WeChat      Избранное

Эркин Рыскулбеков: “Кытай жергесине болгон сапарым абдан кызыктуу жана маңыздуу өттү”

17/07/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Эркин Рыскулбеков: “Кытай жергесине болгон сапарым абдан кызыктуу жана маңыздуу өттү”

Эркин Рыскулбеков. Кытай Хайнань аралы Санья шаары.

Жай мезгили башталып, жыл бою чыдамсыздык менен күткөн эс алуу мезгили башталды. Ушундай эс алуу убактысын Кытайдын “Чыгыш Гавайиси” деп аталган Хайнань аралында өткөрүп келген белгилүү тележурналист Эркин Рыскулбеков бүгүн бизде конокто. Ал Кытай жергесине болгон сапары, Санья шаарынынын ажайып жайлары тууралуу айтып, кызыктуу маек куруп берди. 

-Эркин, учурда эмне менен алектенип жатасыз, кандай жаңылыктарыңыз бар?

-Учурда өзүмдүн сүйүктүү ишим болгон алып баруучулук кесибин аркалап келем. “Дарак бир жерде көгөрөт” дегендей, ушул тармакта дагы өз билимимди тереңдетип, тажрыйба топтоо башкы максатым. Ал эми, жашоомдо, ишмердүүлүгүмдө азырынча жаңылыктар деле жок. Бардыгы өз нугу менен кетип жатат, кудайга шүгүр. 

-Сөз башында, убагында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян аймагында, Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунда болуп, кытайлык кыргыздардын жашоосу менен дагы жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болгон деп калдың, ушул тууралуу кеп салып берсең?

-Ооба, чындыгында Кытай жергесине болгон алгачкы сапарларым негизинен кытайлык кыргыздар жашаган аймактарда болгон. Ал жактагы боордошторубуздун жашоо-шарты, турмуш-тиричилиги менен таанышып, кыдырып келгем. Кытай жергесине болгон сапарларымдагы жашоомдогу эң баалуу көз ирмем катары, залкар кытайлык манасчы, айтылуу Жусуп Мамай менен жолугушууну айтаар элем. Чындыгын айтканда, кытайлык кыргыздарда маданиятка, каада-салтка, улуттук баалуулуктарга көңүл өзгөчө бурулат. Муну менен катар, алар кыргыз тилине дагы маани берип, аны таза сактап кала алышкан. Акыркы жылдары, Кытай Өкмөтүнүн өз жериндеги азчылык улуттардын маданиятына жакшы көңүл бөлүп жүргөндүгү баарыбызга маалым. Кыргыздардын руханий дүйнөсүнүн туу чокусу болгон “Манас” эпосу дагы, кытай көрүүчүлөрүнө опера түрүндө тартууланып жогорку баага татыды.

-Эми, кеп нугун, ушул жакында эле Кытай жергесине болгон сапарыңа бурсак. Инстаграмм баракчаңа кызыктуу сүрөттөрдү дагы байма-бай жүктөп жаттың, ушул сапарың тууралуу айтып берсең?

-Ооба, жогоруда айтып кеткендей мурун Синьцзян аймагына гана барып келсем, бул жолу Ички Кытайга, тактап айтканда дүйнө жүзүнө “Азиянын Гавайиси” катары белгилүү Хайнань аралына барып келдим. Чындыгын айтканда, Хайнань тууралуу көп эле угуп жүрчүмүн, маалыматым бар болчу. Ошондуктан, ал жакка барып эс алып келүүнү самап жүргөм. Мына ушундай мүмкүнчүлүк жаралаары менен эле, жакындарым менен чогуу Хайнандын курорттук жайы болгон Санья шаарында кызыктуу эс алууда болуп кайттык. Эс алуубуз абдан көңүлдүү өттү. Санья шаарынын бардык ажайып жайларына барууга аракет кылдык. Суусуна түштүк, экскурсияларга чыгып жаттык. Эң негизгиси, эс алуумду ушул аймактан өткөргөндүгүмө эч өкүнгөн жокмун. Мен ойлогондой эле, эс алуу үчүн мыкты аймактардын бири экен. 

-Кытайдын дүйнө жүзүнө белгилүү болгон туристтик аймагы Хайнань, Санья шаары сага кандай таасир калтырды?

-Санья шаары тууралуу айта турган болсом, бул ар тараптуу аймак экен. Туристтик шаар болгону үчүн, бардыгы сырттан келген меймандардын талабына жооп бергендей жасалып, курулган. Мисалы, асман мелжиген мейманканалары, таптаза кум жээктери, жылуу суу, экскурсиялар жана көңүл ачуучу жайлары, дүйнөгө белгилүү салттуу кытай медицинасы ж.б. Мына, ушуну менен эле катар жергиликтүү калктын дагы жашоосу өз нугунда өтүп келет. Саньянын чоң-чоң көчөлөрүнөн бурулуп, майда тапталган жолдорго түшсөң, ал жактардан жергиликтүү калктын жашоосуна күбө болосуң. 

Шаардын сыртында, эң чоң рынок бар экен. Ал жактагы баалар, шаар ичиндеги туристтик аймактарда жайгашкан базарлардан эки-үч эсеге арзан. Башкача айтканда, Саньяда жеке гана мыкты эс алууга мүмкүнчүлүк болбостон, кытай элинин жашоо-турмушу менен жакындан таанышууга болот. Мындан сырткары, ал жакта ден соолукту чыңдап келүүгө дагы толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Айтылуу кытай элдик медицинасы бул жакта да абдан өнүгүп, ден соолук борборлорун көп кездештирүүгө болот.

Жалпылап айтканда, шаар менин купулума толду. 

Эркин Рыскулбеков: “Кытай жергесине болгон сапарым абдан кызыктуу жана маңыздуу өттү”

“Бир тууганым менен бирге”.

-Шаардын туристтер бара турган кандай ажайып жайлары бар экен? 

- Санья шаарында туристтердин мыкты эс алуусуна толук шарт түзүлгөн. Маймылдар аралынан баштап, эң чоң будда айкелине чейин көрүүгө болот. Мага маймылдар аралы дагы өзгөчө таасир калтырды. Ал жакка жетүү үчүн, туристтер бир канча км аралыкты басып өткөн фуникулерго түшүшөт экен. Аралда маймылдар абдан көп, гиддердин айтуусу боюнча алардын саны болжол менен эки миңден ашуун. Барганда маймылдардын дүйнөсүнө түшүп калгандай эле сезим болот экен.

Мындан тышкары Наньшань храмдык топтому дагы бар экен. “Буддизм борбору” деп аталган бул комплекс жеке гана сыйынуу жайы болбостон, туристтерди дагы өзгөчө архитектуралык курулуштары менен кызыктырат экен.

Бардыгыбыз угуп, билип жүргөн “Гуаньинь” аттуу эң ири будда айкели дагы мага өзгөчө таасир калтырды. Анын курулушу 2005-жылы аяктаптыр. Айкелдин бийиктиги 108 метр, салмагы 2500 тонна. Бул айкелдин арал үчүн эң чоң мааниси бар экендигин, жергиликтүү калк анын бөөдө кырсыктан элди сактап, жерге бейпилдик тартууларына ишенишээрин айтып беришти. 

Дагы бир айта кетчү нерсе, Ли жана Мяо этникалык группаларынын конушу болгон коомдук парк дагы Саньянын ажайып жайларынын бири. Бул конушка келген туристтер, жергиликтүү калктын улуттук чыгармачылыгына күбө болуп, алардын жашоо-шарты менен жакындан таанышып кетишет экен. 

Янода паркы тууралуу дагы айта кетүү керек. Бул парк өзүнүн кооздугу менен абдан таң калтырды. Мындайча айканда чыныгы джунгли (тропикалык өлкөлөрдө жайгашкан чытырман токой) десек болот. Чытырман токой болсо да, ичинде эс алуучулардын толук кандуу эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Мындан тышкары, Лухуйтоу паркына дагы барып келдик. Бул парк туристтер арасында абдан белгилүү экен. Анын өзгөчөлүгү парк тоо боорунда жайгашып, ал жактан Санья шаарын үстүнөн көрүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул жакка кечки сейилдөө маалында чыкса, шаар үстү күүгүмдө абдан сонун көрүнөт.

Менин көңүлүмдү маданият өкүлү катары, Санья жергесиндеги сахнанын жасалгаланышы өзгөчө өзүнө бурду. Ал жакта коюлган шоу-программалар дагы жогорку деңгээлде даярдалып, мыкты аткарылып жатты. Сахнанын өзгөчөлүгү-ал коюлуп жаткан программага жараша улам-улам кубулуп турат экен. Мисалы, бир учурда ал ордунан жылып кетсе, кандайдыр бир маалда ал жакта шаркыратма пайда болуп, көрүүчүлөргө шоу-программаны ушунчалык жеткиликтүү жана таасирдүү бере алат экен. 

Кыскача айтканда, Кытай жергесине болгон бул сапарым абдан кызыктуу жана маңыздуу өттү.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)