WeChat      Избранное

Кытай профессору Ван Чжэнь “Даңк” медалы менен сыйланды

25/09/2019  Источник:интернет   шрифта:

Кытай профессору Ван Чжэнь “Даңк” медалы менен сыйланды

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков жана профессор Ван Чжэнь. Сыйлык тапшыруу учуру. 2019.09.19.

Сүрөт редакцияга таандык

Өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүн утурлай, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, саламаттык сактоону, калкты медициналык тейлөөнү жана Кыргыз Республикасынын медицина чөйрөсүндөгү кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө катышкандыгы үчүн саламаттык сактоо тармагынын чет өлкөлүк бир катар кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган.

19-сентябрь күнү, дал мына ушул жылдын мыкты инсандарына Президенттик резиденцияда сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул иш-чарага жалпысынан 200дөн ашуун адам катышып, 164 кызматкер сыйланды. Алгач, КРдин Президенти Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөз сүйлөп, андан соң ар бирине өз колу менен сыйлыктарын тапшырды. 

Алардын арасында, Кытай Эл Републикасынын өкүлү, мыкты дарыгер, мыкты инсан профессор Ван Чжэнь мырза дагы болду. Ал КРдин Президенти тарабынан “Даңк” медалы менен сыйланды. Профессор Ван Кытай Эл Республикасынын Хэбэй провинциясынын Хэбэй медициналык университетинин Биринчи ооруканасынын кардиотерапия кафедрасынын жана бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап, көп жылдан бери Кыргызстандын Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору менен кызматташып, өзгөчө борбордун рентген хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Дадабаев Мурат мырзанын командасы менен тыгыз алакада. 

Профессор Ван мырза тубаса жүрөк кемтиги боюнча дүйнө жүзүндөгү бирден-бир алдыңкы адистердин бири болуп саналат. Ал ушул багытты изилдеп, өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк масштабда ири салым кошкон. Хэбэй медициналык университетинин 1-ооруканасы дагы дал ушул жаатта адистешкен, күчтүү, тажрыйбалуу оорукана катары дүйнө жүзүнө белгилүү.

Сооронбай Жээнбеков: “Сиздер — элибиздин сыймыгы, улуттун көрөңгөсү, өлкөнүн бакубат жашоосуна эмгеги менен салым кошуп жаткан чыныгы мекенчил адамдарсыздар” (ПОДЗАГОЛОВОК)

-Ардактуу сыйлык ээлери! Бүгүн, ушул жыйында өлкөбүздүн өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошуп жаткан мекендештерим олтурасыздар. Адал эмгегиңер, таза ниетиңер менен абийир таап, жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болдуңуздар. Баарыӊыздарды жогорку мамлекеттик сыйлыгыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! 

Төрөбай Кулатов менен Султан Ибраимовдун өмүрү, басып өткөн жолу, Мекенге арнаган эмгеги, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кошкон салымы ар бирибиздин жүрөгүбүздө сакталуу. Атактуу эки инсаныбыз тең өзгөчө урматтоого татыктуу. Төрөбай Кулатовго жана Султан Ибраимовго ыйгарылган өлкөбүздүн эң жогорку сыйлыгы — “Кыргыз Республикасынын Баатыры”  деген бийик наамды жана  “Ак шумкар” өзгөчө белгисин алардын балдарына тапшыруу мен үчүн зор сыймык. 

Муну менен катар эле, “Даңк” медалын Россия Федерациясынын өкүлү, кардиохирург Александр Иванович Кимге, мыкты дарыгер, Кытай Эл Республикасынын Хэбэй провинциясынын Хэбэй медициналык университетинин Биринчи ооруканасынын кардиотерапия кафедрасынын жана бөлүмүнүн башчысы, профессор Ван Чжэнь мырзага канчалаган өмүрлөрдү сактап калгандары үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. 

Ван Чжэнь мырза он жылдан ашуун биздин медиктер менен кызматташып, жүрөккө ийгиликтүү операцияларды жасап келүүдө. Алардын көпчүлүгү жаш балдар. Ван мырза сизге пациенттериңиздин жана жеке өзүмдүн атымдан чоң рахматымды айтмакчымын. 

Сиздер — элибиздин сыймыгы, улуттун көрөңгөсү, өлкөнүн бакубат жашоосуна эмгеги менен салым кошуп жаткан чыныгы мекенчил адамдарсыздар!  Эмгек адамынын кадыры бийик болсо — Кыргызстаныбыздын келечеги кең болот. Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек! Эмгек аркылуу гана өлкөбүздү дүйнөнүн алдыңкы катарына кошобуз! Сиздер сыяктуу үлгүлүү жарандарыбыз көп болсо, улутубуздун, мамлекетибиздин потенциалы ошончолук күчтүү болот. Кыргызстандыбыздын келечеги кең болот! Дагы бир жолу жогорку мамлекеттик сыйлыктарыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Мындан ары да өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуп, жаратмандык менен элибизге кызмат кыла бересиздер деп терең ишенем!

Баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун! Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай колдосун. 

Ван Чжэнь: “Кыргызстан - менин экинчи кичи мекеним”

-Биз Кыргызстан менен 2008-жылдан бери туруктуу кызматташып келе жатабыз. Өзүңүздөр билгендей, өткөн жылы, ушул багытта дагы тереңдеп иш алып баруу максатында Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия бөлүмүндө Тубаса жүрөк кемтиктеринин Кыргыз-Кытай изилдөө борборун ачкан элек. Бул жылдар аралыгы, менин эсептөөм боюнча болжол менен 600гө чукул эндоваскулярдык, тактап айтканда скальпелсиз жол менен операция жасадык. Азыркы тапта, алардын бардыгы өздөрүн жакшы сезип, жүгүрүп жүрүшөт.

Кыргызстан менин экинчи кичи мекеним болуп калды десем эч жаңылышпайм. Ошондуктан, бул жакка ар сапар сайын өзгөчө кубануу менен келем, келген сайын көптөгөн “кичинекей жүрөктөрдү” сактап калууга аракет кылам. Дагы да болсо келе бермекчимин. 

Балдарды дарылоо, тубаса жүрөк кемтиги дартынан айыктыруу иши, мени толугу менен өзүнө тартып кетти десем болот. Бул иштин оордугуна, абдан чарчагандыгыма карабастан эч эле таштап кетким келбейт. Чындыгында, дарылоо убагында колдонулган ультранур дагы ден соолукка зыянын тийгизбей койбойт. Бирок, ушундай кыйынчылыктарга карабастан, учурдагы алектенип жаткан ишимди сүйүп, берилүү менен иштейм десем жаңылышпайм. Канчалаган балдарды дарылап, алар биринин артынан бири айыгып, ден соолугу оңолуп, жакшы болуп кеткенин көрүү мен үчүн чыныгы бакыт. 

Анткени, ар бир бала бир үй-бүлөнүн куту, бакыты жана үмүтү. Ошондуктан, менин эмгегим текке кеткен жок, ал ошончолук оорчулукту талап кылса дагы, өзүн актаган ак кызмат. Учурда, башка багытта иштөөгө эч убактым жок. Мисалы, бир жолу эртең мененки саат сегизден баштап, кийинки күнү саат 14кө чейин тынымсыз 36 операция жасаганбыз. Муну менен катар, сиам эгиздерин дагы бөлүштүрүү операциясын жасап жүрөбүз. Мына, ушул сымал операциялардан кийин дагы биздин 1-ооруканага жардам сурап кайрылган жарандарыбыз абдан көп.

Эмгекти баалап, мына ушундай мыкты сыйлыкты, “Даңк” медалын тапшырган Кыргыз бийлигине, Президент Сооронбай Жээнбековго чын дилимден ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Бул сыйлык жеке гана меники эмес, жалпы Дадабаев Мурат Хасанович баштаган командабыздыкы деп эсептейм. Алдыда, дагы бул карым-катнашыбыз ийгиликтүү улана берет деп ишенем. 

Тубаса жүрөк кемтиктери дарты жана скальпелсиз дарылоо

Тубаса жүрөк кемтиктери дарты-бул жүрөктүн толук кандуу өнүкпөй, мутацияга кабылуусунан улам келип чыгат. Эгерде, аны өз убагында дарылабаса, кийин башка оорулардын пайда болуусуна себепкер болот. Кыргызстан бийик тоолуу өлкө болгондугу үчүн бул жакта тубаса жүрөк кемтиктери менен төрөлгөн балдардын саны, Кытайга салыштырмалуу беш эсеге көп. Бул абдан ойлондура турган көрсөткүч. 

Оорунун санын азайтуу үчүн, энелер боюнда бар кезинде жүрөктү тыңшатып, текшерүүдөн өтүп туруулары керек. Эгерде, түйүлдүктө ушул оору бар экендиги билине турган болсо, анда төрөбөө зарыл. Же болбосо, бала төрөлгөндөн кийин, аны толугу менен текшерүүдөн өткөрүп, оорунун алдын-алуу абзел. Ооруну канчалык эрте таап, эрте дарыласа жыйынтыгы ошончо жакшы болот. Тубаса жүрөк кемтиктери дартын 10 жашка чейин дарыласа бала эч кандай оорчулугу жок, толугу менен жиксиз айыгып кетет. Ал эми, 10-20 жашка чейин айыктыруу оорчулукка турат. Эгерде, оорулуу 20 жаштан жогору болсо, анда аны айыктырууга мүмкүн эмес. Эл арасына, айрыкча алыскы аймактарда жашагандарга бул оору тууралуу көп маалымат берүүбүз керек.

Скальпельсиз операция. Скальпель деген операция жасоодо колдонулуучу бычак. Скальпелсиз операция деп айтылып жатканынын себеби, мында ошол бычак колдонулбайт. Адатта жүрөккө операция адамдын көкүрөк клеткасын кесүү, анан жүрөгүн ачуу жолу менен жасалат. Бул учурда пациент реанимацияда да көбүрөөк жатып калат. Ал эми скальпелсиз ыкмада болгону кичине жери кесилет, анан ошол тешик аркылуу жүрөктөгү кемтик бүтөлөт. 

Дүйнөдө жүрөгүндө кемтиги бар адамга биринчи жолу операция 1995-жылы жасалган. Кыргызстан болсо бул нерсени КМШ мамлекеттери арасында биринчилерден болуп 1999-жылы жүзөгө ашырган, болгондо да скальпелсиз жол менен. Негизи оорунун бул түрү менен төрөлүүгө же бул түрүнө чалдыгууга себеп көп, бизде алардын башкысы болуп рельефтин тоолуулугу эсептелинет.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)