WeChat      Избранное

Сталбек Акматов: “Кытай Эл Республикасы зергерчилик боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат”

29/03/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Сталбек Акматов: “Кытай Эл Республикасы зергерчилик боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат”

Кытай жергесинде болуп өткөн иш-чарадан бир көрүнүш.

Акыркы жылдары, кыргыз зергерлеринин жараткан эмгектери эл арасында жогору бааланып, кыргыз оймо-чиймеси түшүрүлгөн жасалгалар чет элдиктерди дагы кызыктырып келет. Мына, ушул багытта биздин гезитке Кыргыз Республикасынын Зергерлер жана ишкерлер союзунун Президенти, “Кыргыз Зергер” ишканасынын негиздөөчүсү Сталбек Акматов өзү жетектеген бирикменин жүргүзгөн ишмердүүлүгү жана чет өлкөлөргө кыргыз зер буюмдарын экспорттоо боюнча ой-пикирин айтып берди. 

-Сталбек мырза, алгач, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, зергерчилик өнөрүнө кандай келип калдыңыз эле?

-Мени кичинекей кезимден бери эле баалуу таштар кызыктырчу. Эмнегедир, зер буюмдарын карап, алардын көркөмдүгүн баалоо, мен үчүн өзгөчө таасир калтыраар эле. Кийин, окууну аяктаган соң, алтын жана күмүштү сатып алуу менен алектенип жүрдүм. Он жыл бою ушул тармакта жүрүп, андан кийин, өз колум менен дагы кооздук буюмдарын жасоого каалоом пайда болду. 

Ошентип, зергерчилик өнөрүнө 2002-жылдан баштап окуп баштадым. Устаттарым аркылуу бул өнөрдүн көптөгөн сырларын үйрөндүм. Ошондон бери, ушул тармакта эмгектенип, өз ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп келем. Учурда, өзүбүз кооздук буюмдарын жасайбыз, сатабыз, буйрутмаларды алып дагы иштейбиз. Ошондой эле, алтын, күмүш сымал баалуу таштар менен да алектенип келебиз. 

Алгач, бул өнөрдү үйрөндүк, андан соң ишкер болдук, “Кыргыз зергер” ишканасын ачтык. Азыркы тапта, ушул ишкана менен дагы иштеп келебиз. 

-Кыргызстанда зергерчилик өнөрүн кандай үйрөнсө болот?

-Бул өнөрдү үйрөнүп чыгуунун эки жолу бар. Биринчиси, Кыргызстанда С. Чокморов атындагы №92 кесиптик-лицейинде зергерчилик бөлүмү жайгашкан. Ал жактан бул багыт боюнча, эки жылдык билим алууга болот. 

Ал эми, экинчи жолу болсо, үйрөнчүк катары, иштеп жүргөн зергерлерге шакирт болуп кирип, бул чеберчиликти практика жүзүндө үйрөнүп чыгууга мүмкүнчүлүктөр бар. Мындай үйрөнүү жолу, байыртан бери келе жаткан ыкма деп койсок да болот. 

Азыркы тапта, Кыргызстан боюнча эң аз дегенде 6000дин тегерегинде зергер бар. Бул, зергерчилик өндүрүштө буюмдарын жасап, иштеп, өз ишмердүүлүгүн жүргүзө ала турган деңгээлдеги адистерибиздин саны. 

-Эми, өзүңүз башында турган Кыргыз Республикасынын Зергерлер жана ишкерлер союзу тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-Биздин союздун уюшулганына быйыл төрт жыл болду. Тактап айта кетсем, 2014-жылы түзүлгөн. Ишкерлердин талабы боюнча бир-нече жолу жыйын өткөрүлүп, ал чогулуштарда ишкерлердин укугун коргоо, Кыргызстандагы зергерчиликти өнүктүрүү, мамлекеттик органдар менен түздөн-түз байланышып, бардык маселелерди талкуулоо боюнча сунуштар көтөрүлгөн. Мына, ушундай максаттарды көздөө менен ишкерлерге жана дагы мамлекетке пайдалуу болгон, бул тармактын өнүгүшүнө өз салымын кошо турган Зергерлердин жана ишкерлердин союзу курулган. 

Союздун башкы максаттарынын бири дагы, Кыргыз жергесиндеги зергерчилик менен алектенген жарандарыбыздын башын бириктирүү болуп эсептелет. Союз түзүлгөндөн бери, өз ишмердүүлүгүн өтө активдүү жүргүзүп келе жатат. Жеке гана Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөргө чыгуу багытында дагы жакшы иштер аткарылууда. 

Ар дайым жыйындар өткөрүлүп турат. Зергерлер жана ишкерлер бирлиги бул Кыргызстандагы республикалык статуска ээ уюм болуп эсептелет. Жергебиздин аймактарындагы зергерлер менен дагы тыгыз байланыштабыз. Кандай гана маселелер болбосун, өткөрүлгөн жыйындарда ортого коюлуп талкууга алынат. Жылына эң аз дегенде эки жолудан чогулуштар уюштурулуп турат.

Сталбек Акматов: “Кытай Эл Республикасы зергерчилик боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат”

“Иш-чарага катышууга чакырылган ар бир конок тууралуу маалымат кытай тилинде даярдалып, атайын маалымат такталарына жайгаштырылыптыр”. 

-Акыркы жылдары, кыргыз оймо-чиймелери менен жасалган кооздук буюмдары эл арасында жогору бааланып келет. Жеке гана Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөрдө дагы кадырлуу болуп жүргөндүгүн угуп жүрөбүз. Ушул багытта чет өлкөлүк рынокторго чыгууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

-Туура айтасыз, акыркы, 10-15 жылдын ичинде кыргыздын зер буюмдары эл арасында абдан жогору бааланып келет. Өзгөчө күмүштөн жасалган жасалгалар чет өлкөлөргө көп экспорттолуп жүрөт. Мындай мамлекеттердин арасында Кытай Эл Республикасы дагы бар.

Анткени, бардыгыбыз билгендей, Кытай жергесинде биздин боордоштор, этникалык кыргыз-казак туугандарыбыз көп. Аларга дагы биздин жасаган буюмдарыбыз абдан жагат. Кыргызстанга келгенде сөзсүз түрдө зер буюмдарын белекке алып кетишет. Кээде бизге чейин “кытайлык кыргыздарга” деп келишип, буйрутмаларды кылышат. 

Азыр болсо, эми кудайга шүгүр, Кыргызстан үчүн бүтүндөй ааламга жол ачык да. Бардык жакка экспорттосок болот. Сыртка чыгуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Маселе болсо, өлкөбүздүн ичинде бир аз маселелер бар, мыйзамдарды өзгөртүү, ишти өнүктүрүү багытында. Мына ушулардын үстүнөн биздин Өкмөт, Жогорку Кеңеш менен биргеликте иштешип жатабыз. Ушул жагын жолго салып алсак анан, кыргыздын зер буюмдарын чет өлкөлөрдүн рыногуна алып чыгуу мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңейет деп ишенем. 

Албетте, зер буюмдары менен чет өлкөлөргө чыгып, буйрутма менен иштеп, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан зергерлерибиз дагы жок эмес. Негизинен, зергерчилик бул, экспорттоого багытталган тармак болуп эсептелет. Азыркы күндө, экспортко чыгуунун эң биринчи кадамы болуп ушул багыттагы эл аралык көргөзмөлөргө катышуу саналат. 

Мисалы, дүйнө жүзү боюнча эң алдыңкы орунда турган көргөзмө Кытай Эл Республикасынын Сянган (Гонконг) жергесинде өткөрүлөт. Мына ушундай жарманкелерге катышуубуз керек. Ал жакта ишмердүүлүгүбуздү кеңейтүүгө, экспортко чыгууга эң мыкты шарттар түзүлөт. Өзүбүзгө өнөктөштөрдү тапсак болот, зер буюмдарыбызды сатууга дагы келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүктөр пайда болот. 

Андан кийин, Турция, Россия аймактарында дагы ушундай эл аралык көргөзмөлөр уюштурулуп келет. Ушул жол менен экспортко чыгып, башка рынокторду багынтууга болот. 

-Жакында эле Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында болуп келипсиз. Ушул сапарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

-Негизинен, коңшу элдин рыногуна чыгуу биз үчүн абдан пайдалуу. Кытайды карап көрсөк бир миллиарддан ашык киши бар. Ал жакта керектөө, суроо-талап абдан көп. Мындан сырткары, Кытай Эл Республикасы зергерчилик боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Алардан үйрөнүп, учурда, бирге иш алып баруу дагы заман талабы. 

Кытай жергесиндеги кыргыз-казак туугандарыбыздын жашаган аймактарында биздин зер буюмдарды сатууга мүмкүнчүлүк алсак, ушул багытта кызматташып, иш баштасак абдан жакшы болмок. Буюрса, бул кызматташуунун баары алдыда деп ойлойм. 

Декабрь айында Кытай жергесине биринчи жолу барып, 10-15 күн болуп кайттым. Ошондо, Гуанчжоу шаарындагы завод-фабрикаларга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм, чоң-чоң зер дүкөндөрүн кыдырып чыктым. Өзүбүздүн реквизиттерди, байланыш контакттарын таштадым. 

Мына, ушундай иш алып баруунун негизинде, алдыда, Гуанчжоудан чоң бир делегация келмей болду. Ошондо дагы, расмий жолугушуулар болуп, зергерчилик багытындагы эки тараптуу кызматташтык алаканын алгачкы кадамдары башталмакчы. 

Мындан тышкары, Толлинг системасы менен дагы иштешсек болот. Бардыгыбыз билгендей, Кытай Эл Республикасы технологиянын өнүгүшү боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлейт. Мисалы, биз ал жакка сырье алып барсак, алар жумуштун жарымын өздөрү жасап берет. Ушул багытта дагы иштешсек болот. 

Чындыгында, биздин коңшу мамлекет менен иштей турчу иштерибиз абдан көп. Аларда тажрыйба көп, үйрөнчү жактырабыз дагы бар. Эми, анын бардыгы бир күндө аткарылып калбайт, убакыттын өтүшү менен бир калыпка салынат деп ойлойм. Сөзсүз түрдө Кытай менен иштешип, өнөктөш болуубуз керек. Эки тараптуу кызматташууга бардыгыбыз кызыкдарбыз.

Бул барган сапарым дагы абдан ийгиликтүү болду. Кытай эли өзгөчө меймандос келишет экен. Эң жогорку деңгээлде тосуп алышты. 

Кыргызстанда дагы ишкердикти өнүктүрүүгө көп көңүл бурулуп жатат. Ушундай ар тараптуу колдоонун арты менен, элибиздин жашоосун жакшыртып, Кыргызстандын дагы экономикасын көтөрө алабыз деп ишенем. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)