WeChat      Избранное

Адыл Жуматурду: “Кыргыз поэзиясынын сыйкырдуу күчүнө кытай окурмандары алгачкы жолу күбө болууда”

14/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:


Адыл Жуматурду: “Кыргыз поэзиясынын сыйкырдуу күчүнө кытай окурмандары алгачкы жолу күбө болууда”

Сүрөттөр интернеттен алынды

Кытай илимдер академиясынын Улуттук адабият институтунун Түндүк элдеринин улуттук адабиятын изилдөө бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, докторантуранын жетекчиси, профессор Адыл Жуматурду 17-октябрдан баштап, 23-октябрга чейин Кыргызстанда болуп, бир катар иш-чараларга катышып кетти. 

Профессор "Манас" жана “Чыңгыз Айтматов” улуттук академиясы тарабынан чакырылып, аталган мекеменин ачылышына арналган илимий жыйында доклад окуду. Бул академиянын башкы максаты ата-бабалардын маданий-рухий, адеп-ахлактык баалуулуктарын жайылтуу, "Манас" эпосун, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын ар тараптан изилдөө болуп саналат. 

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Профессор Адыл Жуматурдунун “Манасты” изилдөө, аны кытай тилине которуу жаатындагы аткарган эмгектери кыргыз-кытай кызматташтыгын, достук, маданий алакасын өнүктүрүүгө мыкты көмөкчү болуп келгендиги шексиз. Муну менен бирге эле, Чыңгыз Айтматовду, улуу жазуучунун чыгармачылыгын кытай элине таанытууда дагы агайдын кошкон салымы зор. 

Мындан сырткары, Адыл агай КРдин Жазуучулар союзу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында дагы болуп кайтты. Биз дагы учурдан пайдаланып агай менен аз да болсо баарлашып, анын Кыргызстанга болгон сапарына сереп салууну чечтик. 

-Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналып, Тяньаньмэнь аянтында өткөн салтанаттуу парадга сыйлуу конок катары көрүүчү болуп катыштыңыз. Ушул маараке тууралуу жана андан алган сезимдериңизди айтып берсеңиз?

-Мен 1-октябрь күнү 70 жылдыкты белгилөө салтанатына күбө болдум. Ал күн абдан эсте каларлык, унутулгус, толкунданткан күн болду. Жан дүйнөнү сыймыктануу сезими ээледи, майрамдык маанай абдан сонун болду. Республика түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналган бул иш-чарада Кытай Эл Республикасы өзүнүн саясий, экономикалык, аскердик жетишкендиктерин жалпы журтка жарыялады. Армия келбетинин сүрүн көрсөттү, техникалар жана башка жетишкендиктер мамлекеттин дүркүрөп алга өнүгүп, жалпы элдин турмушу оңолуп баратканын билдирди. 

Төрага Си Цзиньпин, мамлекеттик жана партиялык жогорку бийликтин өкүлдөрү келип белгилөө салтанатына катышты жана аскердик парадга, массалык парадга күбө болушту. Иш-чара бул экөө менен гана чектелбестен, ошол күнкү кечиндеги Тяньаньмэнь аянтында өткөн массалык ыр-бий оюн-зоок чоң салтанат, 29-сентябрда Элдик курултайдын жыйын залында Төрага Си Цзиньпин “Республикалык орден” жана “Мамлекеттик ардак наам” ыйгаруу аземи жана ошол күнү кечиндеги “кытайлык уул-кыздар, чымырканалы!” аттуу атайын концерттик кече жана сый дасторконду да өз ичине камтыды. 

Салтанаттуу иш-чараны Төрага Си Цзиньпин өз сөзү менен ачты. Төрага Кытай Эл Республикасынын курулушу үчүн, мамлекеттин кудурети, элдин бейпил жашоосу үчүн кан-жанын берген көңтөрүштүн каармандарына болгон урматын жана сагынычын билдирүү менен сөзүн баштады. Бүт мамлекет калкына, чет өлкөлөрдөгү мекендештерге жана өлкөнү колдогон баардык чет өлкөлүк досторго жылуу салам билдирип, терең ыраазычылыгын айтты. 70 жылдык орчундуу күрөштүн тарыхына кайрылып, бул алкакта ар улуттан турган түйшүкчүл жарандардын социализмдин өнүгүшүнө, жалпы өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө чоң салым кошконун белгиледи. Сүйлөп жатып Төрага “бүгүн социализмдик Кытай дүйнөнүн чыгышында ишеничтүү экендигин билдирди. Биздин өлкөнүн бараандуу ордун эч ким былк эттире албайт жана кытайлыктардын, жуңго улутунун кадамына ар кандай күч тоскоол боло албайт” “алгалоонун кадамында, биз тынчтык жана өнүгүү нугунан тайбай, өз ара кызматташуунун жеткирүү, ачык саясатын колдонобуз, адамзаттын орток тагдыры үчүн улам алгалайбыз” деген сөздөрүн терең ишеним менен айтты. 

Төраганын сөздөрүндөгү өзүнө болгон толук ишеним жалпы элди сыймыктантты жана толкундантты. Айтылган сөздөр жалпы жер жүзүндөгү тынчтыкты сүйгөн өлкөлөрдүн, адамдардын колдоосуна толук ээ болот деп ишенем.

-Адыл агай, 70 жылдыкка арналган сыйлоо салтанатында Мамлекеттик ардак наамга татыктуу болгон этникалык кыргыз чоң эне Төрага Си Цзиньпиндин колунан “Эл үлгүсү адамы” эң жогорку мамлекеттик наамды жана алтын орденди алды, ушул жаатта айтып берсеңиз?

-Ооба, бул жолу Республикалык баатыр наамына 8 адам, Мамлекеттик ардак наамына 28 адам татыктуу болду. Мындан тышкары, дагы чет өлкөлүк 6 адамга достук байланышты бекемдөөгө жана мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн “Достук ордени” ыйгарылды. Мамлекеттик ардак наамга татыктуу болгондордун арасында Бурмакан Молдо аттуу кыргыз чоң эне бар. Жарым кылымдык өмүрүн чек араны коргоого арнаганы үчүн ушул наамга татыктуу болуп отурат. Мамлекеттик эң жогорку ардак наамга татыктуу болгону үчүн, кандашыбыз катары Бурмакан Молдо чоң эне менен абдан сыймыктанабыз!

-Кытай Борбордук опера театры даярдаган “Манас” операсын кытай тилине которгонуңузду билебиз, Кытайдагы “Манас”  эпосу тууралуу айтып берсеңиз?

-Төрага Си Цзиньпин белгилеп кеткендей, “Манас” эпосу эки өлкөнүн бирдей руханий дөөлөтү. “Манас” эпосу Кытайдагы тибеттердин “Гэсары”, монголдордун “Жаңгыр” эпостору менен бирге Кытайдагы үч чоң эпостордун бири болуп эсептелет. “Манас” эпосуна мамлекет чоң маани берип, 2006-жылы Кытайдагы материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине кирген. 2009-ж. болсо Кытай өкмөтү жагынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастардын тизмесинин каттоосуна кирди. 2013-ж. Кыргызстан да “Манас” эпосунун үчилтигин адамзаттын руханий баалуулугу катары ЮНЕСКОго каттатты. Бул залкар элдик чыгарма эбегейсиз маданий- руханий баалуулугу менен Кытай жана Кыргызстан элинин алакасында алтын көпүрө болуп калды. 2018-жылдын июнунда КР Президенти С.Ш.Жээнбеков Кытайга ШКУнун саммитине катышуу үчүн жана мамлекеттик иш сапар менен келгенде, биз алдыда кеп кылган “Манас” операсы ал кишинин урматы үчүн көрсөтүлгөн. Ошол кезде эпосту кытай тилине которгон адис катары мен да болгом. Мамлекеттин тиешелүү мекемелеринин орундаштыруусу менен мен Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жанында олтуруп операны көрдүм. Ал мен үчүн абдан маанилүү, унутулгус көз ирмем болгон. 

Менин Синьцзян адабият көркөм өнөрчүлөр союзундагы 1990-жылдан бери негизги жумушум “Манас” изилдөө, которуу болуп келген. “Манасты” кытай тилине которуум бир канча жыл аралыгын алды. Ошо котормо Жусуп аксакалдын варианты боюнча биринчи урпагы Манас. 54 миң саптан ашат. Бул эмгек 2009 – жылы үч миң тираж менен жарык көргөн. 2012 – жылы кайта басылып чыккан. Манасты кытай тилине которуу, мен үчүн өтө бир улуу жана ыйык милдет. Эпос ооздон – оозго өтүп, муундан – муунга уланып, канча кылымды карыткан, ал улуу, универсал, энциклопедиялык маалымат жыйыны.

“Манастан” кыргыз маданиятын, тарыхын, күнүмдүк жашоосун, фольклорун көрсө болот. Кыргыздын бары – жок акыл идиреги, ой санаасы, ааламга, коомго болгон түшүнүгү, урпактарды тарбиялай турган дидактикалык идеялары бардыгы “Манаска” камтылып, жуурулуп келген. Ошондуктан “Манасты” которууда дагы ар түрдүү кыйынчылыктарга жолукканбыз.

Мен кичинемден кытай тилинде, кытай мектебинен билим алгам. Анан кыргыз тилин өзүм үйрөнүп, окуп жазганды өздөштүргөм. Чындыгын айтуу керек котормо бул оңой эмес. Кыргыз тилине жетик болуу керек. Кытай тилинде, көркөм адабият тилинде которуу үчүн көп аракет кылдым. Бул жагында аябай эмгектендим, тырыштым. Анан, менин котормом 2009 – жылы жарык көргөндө бүтүн Кытай мамлекетинде жогору бааланды. Ушу күндө дагы Кытайдагы үч чоң эпостун арасынан эң сапаттуу, көркөм, мыкты которулган деген бааларды угуп жүрөм.

-Кеп нугун, жакынды Кыргыз жергесинде бет ачаары болуп өткөн, кытай тилине которгон кыргыз акындарынын ырлар антологиясына бурсак?

-Жакшы болот, чындыгында, бул антология боюнча абдан көп иштедим. Өзүм дагы аздыр-көптүр ыр жазуу менен алектенип, кытай тилиндеги ырларым мамлекеттик журналдарга дагы көп жарыяланган. Бул жаатка болгон кызыгуум дагы да болсо күч. Ошондуктан, кыргызстандык акындардын чыгармаларын Кеңеш Жусупов агамдан сурап, “антологияга кайсы акындарды киргизүүм керек, сунушуңузду, оюңузду айтыңыз” деп, кайрылгам. 

Ошондо, ал жазма акындардын чыгармаларынын 2 томдугун таап берген. Ошол антологиянын негизинде, бул эмгек жаралды. Ал эми, ал жакка кирбей калган башка акындардын мыкты чыгармаларын өзүм дагы тандадым. Бул антологияга ХХ кылымдын акырынан тартып ХХI кылымдагы кыргыздын көзгө басаар, мыкты акындарынын эмгектери кирди. 

Чындыгында, мен 1 томдук кылып эле чыгарууга даярдангам. Бирок, 1 том аздык кылгыдай, ошондуктан 2 том болуп жарык көрдү. Бул менин эки өлкөнүн маданий алакасы үчүн кошкон дагы азыраак салымым деп эсептейм, Антологияга XX кылымдын 90дон көп акынынын 500дөй ыры тандалып киргизилген. Кыргыз поэзиясынын сыйкырдуу күчүн кытай окурмандары алгач жолу билип отурат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)