WeChat      Избранное

“Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын Адилет министрлигинин ортосундагы кызматташтыктар көп тармактуу келишимдердин негизинде ишке ашырылат

28/03/2018  Источник:оригинал   шрифта:

“Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын Адилет министрлигинин ортосундагы кызматташтыктар көп тармактуу келишимдердин негизинде ишке ашырылат

Азыркы тапта Кыргызстанда Кытай өлкөсү менен мамиле түзбөгөн бир да мекеме жок болсо керек. Ар бир тармакта Кытай Эл Республикасы менен алака түзүп, бирге иштешип келебиз. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Адилет министирлиги да бар. Бүгүн биз КРнын Адилет министри Ахмедов Уран Тулендиевич менен баарлашып, Кыргызстан менен Кытай Эл республикасынын Адилет министрилиги ортосундагы алака жана эл аралык кызматташуу тууралуу кеп козгодук.  

- Канча убакыттан бери Кытай кесиптештер менен кызматашуу башталган ?

- Эң башта айта кетчү нерсе бул – Кытай өлкөсү, эл аралык аренада Кыргызстандын эң артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Баарыбызга белгилүү болгондой Кыргыз-Кытай мамилелери эң сапаттуу жана жаңы этабы Кыргызстан эгемендик алган жылдан бери башталган. Ал эми Кытай, биздин көз карандысыздыгыбызды тааныган биринчи өлкөлөрдүн бири болуп, биз менен ар тараптуу дипломатиялык мамилелерди түзүп келе жатат. Азыркы учурда Кыргызстан менен Кытай жогорку деңгээлде өз ара ишенимдин ортосунда, ар кандай тармакта, жогорку денгээлдеги байланыштардын жогорку динамикасында. 

- Юстиция (Адилет) чөйрөсүндөгү Кыргыз-Кытай биргелешкен долбоорлор жөнүндө эмнени билүүгө болот?

- Кыргызстан Адилет министирлиги менен Кытай Эл Республикасынын Адилет министрлигинин ортосундагы кызматташтыктар эки тараптуу жана көп тармактуу болуп, келишимдердин негизинде ишке ашырылат. Мисал катары бир келишимди айта кетейин. 2002-жылы Пекинде юридикалык илиминин жана практикасынын жаатында өз-ара аракеттенүү сыяктуу, эки тараптуу симпозиумдарды, илимий семинарларды уюштуруу жана кызматашуу сыяктуу документтердин бирине кол коюлду. Дагы башка бир топ пландар, улуттук мыйзамдар жана укуктук структуралар тууралуу маалымат менен алмашып туруу да кирет. Ошондой эле, биз юридикалык кадрларды даярдоо, бири-бирине жардам берүүгө, жана улуттук адилет системасын маалыматташтыруу тармагындагы адистер менен тажрыйба алмашуу тажрыйбасын колдонууну да пландаштырганбыз. 

Дагы белгилей кетсем, 1996 жылы эки өлкөнүн Адилет министрлигинин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, “Жарандык жана кылмыш иштери” боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргызстан менен Кытай өлкөсүнүн жарандарынын өз ара сыйлоо алакасынын негизинде кол коюлган. 

Мындан тышкары, ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) алкагында Кытай өлкөсү менен мыйзам кабыл алуу, мыйзам жана сот ишин, адвокаттык,  соттук- экспертиза анын ичинде ар кандай тармактарда келишимдер бар. Ал эми азыр болсо, биз документтерди кабыл алган бардык тармактар боюнча Кытай тарап менен кызматташтыкты көбөйтүүнү пландап жатабыз.

- Адилет министирлиги кызматкерлерин Кытай өлкөсүнө тажрыйба алганга же кыска мөөнөтөгү окууга жөнөтүп турасыздарбы? Барып келген кызматкерлериңиз коңшу өлкөдөн эмнелерди үйрөнүп же билип  келишти? 

- Ооба, биз кызматкерлерибизди чет өлкөлөргө ар кандай тренингдерге, тажрыйба алмашууга же топтоого, квалификациясын жогорулатууга, окууларга, стажировкаларга  жөнөтүп турабыз. Анын ичинде Кытай өлкөсү да бар. Анткени бизге, Кыргызстанга башка өлкөнүн да тажрыйбасы керек болуп калат. Бир гана тажрыйба аркылуу, салыштыруу жолу менен ар кандай ченем жаратуу процесстерди окуп үйрөнүп өзүбүздүн базабызды жакшырта алабыз.

Мисалы, 2016-жылы Кытайдын Адилет министрлигинин чакыруусу менен биздин кызматкерлер атайын тааныштыруу максатында Кытайга барып келишти. Биздин делегация алардын соттук-экспертиза институтуна барып, бизге соттук-экспертиза жаатындагы өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти. 

Ошондой эле, биздин адистер Шанхай шаарында жайгашкан Улуттук Адвокаттар Ассоциясы кеңсесине барып жыйын учурунда эки өлкөнүн укуктук өзгөчөлүктөрүн талкуулашты. Мындан тышкары, Кытайлык кесиптештеринин Нотариустун бюросунун ишмердүүлүгү жөнүндө учкай кеп кылышты. Жалпысынан алганда, мен оюмча эки тарап үчүн тең пайдалуу жана жемиштүү болду деп ойлойм.

Дагы айтса, биздин министирликтин кызматкерлери ШКУга (Шанхай кызматташтык уюму)  мүчө- өлкөлөрдүн Улуу жибек жолунда укуктук кызмат чөйрөсүндө эл аралык форумдарга катышып мүчө болуп келишет. 

- Белгилүү болгондой, Кыргызстан ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бири. Адилет министирлиги ШКУ алкагында кандай иш-чараларды пландаштырып же кандай иштерди жүргүзүүнү көздөп жатат?

- Жакын арада, КРнын Адилет министрлиги ШКУга мүчө-мамлекеттердин Адилет министрликтеринин алтынчы жыйын жолугушуусу август айында өткөнү жатат. Учурда, биз бул пландаштырылган иш-чарага абдан жигердүү даярданып жатабыз.  Ошондой эле, азыркы тапта ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашуулар, иш-аракеттер негизинде 2018-2022 жылы келишимдин жоболорун ишке ашыруу үчүн ШКУга мүчө мамлекеттердин “Узак мөөнөттүү кошуналык, достук жана кызматташтык жөнүндө"долбоор иштеп жатабыз. Биз, бул пландаган максат боюнча сот органдары жарандык иштер боюнча, укуктук жардам берүү боюнча, анын ичинде кызматташтыгы жана өз ара аракеттерди иштеп чыгуу жана бекемдөө боюнча ШКУ мүчө өлкөлөрү мамилелерибизди дагы бекемдейбиз го деп ишенебиз.

- Чет өлкөлүк ишкерлерди, же болбосо компанияларды юридикалык жактан каттоо жөнүндө же күбөлүк берүү тартиби тууралуу айтып берсеңиз?

- Баардык жеке ишкерлер, чет өлкөлүк болобу же Кыргызстандын жараны болобу, баардыгы тегиз Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. Каттоо жол-жобосу баш-аягы 3 күндө бүтөт. Ошентип, юридикалык жактын жайгашкан жери боюнча аймактык сот бөлүмдөрүндө каттоого чет өлкөлүк жаран же биздин жаран экендигине карабастан, региондор боюнча юридикалык жактан иш-жүзөгө ашырылат.

-Чет өлкөлүк компаниялар үчүн күбөлүк алуу канчалык кыйын же жеңилдиги бар?

- Юридикалык жактан каттоо үчүн, биз кайсы бир мамлекеттин жараны же биздин жаран деп бир шартыбыз деле жок. Баардык жарандарга биздин шарттар жана талап бирдей каралган. Демек, чет өлкөлүк жарандар үчүн эч кандай кыйынчылык жок. Алсак, Кыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамында каралган документтерди жол-жоболоштуруунун тартиби жана тизмеси, бул Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстандын юридикалык жактарды каттоо жөнүндө "Doing Business 2017 рейтингинде" 2017 -жылы дүйнөдөгү 191 өлкөнүн ичинен 29-орунду ээледи тургандыгын белгилей кетүү керек.

- Ал эми, сыр болбосо канча Кытайлык жеке компаниялары учурда катталган? 

- Бүгүнкү күнгө чейин, Кытай Эл Республикасынын резидентеринин катышуусу менен катталган жана кайра каттоодон өткөн юридикалык жактар саны эки миңден ашат.

- Эки өлкөгө жана биздин редакциялык жамаатка калоо тилек айтып кетсеңиз?

- Эки өлкөгө бекем досчулук каалайм. “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин жамаатына ийгилик жана окурмандарынын көбөйүшүн каалайм.        

(Автор:Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)