WeChat      Избранное

Адыл Жунус уулу: «Бул күндөр дагы өтөт, Кытай жеңишке жетет»

22/02/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Адыл Жунус уулу: «Бул күндөр дагы өтөт, Кытай жеңишке жетет»

Сүрөт маек ээсине таандык

Учурда, бүтүндөй дүйнө эли коронавирус көйгөйүн талкуулап, Кытай Эл Республикасынын ага каршы жүргүзүп жаткан күрөшүнө жогорку бааны берүүдө. Муну менен эле катар, мамлекеттер гана эмес, катардагы жөнөкөй адамдар дагы коңшу өлкөгө медициналык бет каптарды, зарыл болгон медикаменттерди жардам катары тартуулап, КЭР кыйын учурду башынан кечирип жаткан чагында аз да болсо өз колдоосун көрсөтүп жатканы белгилүү. 

Мына, ушул багытта «бизде кандай иштер жүргүзүлүп жатат, деги эле бул кырдаал биздин экономикага кандай таасир этүүсү мүмкүн»  деген суроолор менен КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты Адыл Жунус уулуна кайрылдык. 

- Адыл агай, алгач Кытай Эл Республикасынын Ухань шаарында чыккан COVID-2019 вирусуна  каршы бийликтин жүргүзүп жаткан иши тууралуу өз оюңузду билдирип кетсеңиз?

- Азыр баарыбызга маалым болгондой улуу коңшубуз Кытай Эл Республикасында коронавирустун жайылышы дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө буруп жатат. Кытай эли өзүнүн бүт күчүн жумшап вирус менен күрөшүп, башынан оор күндөрдү өткөрүп жатат десек болот. Вируска чалдыгып жана анын кесепетинен көз жумган жарандар дагы бар. Вирусту жуктуруп алгандардын саны өсүп жатканы Кытай элин гана эмес, дүйнөлүк коомчулукту дагы чочулатууда. 

Бирок, Кытай бул вирус менен күрөшүүдө мыкты иштерди аткарып жатат. Мен өзүм КЭРдин Їрїмчї, Кулжа шаарында 22-январдан 2-февралга чейин болуп кайттым. Ошондуктан, коңшу мамлекеттин вирусту жайылтпоо, аны алдын-алуу жаатында кандай иштерди жүргүзүп жаткандыгына өзүм күбө болдум. Мисалы, Кытайдын эң окумуштуу аалымдары бул коронавирустун жаңы түрүн изилдеп, ал адамга жуккандан кийин 14 күнгө чейин инкубациондук мезгили болоорун аныкташкан. 

Ошондуктан, «14 күнгө чейин сенде бул илдеттин белгиси байкалбаса анда сен тазасың, оорубай эле турасың» деп, ар бир Кытай жаранынын кулагына куюп, телефон, социалдык тармактар аркылуу ал жөнүндө толук кандуу маалымат берип жатышат. Илдеттен коргонуу шарттарынын бардык жол-жобосун түшүндүрүп, оорунун белгиси болсо кандай талаптарды аткаруулары зарыл экендиги дагы байма-бай айтылууда. Көчөлөрдө бир дагы унаа көрүнбөйт. Бардыгы үйдө болуп, үй-бүлө мүчөлөрүнөн сырткары эч ким менен жолугушууга чыкпай эле турат. Бул дагы бир жолу кытай элинин ынтымагын, Өкмөткө болгон колдоосун, ишенимин көрсөтүп, экинчиден болсо Кытай бийлигинин кадыр-барктуу, мартабалуу, күчтүү экендигин тастыктайт. 

Албетте, «элдер эч жакка чыкпаса тамак-аш менен кандай камсыз болуп жатат?»-деген, суроо туулушу мүмкүн. Бул жакты дагы КЭР бийлиги мыкты ойлонуштурган. Күн сайын ар бир үйдүн подъездине керектүү тамак-аш азыктары, жашылча-жемиштер менен жабдылган кичи жүк ташуучу унаа келип турат. Андан, ар бир үйдөн бирден адам чыгып, өздөрүнө керектүү тамак-аш азыктарын алып турушат. Бул вирус иммунитети начар, кары адамдарга бат жугаары айтылгандыктан, сатып алууга негизинен жаштар чыгышат экен. 

Мындан сырткары, адамдын дене табын ченей турган аппарат бардык жактарда орнотулган. Коронавирустун очогу болгон Уханьга өлкөнүн бүтүндөй аймактарынан мыкты дарыгерлер тобу жөнөтүлүп, кырдаалды жөнгө салуунун үстүнөн иштеп жатышат. Саналуу күндөрдө ооруканалар курулуп, ишке киргизилип жатат. Инфекциянын вакцинасын табуу үчүн дагы бир катар иштер аткарылууда. Кытай дарыгерлери аталган илдетти дарылоонун эффективдүү жолун таап чыкканы дагы маалым болду. Кытай бийлиги вирусту жайылтпоо, анын алдын-алуу, оорулууларды дарылоо жаатында мына ушундай мыкты кадамдарды аткарып жатышат. 

- Кытайда болуп жаткан бул кырдаал Кыргызстандын экономикасына  кандай таасир берет деп ойлойсуз?

- Учурда, коронавирустун жайылып кетүүсүн чектөө максатында чек аралар жабылды. Бардыгыбыз билгендей, Кытай продукциялары жеке гана Кыргызстандын рыногунун басымдуу бөлүгүн ээлебестен, көптөгөн дүйнөнүн мамлекеттерин «багып» келген. Ошондуктан, бул кырдаал көпчүлүк өлкөлөр үчүн жагымсыз абалды жаратуусу шексиз.

Кыргызстан дагы алардын катарында. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Кыргызстанга келген инвесторлордун сап башында Кытай ишкерлери турат. Бул жактан алганда дагы, биздин экономикага залалы тие тургандыгы белгилүү. 

- Учурда, Кытайга дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери гуманитардык жардам көрсөтүп жатканы белгилүү. Кыргызстанда бул багытта кандай иштер аткарылып жатат, өзүңүздүн сунушуңуз менен бөлүшүп кетсеңиз?

- Бардыгыбыз билгендей, стратегиялык коңшубуз болгон Кытай эли биздин өлкөнүн башына оор күндөр түшкөндө карап турбастан колунан келген бардык жардамдарын берип келген. Мисалга алсак, 1991-жылы өзүбүздүн эгемендигибизди жарыялагандан кийин биринчилерден болуп көз карандысыз мамлекет катары таанып, дипломатиялык алакаларды түзгөн. Кытай Эл Республикасы бүгүнкү күнгө чейин ар кандай багыттарда зарыл болгон жардамдарын берип, колдоосун көрсөтүүдө. 

Эгемендик жылдардан бери коңшу элдин көрсөткөн колдоолорун мындай коюп, жакынкы жылдары берген жардамдарына токтоло кетсем. Мисалы, энергетикалык шакекчеден чыгууга, түндүк-түштүк альтернативдик жолун курууга, Бишкек ЖЭБине насыяларды жана борборубуздун ичиндеги жоддорду оңдоп-түздөөгө гранттарды берип келди. 

2010-жылдын апрель, июль айларында өлкөбүз башынан оор күндөрдү өткөрүп жатканда, коңшуларыбыз чек арасын жапкан кезде, жалгыз Кытай Эл Республикасы чек арасын жаппай, жыйынтыгында элге керектүү буюм-тайымдар, кийим-кече, тамак-аш азыктары кенен кирип турган. 

Кытай элинин башына ушундай оор күн келип, дүйнөлүк коомчулук вирусту жуктуруп алуудан чочулап, чек араларын жаап жаткан кезде, Кыргыз Республикасы жөн карап турбастан, экономикалык жактан күчтүү болбосок дагы, колдон келген жардамыбызды аябай, жок эле дегенде бир жолку колдонуучу бет каптардан, эпидемияга каршы атайын кийимдерден жардам берсек деген сунушту киргизет элем. 

Бет каптарды башка мамлекеттерден деле сатып алып, жардам көрсөтсөк чыныгы достуктун, кошуналыктын милдетин аткарган болот элек. Санитардык эрежелерге ылайык бир масканы адам төрт сааттан ашык колдонбоого тийиш. Ал эми, Кытай эли саны боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунду ээлегендигин эске алсак, бир күндө эле миллиондогон бет капка муктаждык бар экендигин көрүп турабыз. Мен дагы ушундай сунуш менен биздин Өкмөткө 13-чү февраль күнү кайрылуу жасадым. Жакынкы күндөрү бул иштер чечилет деп ишенем. 

Кытай элинин башына келген бул оор күндөр дагы өтөт, бул күрөштө дагы ал жеңишке жетет. Бирок, достук, кошуналык дал ушундай оор күндөрдө сыналып, билине тургандыгын жакшы билебиз. «Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык» деп ата-бабабыз байыртан эле айтып келген. Ошондуктан, ушундай кырдаалда четте карап турбастан, биз дагы өзүбүздүн булактарды караштырып, колдон келген жардамыбызды көрсөтсөк. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)