WeChat      Избранное

Бурмакан Молдо- Жаңы Кытайдын, жаңы жашоонун үлгүлүү адамы

13/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Бурмакан Молдо- Жаңы Кытайдын, жаңы жашоонун үлгүлүү адамы

Бурмакан апа Кытай Төрагасы Си Цзиньпинден сыйлык алуу учурунда.

Сүрөттөр интернеттен алынды

Кытай Эл Республикасынын 70 жылдыгын утурлай КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Улуу Чат айылынын тургуну, этникалык кыргыз Бурмакан Молдону жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. 

Саамалык 29-сентябрь күнү Пекиндеги Элдик жыйындар үйүндө салтанаттуу түрдө өткөрүлүп, мыктылардын-мыктысы болгон 42 адам жогорку даражадагы сыйлыктарга татыктуу болушту. Бул сыйлык жеке гана Бурмакан апанын кадырын көтөрүп, даңазалабастан, ал жактагы боордошторубуздун да даңкын жалпы кытай элине чыгарды десек эч жаңылышпайбыз. 

Чындыгында, КЭР Төрагасынын өз колунан сыйлык алуу абдан чоң сыймык. Бул даражага Бурмакан апа ак эмгеги, жөнөкөйлүгү, эл-жерине болгон сый-урматынын арты менен жетип отурат. Ошондуктан, биз дагы кыргызстандык окурмандарыбызды Бурмакан апа менен жакындан тааныштыруу максатында, ал тууралуу кенен маалымат берүүнү чечтик. 

“Эл үлгүсү адамы” сыйлыгына Бурмакан Молдо өмүр бою талыкпай өлкөнүн чек арасын кайтарып, коргоп  келгени үчүн татыктуу болду. Ал 24 жашында Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунда чек араны коргоо үчүн биринчи ыктыярчылар тобун түзгөн. Эң оор шартта 50 жылдан ашуун убакыттан бери чек араны кайтарып турган.  

Атадан калган керээз

Бурмакан апа Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун Улуу Чат аймагында 1942-жылы жарык дүйнөгө келген. Быйыл 77 жашка толуп отурат. Мына, ушул 77 жылдык өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн КЭРдин чек ара кызматын аркалап, коргоо менен өткөргөн. Жашоосунда болжол менен 200 миң чакырымдан ашык жөө басып өткөн. Мурун чек араны бөлүп турган атайын мамылар болбогону үчүн, аны белгилөө максатында жалпысынан 100 миңдей ташка “Кытай” деген жазууну түшүргөн. 

Бурмакан Молдо- Жаңы Кытайдын, жаңы жашоонун үлгүлүү адамы

“Кытай” - ташка басылган эмгек.

Памир тоолорунда, деңиз деңгээлинен 4290 метр бийиктикте Кытай чек арасын мына ушундай жол менен белгилеп келген. Чындыгында, мындай бийик тоолуу аймакта, катаал шартта, жолдору аска мизиндей болгон жерде эч ким иштөөнү каалаган эмес. Бирок, Бурмакан апа кылган ишин сүйүп, чын жүрөктөн эмгектенгендиги үчүн бүгүнкү күнү бүтүндөй кытай элине даңкы чыгып, өз улутунун сыймыгы болуп отурат. 

Бурмакан апа, кытай басмаларына берген маегинде, ушундай шартта кандай иштеп калгандыгынын мындайча эскерет: “Кытай Эл Республикасы түзүлгөндөн кийин, биздин үй-бүлө, жалпы карапайым калк жакшы жашоого жетип, жаркын келечекке ишеним пайда болду. Атам өзү жетим жүрүп жетилген экен, үй-бүлө күтүп бала-чакалуу болгондо деле, жарыткан жашоого жетпей, күнү-түнү кара жумуштан башы чыкпай иштеп, жашоонун бир топ запкысын көргөн. 

Ал эми, 1949-жылы КЭР түзүлгөндөн баштап, турмуш оңолуп, жашоо-шарт жакшыра баштаган. Мына ошондуктан, атам өлүм алдында жатканда жаңы жашоонун баркын билип, чек араны көздүн карегиндей сактап, Боштондук Армиясына үй-бүлө мүчөсүндөй мамиле кылуубуз абзел экендигин керээз кылып айтып кеткен эле”.

“Кытай” сөзү Памир таштарынын бетинде

Бурмакан апа 1961-жылы 19 жашында турмушка чыгып, ошол кезден бери чек арада кызмат кылып келет. Чек араны белгилөө максатында таш бетине кыргызча “Кытай” деген жазууну жаза баштайт. Андан соң , кытайча жазганда жеңил боло тургандыгын үйрөнүп, иероглифтер менен “Жунго” сөзү Памир таштарынын бетине түшүрүлөт. 

Чындыгында, бардыгыбыз чек араны коргоо эркек кишинин милдети экендигин билебиз. Ошондуктан, бүгүнкү күнү дагы көпчүлүк Бурмакан апанын ишине таң калып келишет. Эркек кишинин милдетин аркалаган апанын үйү дагы чек арадан 60 км алыстыкта жайгашкан. Ал жол дагы өзгөчө оор шартта салынган.  

Мына, ушундай жумушта жүргөн Бурмакан апанын өз үй-бүлөсүнө бөлгөн убактысы дагы абдан аз болгон. Балдары дагы кичинекей кезинен апасын аз көрүп, “Эмне себептен башка апалардай үйдө болбойт”- деп, ойлошкондугун айтышат. Бирок, чоңоюп, акыл-эс кирип калгандан кийин апасынын жумушу абдан жоопкерчиликтүү жана маанилүү экендигин түшүнүшкөндүгүн белгилешет.

Бурмакан апанын  үч уулу жана эки кызы бар. Бардыгы чек ара кызматкерлери. Мисалы, Мерген аттуу уулу 12 жашынан баштап апасы менен бирге чек ара кайтарууга жардам берип келген. Бул жылы ал 40тан өттү. Учурда, чек ара аскерлеринин башчылык кызматын аркалап келет.

Бүгүнкү күнү Бурмакан Молдо жеке үй-бүлөнүн эмес, жалпы кыргыздан сыймыгы болуп жаткандыгы шексиз. Ал ушундай кызматты тандап, өмүрүн арнагандыгы үчүн эч качан өкүнбөйт. 

Кытай аскерлеринин сүйүктүү апасы-Бурмакан апа

Бурмакан апа бүгүнкү күнү дагы чек ара кайтарган аскерлерге өзгөчө мамиле кылып, ата-энесинен алыс жүргөн солдаттарга өз балдарындай кам көрүп, колдоосун аябайт. Кандай гана учур болбосун, кар калың түшсө, кандайдыр бир кыйынчылыктар жаралса Бурмакан апа аларга жардам берип келет. Ооруп калышса дагы, коюн союп, күчтүү тамак даярдап, дары-дармегин алып барып берет. Ошондуктан, аскерлердин бардыгы ага дүйнөдөгү эң ыйык сөз болгон “апа” сөзү менен кайрылышат. 

Бурмакан Молдо- Жаңы Кытайдын, жаңы жашоонун үлгүлүү адамы

Бурмакан апа бүгүнкү күнү дагы ат үстүндө. 

1999-жылы Лоу Цихуэй аттуу солдат кызмат үстүндө турганда, аба-ырайы бузулуп катуу бороон-чапкында калат. Ошондо, ал эки бутун үшүккө алдырып жиберет. Аскерлердин ал-абалын билүүгө барган Бурмакан апа, аны көрөөрү менен үйүнө алып келип, коюн союп, койдун терисин ысык бойдон бутуна ороп, Лоу Цихуэйдин буттарын кесип салуудан сактап калган экен. 

2004-жылы чек ара кызматкерлери аймакты текшерүүдө катуу шамалда калышат. Ошондо, түн экендигине карабастан Бурмакан апа алардын тамак-ашын даярдап, жардам бергендиги дагы эл арасында айтылып жүрөт. Чындыгында, апанын жашоосу мындай окуяларга абдан бай.  

Ал эми, Боштондук Армиясынын күнүн Бурмакан апа үйүндө дасторкон жасап, аны түркүн-түстүү тамак-ашка толтуруп, беш бармак даярдап, чек ара аскерлери менен бирге белгилейт. Анткени, бул күндү жашоосундагы бирден-бир маанилүү жана кубанычтуу майрамдардын бири катары эсептейт.  

Чолпон Субакожоева, манас изилдөөчү, журналист: “Бурмакан Молдо бүгүнкү алган сыйлыгына өзүнүн мекенчил, кыргызга мүнөздүү чынчыл адал эмгеги менен жетти” (Бокс врезка)

-Менин Бурмакан Молдо менен жолугушуум 2012-жылы болгон. Анда, мен манасчы Сартакун Кадырды издеп Улуу Чатка барган элем. Ошондо, Бурмакан Молдого келини экөө жолдо бара жаткан жеринен жолуккам. Алгачкы таанышууда эле, абдан жөнөкөй, кичипейил адам катары таасир калтырган. Жалынып жакшы сүйлөгөн адам экен. Бирге сүрөткө  түшүп, баарлашып отуруп кеткем. Ошондо эле, Кытайдын чек арасы экендиги билинип турсун деп, таш бетине “Кытай” сөзүн жаза берем деп айткан эле. 

Чындыгында, бүгүнкү алган сыйлыгына өзүнүн мекенчил, кыргызга мүнөздүү чынчыл адал эмгеги менен жетти. Ал жарым кылымдан бери деңиз деңгээлинен 4000 метрден ашуун бийиктикте чек араны коргоого кошкон салымы үчүн сыйланды. 

Мунун өзү залкар манасчы Жусуп Мамайдан кийин 56 майда калктардын ичинен Бурмакан Молдонун чоң даражага жетип сыйлык алышы, ошол жактагы кыргыздардын баарына сыймык  экендиги талашсыз. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)