WeChat      Избранное

​Сахнада Манас гана эмес, кыргыз да даңкталып турду

23/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​Сахнада Манас гана эмес, кыргыз да даңкталып турду

Манас, Каныкей жана Семетей.

Сүрөттөр интернеттен алынды.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин 2015-жылдын 15-октябрында маданият маселелери боюнча жыйында жана 2018-жылдын 20-мартында Бүткүл Кытай Эл өкүлдөрүнүн Жыйынынын 13-съездинин жабылышында сүйлөгөг сөзүндө Кытайдагы белгилүү маданият чөйрөсүндөгү ачылыштар жана Кытайда жашаган кичи улуттар тууралуу: “кыргыз элинин “Манас”, тибет элинин “Гэсар”, монгол элинин “Джангар” эпостору дүйнөдөгү эң чоң үч эпос” деп айткан.

Бул чоң эпостордун арасынан “Манас” эпосу боюнча гана опера коюлган. Азыркы учурда, “Манас” операсы Кытайда 9 жолу коюлуп, элдин алкоосуна арзыган. 

Ал эми, 11-12 июнь күндөрү Бишкек шаарында алгачкы жолу кытайлык өнөр адамдарынын катышуусундагы "Манас" операсы коюлуп, жогору баага татыды. Бул опера Жусуп Мамайдын варианты боюнча даярдалып, аны сахнага чыгарууга жалпысынан эки жылдан ашуун убакыт керектелген. Чыгарма Кытайдын Маданият жана туризм министрлиги менен Борбордук опера театры тарабынан даярдалып, көрүүчүлөргө сунушталган.

Опера жалпысынан 4 көшөгөдөн туруп, Манас баатырдын даңазалуу жеңиштеринен башталып, ал өзүнүн аскерлери менен Бээжинге келип такты алып отурганы менен башталды. Албетте, эң алгач сахнанын жасалгаланышы дароо көзгө урунуп, байыркы доорго көрүүчүлөрдү жетеледи. Сахнага илинип турган жоокердин чоң зоот баш кийими жоокерчилик заманды эске салып, заманбап технологиялардын жардамы менен өңү улам-улам өзгөрүп, оюнга кошумча сүр берип турду. Сахнада болуп жаткан окуя менен музыка ушунчалык деңгээлде бир-бири менен айкалышып, кыргыздын жан дүйнөсүнө бүлүк салып, толгонтуп турду. 

Сахна жасалгасы, артисттердин кийими, ойнотулган музыка бардыгы кыргыз жыттанып турду десем жаңылышпайм. Албетте, бул коңшу элдин таланттары операга өзгөчө кылдаттык менен мамиле жасап, ар бир майда-баратына чейин изилдеп чыккандыгынын тастыктайт. Сахнада Манас гана эмес, кыргыз даңазаланып турду. 

Ооз комуз, комуз сыяктуу кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары коштолгон операда кыргыз күүлөрү, кыргыз бийлери оюн башталгандан аяктаганга чейин жаңырып турду. Операнын негизги идеясы ынтымак, биримдик жана жалпы журттун тынчтыгын камтыйт. Негизги өзөгүнө болсо "Манас" жана "Семетейдин" турмушу, эрдиги жана ийгиликтери камтылган.

​Сахнада Манас гана эмес, кыргыз да даңкталып турду

Жоокердин зоот баш кийими сахнага өзгөчө сүр берип турду. 

Операнын сценарийи филология илимдеринин доктору, профессор, кытайлык кыргыз Адыл Жуматурдунун котормосундагы "Манас" эпосу боюнча жазылган. Кытай өнөрпоздорунун Манас баатырдын мекенине келип “Манас” операсын тартуулашы дагы бир жолу кыргыз эли үчүн коңшу мамлекет менен болгон алаканын жогору экенин далилдеди. 

Кыргызстанга күн мурунтан келген Кытайдын борбордук театрынын техникалык тобу, сахнага түркүн түстүү декорацияларды орнотуп, маданий иш-чараны коюуну уюштуруу иштерин жүргүзгөн эле. Жогорку деңгээлде жасалгаланган дал ушул куттуу сахнада аталган театрдын 100дөн ашык кишиден турган чыгармачыл тобу ойноду.

"Манас" эпосунун эпикалык табиятын таануу максатында чыгармачыл топ Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусуна үч жолу барышкан. Алар кыргыздар жашаган аймактарды кыдырып, жашоо-турмушу менен кенен таанышып чыгышкан.

Операдагы түстүү костюмдар, музыка жана актерлордун чеберчилиги зал толо келген көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыды. Манас таануучулардын баамында, операда Манастын үчилтиги толук берилип, кыска убакыттын аралыгында эпостун мазмунунун эң маанилүү учурлары таасын чагылдырылган.

Операнын ачылыш аземине КР Президенттик аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, КЭРдин КРдагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь жана КРдин Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов катышты. 

КР Президентик аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусу менен жалпы конокторду тааныштырды. Президент өз сөзүндө, “Бүгүн кыргыз-кытай достугунун, алака-катнашынын тарыхындагы өтө маанилүү иш-чаранын алдында турабыз”-, деп билдирген. 

Ал: “Улуу жазуучу жана гуманист Чыңгыз Айтматов айткандй кыргыз рухунунун туу чокусу болгон “Манас” эпосу боюнча операнын Кытай Эл Республикасынын борбордук театры тарабынан коюлушу кыргыз эли үчүн зор сыймык жана кубаныч. Бул кыргыз жана кытай элдеринин кылымдарды карыткан достугунун, ынак коңшулук мамилебиздин бийик көрүнүшү жана салтанаты. 

​Сахнада Манас гана эмес, кыргыз да даңкталып турду

Кыргыз кийимдери дагы даңкталды. 

Бул биздин байыркы маданиятыбызды руханий баалуулуктарыбызды көөнөргүс кенчке болгон терең урмат-сыйдын эң жогорку көрсөткүчү. Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан бул даңазалуу операны коюга катышкан баарына мыкты көп чыгарманы жаратканы жана аткаруучулук чеберчиликтери үчүн ыраазычылык билдирмекчимин”,-деген оюн айтты.

“Маданият –бул руханий көпүрө. Ал алысты жакындатат. Элдер ортосундагы ынтымакты ширелтип, достукту, алака-катышты мамилени бекемдейт. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы урматтуу Си Цзиньпин мырза мына ушуну таасын түшүнгөн көрөгөч саясатчы. Ал “Манас” эпосу жөнүндө дүйнөдөгү эң ири эпос катары ар дайым өзгөчө жылуу пикирин айтат жана Кытайдагы азчылык улуттардын маданиятын өнүктүрүүнү өзгөчө колдойт. 

Си Цзиньпин мырзанын “Манас” эпосуна берген бийик баасы “Манас” эпосунун операсынын жаралуусуна түздөн-түз таасирин тийгизген. Мен былтыр июнь айында КЭРге болгон мамлекеттик сапарымда Пекин шаарында “Манас “ операсы аншлаг менен коюлгандыгына күбө болдум. “Манас” операсы өтө бийик деңгээлде коюлган, масштабдуу чыгарма. Ал улуу эпосту даңктаган чыгарма катары опера өнөрүнүн алтын казынасына кирди. 

Чыгарманын негизги идеясы ынтымак, биримдик, өз элин-жерин урматтоо, өлкөнү көздүн карегиндей сактоо. Опера залкар манасчы КРдин Баатыры Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде коюлгандыгы айтылат. Чыгармада кыргыздын  салттык турмушу, “Манас” эпосунун эпикалык табияты таасын көрүнөт. Кыргыздын улуттук кийимдери даңазаланып, кыргыз музыка аспаптары жана кыргыз күүлөрү жаңырат. “Манас” операсы кыргыз көрүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн орун таап жогорку деңгээлде кабыл алынат деп ишенем. Кыргыз-кытай достугу, ынтымагы эзелтен бекемдей берсин”, деген сөз менен Досаалы Эсеналиев Президенттин оюн жыйынтыктады.

КЭРдин КРдагы элчиси Ду Дэвэнь айым, бүгүн жалпы Бишкек шаарынын тургундары, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык байланышына өз салымын кошуп жүргөн бардык адамдары үчүн майрам болуп жаткандыгын айтып өттү. 

“ “Манас” операсы кытай тилинде тартууланып отурат. Бул эпос кыргыз жана кытай элинин жалпы маданий мурасы болуп эсептелет. Эки эл ортосундагы маданий байланыштын бекем көпүрөсү болуп келе жатат”,-деген оюн билдирди. 

Ал эми, КРдин Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов болсо, опера абдан жогорку деңгээлде даярдалып, мыкты иштелип чыккандыгы үчүн кытай таланттарына терең ыраазычылыгын билдирди. Соңунда, бир катар кытай артисттерине КРдин Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан белектерди тапшырды.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)