Фото WWW
Жакында эле Кыргызстанга Сауд Аравиядан делегация келип, кубулма форелге кызыгып кетишкен. Өлкөдөгү балыктар алардын талабына ылайык жана экологиялык жактан таза экендиги айтылат.
Сауд Аравиянын ишкерлери Кыргызстандын кубулма форелине кызыкдар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине балык чарбачылыгы бирикмесинин башчысы Ренад Досаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын кубулма форелдери Казакстанга жана Россиянын аймактарына (Новосибирск жана Омск) экспорттолот. Мындан тышкары, дагы бир өлкөгө балыкты сатууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү ыктымал. Жакында эле Кыргызстанга Сауд Аравиянын өкүлдөрү келген.
"Алар кубулма форелге кызыкты. Тагыраагы, 2,5 килограммдан ашыктары талапка ылайык экен. Бизде андай балыктар бар, өндүрүшчүлөр тапшырууга даяр. Көлмөлөр менен жемдери экологиялык жактан таза. Эми сауд аравиялыктар менен сүйлөшүүнү күтүп жатабыз. Ойлогон максаттарыбыз ишке ашса керек", — деди Досаев.
Ал белгилегендей, учурда өлкөдө кубулма форель жылына 5 миң тоннага чейин өстүрүлөт. Эгер талап жогору болсо, балык өндүрүшү дагы көбөйтүлөт. Аны менен биргеликте салтка айлангандай эле Россия менен Казакстанга дагы балык жөнөтүлүп турарын кошумчалады.
последние
Рекомендация
- 1В Кыргызстане произошло 75 ощутимых землетрясений за 2019 год
- 2Фестиваль на Сон-Куле
- 3Игорь Шестаков: Разрешение споров требует компромиссов и диалогов
- 4Министр образования и посол Китая обсудили увеличение квот для кыргызстанских студентов
- 5Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы бекитилди