WeChat      Избранное

​7 млрд АКШ долларынан ашуун суммага кол коюлган “Кыргызстан-Кытай” бизнес форуму

23/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​7 млрд АКШ долларынан ашуун суммага кол коюлган “Кыргызстан-Кытай” бизнес форуму

Форумдун жүрүшүнөн бир көз ирмем. 

Сүрөт редакцияга таандык

Акыркы он жыл аралыгында Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын бирден-бир башкы стратегиялык өнөктөшү болуп келет. Биздин өкмөт Кытайдын бийлиги жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жигердүү түрдө кызматташып келе жаткандыгына күбө болуп келебиз. 

Мына, ушул тармактагы алаканы дагы да болсо тереңдетүү максатында Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги 13-июнь күнү Бишкек шаарында “Кыргызстан-Кытай” бизнес форумун уюштуруп, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүн бир арага чогултту.

Бул иш-чара Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарына жана Шанхай кызматташтык уюмунда төрагалык кылууга арналып, уюштурулду. 

Чындыгында, бул иш-чара бүгүнкү күнү болуп жаткан абдан актуалдуу маселелерди ичине камтыды. Форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициондук климаты тууралуу маалымат берилди. Муну менен катар, КРде өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүп жаткан кытай компаниялары кесиптештери менен тажрыйбаларын бөлүшүштү. 

Бизнес форумга 300дөн ашуун адам катышты. Кытай Эл Республикасынан келген жалпы компаниялардын саны 80ден ашты. 

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов форумдун ачылышында сөз сүйлөп, кыргыз-кытай алакасын өнүктүрүүдө ишкерлер чөйрөсүнүн дагы орду бараандуу экендигине токтолуп өттү. 

“Төрага Си Цзиньпин “Жибек жолу экономикалык алкагын” биргелешип түзүү концепциясын көтөрүп чыккан соң, кыргыз-кытай мамилелери жаңы деңгээлге чыкты, өкмөттүк деңгээлде, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда өз ара активдүү аракеттешүү байкалууда. Буга байланыштуу кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү биздин өлкөлөрдүн ортосунда соода жана инвестиция тармактарында кызматташууну кеңейтүү үчүн маанилүү роль ойнойт. Кытайдан келген түз чет өлкөлүн инвестициялардын көлөмү 2018-жылы 338092,6 миң АКШ долларын түзгөн. КЭР инвесторлору үчүн акыркы жылдары пайдалуу кендерди казуу (54,3), иштетүүчү өндүрүш (23%), профессионалдык, илимий жана техникалык ишмердүүлүк (23%) кыйла жагымдуу тармактар катары саналып келет”, – деди биринчи вице-премьер-министр жана бул көрсөткүчтөр эки жактуу кызматташуунун жалпы потенциалын чагылдырбай турганын белгиледи. 

Анын айтымында, бул үчүн бардык зарыл шарттар бар, Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосунда тиешелүү келишимдерге кол коюлган жана иштеп жатат.

“Кыргызстанда өздүк наркка оң таасирин тийгизген шарттар түзүлгөн, алар либералдык салык режими, электр энергиясынын тарифи, квалификациялуу жумуш күчүнүн болушу жана башка жагымдуу шарттар. Бул факторлор чет өлкөлүк инвесторлорго биздин өлкөдө активдүү ишмердүүлүк жүргүзүүгө, жаңы технологияларды тартууга жана салынган каражаттардан экономикалык пайда алууга шарт түзөт. Бизнес-секторду өбөлгөлөө жана колдоо үчүн сатуу салыгын баскычтуу жоюу аркылуу салыктык жүктү азайтуу, тагыраагы Кыргызстанда Борбор Азия аймагында либералдуу салык режимин түзүүнү шарттаган фискалдык реформалар жүргүзүлдү. Пайдага салыктын үстөгү 10%, киреше салыгы 10% жана КНС 12% түзөт”, – деп белгиледи Кубатбек Боронов. 

Биринчи вице-премьер-министр айтып өткөндөй Дүйнөлүк банктын “Doing Business 2019” кезектеги изилдөөсүндө отчеттук мезгил 2017-2018-жылдарга карата Кыргызстан өзүнүн бардык көрсөткүчтөрүн 7 позицияга жакшыртып, 77-орундан 70-орунга жылган. 

Ал ошондой эле басым жасагандай, Кыргыз Республикасы чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу, инновациялык технологияларды жана инвесторлордун тармактык тажрыйбаларын колдонуу сыяктуу өнүктүрүү факторлоруна чоң маани берет. 

“Бул максаттарда биз инвестициялык жана соода саясатын жакшыртуунун үстүндө активдүү иштеп жатабыз, сатуу рыногун кеңейтүү жана анын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу иштери жүрүүдө. Учурда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги тарабынан КЭР инвесторлору Кыргызстанда ишке ашырып жаткан бир катар долбоорлор коштолууда. Жакын арада дагы 4 ишкананын ачылышы пландалууда: Жалал-Абад облусундагы цемент заводунун, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча индустриалдык парктын, жип жана кол кап чыгаруучу фабриканын, ошондой эле Чүй облусундагы майдалоочу заттарды чыгаруучу заводдун ачылышы. Бул долбоордун жалпы инвестициялык суммасы 152 млн АКШ долларын түзөт”, – деп билдирди Кубатбек Боронов. 

Жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр форумдун катышуучуларын 2019-жылдын август айынын башталышында боло турган жыл сайын өтүүчү “Ысык-Көл” эл аралык экономикалык форумуна катышууга чакырды.

КРдин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Шумкарбек Адылбек уулу форумдун жүрүшү тууралуу маалымат берип, кызматташуулар ар кайсы тармактарды ичине камтып, айыл-чарба, тоо-кен, билим берүү, экономика жааттарында дагы бараандуу макулдашуулар болгондугун айтып өттү. 

Ал: “Чындыгында, бул бизнес форумга чейин дагы бир катар иштерди аткарган элек. Акыркы эки-үч айда ушундай ШКУнун саммитинин, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын КРге боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында дагы эки тараптуу жолугушуулар, кызматташуулар көп болду. Мына, ушундай жигердүү иш-аракеттин алкагында бүгүн келишимдерге кол коюлуп, меморандумдар кабыл алынды”, - деген оюн билдирди. 

Форумдун жүрүшүндө 24 документке кол коюлду 

“Кыргызстан-Кытай” бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча 7 млрд АКШ долларынан ашуун суммага 24 документке кол коюлду.

1. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин, “FTZCOC” Борбор Азия логистикалык борборунун жана “Искра Азия” ААК ортосунда “Искра Азия” эркин соода кызматташтыгынын кыргыз-кытай өндүрүштүк паркын илгерилетүү жана модернизациялоо жөнүндө кызматташуу тууралуу рамкалык келишим;

2. ИИКА, “Ассоциация АЮ Холдинг” юридикалык жактардын бирикмеси жана “Чанъань” ЖЧКсы ортосунда стратегиялык кызматташуу жөнүндө рамкалык келишим;

3. КР ИИКА, “Daren Group”, АОсОО “Lingbao Gold Group” жана ОсОО “Full Gold Mining” ЖЧК ортосунда Кыргыз Республикасында баалуу металлдардын ортоазиялык биржасын түзүү жана “Бир жол – бир алкак” өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө кызматташуу тууралуу рамкалык келишим;

4. КР ИИКА, “Daren Group», АОсОО “Lingbao Gold Group” жана ОсОО “Full Gold Mining” ЖЧК ортосунда экологиялык циркуляцияны комплекстүү колдонуу менен алтынды кайра иштетүү заводун куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу рамкалык келишим;

5. КР ИИКА жана “Чжунъюань” эл аралык соода корпорациясы” ЖЧК ортосунда Борбор Азия соода биржасын жана блокчейн биржасын түзүү жөнүндө кызматташуу тууралуу рамкалык келишим;

6. Заманбап кыргыз-кытай агрардык өндүрүш комплексин куруу жөнүндө эл аралык техникалык-экономикалык кызматташуу боюнча КР ИИКА жана Цзянсу провинциясынын Кытай компаниялар тобунун ортосунда кызматташтык тууралуу рамкалык келишим;

7. КР ИИКА жана “Beijing Enterprises Group Company Limited” ортосундагы КРда суу менен камсыздоо, канализация жана санитария чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө өз ара түшүнүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум;

8. КР ИИКА жана “Мега инвест өнөр жай компаниясы” ЖЧК ортосундагы КРда алтын, күмүш, жез жана сурма эритүүчү полиметаллдык заводдун курулушу жөнүндө Меморандум;

9. КР ИИКА жана “Люсин Групп” компаниясынын ортосунда “Спутник шаар” турак жай комплексин куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу Меморандум;

10. КР ИИКА жана “Токмок мунай кайра иштетүүчү завод” ЖЧК ортосунда Токмок мунай кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо жөнүндө кызматташуу тууралуу келишим;

11. КР ИИКА жана “ “РУ И” соода-өндүрүштүк логистиканын агрардык өнөр жай борбору” ЖЧК ортосунда агрардык өнөр жай комплексин куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу Меморандум;

12. КР ИИКА жана Гуандун провинциясынын курулуш материалдары Ассоциациясы ортосунда Борбор Азия кантон жарманкесин уюштуруу тууралуу келишим;

13. КР ИИКА жана “Биримдик” ЖЧК ортосунда кыш заводун куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу Меморандум;

14. КР ИИКА жана “China Cultural Industry Investment Fund” компаниясынын ортосунда “Кытай-Кыргыз эки жактуу кооперативдик инвестициялык фондун” түзүү жөнүндө кызматташуу тууралуу Меморандум;

15. КР ИИКА жана “Гансу синмай хуанджин лтд” ортосунда тоо-кен иштетүү тармагында кызматташуу тууралуу Меморандум;

16. КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана “Бай-Доу-Цзя” Хебей жер семирткич ЖЧКсы ортосунда кыргыз-кытай заманбап айыл чарба өндүрүшүнүн демонстрациялык паркын куруу жөнүндө Меморандум;

17. КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана “Централ Эйджа Интернейшнл Девелопмент Компани” ЖЧК ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандум;

18. КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, “Шенгда Хуатай” Пекин илимий айыл чарба компаниясы жана «Айкын Сейил» соода-логистикалык борборун түзүү жөнүндө Меморандум;

19. КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана “Weidong Cloud Education Group” ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

20. “ДОМА-АТА” ЖЧК жана “CHINA CEC ENGINEERING CORPORATION” ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандум;

21. “Нур Строй Монтаж” ЖЧК жана “One Lead One (HK) Trading Limited” компаниясынын ортосунда кыргыз-кытай камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө келишим;

22. “Нур Строй Монтаж” ЖЧК жана “Синьболун” ЖЧК ортосунда көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушу жөнүндө көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушун каржылоо келишими;

23. “Нур Строй Монтаж” ЖЧК жана “One Lead One (HK) Trading Limited” компаниясынын ортосунда соода-логистикалык борбордун курулушу жөнүндө келишим;

24. “Кыргыз Унаа Курулуш” ЖЧК жана “Dongfeng Automobile CO LTD” компаниясынын ортосунда электромобилдерди чогултуучу заводду куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу Меморандум.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)