WeChat      Избранное

“Жибек жолунун экономикалык алкагы” семинары кытай ишкерлерин кызматташууга чакырды

10/07/2018  Источник:оригинал   шрифта:

“Жибек жолунун экономикалык алкагы” семинары кытай ишкерлерин кызматташууга чакырды

Семинардын жүрүшүнөн бир көз ирмем.

29-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жыйын залында Эл аралык инвестициондук “Жибек жолунун экономикалык алкагы” аттуу семинары болуп өттү. Бул иш-чара КРнын Экономика министрлигин колдоосу алдында КРнын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги тарабынан уюштурулду. Семинарга КРнын Экономика министри Олег Панкратов, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кубанычбек Нурматов, Зиядин Жамалдинов, КРнын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин жетекчиси Адилбек уулу Шумкарбек, “Джи Эл Макмал Девелопинг” ЖЧКсынын башкы директору Ян Вэйхун, Шанхай Эл аралык фармацевтикалык соода компаниясынын директорунун орун басары Ву Вэй айым жана дагы башка Кытай Эл Республикасынан келген ишкерлер катышышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын инвестициондук мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырган слайд-шоу кытай тилинде конокторго көрсөтүлдү. Андан соң, ар бир ишкер өзүнүн компаниясы тууралуу маалымат берип, Кыргызстан менен иштешүүгө кызыкдар экендигин билдиришти. Семинардын соңунда, кытай инвесторлору Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн сыйланышты. 

Олег Панкратов, КРнын Экономика министри: 

Кытай биздин экономиканын башкы инвестору” 

- Урматтуу, Кытай Эл Республикасынын бизнес өкүлдөрү сиздерди, КРнын Экономика министрлигинин атынан Кыргыз жергесине кош келиңиздер демекчимин. Алгач, Кыргызстан менен иштешүүгө болгон кызыгууңуздар үчүн ыраазычылыгымды билдирем. 

Мына, жакында эле биздин Президент Сооронбай Шарипович Жээнбеков Кытай Эл Республикасында мамлекеттик сапарда болуп келди. Ал жактан Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, эки мамлекеттин ар тараптуу кызматташтыгы талкууланды. Муну менен катар эле, мамлекет башчыларыбыз Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Биргелешкен Декларацияга кол коюшту. Бул дагы да болсо, эки өлкөнүн кызматташтык алакасынын стратегиялык деңгээлге көтөрүлгөндүгүнүн далили болуп бере алат. Ошондуктан, ушул этап кыргыз-кытай достук мамилеси үчүн абдан маанилүү. 

Мындан сырткары, бул кадам эки мамлекеттин жетекчилиги өлкөлөр арасындагы экономикалык алаканын өнүгүүсү үчүн максималдуу колдоо көрсөтөөрүн дагы билдирет. Бүгүнкү күнү Кытай Эл Республикасы биздин мамлекет үчүн биринчи орундагы соода-экономикалык өнөктөш болуп саналат. Эгерде, эки мамлекет ортосундагы өз ара соода көлөмү тууралуу кеп кыла турган болсок (эки өлкөнүн эсептөө методу боюнча маалымат штабында айырмачылыктар бар), биздин маалыматтар боюнча 1 миллиард 600 миллион болсо, кытай тараптыкы 5 жарым миллиард долларды түзөт. 

Ошондой эле, Кытай биздин экономиканын башкы инвесторубуз болуп эсептелет, инвестициялоо көлөмү боюнча биринчи орунда турат. Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” демилгесин алгачкылардан болуп колдогон мамлекет болуп саналат. Учурда дагы, ушул долбоор биздин жергебизде толугу менен ишке ашуусу үчүн болгон күч-аракетин жумшоодо. Ушул долбоордун алкагында, биз жакында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушу тууралуу макулдашуу иштери жыйынтыкталат деп үмүттөнөбүз. 

Бардыгыбыз билгендей Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык бирикмесинин курамында турат. Ал жакта бардыгына бирдей бажы системалары каралган. Бул Кыргызстанда өндүрүлгөн же болбосо расмий киргизилген товарлар эч кандай бажы салыктары жок эле, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына сатылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ дегенди түшүндүрөт. 

Мен Кытай Эл Республикасынан келген конокторго терең ыраазчылыгымды билдирмекчимин. Абдан жакшы, маңыздуу презентациялар болду. КРнын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги дагы сиздердин иштериңиздердин ийгиликтүү ишке ашуусу үчүн жардамчы болмокчу. Биз дагы сиздерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Өзгөчө, мен “Джи Эл Макмал Девелопинг” ЖЧКсынын башкы директору Ян мырзага рахматымды айтмакчымын. Ян мырза, бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жаткан маселелерди козгоду. Аларды чечүү үчүн өзүнүн сунуштарын дагы киргизди.

Жалпысынан алганда, бизде чет элдик инвесторлор үчүн абдан ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мисалы, Кыргызстанда өз компаниясын ачуу үчүн үч күн гана керектелет. Көптөгөн документтер дагы талап кылынбайт. Ал эми, өнөр-жай өндүрүш тармагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү каалаган компанияларга дагы бир топ жеңилдиктер каралган. Эгерде, аймактарда ишкана ачып, ушул багытта ишмердүүлүгүн жүргүзсө, салык төлөмдөрү жагынан дагы жакшы жеңилдиктер берилмекчи. 

Биз Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги, КЭРнын Соода өкүлчүлүгү менен дагы тыгыз иш алып барабыз. “Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагында, КРнын Экономика министрлиги катары дагы, кытай инвесторлоруна ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө аракеттерди кыла бермекчибиз. 

Бүгүнкү иш-чара дагы эки мамлекеттин экономикалык кызматташтык алакасын дагы да бекемдөөгө өбөлгө болуп берет деп үмүттөнөм. 

Кубанычбек Нурматов, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты: 

“Ар бир мамлекет экономикасын көтөрүү үчүн сырттан инвестицияларды тартуусу абзел” 

- КРнын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун Кытай жергесине болгон иш сапарында дагы “Бир алкак-бир жол” жана “Жибек жолундагы экономикалык алкак” долбоорлоруна басым жасалды. Бизди Кытай жергесинде абдан жогорку деңгээлде, жылуу тосуп алышты. Пекиндин бир канча заводдорунун ишмердүүлүгү менен жакындан тааныша алдык. Мындан сырткары, электромобил чыгарган заводдо дагы болуп кайттык. Ал жактын ишкерлери дагы биздин Президент тарабынан Кыргызстанга чакырылды. 

Учурдан пайдаланып, Шанхай Эл аралык фармацевтикалык соода компаниясына биздин өлкөдөгү медициналык тармактын өнүгүүсүнө кошкон салымы, мамлекетке медициналык жабдыктарды кайтарымсыз грант түрүндө тартуулаганы үчүн ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. 

Бүгүнкү күнү, ар бир мамлекет өз экономикасын көтөрүү үчүн сырттан инвестицияларды тартуусу абзел. Ошондуктан, биздин Президент, Экономика министрлиги, Жогорку Кеңеш бардыгыбыз инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө, ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Учурда, жеке гана тоо-кен чөйрөсүндө эмес, башка тармактарда дагы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген кытай ишкерлери Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө мыкты өбөлгө болууда. Жергиликтүү калк үчүн кошумча жумуш орундары дагы пайда болуп жатат. Булардын бардыгы, кыргыз-кытай алакасын бекемдөөдө зор салымдарын кошууда.

Ву Вэй, Шанхай Эл аралык фармацевтикалык соода компаниясынын директорунун орун басары: 

“Биз Кыргызстанга эң сапаттуу, зарыл болуп жаткан медициналык жабдыктарды алып келүүнү каалайбыз” 

- Мен алгач ушул бүгүнкү иш-чараны уюштуруп, колдоо көрсөткөн КРнын Экономика министрлигине ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Биз Кыргызстанга келгендигибиз үчүн абдан кубанычтабыз. Бишкек абдан кооз жана жагымдуу шаар экен. Эли дагы абдан меймандос. Биз, сиздердин бардыгыңыздарга көрсөткөн колдооңуздар үчүн рахматыбызды айтмакчыбыз. Бүгүн мени менен бирге Кытайдан башка дагы инвесторлор келип отурат, арабызда, мобилдик технологиялар, медицина, курулуш тармактары менен алектенген чоң-чоң компаниялардын өкүлдөрү бар. Алдыда, эки тарапты тыгыз кызматташтык алака күтүп турат деп үмүттөнөм. 

Медицина тармагы жеке гана сиздердин өлкөдө эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө маанилүү. Саламаттыкты сактоо тармагы бардык жерге абдан керек жана анын баалуулугунда шек жок. Ушул тармактагы инвестиция тууралуу сөз кыла турган болсок. Бул өзүн-өзү жүз пайызга актай турган аракет. Керек болсо, дары-дармектер менен бизнес кылуудан дагы жакшы жетишкендиктерге жетсе болот. 

Учурда, Кытай үчүн заманбап, жаңы, жогорку сапаттагы медицина жабдыктарын чыгаруу абдан маанилүү. Жакында эле, Кытайдын Циндао шаарында болуп өткөн ШКУнун кезектеги жыйынында көптөгөн мамлекеттердин өкүлдөрү катышышты. Саммитте ар түрдүү маселелер талкууланды. Бирок, негизги басым дал ушул саламаттыкты сактоо тармагына жасалды.

Кыргызстан менен Кытай коңшу мамлекеттерден, бизди Жибек жолу дагы байланыштырып турат. Ошондуктан, биз дагы Кыргызстанга эң мыкты, эң сапаттуу, зарыл болуп жаткан медициналык жабдыктарды алып келүүнү каалайт элек. Мен сөзүмдүн соңунда, бүгүнкү кызматташтык алакада ташталган алгачкы кадамыбыз дагы да өнүгүп-өөрчүп, келечекте ийгиликтүү жыйынтык берүүгө көмөкчү боло алат деп үмүттөнөм. Инвесторлорго мамлекет тарабынан болуп жаткан колдоо абдан маанилүү. Ошондуктан, бардыгыңыздарга дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

“Жибек жолунун экономикалык алкагы” семинары кытай ишкерлерин кызматташууга чакырды

Сүрөттө КРнын Экономика министри Олег Панкратов жана КРнын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин жетекчиси Адилбек уулу Шумкарбек.

Цуй Шихао, Фудань университетинин Өндүрүш инвестициондук фондунун өкүлү: 

“Ийгиликтүү кызматташтык алака куруу менен катар Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө өз салымыбызды кошобуз деп үмүттөнөм” 

- Мен Кыргызстанга келгендигим үчүн абдан кубанычтамын. Муну менен катар бүгүнкү иш-чарага катышуу мен үчүн дагы абдан маанилүү. ШКУнун Кытай жергесиндеги кезектеги жыйынында бир топ маселелер талкууланды. Биз дагы ушул жыйындын ишин улай Кыргызстан менен бирге кызматташтык мамилебизди кургубуз келет. Сиздердин өлкө Орто Азия аймагында жайгашып, акыркы жылдары мамлекеттин экономикасынын өсүп жаткандыгына күбө болуудабыз. 

Фудань университети Кытай Эл Республикасынын алдыңкы университеттеринин катарын толуктайт. Ал эми, университеттин алдындагы, биотехнологиялар институтубуз илимий изилдөөлөр менен алектенип, бул тармакта ийгиликтүү иш жүргүзүп келет. Мындан сырткары, биз эл аралык мамилелерди куруу, чет элдик кызматташууларды чыңдоо иштери менен дагы алектенебиз. Биздин Кыргызстанга келүүдөгү башкы максатыбыз дагы мына дал ушунда. Биз бул жактан ийгиликтүү кызматташтык алака куруу менен бирге Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө өз салымыбызды кошо алабыз деп үмүттөнөбүз. Ар тараптуу кызматташууга даярбыз. Биздин фонд Кыргызстанга инвестиция кылууга даяр. 

Биздин университет илимий университет катары дүйнөлүк деңгээлдеги бийиктиктерди багынта алды. Ушул жетишкендиктерибизди Кыргызстанда дагы жайылтууга аракет кылмакчыбыз. Алдыда, жергиликтүү башкаруу бийлиги менен катар Кыргызстандын билим берүү мекемелери менен дагы кызматташуу максатыбыз бар. 

Лю Фэй, “Smart Huayu Technology Development” компаниясынын башкы директору: 

““Бир алкак-бир жол” долбоору биз үчүн дагы жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы перспективалар”  

- Мен бүгүнкү эл аралык семинарда катышып жаткандыгым үчүн абдан кубанычтамын. Ушул берилип жаткан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын кызматташтык байланышын бекемдөөгө өз салымымды кошкум келет. 

Биздин компания 2011-жылы өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштаган. Ушул жети жыл аралыгында өтө тездик менен өнүгүп, мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтө алдык. Компаниянын башкы кеңсеси Пекин шаарында орун алган. Мындан сырткары дагы, Кытайдын башка шаарларында филиалдарыбыз бар. Биздин ишмердүүлүгүбүз негизинен электрондук техникалар жаатында, мобилдик түзүлүштөргө байланышкан. Учурда, чөнтөк телефондорду чыгаруу менен иштешип келебиз. Компания чыгарган продукцияларын экспортко чыгаруу тажрыйбасына дагы ээ.

Кыргызстан менен иштешип, сиздер аркылуу дагы башка мамлекеттерге жайылтуу планыбыз бар. “Бир алкак-бир жол” долбоору биз үчүн дагы жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы перспективалар. Ушундай семинарлардын жардамы менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрө алабыз деп эсептейм. 

Ян Вэйхун, “Джи Эл Макмал Девелопинг” ЖЧКсынын башкы директору: 

“Кыргызстан-Кытай ортосундагы кызматташуу артыкчылыктары абдан көп” 

- Алгач, бүгүнкү семинарды өткөрүп жаткан уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Ушундай иш-чаралар көп-көптөн өткөрүлүп турса, бардыгыбыз үчүн абдан пайдалуу болот деп ишенем. Учурдан пайдаланып, Кыргызстандын Кытай менен кызматташуудагы артыкчылыктарына токтоло кетсем. Биринчиден, бул өлкө Пекинге абдан жакын. Эгерде учак менен түз баруу мүмкүнчүлүгү каралса, 5 саатта эле жетүүгө болот. Экинчиден болсо, 1000 кмден ашык аймак Кытай менен чектешет. Үчүнчүдөн, Кыргызстан биздин жакынкы коңшубуз жана мыкты өнөктөшүбүз. 

Эки тарап тең бир-бирин толуктап, өз ара кызматташуусу үчүн бардык шарттар бар. Мисалы, Кытай Кыргызстанга жашоо-турмушка керектүү өндүрүш каражаттарын, технологияларды экспорттосо, Кыргызстан өз учурунда бизге зарыл болгон экологиялык жактан таза тамак-аш азыктары менен, Кытай рыногун камсыз кыла алат. Кыргызстан “Азиянын алтын алкагында” дагы маанилүү орунду ээлейт. Бул жакта дүйнөлүк класстагы ири алтын запастары кездешет. 

Биздин компания тууралуу айта кетсем, Тогуз-Торо районунун Казарман айылында “Макмалалтын” фабрикасынын аймагында жайгашкан. Анын курулушу 2017-жылы башталган. 2018-жылдын февраль айында өз ишмердүүлүгүбүздү баштоо планы бар болчу. Бирок, тилекке каршы 2018-жылдын 11-апрель күнү курулуп жаткан фабрикада өрттөө иштери катталды. Бул жагымсыз окуядан кийин Кыргызстандын жетекчилиги колдоо көрсөтүүдө, учурда иликтөө иштери дагы да жүргүзүлүүдө. 

Ишкерлер менен Кыргызстанда иш жүргүзүүдөгү өзүмдүн жеке тажрыйбам жана чыгарган жыйынтыктарым менен бөлүшө кетсем. Ишкер инвестициялоо иштерин баштоодон мурда, ушул тармакка тиешелүү бардык мамлекеттик мекемелер менен Кытай элчилиги аркылуу байланышуусу зарыл. Иштин ийгиликтүү болуусу үчүн күчтүү команда керек. Кыргызстандын мыйзамы жана укуктук-актылары милдеттүү түрдө сакталуусу абзел. Компаниянын ишмердүүлүгү айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбөөсү керек. Экологияны сактоо маселеси биринчи орунда. Жергиликтүү калктын салт-санаасын, менталитетин билүү, урматтоо, сыйлоо абзел. Жергиликтүү эл менен тыгыз байланышта болуп, алардын жашоо-шарты, социалдык абалы менен жакындан таанышып, кабардар болуу дагы абдан маанилүү. Компаниянын ишмердүүлүк саясаты ачык жана айкын болуусу үчүн атайын веб-сайт ачып, ал жакта толук маалыматты берүү керек. 

Кыргызстан Өкмөтү дагы мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсү үчүн инвестицияларды коргоо багытында эффективдүү мыйзамдарды күчүнө киргизүүсүн каалайт элек. Жакынкы күндөрү, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын тиешелүү органдарынын биргеликте иш алып баруусунун негизинде, биздин компания өз ишмердүүлүгүн тезирээк жандандыра алат үмүттөнөм. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)