WeChat      Избранное

“Кытай тили көпүрөсү” –жаркын келечекке ачылган жол

21/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

“Кытай тили көпүрөсү” –жаркын келечекке ачылган жол

Сүрөттөр маек ээсине таандык 

汉语桥 (hànyǔqiáo-кытай тили көпүрөсү)-бул үч иероглиф менен кытай тилин үйрөнүп, ага байланыштуу адистикте окугандар сөзсүз түрдө тааныш. Анткени, бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча мыктылардын-мыктысын тандаган кытай тили сынагы дал ушундай аталып, канчалаган окуучулардын жетпеген кыялына айланып келет. Бул сынак жеңүүчүлөргө жеке гана Кытай жергесин кыдыртып, анын маданиятын, элинин каада-салтын, жашоо-турмушун жакындан таанытууга мүмкүнчүлүк бербестен, телепрограммалардын жылдызы болууга, КЭРдеги өзү каалаган университетинде бекер окуу жолдомосун утуп алууга өбөлгө болот. 

“Кытай тили көпүрөсү” конкурсу КЭРдин Билим берүү тармагы тарабынан 2002-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө. Бул сынак кытай тилин үйрөнүп жаткан чет элдик окуучулар арасында жер-жерлерде тандоо турлары уюштурулуп, андан соң Кытайдын өзүндө улантылат. Быйыл дагы бул иш-чара 12-жолу 18-октябрдан 2-ноябрга КЭРдин Хэнань провинциясынын Чжэнчжоу шаарында болуп өттү. Ага 105 мамлекеттен 124 катышуучу катышты. Кыргызстандын намысын БМУнун алдындагы Конфуций институтунун атынан барган 15 жаштагы Азирет Эмир коргоду. 

Биз дагы учурдан пайдаланып, Азирет менен Кытай жергесине болгон сапары тууралуу баарлаштык. 

Азирет Эмир: “Келечекте кыргыз-кытай кызматташтык алакасынын өнүгүүсүнө өз салымымды кошкум келет”

-Чындыгында, мен кичинекей кезимден баштап “кытай дүйнөсү”менен аралашып чоңойдум десем жаңылышпайм. Анткени, ата-энемдин жумушуна байланыштуу Пекин шаарында 8 жыл жашап келдик. 2007-жылы 3 жашымда Кытайга кетип, алгачкы жолу мектеп босогосун ошол жактан аттагам. Кыргызстанга болсо 2015-жылы кайтып келгенбиз. 

Учурда, № 62 Окуу тарбиялоо-комплекси мектеп-гимназиясында 10-класста билим алып жатам. Мага эки жактын тең билим берүү системасы абдан жагат. Албетте, кытай мектептери акыркы технологиялар менен жабдылып, санариптештирилген. Окуучулардын мыкты билим алуусу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бирок, учурда, билим алып жаткан мектебим дагы шаардын алдыңкы мектептеринин бири. Алгач, Кыргызстанга келгенде көнүшө албай бираз кыйналдым. Бирок тилден оорчулук болгон жок, себеби үйдө кыргызча сүйлөшөбүз. 

Ал эми, Кытай тили көпүрөсү конкурсуна 3 жылдан бери катышып келе жатам. Былтыр Кыргызстан боюнча 2-орунду ээлегем. Быйыл болсо, 1-орунга татып, бүтүндөй дүйнөдөн чогулган окуучулар менен биргеликте Кытайда мыкты күндөрдү өткөрүп келдик. Бул сапарыбыз жеке конкурс күндөрү менен өтпөстөн, эң сонун маданият таануу, тарых таануу көз ирмемдери менен дагы коштолду. Алгач, Пекинде болдук. Ал жакта маданият таанытуу жаатында мыкты программалар түзүлүптүр. Кытай маданиятынын баалуулуктары болгон каллиграфияны, тайжичуанды дагы абдан жактырам. Ошондуктан, маданий иш-чаралары мага өзгөчө таасир калтырды. Өз колубуз менен кагаз жасадык, кытай ашканасынын көркү болгон доуфуну даярдадык. Бул иш-чаралар дагы катышуучулардын ынтымагын бекемдеп, жакындан таанышуубузга мыкты өбөлгө болуп берди. 

“Кытай тили көпүрөсү” –жаркын келечекке ачылган жол

Андан соң, Хэнань провинциясынын административдик борбору Чжэнчжоу шаарына бардык, ошол жакта конкурс болуп өттү. Алдыда дагы бул багытта өз билимимди тереңдетип, жакшы жыйынтыктарга жетүү максатым бар. Мага бул иш-чара абдан жакты. Дүйнөнүн төрт бурчунан досторду таптым. Бир-бирибиз менен жакындан таанышып, кызыктуу күндөрдү өткөрдүк. Бул сапарым абдан маңыздуу болду десем эч жаңылышпайм. Көптөгөн жаңы нерселерди үйрөнүп, ар тараптуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүк болду. 

Учурда, Кытай абдан өнүгүптүр. Электрондук капчык системасы мага өзгөчө жакты. Мектепти аяктаган соң, жогорку билимимди Кытайдан улантууну пландап жатам. Келечекте кыргыз-кытай кызматташтык алакасынын өнүгүүсүнө өз салымымды кошкум келет. 

Чжан Шицай, БМУнун Конфуций институтунун Кытай тараптан директору: “Конфуций институтунун башкы максаты Кыргызстан-Кытай ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташууларды өнүктүрүү болуп саналат”

-Биздин институт К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин алдында 2008-жылдын 15-июнунан баштап ийгиликтүү иштеп келүүдө. Конфуций институтунун башкы максаты Кыргызстан-Кытай ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташууларды чыңдоо жана өнүктүрүү болуп саналат. Муну менен катар эле, кытай тилин үйрөтүү менен бирге кытай маданиятын дагы студенттерибизге жакындан таанытуу максаттарыбыздын бири болуп саналат.

Биздин институт дүйнө жүзүндөгү ири Конфуций институттардын катарын толуктайт. Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар, бир катар мектептер менен дагы тыгыз кызматташып, кытай маданиятын, кытай тилин үйрөтүүгө өз көмөгүбүздү көрсөтүп келебиз. Азирет тууралуу айта турган болсом, абдан таланттуу жана аракетчил окуучу. Чындыгында, үй-бүлөсү менен кытай тилин жакшы билишет. Эжеси дагы өз учурунда ушул конкурстун жеңүүчүсү болуп, дүйнөлүк сынакта Кыргызстанды татыктуу тааныткан. Ал Азия чемпиондугун жеңип, дүйнөнүн беш континентинин арасынан 2-орунду багынткан. 

Азирет алдыда дагы мыкты ийгиликтерди жараатарына ишенем. Учурда, ал 15 эле жашта. Келечеги алдыда. Кыргызстан таланттуу жана ар тараптуу өнүккөн жаштарга бай. Кытай тили жаатында дагы мыкты ийгиликтерге жеткен окуучуларыбыз, студеттерибиз көп. 

Асел Омуралиева, Азиреттин апасы: “Ар дайым балдарымдын жетишкендиктерине кубанып, сыймыктанып келем”

-Мен өзүм кытай тилинен сабак берем. Бул жаатта Кыргызстандагы алгачкы бүтүрүүчүлөрдүн биримин десем болот. Ошондуктан, балдарым дагы кытай тилин тереңдеп үйрөнсө деп максат кылгам. 

Ыңгайлуу шарт болуп, Кытай жергесинде бир нече жыл жашап, иштеп калдык. Балдарыбыз кичинекей кезинен баштап эле, ошол чөйрөдө өсүп, бул тилди үйрөнүп, окуй башташты. Кызым да, уулум дагы тилге жөндөмдүү болуп, аны жеңил өздөштүрүштү. Мындан сырткары, тил үйрөнүүдө чөйрө дагы чоң таасир берет эмеспи. Кытайда жашагандыгыбыз үчүн дагы тилди жакшылап үйрөнүүгө мыкты мүмкүнчүлүктөр ачылды. Чындыгында, кытай тилин үйрөнүү абдан пайдалуу. Эске тутуу жөндөмдүүлүгү дагы жакшырып, баланын кабыл алуусу бат болот. Тамак таякчаларын колдонууда дагы майда моторика жакшы өнүгөт. Мына, ушундай жолдор менен аз-аздан болсо дагы кытай маданиятын жакындан таанып, биле башташты. 

“Кытай тили көпүрөсү” –жаркын келечекке ачылган жол

Учурда, экөө тең кытай тилин тереңдеп өздөштүрүп жатышат. Кытайдан келгенден кийин дагы бул жакта тилди үйрөнгөндү токтотушкан жок. Унутуп калбоо үчүн, курстарга катышып, ар дайым тил менен алек болуп, күн сайын үйдө эң аз дегенде эки сааттан алектенишет. 

Ар дайым балдарымдын жетишкендиктерине кубанып, сыймыктанып келем.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)