WeChat      Избранное

Улуу жибек жолундагы элдердин байыртадан бери карым-катыштары бизге чейин деле болуп, тарыхта өз издерин калтырды

18/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Улуу жибек жолундагы элдердин байыртадан бери карым-катыштары бизге чейин деле болуп, тарыхта өз издерин калтырды

Олимзода Сухраб Ходжа, Кыргыз Республикасындагы Тажикстан Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси:

“Улуу жибек жолундагы элдердин байыртадан бери карым-катыштары бизге чейин деле болуп, тарыхта өз издерин калтырды”

2013- жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан “Бир алкак-бир жол” долбоору негизделген. Аталган долбоордун алкагында бир топ өлкө бар, алардын арасында  Кыргызстан жана Тажикстан Республикасы дагы өз милдетин активдүү аткарып жатат. Учурдан пайдаланып Кыргыз Республикасындагы Тажикстан Республикасынын Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Олимзода Сухраб Ходжа мырза менен “Бир алкак- бир жол” долбоору тууралуу маек курдук. 

- 2013 жылы КЭРнын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан негизделген "Бир алкак- Бир жол" долбоору ишке ашып, бир канча өлкө бул долбоорго кирбедикпи. Таджикистан дагы кирди. Тажикстандык саясат таануучулардын серепчилердин, журналистердин алдын ала айтуусу боюнча “Бир алкак-бир жол” долбоору Тажикстандын “Ишенимдүү жана туруктуу келечеги” деп айтып жатышат. Сиз Элчи катары оюңузду айтып кетсеңиз?

- Рахмат. Тажикстан Республикасы, КЭРнын төрагасы урматтуу Си Цзиньпин мырза тарабынан негизделген “Бир алкак-бир жол” долбоору меморандумуна чогуу иш алып баруу максаттында биринчилерден болуп кол койгон. Бул инициатива талашсыз жана кайталангыс деп айткым келет. Себеби, көп тармактын өнүүгүсүнө жол ачылды. Мисал келтирсем: экономикага байланыштуу жана өнүгүү үчүн транспорт, байланыш, энергетика, өнөр-жай, айыл-чарба ж.б. болуп бир топ тармактын өнүгүүсүнө жол ачылып жатат. Буюруса жолдор жана темир жолдор да ачылса, жүктү арзан ташуу үчүн мүмкүнчүлүк болот. Анда бүт региондор интеграцияланып эл аралык соода-сатыктар да жемишин берет деген ойдомун. Тажикстан тарап эл аралык жана региондук баардык коммуникация жана транспорт инфраструктуралык долбоорлорду колдойт жана активдүү катышып келет. 

 - Тажикстанда "Бир алкак-бир жол" долбоору алкагында кандай иш-чаралар, долбоорлор ишке ашып келе жатат?

- Азыркы учурда Тажикстанда эл аралык уюмдар жана бир катар өнөктөштөр менен региондук ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн иштеп жатабыз.

Белгилей кетсем, 2017-жылы Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон мырза Кытай Эл Республикасына болгон расмий иш сапары учурунда "Бир алкак- бир жол" демилгесин ар тараптан толук колдоо менен жана жигердүү катышуусун уланта берүүгө макул экенин белгилеген. Бизде “2030 –жылга карата Тажикстандын Улуттук өнүгүү стратегиясы” демилгесин көтөргөнбүз. Ошол жолугушууда “Бир алкак-бир жол” менен “2030-жылга карата Тажикстандын Улуттук өнүгүү стратегиясы” эки демилгени жупташтырып, эки тараптуу өнүгүү жана илгери иш алып баруу боюнча макулдашышты. Тажикстан аймагы баарыбыз билгендей байыркы Улуу Жибек Жолу маршруттар аймагында жайгашкан. Ошондуктан инфраструктура жана жол-транспорттук мыйзамдарды өркүндөтүү үчүн зор маани берет. Ушул аталган стратегиялык максаттардын бири бул өлкөнү транспорт жана байланыш боюнча изоляциядан чыгаруу болуп саналат. Бул максатка жетишүү үчүн Тажикстан өлкөнүн транспорт жана байланыш тармагында олуттуу өзгөрүү жасады. Жеке менин оюм боюнча, жолдорду куруу маселесин дагы бир ирет карап чыгышса. Анткени биздин региондорду, Жакынкы чыгыш өлкөлөрүнө жана андан ары Индия океанына чыга турган жолдорду куруу- булар биздин жалпы кызыкчылык.

- Ишке ашкан долбоорлор барбы? 

- Албетте бар. Кытайлык өнөктөштөрдүн каржы жана техникалык колдоосу менен Тажикстандын түндүк жана түштүк аймагында бир канча ири цемент заводдор курулду. Жыйынтыгында жалпы эксплуатациялык- өндүрүштүк кубаттуулугу негизинде цемент өндүрүү боюнча региондук лидер болуп калат. Дагы айтсам, Тажикстан ШКУга (Шанхай кызматташтык уюму) мүчө мамлекеттердин бири. Насыянын жардамы менен Тажикстан өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын өкмөтү ортосунда үч долбоорду каржылоо боюнча $603.5 млн жалпы келишимге кол коюшту. Булар төмөндөгүлөр: 

• жолду калыбына келтирүү боюнча "Душанбе - Айни - Бошкенгаш – Ходжент- Бустон- Чанак" (Өзбекстан чек арасы), узундугу 411 км (анын ичинде - туннелдин "Shahristan" курулуш);

• жогорку кубаттуу (v-500 KW) электр линиясын берүү "Түндүк-Түштүк" курулушу, узундугу 350км;

• жогорку кубаттуу (v-220 KW) электр линиясын берүү "Lolazor - Hatlon" курулушу;

Долбоорлордун жалпы наркы - $640 млн, анын ичинен $603.5 миллионун Кытай өкмөтүнү, калган $ 36,5 миллионун Тажикстан Өкмөтүнү каржылады. Бул долбоорлор 2006-2011-жылдары учурунда ишке ашырылган.

- Кыргызстан менен Таджикистанды салыштырганда, "Бир алкак-бир жол" долбоорунда айырмачылыктар же инфраструктуралык долбоорлордун окшоштуктары кандай?

- Ооба, бир топ окшоштуктарды байкасак болот. Булар жол курулуштары, транспорт жана энергетикалык инфраструктуралар. Мындан тышкары дагы Тоо-кен тармагында, өнөр-жай өндүрүштүк тармагында да долбоорлор бар.

Мисалы: тажик-кытай биргелешкен “Зарафшон” ишканасы Тажикстанда алтын казуу боюнча эң башкы ишканалардан болуп жалпы инвестиция суммасы 300 млн долларды түзгөн. Акциянын канча бир пайызы Кытайлык “Цзижин Майнинг Груп” компаниясына таандык. Белгилей кетчү нерсе ошондо, өндүрүлгөн алтындын 60зы “Зарафшон” ишканасына таандык болуп, алтын өндүрүүнү жылына 5 тоннага жеткириш керек болуп жатат. Жалпысынан алганда, Тажикстандын экономикасы жогоруда айтылган багытта 1 млрд. АКШ долларын түзөт.

- Биздин ММК лардан окуп же көрүп жатсаңыз керек, бизде кандай өзгөрүүлөрдү байкап жатасыз?

- Ооба. Кыргызстанда жакшы нукка карай өзгөрүүлөр болуп жатат. Коомдук, социалдык, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда аз да болсо өзгөрүүлөр бар. Кыргыз өкмөтү туруктуу өнүктүрүүнүн максатына жетүү үчүн бир катар программаларды ишке ашырып жатат. Алардын бири “Таза коом” программасы. Борбор шаарда акыркы жылдарда көчөттөрдү отургузуу, шаарды жашылдандырууга жана жакшыртууга көбүрөөк көңүл бурулуп жаткандыгы байкалат.

- Ушул жылдын январь айынын аягында Бишкек ЖЭБде авария болду, “TBEA” компаниясын күнөөлөп бир заматта Душанбеде курулган ЖЭБ менен биздин ЖЭБди салыштырып жиберишти. Сиздин бул жагдай боюнча оюңуз кандай?

- Душанбе шаарындагы “Душанбе-2” ЖЭБинин курулушу 2014- жылы сентябрь айында Тажикстан президенти Эмомали Рахмон мырза жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы тарабынан биринчи кирпичи (кыш) коюлган. Кытайлык “TBEA” компаниясы 2 жыл ичинде тагыраагы 2016-жылдын декабрь айында иш соңуна чыгып, толук эксплуатацияга берилген. “Душанбе-2” ЖЭБ курулуш долбоору Душанбе шаарын биринчи кезекте энергетика жана жылуулук энергиясы менен жабдуу жана камсыз кылуу болуп саналат.

Белгилей кетсем, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кытай Эл Республикасы менен “Эксимбанктан” жеңилдетилген негизде 331,5 млн. доллар насыя бөлүнүп берилди. Жылуулук электр энергиясынын кубаттуулугу 400 MWT жана 360 Гкал жетет. Күнүнө 7,5 млн KW/с -9 млн.KW/с  электроэнергия өндүрүүгө жетет. “Душанбе-2” ЖЭБин көмүр менен иштетишет, эгер зарылчылык болуп калса газга өтүү үчүн атайын жабдыктар орнотулган. Мындан тышкары фильтрзациялоо системасы дагы иштейт. Жаңы курулуп бүтүп ишке киришери менен, баардык өндүрүштүк процесстер Кытайлык жогорку деңгээлдеги квалификациялуу адистер тарабынан жана биздин жергиликтүү адистер тарабынан контроль алдында болуп чогуу иш алып барышты. Жаңы ЖЭБ толугу менен акыркы технолигиялык жабдыктар менен орнотулган. Азыркы учурда “Душанбе-2” ЖЭБи адаттагыдай штаттык режимде иштеп жатат. Ал эми Бишкектеги ЖЭБ боюнча мен ой-пикир айта албайт экенмин.

- Жакынкы жылдары "Бир алкак-бир жол" долбоору алкагында Кытай-Кыргызстан-Таджикистан-Афганистан-Иран темир жолу курулат деп жатышат. Сиз дипломат катары оюңузду айта кетсеңиз?

- Тажикстан өкмөтү өз ара пайдалуу болгон аймактык транспорт жана соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган иштиктүү демилгелерди колдоого алышты. Чындыгында, Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жолунун ишке ашыруу үчүн жетиштүү каражат жана күч керек. Бирок, учурда бул долбоордун эч кандай белгилери жок. Бул долбоорду ишке ашыруу биринчи кезекте Кытай менен Иран өз ара позицияларын макулдашышы керек. Менин билишим боюнча, чечилбей жаткан карама-каршылык көйгөйлөр ТЭО (технико-экономическое обоснование) маселеси, өлкө ичине линия тартуу маселелери бар. Мындан сырткары эң ири суммадагы каражат талап кылынат.

 Биз, башка өлкөлөр менен биздин өлкөнү байланыштырган транспорт коридорлорун түзүү жолу менен, анын ичинде өз ара пайдалуу аймактык кызматтыштыкты өркүндөтүү үчүн, экономиканын өсүп өнүгүүсүнө, элибиздин жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн болгон салымыбызды кошобуз. 

- Сөз соңунда эмне айтаар элеңиз?

-Улуу жибек жолундагы кытай, кыргыз, тажик элдери байыртадан эле коңшу эл болгонбуз. Тарыхыбызда карым-катыштар бизге чейин деле болуп өз издерин калтырып келген. Мына эми, азыр дагы уланууда. Баарыбызда ынтымак болсун. Тынчтык каалайм. Сиздердин редакциялык жамаатка ийгилик каалайм.

(Автор:Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)