WeChat      Избранное

Ажайып жайларга саякат-Кыргызстан жана Кытай

10/07/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Ажайып жайларга саякат-Кыргызстан жана Кытай

Таш-Рабат кербен сарайы-бул уникалдуу архитектуралык эстелик.

Жай мезгилинин кирип келиши менен, ар бирибиз “Кайсы жакка барып, жакшы эс алып келүүгө мүмкүн?”-деген суроонун тегерегинде ойлоно баштайбыз. Бирибиз деңиз жээгинде чалкалап жаткыбыз келсе, бирибиз жаңы бир жерлерди таанып, дүйнөнүн ажайып жайларына саякаттап келүүнү максат кылабыз. 

Ошондуктан, биздин окурмандарды Кыргызстандын жана Кытайдын ажайып жайлары менен тааныштырууну туура көрдүк. Албетте, бир эле макала менен ар бир жердин кооздугун өзгөчөлүгүн толугу менен сүрөттөп берүүгө мүмкүн эмес. Ошентсе дагы, эс алуу үчүн, кайсы жакка саякаттоону ойлонуп жаткан окурмандарыбызга биздин макала аз да болсо жардамчы боло алат деп үмүттөнөбүз. 

Ысык-Көл-Борбор Азия бермети 

Кыргызстан тоолуу өлкө болуу менен катар, кол менен жасап койгондой кооз жаратылышы менен дагы мактана алат. Чындыгын айтканда, ата журтубуздун ар бир жери-көк мелжиген тоолору, шаркырап аккан суулары, суктанарлык жаратылышы өзгөчө сөзгө татыктуу. 

Албетте, сап башында Борбор Азия бермети-Ысык-Көл турат. Бул көл биздин сыймыгыбыз, Кыргызстандын ажайып кооз жери. Аптаптуу жай мезгилинде кыргызстандыктардын жана сырттан келген туристтердин бирден-бир эс алуучу жайы. 

Ысык-Көл-Кыргызстандагы эң чоң көл. Дүйнөдөгү 25 ири көлдүн катарында жана эң терең көлдөрдүн тизмесинде 7-орунда турат. Ал деңиз деңгээлинен 1609 метр бийиктикте жайгашкан, орточо тереңдиги-278 м, эң терең жери дээрлик 2,5 эсе болуп, 702 метрге барабар. Ысык-Көлдүн узундугу батыштан чыгышка 182 км, ал эми түштүктөн түндүккө-58 км. Ысык-Көл тунуктугу боюнча дүйнөдө Байкалдан кийинки экинчи орунда турат. 

Учурда, Ысык-Көлдө туристтик сезон кызуу башталып жаткан кези. Ысык-Көл облусун карта бетинен караганда анда жайгашкан 43 пансионат жана эс алуу үйлөрүн көрүүгө болот. Көлдө ар бир эс алуучу өз чөнтөгүнө карата эс алууну пландаштырса болот. Анткени, эс алуунун баалары ар кандай. Бул жылы орточо эсеп менен алганда, эки адамга күнүнө эс алууга, жашаган жери, тамак-ашы менен бирге эң арзан баа 1200 сом болсо, орточо стандарт баасы 4 миң, ал эми люкс болсо 15 миң сомдун тегерегин түзөт. 

Ажайып жайларга саякат-Кыргызстан жана Кытай

Ысык-Көл-Кыргызстандагы эң чоң көл.

Туристтерди өзүнө тарткан Арсланбаб жана Сулайман-Тоо 

Арсланбаб-бул табияттын уникалдуу туундусу, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан, гүлдөгөн оазис. Арсланбаб-бул Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан эң кооз курорттордун бири.

Анын атагын алыска чыгарган-бул баарыдан мурда анын жалпысынан 608,5 миң гектар жерди ээлеген жемиштүү жаңгак токойлору. Жергиликтүү калк бул жаңгакка байланыштуу мындай уламышты жакшы билишет. Качандыр бир айтылуу Александр Македонский өзү бул жердин жагып калган жаңгак жемишин алыстагы мекенине ала кеткен имиш. Мына ошол жаңгактар Грециянын жаңгак бактарынын түптөлүшүнө негиз болгон экен (ошондон улам жаңгактын бул түрү “грек жаңгагы” аталып калган дешет).

Кыргызстындын дагы бир сыймыктуу жеринин бири бул-Сулайман-Тоо. Анын узундугу-1140 м, туурасы-560 м. Бул тоону байыртан эле касиеттүү, ыйык тоо деп эсептеп келишкен. Тоонун чокусунда «Тахты Сулайман» мечити, ошондой эле XVI кылымга таандык, жакында калыбына келтирилген «Рават-Абдуллахан» мечити-XVIII кылымдын эстелиги жана худжра имараты бар. Сулайман- Тоодо «Чакка тамар» жана «Тепеүңкүр» үңкүрлөрү бар. Сулайман- Тоону түндүгүнөн жана түштүгүнөн эки канал айланып өтөт.

Жети-Өгүз-табият сулуулугу, Бурана-тарых издери 

Жети-Өгүз-Каракол шаарынан батышка карай 28 км аралыкта, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан эң кооз тоо капчыгайы. Тизилип жаткан өгүздөрдү элестеткен кызыл аскалардан улам ал, “Жети-Өгүз” деген атка ээ болгон. Ал эми “Жарылган жүрөк” деп аталган кызыл аска-жергиликтүүлөр мактанган жай. Арзышкандар үчүн ал жактан сүрөткө түшүү салтка айланган. Капчыгайда 2200 м бийиктикте Жети-Өгүз курорту жайгашкан. Ал өзүнүн дарылык касиети күчтүү геотермалдык булактары менен атагы чыккан. 

Бурана-Кыргызстан 10-кылымдардын ортосунда Караханиддер мамлекетинин курамына кирген. Бул кол өнөрчүлүктүн, сооданын, курулуштун өнүгүүсүнө жана жаңы шаарлардын пайда болуусуна өбөлгө түзгөн абдан күчтүү мамлекет болгон. Мындай жаңы шаарлардын катарына ал кезде Баласагын да кирген. Бул аталышы Бурана мунарасынан келип чыккан Бурана шаарчасы болгон. Бул атактуу шаарчанын урандылары Токмок шаарынан 12 км жерде жайгашкан. Бул бышкан кирпичтен салынган мунара 10-11-кылымдардагы Орто Азиядагы архитектуралык курулмалардын эң мыктыларынын бири болуп саналат.

Таш-Рабат-Байыркы Улуу Жибек жолундагы мейманкана 

Таш-Рабат кербен сарайы-бул уникалдуу архитектуралык эстелик. Ал Ат-Башы районунун Кара-Коюн деп аталган эң кооз капчыгайында жайгашкан. Кербен сарай Нарын шаарынан 110 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте. Таш-Рабат Кыргызстандын 15-кылымга таандык эң башкы архитектуралык ажайып жайларынын бири болуп саналат. 

Орто кылымдарда Улуу Жибек жолунда Таш-Рабат чеби кербен-сарайдын кызматын аткарып, соодагерлер менен саякатчылардын дайыма токтоп өтүүчү жайы болгон. Таш-Рабат ошол алыскы мезгилде Чүй жана Фергана өрөөндөрүн Кашгар менен байланыштырып турган соода жолунда жайгашкан. 1980-жылы өлкө үчүн өзгөчө тарыхый мааниси бар бул маданий эстеликти реставрациялоо жүргүзүлгөн. Реставрациядан кийин ага ар түрдүү өлкөлөрдөн туристтер тынбай келе баштаган.

Ажайып жайларга саякат-Кыргызстан жана Кытай

“Жарылган жүрөк” деп аталган кызыл аска-жергиликтүүлөр мактанган жай.

Сары-Челек жана Соң-Көл-көз жоосун алган тоо көлдөрү 

Сары-Челек көлү-бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Ал Бишкектен 500 км, ал эми Оштон 300 км аралыкта, Сары-Челек коругунда жайгашкан. Көл Чаткал тоо кыркасынын кызыктуу ажайып жайы. Анын узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 км, суусунун аянты-507 гектар. Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1940 м бийиктикте жайгашкан. 

Соң-Көл-Тянь-Шань тоолорунун кол менен жасап койгондой кооз көлү болуп саналат. Ал Нарын облусунун түндүк-батыш бөлүгүндөгү “Соң-Көл тоо” менен “Молдо тоонун” кырларында жайгашкан зор өрөөнчөдө, деңиз деңгээлинен 3016 м бийиктикте жайгашкан. Көлдүн узундугу 29 км, ал эми туурасы – 18 км, тереңдиги – 22 метрди түзөт. Бул көл Кыргызстандагы эң ири ичүүчү суу топтолгон жай болуп саналат. Соң-Көл тулаңдуу мейкиндикте жайгашып, кыргыз жайлоолору менен курчалган. Бул жерлерди илгертен бери кыргыздын төрт түлүк малы жайлайт. Жайкысын эл көлдү жээктей көчүп келет да, үй-бүлөлөрү менен жай бою боз үйлөрдө жашашат. 

Улуу Кытай сепили-“Ажыдаарлар аймагы” 

Кытай-өтө көп маданий мурастары жана укмуштуудай архитектуралык курулуштары менен дүйнөгө белгилүү. Бул өлкөгө болгон эң узак сапар дагы анын ажайып жайлары менен толугу менен чыгууга мүмкүнчүлүк бербейт. Алдыда, Кытайдын алдыңкы 10 мыкты ажайып жайы менен тааныштырмакчыбыз. 

Кытайдын бирден-бир белгилүү символу бул-Улуу Кытай сепили. Ал дүйнө жүзүнө эң узун сепил катары дагы таанымал. Сепил байыркы Кытайда курулуп, анын жалпы узундугу 21,2 миң чакырымды түзгөн. Дубалдын калыңдыгы негизинен 5-8 метр болсо, анын бийиктиги 6-7 метрди түзөт. Көптөгөн кылымдар бою сепил ар түрдүү аттарды алмаштырып келген, кээ бир учурларда “Коргон” деп аталса, кээде “Ажыдаарлар аймагы” деп айтылган. Кийин 19 кылымдын башында гана, баарыбызга белгилүү учурдагы аталышын алган. 

Сепил көп жолу реставрациялоо иштерине дуушар болгон. Бирок анын эң жакшы сакталып калган жерлери Пекин шаарына жакын аймактар болуп саналат. Ошондуктан, Пекинге барган ар бир туристтин башкы максаты Улуу Кытай сепилине чыгуу болуп саналат. 

Ажайып жайларга саякат-Кыргызстан жана Кытай

Ситан-бул шаарга келгенде, жомоктогудай дүйнөгө келип калгандай сезим болот.

Терракота армиясы-жер астындагы жоокерлер

1974-жылы кудук казууга киришип жаткан дыйкан тарабынан дүйнөгө белгилүү Кытайдын жер аскерлери-Терракота армиясы табылган. Ал армияны 7 – 9 миңге чейин саны жеткен чоподон жасалган аскерлер, атчандар жана жаачылар түзгөн. Мындай уникалдуу армияны жасалышына, байыркы замандагы кытай элинин тиги дүйнөдөгү жашоо бар экендигине болгон ишеними себеп болгон.

Терракота армиясы Кытай өлкөсүнүн башкы тарыхый мурасы болуп эсептелет. Ал Кытайдын биринчи императору Цинь Шихуандиге тиешелүү. Армияны түзүү аракети б.з.ч. 246 – жылы башталып, 30 жыл аралыгында жети жүз миң адам эмгек кылганы айтылып келүүдө. Армиядагы аскерлеринин көпчүлүгү чыныгы зоот кийимдер жана мыкты курал-жарактар менен дагы жабдылган. Ар бир аскердин жүзү өзүнчө, бир-бирине эч окшошпойт. Чыныгы, жашоодогу аскерлердин келбеттери айкелдерге түшүрүлгөн деген божомол бар.

“Тыюу салынган шаар”, пандалар дүйнөсү жана жер үстүндөгү бейиш 

Пекин шаарында жайгашкан “Тыюу салынган шаар” ар качан туристтердин көңүл чордонунда. Кайсы бир убактарда бул аймак “хан сарай шаары” болгон. Ал жакка карапайым адамдарга кирүүгө тыюу салынып келген. Байыркы кытай архитектурасынын көрүнүктүү өкүлү болгон бул шаар, 8000 бөлмөдөн туруп, алтын түстүү чатырга менен бирге кызыл, сары өңдөр менен боелгон. Тыюу салынган шаар Мин жана Цин доорлорунда императордук сарай болуп кызмат кылган. Ал жакта өз учурунда 24 император жашаган. Учурда, бул хан сарай кытай маданиятынын жана тарыхынын баалуу табылгасы болуп саналат. Ал дүйнө жүзүндөгү алдыңкы беш сарайдын катарын толуктайт. 

Гигант пандалар мекени-Чэнду

Бардыгыбыз билгендей, кытай эли пандаларга өзгөчө мамиле кылышат. Жеке гана кытайлар эмес, чет жерден келген туристтер дагы пандаларды жанынан көрүп, сылоого куштар. Чындыгында, Кытайдын чоң-чоң шаарларынынын зоопарктарында пандаларды көрүүгө болот. Бирок гигант пандалар менен Чэнду шаарынан гана жакындан таанышууга мүмкүн. Алардын узундугу 1,5 метрге чейин жетет. Алар негизинен, бамбук токойлуу, жаан-чачын көп болгон, бийик тоолуу аймактарда жашашат. 

Ажайып жайларга саякат-Кыргызстан жана Кытай

Панда-кытай элинин сүйүктүү айбанаты.

Ханчжоудагы Батыш көлү-жер үстүндөгү бейиш

Батыш көлү-жасалма көл болуп саналат. Ал 60 кв.км аймакты ээлейт. Алгач, бул жер шаардын борбору болчу, бирок учурда, шаар борбору башка аймакка көчүрүлүп, Батыш көлү тынчтыктын жана жан дүйнөнүн эс алуу борборуна айланган. Көлдү үч тарабынан тоолор курчап турат. Анын диаметри үч километрди түзсө, жээгинин узундугу 15 км аралыкты ичине камтыйт. Көл жээгинде узундугу эки метрден турган үч пагода орун алган. Мындан сырткары, салттуу кытай архитектурасынын стилинде салынган көпүрө дагы Батыш көлүнө өзгөчө көрк кошуп турат. Эс алууга келгендер көлдүн жээги аркылуу аралга же болбосо тоолорго чыгып кетишсе болот. 

Ажайып жайларга саякат-Кыргызстан жана Кытай

Чжанъе Данься -дал ушул жерден, жаратылыш эң мыкты чыгаан сүрөтчу экендигине толук күбө болууга болот.

Суу үстүндөгү байыркы Ситан шаары жана Чжанъе Данься түстүү тоолору 

Суу үстүндө жайгашкан байыркы Ситан шаары Шанхай шаарынан бир жарым сааттык алыстыкта жайгашкан. Ситан колго тарткандай кооздугу менен туристтердин көңүлүн өзүнө буруп келет. Бул шаарга келгенде, жомоктогудай дүйнөгө келип калгандай сезим болот. Чындыгында, Ситанды башкалардан өзгөчөлөнтүп турган нерсе, бул анын көпүрөлөрү. Алардын жалпы саны 104 түзүп, ар түрдүү формада кооздолгон жасалгасы менен элди таң калтыра алат. Бул курулуштардын бардыгы Мин жана Цин доорлорунда курулган. 

Ажайып жайларга саякат-Кыргызстан жана Кытай

Ханчжоудагы Батыш көлү-жер үстүндөгү бейиш.

Шаардын дагы бир артыкчылыгы анда 120дан ашуун тар көчөлөр орун алган. Алар таштан төшөлүп жасалган. Бул көчө жээктеринен орун алган үйлөрдө бүгүнкү күнү дагы жергиликтүү калк жашап келет. Байыркы тар көчөлөрдүн эң жакшы деңгээлде сакталып калганы бул-Шипи көчөсү. Анын узундугу 68 метр болсо, жолдун туурасы 1 метрди түзөт. Шаарда Сюань бакчасы дагы орун алган. Ал жактан байыркы кытай архитектурасы менен бирге айкалышкан, аймактын суктанарлык жаратылышына күбө болууга болот. 

Кытайдын Гансу провинциясынан орун алган Чжанъе Данься аттуу түркүн-түскө боелгон тоолор эч кимди кайдыгер калтырбайт. Дал ушул жерден жаратылыш эң мыкты чыгаан сүрөтчү экендигине ынанса болот. Бул аймак 2011-жылы Улуттук парк статусуна ээ болгон. Өзүнүн кооз аска-тоолору үчүн Кытайдын ММКлары тарабынан “Кытай Эл Республикасынын эң кооз ландшафттык түзүлүшү” наамына татыган. Тоолор анчалык бийик болбосо дагы, ар бир он миң жыл сайын алар 0,9 метрге өсүп тураары окумуштуулар тарабынан белгиленген. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)