WeChat      Избранное

Матраимов Абдурахман: ““Бир алкак-бир жол” долбоору илим-билим берүү тармагына да көңүл бурбай койгон жок”

15/05/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Матраимов Абдурахман: ““Бир алкак-бир жол” долбоору илим-билим берүү тармагына да көңүл бурбай койгон жок”

Акыркы жылдары борбор шаарыбыз Бишкекте кытай тилин окуутуу жана Кытайга окууга жөнөтүү борборлору жылдан жылга көбөйүп ачылып жатат. Баары бири-бири менен айырмаланып, билим берүү жаатында өз салымдарын кошуп, жаштарды илим-билимге үндөп элге кызмат кылууда. Аталган окуутуу борбордун аты “Silk Road” кыргызчага которгондо “Жибек жолу” деген маанини билдирет. Аты менен өзгөчөлөнүп жаңы окуутуу борборго баш багып, борбордун негиздөөчүсү Матраимов Абдурахман мырзы менен маек куруп келдик.

- Биринчиден өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?

- Рахмат. Өзүм жөнүндө айтсам, Ош облусунун Кара-суу районуна караштуу Отуз-Адыр деген айылдан болом. Балалыгым адырлардын арасында, дарбыз-коондун арасында өттү. Ата-энем дыйкан болгондугу үчүн биз жардам берип чоңойдук. Ал убакта жашоо, бала багуу кыйын болгон үчүнбү, айтор ата-энем балам сен окусаң президент болмок белең деп айтчы эле. Айылда мектепти бүткөн соң эл катары ата-энем мени борборго билим алууга жөнөттү. И.Арабаев атындагы университеттин чыгыш тануу факультетин кытай тили бөлүмүн тандап алдым. Биринчи жылы тил үйрөнүүдө абдан кыйналып, экзамен бааларым жакшы болгон жок. Жыл аягында кытайлык мугалимим: сенден жакшы адис чыкпайт, үйрөнө албай жатасың башка кесип танда деп айтты. Бирок кытай тили мага абдан жагар эле. Ошондон кийин Кытайга кетүүнү максат коюп издене баштадым. Ал убакта азыркыдай мүмкүнчүлүктөр жок эле. Контракт 3000 доллар болчу. Ата-энем, бир туугандарымдан акча алып Кытайга окууга сапар алдым. Баш аягы 10 жылдан бери Кытайда Ляньчжоу мамлекеттик университтен билим алып, окуу жайга спорт, маданият, конкурс, сынактарда өзүмдү жакшы жактан көрсөтө алдым. Эми мынтип элге кызмат кылайын деп турган учурум. 

Матраимов Абдурахман: ““Бир алкак-бир жол” долбоору илим-билим берүү тармагына да көңүл бурбай койгон жок”

 - Окуутуу борбор кандай максат менен ачылды?

- Окуу борбордун ачканыбыздын себеби окуучуларды, студенттерди, кытай тилин үйрөнөм деген каалоочуларды Кытайга барып бекер, гранттык негизде окуп келишине көмөк көрсөтүп, тил үйрөтүү максатта ачылдык. Гранттар толук грант жана жарым грант болуп экиге бөлүнөт. Толук гранттык негизде окуусу жана жатакана бекер болуп стипендия алып окушат. Жарым грант болсо стипендиясыз болуп эсептелинет. Келечекке максат коюп, окуйм деген улан-кыздарга колдон келишинче толук консультация берип, баардык жактан колубузду сунуп жардам берели деп жатабыз. Биздин эң алгачкы максатыбыз Кытайдан гранттык орундарды табуу болгон. Бир топ университеттер менен сүйлөшүү жүргүзүп “Silk Road”  борбору КМШда жалгыз өкүл болгондуктан азыркы убакта Кыргызстанда жарыя салып студенттерди чогултуп жаткан учурубуз.

- Бишкекте бир топ кытай тилин окутуу жана Кытайга окууга жөнөтүү борборлору бар. Силердин алардан айырмаңар эмнеде? Фишкаңар эмнеде? Эмне үчүн студент силерди тандап алыш керек?  

- “Silk Road” деп аты айтылып турат. Аталышынын себеби баарыбызга маалым болгондой Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан негизделген “Бир алкак-бир жол” долбоору Кытай өкмөт тарабынан абдан иштелип, илим-билим тармагына да жогорку деңгээлде көңүл бурулуп жатат. Өкмөт баардык чет мамлекеттик студенттерге гранттарды бөлүп берип, окуу жайларда жакшы шарттарды түзүп берип жатат. Ошол себептен окуулар ар кандай бюджетке ыңгайлуу. Мындайча айтканда окууга кетем деген студенттер менен алардын ата-энелери менен кеңешип үй-бүлөлүк бюджетке, шартка жараша карап, кайсы шаар, кайсы окуу жайга деп, кесип тандоодо дагы туура багыт бергенге аракет кылабыз. Себеб дегенде кийин окууну бүткөн соң жумуш табуу жактан кыйналбашы керек. Анткени биз аны байкап жатабыз. Мисалы: Кытайда электроника, жол, газ, нефт, агро, соода, банк, жана башка тармактарда алдынкы экенин билебиз. А биздин жаштар негедир юрист же экономист болгусу келет. Ошон үчүн дагы кесип тандоодо жаңылбаш керек. Дагы бир айырмачылыгыбыз биз менен иштешкен окуу жайлар башка окутуу борборлор менен иштешпейт.

Матраимов Абдурахман: ““Бир алкак-бир жол” долбоору илим-билим берүү тармагына да көңүл бурбай койгон жок”

- Дагы кандай иш- чаралар же долбоорлор менен иштеп жатасыздар?

- Пландарыбыз абдан эле көп. Мисалы айтсам, жайында Ысык-Көлгө барып жайкы кытай тилин үйрөнүү үчүн лагерь уюштуруп жатабыз. Дагы, Кыргызстанда кытай тилинен сабак берген баардык мугалимдерди Кытайга квалификациясын жогорулатуу үчүн окууларды пландап жатабыз. Мугалимдин барып келишин, жол кире, тамак-аш, виза, жатаканасын жб баардык чыгымдарын Кытай тарап камсыздайт. Бул долбоордун ишке ашышына аз калды. Мындан сырткары Кытайдан Кыргызстанга орус тилин үйрөнүү үчүн студенттерди алып келсекпи дейбиз. Ушул тапта жергиликтүү университеттердин бири менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кудай буюруп ишке ашып калса бул долбоор университет үчүн жакшы бюджет алып келет. Анткени орус тилин үйрөнөм деген кытайлык улан кыздар дагы арбын. Эң негизги пландарыбыздын бири бул-Кытайдан окууну бүтүп келген улан кыздарыбызга жумуш таап берүү мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатабыз. Себеби көпчүлүк жаштарыбыз окуусун бүткөндөн соң жумуш табуу жактан кыйналышууда. Биз аларга Кытайдан же болбосо Кыргызстандан жумуш таап берүү жолдорун  карап ушул маселеде иштеп жатабыз. Жаштарыбыз максатын туура коюп, талыкпай эмгек кылуусуна ишенебиз жана жардам беребиз. Эң негизгиси Кытайга келгенде болгону келген максатын унутпаса болду. “Биздин академияга келгениңиз- бул багытты туура тандаганыңыз” деп айтмакчымын.

- Сөз соңунда эмне деп айтар элеңиз?

- Эки өлкөнүн ортосунда дайыма ынтымак, достук гүлдөп өссүн. Гезитиңердин жамаатына чыгармачылык ийгилик каалайм.

(Автор:Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)