WeChat      Избранное

Кыргыз-Кытай маданият байланышын өнүктүргөн-“Көчмөн кыргыз бий өнөрү” китеби

17/07/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыз-Кытай маданият байланышын өнүктүргөн-“Көчмөн кыргыз бий өнөрү” китеби

Турганаалы Турсунаалы уулу Жусуп Мамайтегин.

5-июль күнү Бишкек шаарынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын жыйындар залында элибиздин улуттук баалуулуктарынын бири болгон-кыргыз бийи өнөрүн даңктаган мыкты саамалык болуп өттү. Залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгынын жана Көчмөндөр оюнунун алкагында Турганаалы Турсунаалы уулу Жусуп Мамайтегиндин “Көчмөн кыргыз бий өнөрү” аттуу китебинин бет ачаары болуп, окурмандарга сунушталды. Китеп сапаттуу фотосүрөттөрү менен басылып, 500 нускада жарык көрдү. 

Китепте кыргыз элинин байыркы мезгилдерден бери бийленип келе жаткан улуттук бийлеринин түрлөрү, аталыштары, бийлөө ыкмалары, тараган аймактары, окшоштуктары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кенен маалымат берилип, изилдөөгө алынган.

Муну менен катар эле, китептен атактуу кытайлык кыргыз бийчилери жөнүндө айтылып, деги эле Кытай Өкмөтү тарабынан маданият өкүлдөрүнө, улуттук баалуулуктарга көрүлгөн камкордук тууралуу дагы маалымат берилген.

Эмгек музыкалык орто мектептин окуучулары, атайын кесиптик, жогорку окуу жайларынын студенттери, искусство таануучулар, маданият таануучулар, этнографтар жана жалпы эле китеп сүйүүчүлөр үчүн мыкты жаңылык болуп, кыргыз маданиятын таанытуунун дагы бир булагы катары элге кызмат кылмакчы.

Бул иш-чарага кыргыздын белгилүү инсандары, маданият ишкерлери, окумуштуу-изилдөөчүлөр катышып, китеп тууралуу өз ой-пикирлерин билдирүү менен бирге, анын бүгүнкү күндөгү маанисине токтолушуп, мыкты эмгекти жараткан авторго дагы каалоо-тилектерин билдирип өтүштү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Турганаалы Турсунаалы уулу Жусуп Мамайтегин кыргыз-кытай маданий алакасын бекемдөөгө, өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн бир катар сыйлыктар менен сыйланды. Ал Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы тарабынан Манас эпосун жайылтууга, улуу манасчы Жусуп Мамайдын эмгектерин, улуттук баалуулуктарды изилдөөгө кошкон салымы үчүн Кыргыз тили төш белгисине татыктуу болду. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданият борборунун башкы директору Алдакулов Тургунбай, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жолдогон куттуктоо каты менен иш-чаранын катышуучуларын тааныштырып, аны Турганаалы Турсунаалы уулу Жусуп Мамайтегинге тапшырды. Мындан сырткары, Турганаалы Турсунаалы уулу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан дагы Ардак грамота менен сыйланды. 

Саамалык кыргыздын дөөлөтү болгон “Манас” айтуу менен башталып, жогорку деңгээлде аткарылган элдик ыр-бийлер менен коштолду. 

Эске сала кетсек, 2017-жылдын ноябрь айында Турганаалы Турсунаалы уулу Жусуп Мамайтегиндин “Бабамдан баян” аттуу китеби жарык көрүп, окурмандардын алкоосуна татыган. 

Октябрь Капалбаев, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окуу бөлүмүнүн башчысы:

 ““Кыргызда бий болгонбу, болгон эмеспи?”-деген чоң талаш-тартыш маселелер мурунтан болуп келген” 

- Бүгүн “Көчмөн кыргыз бий өнөрү” китебинин бет ачаары болуп жатат. Бул өтө маанилүү, мыкты жаңылык. Себеби, “Кыргызда бий болгонбу, болгон эмеспи?”-деген чоң талаш-тартыш маселелер мурунтан болуп келген. Ар түрдүү жооптор болгон. 

Ал эми, бүгүнкү китепти карап көрсөңүздөр, бул жакта кыргыздын 19 түрдүү бийи бар экен. Биздин университеттин ректору дагы өзү башында туруп, этнографтар бир арага чогулуп, Турганаалынын демилгесин колго алып, илимий негизде аны далилдегенге аракет кылдык. Жыйынтыгында ушундай мыкты эмгек жарык көрүп отурат. 

Мен дагы Кытай жергесинде сапарда болгонумда, Кызыл-Суулук кыргыздардын жашоосунда бий өзгөчө орунда тургандыгына күбө болдум. Алар: “Силерден биз ыр боюнча жеңилип калсак, бийге кезек келгенде жеңип кетебиз”,-деп тамашалап калышты. Чындыгында, Кытай жергесиндеги боордошторубуздун кандай гана саамалыктары, майрамдары, иш-чаралары болбосун кыргыз бийисиз өтпөйт, ар бир майрамды көркүнө чыгарып, элге мыкты маанай тартуулаган дагы, дал мына ушул улуттук бийлер. 

Назаркул Ишекеев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы: 

“Турганаалы жасаган эмгек-ар бирибиздин улуттук уңгубузду табууга ачылган бир булак” 

- Турганаалы Турсунаалы уулу Жусуп Мамайтегин бүгүн, баарыбызды кубантып жакшынакай иш жасап отурат. Мындай окуялар дайыма эле боло бербейт. Ушундай жетишкендиги үчүн жаш авторду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын атынан чын дилибизден куттуктайбыз. 

Албетте, сөз бүткөн жерде музыка, музыка ойногон убакта кыймыл-аракет башталат. Ал эми, кыймыл-аракет жашоонун булагы, түбөлүктүн символу. Ал адамдардын диалогун чагылдырган коммуникациянын укмуштуудай ийкемдүү формасы. Бий-дүйнөнүн көп элдеринин музыкасындагы салттуу жанр, ал музыканын ыргагына ылайык дене-кыймылы аркылуу көркөм образдарды бере алган искусствонун бир түрү. Элестүү, ыргактуу дене кыймылы кимди болбосун өзүнө тартат. Бий тарыхы адамзаттын жаралуусу менен мезгилдеш. Мисалы, байыркы адамдардын аң уулоосу, отко-сууга сыйынуусу ритаулдык бийлер менен коштолгон. 

Ааламдашуу термини-заманбап учурдун экономикалык, саясий-социалдык, маданий маңызын аныктоонун феномени катарында каралат. Бул термин заманбап адамдын жашоо турмушун жана ой-жүгүртүү маданиятын аныктаган көп маанилүү нарк-насилге ээ. Биздин оюбузча, ааламдашуу салттуу маданиятка эки тараптан таасир этет. 

Биринчиден, ал көп кылымдар бою өнүгүүнүн натыйжасында калыптанган, бирок техногендик цивилизациянын күчүнө туруштук бере албаган каада-салттарды жана үрп-адаттарды бир өңчөйлөнтүп, айырмачылыктарын жылмалайт. Бул өз жана бөтөн маанилердин чек арасын жоготуп, маданияттын жаңы түрлөрүн алып келет. Маданияттардын мындай айкалышы, айрым адамдардардын турмушунда гана эмес, бүткүл коомго мүнөздүү көрүнүш болгондугун байкап жатабыз. Натыйжада, белгилүү бир маданиятка же жамаатка таандык эмес, өзүнүн тамырларын, тилин, тарыхын, маданиятын жоготкон, өз жеринен ажыратылган, ошол эле учурда башка маданияттын таасирине кирбей калган, чоочун маргинал адамдардын катмары пайда болот. 

Экинчиден, ааламдашуу-этностордун оор абалдан чыгуусуна, өзүнүн лексикалык, лингвистикалык тарыхый маданий жана социалдык болмушундагы башаттарды издөөгө умтулат. Менимче, ошондой башаттардын бири-бий өнөрү. Бийде улуттук дил, көз караш, психология, улутту таанып-билүү жана анын философиясы жатат. Бийде көчмөн элдин жаратылышка болгон мамилеси ачык көрсөтүлүп, алар менен эриш-аркак, коюн-колтук жашоого чакырган улуу ойлор камтылган. Менимче, көчмөн элдерде бий өнөрү күчтүү касиетке ээ болгон. Бирок отурукташкан элдердей өнүккөн эмес. Анткени, көчмөн маданияты мал-чарбачылыгына негизделген. Мал жандыктары тынымсыз кыймылда болгон, алар суунун агымына, чөпкө жараша ар дайым кыймылда болуп турат. Ошондуктан, көчмөн элдерге бий анчалык зарыл болгон эмес. Көчмөн элдин турмушу тынымсыз кыймылда болгон. Биздин бийлер жаратылыштын берген белеги десек эч жаңылбайбыз. 

Бий улуттук биримдүүлүктүн эң бир көркөм, образдуу, эстетитикалык касиетке мол, ыргактуу көрсөтмөсүнүн белгиси. Бир элдин тарыхын, тарыхый эс тутумун улуттук таанып-билүүсүн, философиясын чагылдырган өзүнчө бир көркөм искусство. Ал аркылуу улуттук баалуулуктар менен жалпы баалуулуктар синтездешип турат. 

Турганаалы жасаган эмгек, биздин жаштардын, ар бирибиздин улуттук уңгубузду табууга ачылган бир булак. Эгерде, ушундай чыгармалар көбүрөөк болсо, ошончолук биздин улуттук уңгубуз бекем болот, тамырыбыз терең жайылат. Бий элдин өтмүшүн, бүгүнкү күнүн жана келечегин миң жылдыктардын чакырыктарына умтулуусуна багыт берген өзүнчө бир аалам, космос. Ушул космосту Турганаалы уулум толуктап жатат. Бул кылган эмгеги үчүн ага терең ыраазычылыгыбызды билдирмекчибиз. 

Кыргыз-Кытай маданият байланышын өнүктүргөн-“Көчмөн кыргыз бий өнөрү” китеби

Китеп бетинен бир сүрөт.

Адыл Жунус уулу, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты: 

“Аккан арыктан суу агат” 

- Бүгүн абдан жакшы, маанилүү иш-чара өткөрүлүп жатат. “Аккан арыктан суу агат” дегендей, Турганаалы инибиз, залкар манасчы Жусуп Мамайдын татыктуу чөбүрөсү болуп, кыргыздын маданий көрөңгөсүн байытууга өз салымын кошуп келүүдө. Бүгүнкү “Көчмөн кыргыз бий өнөрү” аттуу китеби дагы буга толук далил. Ушундай мыкты китепти жаратып, баарыбызга тартуулап отурат. Инибиздин чыгармачылыгы өркүндөп-өнүгө берсин. 

Быйыл Жусуп Мамай атабыздын 100 жылдык мааракеси белгиленмекчи. Китептин бет ачаары дагы ушул 100 жылдык мааракенин мезгилине туура келгени дагы абдан жакшы жаңылык, өтө маанилүү деп ойлойм. Былтыр Жогорку Кеңеште Жусуп атанын 100 жылдыгын белгилөө боюнча теманы козгоп, көтөрүп чыктым эле. Ушул демилгемди колдоп берген КРнын Президентине, Өкмөткө жана Жогорку Кеңешке ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Кудай буюрса, быйыл Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында кыргыздын сыймыктары, чыгаан манасчылары Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков аталарыбыздын катарында Жусуп атанын айкели дагы тургузулмакчы. Залкар манасчынын айкелин кыргыздын белгилүү скульптору, сүрөтчү, Кыргыз Эл баатыры Тургунбай Садыков агабыз тарабынан жасалууда. Мындан сырткары, Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине Жусуп Мамайдын аты ыйгарылмакчы. Ал эми, айкелдин ачылышын 10-октябрга тууралап жатабыз. Дагы да даярдыктар жүрүүдө. Иш-чарага КЭРсынан Пекинден, Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунан дагы атайын делегациялардын келүүсү күтүлүүдө. 

Мына ушундай, мыкты саамалыктын алкагында залкар манасчы Жусуп Мамайдын чөбүрөсү Турганаалынын дагы кылып жаткан эмгектери өзгөчө сөзгө татырлык. Ар дайым эл уулу болуп, кыргыз-кытай достук алакасын чыңдоого өз салымын кошуп жүрө берсин. 

Тынчтыкбек Бекташ уулу, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү: 

“Турганаалы кытайлык кыргыздар менен кыргызстандык кыргыздардын маданият алмашуусуна чоң салым кошту” 

- Турганаалы инибиздин бүгүнкү эң чоң ийгилиги менен Ош шаардык билим берүү Башкармалыгынын жетекчиси Асанов Авазбек Раимжановичтин атынан, жалпы эмгек жамаатынын жана өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм. 

Турганаалы буга чейин Ош шаарында “Кыргыз бийин даңктайлы” аттуу чоң иш-чара өткөрүп, ал сынак менен коштолуп, шаарыбыздагы жалпы 77 мектептин окуучулары жигердүү катышкан. Ошол иш-чаранын алкагында Турганаалы Оштогу мектептердин окуучуларына кыргыз бийи боюнча мастер-класстарды өтүп, кыргыздын унутта калып, бирок учурда кайрадан жанданып бара жаткан нукура Кыргыз бийи менен тааныштырган. Бул кадам биз үчүн, биздин окуучулар үчүн абдан жакшы саамалык болгон. 

Андан соң, “Бабамдан баян” китебинин бет ачаары Бишкектен кийин, Ош шаарында дагы өткөрүлүп, окурмандар тарабынан абдан жакшы кабыл алынган. Турганаалы шаардын мектептерин кыдырып, окуучуларга залкар манасчы Жусуп Мамайды, кытайлык кыргыздардын жашоо-турмушун, тилин, маданиятын, ал жактагы манасчылык өнөрдү жакындан таанытууга зор салымын кошкон. 

Ал Жусуп Мамайдын вариантындагы “Манас” эпосун, кыргыз бийи өнөрүн гана бизге жайылтпастан, кыргыз-кытай элинин достугун, анын ичинде кытайлык кыргыздар менен кыргызстандык кыргыздардын маданият алмашуусуна чоң салым кошту. 

Кыргыз-Кытай маданият байланышын өнүктүргөн-“Көчмөн кыргыз бий өнөрү” китеби

Сыйлык алуу учурунан бир көз ирмем.

Женни Жеңиш кызы, “Жей-Инвест Консалтинг” фирмасынын негиздөөчүсү: 

“Ааламдашуу заманында өзүбүздүн улуттук салттарыбызды, маданиятыбызды сактоо жана аны дүйнө элине таанытуу максаты башкы орунда турат” 

- Алгач, мен бүгүнкү иш-чарага келип берген бардык катышуучуларга, уюштуруу тобунун атынан чоң ыраазычылык билдирмекчимин. Биздин команда билим берүү жана маданият тармагына инвестиция кылуу багытындагы иштер менен алектенип келет. 

Кыргыз улутунун тарыхы абдан узун жана өзгөчө маданиятка ээ. “Көчмөн кыргыз бий өнөрү” китеби өзүбүздүн тарыхыбызды, маданиятыбызды, улуттук баалуулуктарыбызды көрсөтүп, эске салат десем эч жаңылышпайм. Азыркы, ааламдашуу заманында өзүбүздүн улуттук салттарыбызды, маданиятыбызды сактоо жана аны дүйнө элине таанытуу максаты башкы орунда турат. Ушундай максаттарды аркалай командабыз менен бирге иш алып баруудабыз. 

Турганаалы алгач мага кайрылганда эле бул китептин философиясы мага абдан жаккан. Ошондуктан, ага колдоо көрсөтүп, өз жардамыбызды берип жатабыз. Бул китеп китепкананын ичинде эле калбоосу зарыл. Ал ар тараптуу өнүктүрүлүп, атайын стратегия менен дүйнөлүк масштабга чыгуусу керек. Ошондуктан, китеп жеке гана кыргыз тилинде болбостон, аны англис жана орус тилдерине дагы которуп, окурмандарга тартуулоо планыбыз бар. 

Бул китеп пилоттук версия болуп эсептелет. Сентябрь айында өткөрүлчү Көчмөндөр оюндарына карата жогоруда айтылган үч тилге которулуп, сувенир сыяктуу сырты дагы абдан кооз жасалып, чет өлкөдөн келген конокторубузга сунушталмакчы. Бул жерде бий аркылуу биз кыргызды ар тараптуу жактан дүйнөгө тааныткыбыз келет. Ошондуктан, ушул багытта кандайдыр бир ой-максаттарыңыздар болсо, сиздер менен кызматташууга ар дайым даярбыз. Китепти окуп көрүп, кемчиликтерди жоюу же болбосо китепти дагы жакшыртуу багытындагы сунуштарыңыздар менен бөлүшсөңүздөр биз абдан кубанычта болобуз. 

Турганаалы Турсунаалы уулу Жусуп Мамайтегин, “Көчмөн кыргыз бий өнөрү” китебинин автору: 

“Китепте улуттук кыргыз көөнө бийинин он тогуз түрүнө кайрылып, алардын таржымалын, бийлөө ыкмаларын камтыдым” 

- Мен убагында, Кытай Эл Республикасындагы Ак-Суу шаарында дүйнөлүк бийлер боюнча төрт жылдык билим алгам. Мына, ошол кезде көптөгөн дүйнөлүк бийлер менен жакындан таанышып, бул тармакта өнөрүмдү өркүндөткөм десем болот. Кытай Өкмөтү бардыгыбыз билгендей, азчылык элдердин улуттук баалуулуктарына ар дайым колдоо көрсөтүп, аны сактоого, өркүндөтүүгө жардамчы болуп келет. Мына ушундай колдоонун арты менен дагы кыргыз бийи өнөрү бизде абдан жакшы сакталып калган. 

 Дүйнөлүк бийлерди үйрөнүп жүргөн кезимде эле, китеп катары басылып чыккан Кыргыз бийлери тууралуу эмгектин жокко эсе экендигин байкадым. Ошондо, алгачкы жолу, кыргыз бийлерин терең изилдеп, маалымат топтой баштагам. Мына, бүгүнкү “Көчмөн кыргыз бий өнөрү” китебин жазууга алгачкы кадамдар ошол мезгилде төшөлгөн десем жаңылышпайм. 

Биздин мамлекетте, 80ден ашкан улуу бийчилер бар. Алардан жардамы менен бир топ маалыматтарды чогултуп, ушул жаатта өз изилдөөлөрүмдү жүргүзүп келдим. Ал эми, 2014-жылдан бери бул эмгекти жаратуунун үстүнөн толук кандуу иштеп баштагам. Бул китептин азыркы басмадан чыгуусу иштин башталышы гана десем болот. Мен бул китепке буга чейин өтө сейрек кездешкен бир топ маалыматтарды киргиздим. Мисалы, улуттук кыргыз көөнө бийинин он тогуз түрүнө кайрылып, алардын таржымалын, бийлөө ыкмаларын камтыдым. Жеке пикиримде, бул китеп кыргыз бийинин тегерегинде жаралган талаш-тартыш суроолорго татыктуу жооп боло алат. 

Учурдан пайдаланып, бүгүнкү иш-чарага келип, катышып берген коноктордун бардыгына, рахматымды айтмакчымын. Анан албетте, китепке колдоо көрсөтүп, басмага чыгарууга жардам берген И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешине, өзгөчө ректор Абдырахманов Төлөбек агайга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)