WeChat      Избранное

Саламат Аламанов: Cуу боюнча бүтүм чыгарыш үчүн 30 жылдан кем эмес байкоо жүргүзүш керек

10/07/2018  Источник:оригинал   шрифта:

 

Саламат Аламанов: Cуу боюнча бүтүм чыгарыш үчүн 30 жылдан кем эмес байкоо жүргүзүш керек

Адам баласы жер шарын “коен жатагына” чейин ХIХ кылымда эле изилдеп бүткөнү менен, география илими өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келет. Ири державаларга таандык улуттук география коомдору али күнчө өз иштерин алып барууда. Эң кызыгы, андай коом Кыргызстанда да бар, болгондо да ал өз ишин 1948-жылдан бери алып келет. Кыргыз география коомунун төрагасы Саламат Аламанов, уюм жөнүндө, “Жибек Жолу” гезитине кыскача маек куруп берди. 

- Саламат агай, география коому десе эле эске белгисиздикке бет алган илгерки замандын романтиктери келет экен. Кыргыз география коому кантип түзүлгөн, эмне себеп болду эле?

- Тарыхта, өзгөчө чоң державалар өз чегин, аймактарын кеңейтиш үчүн географиялык изилдөөлөргө муктаж болгон. Орус империясында “Орус императорлук география коому” түзүлгөн. Анын башында падышанын бир туугандары турган. СССР түзүлгөндө, СССР география коому деп аталып, союздук республикаларда анын филиалдары ачыла баштаган. Бизде ошондой уюм 1948 –жылы түзүлгөн. Ал Илимдер академиясынын карамагында болуп, илимий уюм тарабынан каржыланчу. 

- Коом эмне иш алып барчу эле?

- Кыргызстандагы географтар иштеген мекемелерди бир багытка багыттоо, географияга жакын илимдердин, окумуштуулардын башын бириктирүү маселеси болгон. Мисалы, Топонимика деген илим бар. Географияга да, тилге да тиешелүү. Медициналык география деген багытыбыз бар. Бул оорулардын таралышын географияга байланышын изилдейт. Мисалы, бийик тоолуу райондордо кандай оорулар таралышы мүмкүн, өрөөндөрдө кандай оорулар болот деген сыяктуу. Ошондой эле, тарыхчылар окуялардын географиялык жайгашышын изилдегендер бар. Биогеография деген бар. Анан калкка географиялык билимди таратуу, методикасын өнүктүргөн багыт өз ишин алып барчу. Метеорологиялык секция бар эле, аба-ырайынын таркалышын, суунун пайда болушун, өзгөрүшүн изилдейт эле. Ар беш жыл сайын съездер өткөрүлүп турчу. 

- Бүгүнкү күндө кандай иш алып баруудасыздар?

- Эгемендик алгандан бери Илимдер академиясынын курамынан чыгарылып, каржылоо токтотулган. Бирок, ошого карабай бүгүнкү күндө Коомго 300дөй киши мүчө. Алар негизинен мугалимдер, окумуштуулар, студенттер. Жылына, Билим берүү министрлигинен сырткары, География боюнча Жогорку окуу-жайлар арасында олимпиада өткөрүп келүүдөбүз, эл аралык конференцияларга катышып, докладдарды жасап турабыз. Орус география коому менен кызматашуу боюнча документке кол коюп келдик. Мисалы, Россияда география коомун министр Сергей Шойгу жетектейт, ал эми Камкордук кеңешинин төрагасы Россия президенти Владимир Путин.

- Бүгүнкү күндө, Сиздердин алдыңыздарда кандай милдеттер турат?

- Географиянын бүгүнкү күндө милдети, максаты, табийгаттагы кубулуштардын мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдөө. Мисалы, климаттын өзгөрүшү деген чоң проблема бар. Бул маселени эң биринчи иретте географтар изилдейт жана бул проблеманы алар биринчилерден болуп алып чыккан. Себеби алар жылдар бою байкоо жүргүзүп, температуранын көтөрүлүшү ылдам болуп жатканын байкап, эмнеге мындай болуп жатканын изилдей башташкан. 

- Дагы кандай көйгөйлөр бар география илими үчүн?

- Азыр суу маселеси көтөрүлүп атат. Географиянын гидрология деген багыты бар. Эмне үчүн суунун көлөмү өзгөрүп атат, акыркы жылдары көрүп атабыз суу ташкындары көбөйгөнүн. Мына, Лейлекте эле бир ай ичинде эки жолу чоң суу каптады. Россиядагы жаздагы суу ташкындары көбөйүп атат жана масштабдары жогорулоодо. 

- Сиздердин коом, мамлекет үчүн кандай илимий пайда алып келди? 

- Биздин бөлүм бир нече жыл сел менен жер көчкүлөрдү изилдеди. Тосой айылындагы катуу жер көчкүдөн кийин, Академияда атайын отряд түзүлүп, мени башчы кылып, изилдеп жүрүп жер көчкүлөрдүн селдердин пайда болуучу жерлеринин картасын түздүк. Анын бирин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, экинчисин президентке бергенбиз. Актуалдуу болгон жайыттарды туура пайдалануу маселесин изилдегенбиз. Мисалы, Австралияда окумуштуулар бир гектар жерге эки кой жайса туура болот десе, биздин Ак-Талаа районунда гектарына 11 кой туура келет экен. 

- Демек, сиздер изилдей турган маселелер чачтан көп экен да? 

- Ооба. Климаттын өзгөрүшү, суу, мөңгүлөр, жайыттардын бузулушу, өсүмдүктөрдүн азайышы, адам менен табийгаттын байланышы, кыскасы жана мен жогоруда айткан табийгаттагы бардык кубулуштарды изилдөө биздин география илиминин, жана анын ичиндеги багыттардын милдети. Изилдөөлөр көп убакытты талап кылат. Мисалы, суу боюнча бүтүм чыгарыш үчүн, 30 жылдан кем эмес, тынымсыз байкоо жүргүзүш керек.

- Сиздердин илимий кызматтарга буйрутмалар түшүп атабы?

- Жок. Себеби, каржы жагы тартыштык. Илимдер Академиясы деле түшүнүү менен мамиле кылат, бирок акча тартыш.

- Эл аралык уюмдар менен иштешкен жоксуздарбы? 

- Кытай мамлекетинин жардамы чоң. Мисалы, алар Борбор Азиянын экологиясы жана айлана чөйрөсүн изилдөө борборун ачышкан бизде. Каражат жагынан жардам берүүдө, техника жагынан дегендей. Химиялык анализ жасаган эки лаборатория беришти. Мына, биздин институт ушул борбордун долбоору катары, “Кыргызстандагы ичүүчү суулардын сапатынын географиясы ” деген теманы изилдеп келе жатабыз. Бул иш-чара калкты таза суу менен камсыздоо максатында жүрүүдө. 

- Кытай өнөктөштөр менен дагы кандай багытта иштегени турасыздар?

- Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактары боюнча зыян алып келүүчү ташкындар боюнча изилдөөго долбоор жазганбыз. 

(Автор:​Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)