WeChat      Избранное

Абылгазиевдин кабинетине бажыдагы ишти онлайн көрсөткөн монитор коюлду. Сүрөт

18/12/2019  Источник:Sputnik   шрифта:

Абылгазиевдин кабинетине бажыдагы ишти онлайн көрсөткөн монитор коюлду. Сүрөт

Фото WWW

Мындан ары Абылгазиев бажыдан кандай автоунаада эмне товар өтүп жатканын онлайн режимде көрүп, көзөмөлдөп турат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кабинетине бажы өткөрмө пункттарын онлайн көрсөтүп турган монитор коюлду. Мындай көзөмөл кылуучу система ишке киргизилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиевдин кабинетине бажыдагы ишти онлайн көрсөткөн монитор коюлду. Сүрөт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кабинетине бажы өткөрмө пунктарын онлайн көрсөтүп турган монитор коюлду

Өкмөт башчы кечээ, 17-декабрда, Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаевди кабыл алган. Анда ал ачык системаны толук кандуу ишке киргизип, адамдык факторду азайтуу аркылуу гана бажыга болгон ишенимди кайтарууга болорун билдирген.

Абылгазиевдин кабинетине бажыдагы ишти онлайн көрсөткөн монитор коюлду. Сүрөт

Өкмөт башчы кечээ, 17-декабрда Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаевди кабыл алган

"Бажынын орду мамлекеттик бюджетти толтуруу үчүн гана эмес, өлкөдө жагымдуу инвестициялык жана ишкердик климатты түзүү үчүн өтө маанилүү. Тилекке каршы, ондогон жылдар ичинде коомдо бажы кызматкеринин терс образы калыптанып калды. Көпчүлүк учурда буга иштөө механизмдеринин начардыгы жана ачыктыктын жоктугу себеп болгон. Кытай менен чектешкен  өткөрмө жайларга коюлган көзөмөл комплекстери сыяктуу башка тилкелерди дагы заманбап техника менен жабдууга тийишпиз", — деди Абылгазиев.

Абылгазиевдин кабинетине бажыдагы ишти онлайн көрсөткөн монитор коюлду. Сүрөт

Анда ал ачык системаны толук кандуу ишке киргизип, адамдык факторду азайтуу аркылуу гана бажыга болгон ишенимди кайтарууга болорун билдирген.

Премьер-министрдин иш бөлмөсүндө иштей баштаган маалымат монитору бажыдан кандай унаада эмне товар өтүп жатканын онлайн режимде көрсөтүп турат. Муну менен инспекторлордун ар бир аракети көзөмөлгө алынат. Ошондой эле бул түйүн "Түндүк" мекемелер аралык электрондук системасына кошулган. Бажы кызматынын сайтынан бардык каалоочулар үчүн да жеткиликтүү болот.

Буга чейин ушундай эле маалымат монитору президенттин иш бөлмөсүнө да коюлары айтылган


(Автор:Аноним / Редактор:GL)