WeChat      Избранное

Чогулган каражаттын баары кайрымдуулук иштерине жумшалаарын элчилер билдиришти

29/03/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Чогулган каражаттын баары кайрымдуулук иштерине жумшалаарын элчилер билдиришти

21-март Нооруз күнү Бишкек шаарынын мэриясы жана КРнын Тышкы иштер министрлигинин, Дипломатиялык сервис мекемеси менен биргеликте уюштурулган дипломатиялык кайрымдуулук жарманкеси болуп, майрам концерттик программа менен коштолду.

21-март "Нооруз" майрамынын урматына Бишкек шаарынын Ала-Тоо кинотеатрынын алдындагы аянтта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент), Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы, КРнын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык сервиси жана Бишкек мэриясы менен биргеликте уюштурулган жана алардын жана КРда аккредиттелинген Дипломатиялык корпусу жана Эл аралык уюмдардын катышуусу менен жана Бишкек мэриясы биргеликте уюштурулган кайрымдуулук жарманкеси болуп өттү. Жарманкеге Евросоюз өлкөлөрүнөн: Чехия, Италия, Польша, Норвегия, Франция, Германиянын стенддерин көрүүгө болду. Булардан сырткары да алыскы Бразилиянын стенддин да байкадык. Араб өлкөлөрүнөн болсо Иорданиянын стенддин да көрдүк. Калган дипломатиялык өкүлчүлүктөр Афганистан, Өзбекстан, Россия, Япония, Түркмөнстан, Индия, Азербайджан, Иран, Туркия, Пакистан жана Кытай стенддери да болду. Анан албетте Кыргызстан стендди да болду.

Жарманкеге КРнын Премьер-министри Сапар Исаков, КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, “Кыргызпатенттин” төрагасы Абдыллабек Манас уулу ж.б. катышкан ардактуу коноктор майрамдык иш-чарага келип, чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын ошондой эле башка чакырылган меймандар башчылары менен учурашып майрамдашып саламдашып кетишишти. 

Чогулган каражаттын баары кайрымдуулук иштерине жумшалаарын элчилер билдиришти

Дипломатиялык кайрымдуулук жарманкеси ар кандай эстелик белектерге, кол- өнөрчүлүктөр, дизайнерлик буюмдар, экопродуктулар менен  жана “Салттуу билимдер” деген  китеп көргөзмөсү менен коштолду. Өлкөбүздө жайгашкан ар бир элчилик өзүлөрүнө таандык улуттук  тамак-аштардын түрүн жасап келишиптир. Ар бир стендде жок эле дегенде үч-төрт тамактын түрүн көрүүгө болду. Сувенир белектерин, кол-өнөрчүлүктөрүн, таанытуу максатында китептерин  элге жана меймандарга белекке берип жатышты. Мисалга алсак: Италия спагетти жана шараптарын, Франция атагы алыска кеткен быштактарын, Өзбекстан плов, самсасын, Россия блинчик, май токочун, Индия сари кийимдерин, Иран Таджикистан сүмөлөгү менен, Туркия таттуулар жана кебабы менен, Казакстан менен Кыргызстан кийизден жасалган буюмдары менен, Кытай болсо чайы жана тамак-ашы менен даңазаланып, ар биринин стендди биринен бири өзгөчөлөнүп турду. Дагы кызыктуусу ар бир өлкө улуттук кийимдерин да кийишиптир.Стенддерде кызмат кылгандардын баары элчиликте иштеген кызматчылардын жубайлары же кыздары экен. Элчилердин баары ошол жерде бири-бири менен саламдашып, биринин тамагын бири ооз тийип, келген ММКларга да кыска-нуска интервью берип жүрүштү. 

Мындан башка дагы келген меймандарга тематикалык кийизден буюм жасоо, боз үй конструкциялоо, чийден куурчак жасоо мастер-класттар өткөрүлдү. Кыргыз улуттук оюндарынан “Тогуз коргоол” жана “Ордо” оюну боюнча мастер-класс уюштурулду. 

Бул майрамдык иш-чарага кыргыз эстрада жылдыздарынын, чет элдик дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын чыгармачыл топтору катышып, майрамдык концерт болду.

Жарманкеде түшкөн баардык каражаттар кайрымдуулук иштерине жумшалаарын баардык элчилер билдиришти.

Мындай дипломатиялык жарманке иш-чарасы Бишкекте биринчи жолу жылуу жана майрамдык маанайда болуп өттү.  

(Автор:​Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)