WeChat      Избранное

Кадырбек КАЛИЕВ: “ Кытай менен соода алака башталган жылы 10 миллион рубль пайда көргөнбүз”

23/03/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кадырбек КАЛИЕВ: “ Кытай менен соода алака башталган жылы 10 миллион рубль пайда көргөнбүз”

Негизги сүрөт. Кадырбек Калиев

Өспүрүм кезинен билимге суусаган, автоматика, электроникага кызыккан кыргыз инженери, тагдырдын буйругу менен бир нече жыл Кытай мамлекети менен соода-сатык жүргүзүп, өкмөткө миллиондогон доллар пайда алып келген Кадырбек Калиев аксакалдын өмүр таржымалы, ХХ кылымдын экинчи жарымынан тарта учкай арада  калыптанган кыргыз улуттук инженердик кадрлар катмарынын чыккан чыгаан өкүлдөрүнүн бири. Эмгекчилидиги, билими, чынчылдыгы, анын союз маалында эле чет өлкөдө иштөөсүнө, мекенине жакшы эле кызмат кылган азаматтардын бири. Эмесе, сөз кезеги менен болсун.

Билимге тоскоол кызылча 

Инженер-электрончу Кадырбек Калиев,  1948-жылы, Сары Өзөн Чүйдүн Чүй районунун аймагына караштуу айтылуу Ак-Бешим айылында туулган. Дээринен дилгир баланын өспүрүм чагы, адам баласынын тарыхта биринчи жолу ачык космоско чыгышы, илимий-техникалык революциянын жаңы этабынын дүркүрөп турган чагына туш келип, бала кыялы техника жаатына ооп турган.

-60-чы жылдары автоматика, телемеханика деген нерселер мода болуп турган кез эле. Радиоэлектроника тармагы өнүгүп турган чак, - деп эскерет Кадырбек агай.

Туулган айылында сегизинчи класска чейин гана окуп, калган окуусун борбор шаар Фрунзеден улантууну туура көргөн. Буга себеп кадимки эле кол байлаган айыл чарба иштери болгон.

-Сентябрда, окуу менен кошо кызылча термей башталат эле. Ноябрга чейин талаадан бошомой жок, 6-класстан баштап баарыбызды ошол жака айдайт эле. Ал эми январь- февраль ичи сакмандан чыкпайт элек. Жазында болсо кызылчаны суюлтуу мезгили болуп, окуучуларды дагы айдайт талаага, жайында болсо чөп чапмай- деп колхоздун ишинен бошобогон бала кезин эскерет.

-Билимге чоң көз арткан өспүрүм, эл катары балалыктын шарапаты менен эптеп окуп, калың катмардын катарында болгусу келбеди. Анын үстүнө, атасынын “биздин айылдан бир да бала жогорку окуу жайга тапшыра албай  жатат” деген сөзү бир чети намыстантса, бир чети бир чечимге келүүгө өбөлгө түздү. Атасы менен кеңешип, сегизинчи классты бүтүп, азыркы Бишкектеги №1 мектеп-интернатка жөнөп кетти. 

-Мен айылда, классымдагы эң алдынкы үч окуучунун бири элем, анан эле шаарга келип, беш алып жүргөн сабактардан үч алып калганда абдан жиним келди, тырышып отуруп, бир үчү жок аттестатт менен бүттүм, - деп эскерет Кадырбек агай тырышчаак боз улан кезин. 

Билимби же шаарбы? 

Каарманыбыздын айтуусу боюнча, 1966-жылы, орто мектепти бүткөн соң, чоң максат - дароо эле Москва же Ленинград (азыркы Санкт- Петербург авт.) шаарларындагы жогорку окуу жайлардын бирине тапшыруу эле. Ошол кезде билим үчүн баардык шарттар түзүлгөнүн ушундай байкаңыз, борбордук ЖОЖдор менен республикалык дэңгээлдеги ЖОЖдордун экзамен маалдыры ар башка убакытка коюлчу. Себеби жөнөкөй: Москва же Ленинградка өтпөй калсаң, өз республика же облусундагы окуу жайга өтүүгө убакыт бар эле.

-Ал кезде Москва, Ленинград деп эле аты чыгып жүргөндүктөн, мен Москванын энергетикалык институтунун радиофизика факультетине тапшырдым. Бирок өтпөй калдым. Ошондо, СССРдин билим берүү министрлигин бир өкүлү, “сага билим керекпи же шаарбы, деп сурап калды. Мен-“билим” деп жооп бердим. “Анда сен каалаган кесипке окутуучу факультет Воронежде деле бар экен, сенин алган жыйынтыгын ал жакка өткөнгө мүмкүнчүлүк берет” деп, ошону арты менен Воронеж политехникалык институтунун “Полупроводниковая электроника” факультетине өтүп кеттим, - дейт Кадырбек Калиев. 

-Жогорку окуу жайды бүтүрүп, өз мекенине кайтып келгенде, Фрунзе шаарында атактуу “ЭВМ” заводу жарымы бүтүп ишке берилип, калганынын курулушу уланып жаткан кези экен. Жаңы ишканага адистер керек болуп, биздин каарман заводго инженер-конструктор кызматына орношот. 

-“ЭВМ” заводунда 1971-жылдан баштап, 1982-жылга чейин иштедим. Инженер конструктор болуп баштап, жетектөөчү инженер кызмат ордуна чейин жеттим, - деп эскерет заводддогу өмүрүн.

-Өзү айтып бергендей, ишкананын чыгарган өнүмү “социалистик лагер” аталган Чехословакия, Болгария, Герман Демократиялык Республикасына чейин кетчү экен. Ал эми ошол соода-сатыкты жүргүзгөн мекемеде иштөө, кең келечекти ачуучу жолдордун бири эле. 

-Жабдыкты сатканда, биздин адистер барып, аны иштетип, айтып берип, көргөзүп келишчү. Бир жолу, ошолордун бирөө бул жакка келгенде айтып калды, Москвада атайын бир академия бар экен, аны бүткөндөр чет өлкө менен иштешет, ал жактарда ачылган техникалык тейлө борборлорунда иштейт экен деп. Бизде иштегендердин бирөө документ тапшырып, бирок экзаменден өтпөй калды. Ошондо, “кийинки жылы мен тапшырып көрөйүн” деп документтерди жөнөтүп, 5 сабактан экзамен тапшырып, Бүткүл союздук тышкы соода академиясына өтүп кеттим.

Бул окуу-жайдын өзгөчөлүгү, мектепти бүткөн балапан ооз улан- кыздарды эмес, кесипке ээ болгон, өз ишин мыкты билген адистерди гана алчу.

-Тышкы соода академиясында, эл аралык укукту, чет тилдерди окутчу, келишимдер, контракттарды кантип түзүүнү, акчаны кантип төлөөнү үйрөтчү, ал эми товардын мүнөздөмөсүн, негизи кесибине жараша өзүң билчүсүң, жылына бул окуу жайды жүзгө чукул студент бүтөр эле- деп, каарманыбыз кантип экинчи билим алганын эскерет.

“Маамыт” акенин кол алдында иштөө

Бүткүл союздук тышкы соода академиясын 1985-жылы ийгиликтүү аяктап, Москвада, Тышкы соода министрлигинде иштеп калат. Кадырбек агайдын эскерүүсү боюнча, ал жылдар кыргыздын жөө жомокторундагы “көрөрман Маамыт”, “жер тыңшаар Маамыттардын” кол алдында иштегендей эле болгон экен. Анткени, ар бир баскан кадамын, сүйлөгөн сөзүн, аткарган ишин, жогору жактын көзөмөл астында болор эле.   

-Ал кезде, Москвада тышкы соода алакасын жүргүзгөн 55 бирикме бар эле. Ар бири тармак-тармак болуп иш алып барар эле. Мисалы, бир бирикме жалаң станок сатат, сатып алат эле. Бирөөсү, пахта сатчу, үчүнчүсү дары-дармек менен гана алектенет эле, мисалы Кытай менен сооданы “Востокинторг” бирикмеси гана жүргүзчү, мен болсо электрондук эсептегич машинелерди сатуучу бирикмеде иштеп калдым- деп эскерет  СССР мамлекетинин тышкы соода-сатык өзгөчөлүгүн.

Уламышка айланган СССРдеги тартип менен көзөмөл, албетте тышкы соодада өзгөчө орунда болчу. 

-Тышкы соода академиясына жалаң гана дасыккан адистерди алганынын бир себеби ушул эле, сен саткан, чет элдиктерге сунуштаган товарды ийне-жибине чейин билип, анын техникалык мүнөздөмөсүн беш колундай айтып беришчү керек элең, ошо менен бирге сатып алып аткан буюмду да, эмнени алып атканынды жакшы түшүнүш керек эле,- дейт биздин каарман.

Советтер союзуна сапаттуу чет элдик буюмдардын киргенинин бир себеби, тийиштүү деңгээлдеги көзөмөл эле. 

-Белгилүү бир товарды сатып алуу боюнча контракты улук эксперт, улук инженерлер түзөт эле. Анан ал документти транспорт бөлүмү карап чыгып, сын-пикири жок болсо макулдашуу колун коюп берчү, андан кийин конъюктуралык бөлүм баасын карап берчү, ал бааны директордун орун басары бекитет эле, бухгалтерия карайт эле, анан дагы ал контракты Министрлик өзү дагы текшерип турат эле, кыскасы, бир контракты түзөөрдө “обходной лист” менен баардык тийиштүү бөлүмдөрдү кыдырып чыгат элең, - дейт адис.

-Чет элдик өнөктөштөр менен ошол кезде сүйлөшүүлөр кантип жүрчү?, - деп сурообузду узаттык.

-Ал процесс дагы сааттын механизиминдей так иштечү. Мисалы, өнөктөш менен телефон аркылуу сүйлөшөм десең, атайын бир телефон болор эле, ошону менен гана байланышчусуң, өзүңүз түшүнгөндөй, андагы болгон сөздүн баары жазылып турчу. Эгер өнөктөш ишкананын өкүлү мага чалам десе да, ошол гана телефондун номерин берет элек. Жолугушууга жалгыз барууга болбойт эле, кеминде эки киши болууга абзел болчу, ал эми көчөдө бара жатып, кокустан өнөктөштү жолуктуруп калсаң, баш ийкеп кана өтүп кетиш керек эле, токтоп, учурашып, сүйлөшүп, жүр бирден кофе ичели демей жок болчу, - деп эскерет кызыктуу күндөрүн Кадырбек агай. 

Андан сырткары, дагы бир кызык жери, өнөктөштөр менен атайын бөлмөдө сүйлөшүүлөр жүргөндөн кийин, Бирикмелердин кызматкерлери жарым сааттын ичинде Протокол бөлүмүнө эмне сөз болгонун, кандай жыйынтык чыкканын кагаз жүзүндө тапшыруу милдет эле. 

-Мисалы, Тышкы соода министрлигинен буюрутма түшөт, бир миллион даана телефондук аппарат сатып алуу керек деп. Биз издей баштайбыз, дүйнөдө телефондорду ким чыгарат, алардын көлөмү кандай, дүйнөлүк рыноктун канча пайызын ээлейт, бааларын салыштырасың. Териштирип отуруп, 2-3 компанияны тандайсын, алар менен байланышасың, жолугуп майда- чүйдөсүнө чейин такташасың, үстүндө турган чоңдорго отчет берип турасың, - деп ошол кездеги иш тартибин эстеп отурду.

-Акыры келип сунушту силер берчү экенсиздер, сиздерге сатуучу компаниялар келип, “биздин товарды колдоп берсеңиз, рахматын айтабыз” деген учурлар болду беле?

-Андай болгон эмес. Анткени алар биздин системаны абдан жакшы билчү. Өнөктөш келет, сүйлөшүү жүргүзүүчү бөлмөгө кирет, сүйлөшөт, эшиктен узатып коесуң. Баары көзөмөлдө, баардык сөз жазылат, анан дагы, андай ойго да келчү эмес, азыркыдай “шапкесин” алат деген уктасаң түшүңө кирбеген нерсе эле,- дейт Кадырбек Калиев.

Азыркы замандын өкүлүнө ошол шарттар мүмкүн аша чапкандык көрүнөөр, бирок Кадырбек агайдын айтуусунда, алдын ала терең ойлонулган тышкы соода саясаты, мыкты уюшкандык, катуу тартип, күчтүү көзөмөл, жана бирден бир маанилүү нерсе – мыкты даярдыктан өткөн кесипкөй адистер, Советтер Союзунун тышкы соодада, деги эле экономикалык мамилелеринде олку-солкудан алыс болоорунун кепилдиги болуп келгендир.

Кытайга жол ачкан “Перестройка”

Советтер Союзу тышкы соода мамилелерин монополияга алып, баардык тышкы соода алакалары Москва аркылуу гана жүрчү жана аны жападан жалгыз жогоруда айтылган Тышкы соода министрлиги гана жүргүзүүгө укутуу эле. Чоң мамлекеттин башына Михаил Горбачевдун келиши менен, “Перестройка” деген азыркы тил менен айткан долбоор, ондогон жылдыр калыптанган экономикалык базисти өзгөрүүгө багытталып, экономикада бир топ либералдашуу процесстерине жол ачылган. Жаңы жышаандын бир көрүнүшү болуп, 1988-жылы борбордук бийлик союздук республикаларга кошуна өлкөлөр менен өзүнөн өндүрүлгөн өнүмдөр менен өз алдынча соода жүргүзүүгө уруксат берген.   Кыргыз ССРи үчүн Кытай Эл Республикасы менен өз алдынча соода-сатык жүргүзүүгө эшик ачылган. 

-Кыргыз ССРи 1998-жылы апрель айында Тышкы соода бирикмеси ачылсын деген токтом чыгарган. Бизде бул жаатта адистер жок деп, мени Москвадан чакыртып алышкан. Жаңы бирикменин жетекчиси кылып бир топ жыл Соода палатасында иштеген Жеңишбек Мочоев деген кишин коюп, мени орун басарлыка дайындашкан - деп өзүнүн эмгек жолунун жаңы этабынын башталышын эскерип отурду.

-Чу дегенде эле эмнеден баштадыңыздар?

-Ошо кезде план менен келип атып, складдарга жер семиркичтер толуп кеткен экен. Селитра, аммофос деген түрлөрү. Кытай тарап менен байланышып, аларга бизден эмне керектигин сураштырсак, дал ушул жер семиркичтерге токтолушту. Бизде болсо кийим-кечек дефицит болуп, кездеме, балдардын кийимдердин, алдык ал тараптан.

-Бизде кийим кече тигилчү эмес беле?

-Тигилчү, жетишсиз эле. Мисалы помбаркыт деген кездеме бизде чыкчу эмес эле, аны алып келгенде абдан жакшы өтчү. Термостор келген. Кийин, президент Аскар Акаев дагы барып,  товардык кредит алган. Ошо кезде тамак-аш тартыш болуп, 7 миллион долларга тете күрүч алганбыз. Аны өкмөттүн токтому менен, ар областка калк санына жараша бөлүштүрүлгөн. Кийин ал кредитти бизден чыккан жүк ташуучу ГАЗ-53 автоунаалары, пахта менен жапканбыз.

-Ошо кезде жолдун ахыбалы кандай эле? 

-Бир топ жыл жол жабык турган экен. 1988-жылы Торугарт ачылган. Союз маалында биз тараптагы жол бир топ эле түзүк болчу, Кытай тарап анча эмес эле. Бирок, эки өлкө ортосунда соода жүрө баштаганда, бир жылга жетпеген убакытта, Кытай мамлекети өз жагына мелтиреген жол куруп койду.

-Сиздердин ишкана кандай чоң долбоорлорду ишке ашыра алды эле?

-90-чу жылдардын башында, Бишкекетин азыркы “Достук” мейманканасынын имаратынын дубалдары гана тургузулган болчу, башка бир да иши бүтө элек эле. Ошону биздин кытай өнөктөштөр суранышты, бүтүрүп берели деп. Макул болуп, келишим түздүк. Ал кезде баары дефицит болуп, кафель, обой, крандардан бери жок эле. Ошонун баарын өнөктөштөр алып келишип, өзүлөрүнүн курулушчуларын алып келишип, мейманкананы бүтүрүп беришти. Куруп берген ордуна, биз тарап жер семирткичтер менен төлөп бердик. Баары кынтыксыз бүттү. 

Кадырбек Калиев аксакалдын айтуусу боюнча, тажрыйба, атайын даярдык, өз ишинин мыкты адиси болуп калыптануу, жыйынтыгы болуп мамлекеттке да чоң пайда алып келген. Жаңы түзүлгөн бирикме, Кытай мамлекети менен соода алакасынын негизинде биринчи эле жылы 10 миллион рубль пайда көргөн. Салыштырма үчүн, 1988-жылы 60 совет тыйыны бир АКШ долларына барабар болчу. 

-Биз алып келгендей пайданы, эки-үч миң киши иштеген ири заводдор алып келчү. Биздин бирикмеде 30 га чамалуу адис иштейт эле. Акыйкат үчүн айтыш керек, ал кезде өтүмдүүлүк дагы жогору эле. Мисалы кай бир товарды 100 сомго алсак, аны бул жактан 400-500 сомго сатып, өкмөткө чоң пайда алып келет элек - деп эскерет инженер. 

Тышкы соода бирикмеси 1993-жылга чейин иштеп, кийин жеке менчикке өткөн. Калың эл жапырт соодага киришип, атаандаштык көбөйүп дегендей, ишкана 2000-чи жылга дейре иштеп жабылды. Кадырбек аксакал көнгөн адаты боюнча кийин деле соода иштери менен алектенип, пенсия курагына чейин иштеп келди. Бүгүнкү күндө балдары түзгөн ишканага келип, өзүнүн акыл насаатын айтып, кеп-кеңешин берип, тажрыйбасы менен бөлүшүп турат. 

Кадырбек Калиев, өзүнүн эмгек жолу менен, кесипкөй болуунун жолу узак экендигин, бирок андай адис болгон соң иштин майын катырып жасап, ак эмгек, адал иш менен өзүнө да, мамлекетине да пайда алып келерээрин тасктыктап тургансыйт. 

(Автор:​Сүйүнбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)