараптуу өнүгүп, жогорку деңгээлде экендигин бардыгыбыз билебиз. Акыркы жылдары, бул мамилелер дагы чыңдалып, өнүгүүнүн үстүндө болууда. Ошондуктан, өткөн жылдын декабрь айында КЭРдин Ухань шаарында чыккан коронавирус бардыгыбызды ойго салды десем жаңылышпайм. 

Чындыгында, Кытай бийлиги COVID-2019 вирусу менен күрөшүүдө мыкты иштерди аткарууда. Анын бүтүндөй дүйнөгө тарап кетпөөсү үчүн алдын-алуу иштерин жүргүзүп, канчалаган шаарларды изоляцияга алып, бардык аймактарда 14 күндүк карантин жарыялады. Элин сыртка ашыкча чыгарбай, толугу менен тамак-аш менен камсыз кылып, бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп, колдон келген иш-аракеттерин кылууда. Бул дагы бир жолу Кытайдын күчтүүлүгүн, кандай гана кырдаал болбосун жаркын келечек, тынч жашоо үчүн күрөшүүгө толук кандуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин тастыктап жатат десем болот. Себеби, вирустун чыгышы менен өтө ыкчам түрдө эпидемияга каршы иш-аракеттерди жүргүзүп, системалуу түрдө иштеп жатышат. 

Кытайда көп жолу барып, ал жакта жакын санаалаштарым болгондугу үчүн мен колумдан келишинче бул жааттагы жаңылыктарды үзбөй окуп, толук маалымат алууга аракет кылып жатам. Ошондуктан, акыркы күндөрү вирус менен ооругандар азайып, айыгып чыккандардын дагы саны көбөйүп жаткандыгы мени кубандырат. Эң башкысы бардыгыбыз иммунитетти чыңдап, өздүк гигиенаны жакшы сакташыбыз абзел. 

Бул аталган илдеттен арылуу жолдорун кытай окумуштуулары, дарыгерлери тынымсыз изилдеп, карап жатышат. Жакынкы күндөрү вирустун вакцинасын таап, аны жеңип чыгаарына ишенем. Биз да ушул көйгөйгө байланыштуу Бүткүл Кытай Аялдар Федерациясына, анын төрайымы Шень Юеге, орун басары Ся Цзеге атайын кат жолдогонбуз.  

Бул уюм Кыргызстан Аялдар Конгрессинин эң мыкты, эң жакын өнөктөшү болуп эсептелет. Ал жактан дагы бизге көптөгөн делегациялар келип турушат. Биз да алардын Кытайда өткөрүп жаткан көптөгөн иш-чараларына катышып келебиз. Өз ара тажрыйба алмашуу максатында дагы иштер өтүп турат. Бүткүл Кытай Аялдар Федерациясы биз үчүн өзгөчө маанилүү, башка өнөктөштөрүбүзгө караганда дагы алар менен өтө жакын мамиледебиз десем эч жаңылышпайм. Анткени алар бизге бардык жагынан окшош, алдыга койгон максаттарыбыз бир. 

Алдыда, аталган илдеттин кедергиси тийбей, дагы да эки тараптуу кызматташуубузду ийгиликтүү улантабыз деп ишенем. Сөзүмдүн соңунда, «Кытай алдыга, Ухань биз сени менен!!!» деп айтмакчымын. Кандай гана кырдаал болбосун, бардыгы өтөт. Мен анын ийгиликтүү жыйынтыкталаарына күмөнүм жок.   

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)