WeChat      Избранное

Мирлан Джолдошев: ““Харбин Муз шаарчасы”-керемет жомоктор дүйнөсү”

31/01/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Мирлан Джолдошев: ““Харбин Муз шаарчасы”-керемет жомоктор дүйнөсү”

Мирлан Джолдошев.

Кытай жергесинде Кыргызстанды татыктуу таанытып, өзүнүн тырышчаактыгы, мыкты окуусу жана үлгүлүү жүрүш-турушу менен аты чыккан кыргызстандык жаштар тууралуу жазып келебиз. Бүгүнкү саныбыздын сыйлуу коногу дагы, ушундай жаштарыбыздын өкүлү, Кытайдын эң суук шаары болгон Харбинде жайгашкан Хэйлунцзян университетинин докторанты Мирлан Джолдошев. 

Мирлан кыштын кыраан чилдесинде дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди чогулткан “Харбин Муз шаарчасы” жана Хэйлунцзян провинциясында жашаган этникалык кыргыздар тууралуу маалымат берип, кызыктуу маек курду. 

-Алгач, өзүңүз тууралуу толук маалымат берип кетсеңиз?

-Мен 1987-жылы Ош облусунун  Өзгөн районунун Карадыйкан айылында туулгам. 2004- жылы мектепти аяктаган соң Ош мамлекеттик университетинин “Эл аралык мамилелер жана мамлекеттик кызмат” факультетинин “Аймак таануу” (кытай тили) адистигине тапшырып, аны 2009-жылы артыкчылык диплом менен аяктагам.

Эмгек жолумду, алгач, Ош Кыргыз-Кытай гуманитардык экономикалык институтунда мугалимдик кесиптен баштагам. 2009–жылы ЖОЖду аяктагандан соң, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы Конфуций институнун жардамы менен Синьцзянь педагогикалык университетине “Кытай тилин чет тили катары окутуу” адистиги боюнча магистратурага тапшырып, 2011-жылы ийгиликтүү бүтүргөм.

2011-жылдын сентябрь айынан тарта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин “Кытай тили” факультетинде ага окутуучу болуп эмгектенип келе жатам. 2013-2015-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик  башкаруу Академиясында “Эл аралык байланыш” факультетинде кытай тили боюнча ага окутуучу болуп иштегем.

Учурда, Кытай Эл Республикасынын Хэйлунцзян провинциясынын борбору Харбин шаарында, Хэйлунцзян Университетинин “Мамлекеттик башкаруу” Институтунда “Башкаруу философиясы” адистиги боюнча докторантурада билим алып жатам.

-Эмне себептен кытай тилин үйрөнүүнү чечтиңиз?

-Мен орто мектепти аяктаган учурда, юриспруденция, экономика, чет тилдеринен өзгөчө англис тили абитуриенттер арасында барктуу болуп, ушул адистиктерди тандагандар көп эле. Мен эмнегедир, бул кесиптерди эч эле тандагым келген эмес. Ойлонуп жатып, Аймак таануу адистигин тандап, кытай, корей, араб, фарси, жапон тилдеринин арасынан кытай тилин өздөштүрүүнү чечкем. 

Ошол кезде, экономикасы өнүккөн, коңшу өлкө катары, жогорудагы тилдердин арасынан кытай тилин тандасам эң туура болчудай сезилген. Андыктан, учурда, ички туюмумду уккандыгыма өкүнбөйм.

Мирлан Джолдошев: ““Харбин Муз шаарчасы”-керемет жомоктор дүйнөсү”

“Кечинде өзгөчө көрккө бөлөнгөн Муз шаарчасы".

“Эмне үчүн эң суук шаарды тандадың деп көп сурашат, кээде тамашалап, “жаш кезимди тоңдуруп, сактап калуу үчүн”-деп жооп берем”

-Кытайга кайсы программанын  негизинде окууга барып калдыңыз, эмне себептен Кытайдын эң суук деп эсептелген Харбин шаарында билим алууну чечтиңиз?

-Учурдан пайдаланып Кыргыз Улуттук Университетине жана анын алдындагы Конфуций институтунун эмгек жамаатына терең ыраазычылыгымды билдирем. Себеби Конфуций институту абдан таза жана калыстык жол менен ар жылы миңдеген студенттерге, түрдүү программалардын алкагында Кытай жергесине гранттык негизде акысыз, стипендия алуу менен билим алууга шарт түзүп жатышат.

Ал эми, өзүм боюнча айта турган болсом, 2015-жылы дал ушул Конфуций институтунун жардамы менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министирлигинин каржылоосунун алдында “Пекин Кытай тили жана маданияты” Институту жана Хэйлунцзян Университети биргеликте уюштурган “Орто Азия жана орус тилдүү мамлекеттер үчүн синхрондук которуу” боюнча алты айлык окутуу курсунда квалификациямды жогорулатууга катышкам. 

Ошол учурда, эки ай Пекин шаарында Кытай тили жана Кытай маданияты боюнча сабактар өтүлүп, ал эми, калган убакыт дал ушул Харбин шаарынын Хэйлунцзян университетинде котормо жана котормо таануу, котормонун түрлөрү жана синхрондук которуу практикалык сабактары өтүлгөн.

Төрт ай аз убакыт болгону менен окуу курстарынан көп нерселерди өздөштүрүп, үйрөндүк. Университеттин эмгек жамааты, окууга түзүлгөн шарттары жана мугалимдеринин профессионалдуулугуна өзгөчө баа бердим. Окуу учурунда, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ар кандай иш-чараларга катышып, көптөгөн жаңы таанышуулар болду. Университеттин билим берүү деңгээли жана кээ бир адистиктер боюнча өзгөчө жетишкендиктерин, өлкө ичинде алдыңкы орунда тураарын билдим.

Өзүмө жаккан кесип боюнча сабактарына катышып, угуп көрүүнү сурандым. Тилекке жараша, университеттин башкармалыгы суранычымды четке каккан жок, тескерисинче абдан жылуу кабыл алып чоң кызыгууну жаратты. 

Мындан сырткары, Хэйлунцзян провинциясынында кытай тили (путунхуа) эң таза, шаардын тургундары да өзгөчө кең пейил, меймандос, дегеле Харбин бир аз суук эле болбосо абдан жакшы шаар экенин байкадым. Дал ушул, себептерден улам Кытай өкмөтүнүн стипендиясы программасынын сайтына катталып жатып, Харбин шаарын, Хэйлунцзян Университетин тандадым. Учурда Кытай өкмөтүнүн стипендиясы программасынын алкагында билим алып жатам.

Ал эми, Харбин сиз айткандай Кытайдын эң суук шаары деп эсептелет. Мен да мурда алган маалыматым боюнча суук жер деп билчүмүн. Бирок, чындыгында, жеке оюм боюнча Харбин шаары анчалык деңгээлде суук эмес. 

Эмне үчүн эң суук шаарды тандадың деп көп сурашат, кээде тамашалап,  “жаш кезимди тоңдуруп, сактап калуу үчүн”-деп жооп берем.

Мирлан Джолдошев: ““Харбин Муз шаарчасы”-керемет жомоктор дүйнөсү”

“Сүйлөп жиберчүдөй болгон муз айкелдер”.

-Азыркы тапта билим алып жаткан университетиңиз тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-Университеттин тарыхы тээ өткөн кылымдын 30-40 – жылдарына барып такалат. Ал эми, 1956-жылдын июнь айынан тарта “Харбин чет тилдер институту” деп аталып, 1958-жылдын август айында Хэйлунцзян Университети аталышын алган.

Учурда Хэйлунцзян университетинде 32 институт түрдүү адистиктерди даярдайт. Орус тили адистиги жаатынан, бүткүл Кытай боюнча биринчи орунда турат. Ал эми, Марксистик философия, башкаруу философиясы, кытай философиясы, чет элдер философиясы, батыш философиясы, укуктук теория, административдик башкаруу, саясий экономика, экономикалык укук таануу, кытай тили, жапон тили жана маданияты, салыштырма адабият таануу, органикалык химия, жогорку молекулярдык химия жана физика,  компьютердик технологиялар адистиктери боюнча, өлкөнүн алдыңкы саптарын ээлеп турат.

-Харбин шаары менен кыргыз окурмандарын тааныштырып кетпейсизби?

-Харбин шаары Хэйлунцзян провинциясынын борбору, Кытайдын түндүк чыгыш тарабында жайгашкан. Ал эми аба-ырайы тууралуу айтсам, кыргыздын “Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы”-деген макалы эске түшөт. Жалпак тил менен айтканда Харбиндин кышы чыныгы кыш, жазы жана күзү салкын, жайы ысык. 

Эң белгилүү туристтик жайлары Сунгари дарыясынын (Амур дарыясынын агымы) боюнда жайгашкан борбордук көчө. Бул көчөнү Харбиндеги Арбат деп койсо да болот. Себеби, Харбинде мурда орус улутундагылар көп болгон эмеспи, ошондуктан, көпчүлүк орус тилдүүлөр атаган боюнча, Арбат деп да айтылып калат. Аты эле айтып тургандай, ал жердин соода түйүндөрүнөн жана дүкөндөрүнөн Россиядан келген экспорт товарларын, тамак аштан тарта кийим кечеге чейин тапса болот. 

Кышында бүт дүйнөгө белгилүү “Муз шаарчасы” ачылат. Дагы бир өзгөчө парк Түндүк-чыгыш жолборсторунун корук паркы. Андан сырткары, балдар паркы, зоопарк, ар түрдүү ажайып жайлары, опера балет театры, драмтеатры, Хэйлунцзян провинциясынын музейи София собору жана Ажыдаар Мунарасы сырттан келген туристтердин көңүл чордонунда. 

Харбин шаарындагы 731-отрядтын курмандыктарынын эстелик музейи өзгөчө сөзгө татыктуу. Бул музей тарыхый жер. 1939-жылы атайын бактериологиялык куралдарды даярдоо жана өнүктүрүү максатында фашисттик Япония жашыруун 731-отрядын уюштуруп, согуштун туткундары, совет аскерлери жана жергиликтүү калкка, тирүү адамдарга ар кыл лабораториялык эксперименттерди жасашкан. 1945-жылы Советтик армиянын жардамы менен куткарылып, 1978-жылы 731-отрядтын штабынын ордуна музей негизделген.

Башка шаарлардан айырмасы,  жогоруда айткандай тили (путунхуа) таза , эли абдан  кең пейил, меймандос. Ошол жагынан бизге кыргыздарга окшоп кетет. Аябай конок күткөндү жакшы көрүшөт. Тамак-ашы жагынан алсак, чет өлкөлүктөр үчүн, эң негизгиси ачуу тамактар аз. 

Сунгари дарыясы (Амур дарыясынын агымы) жылдын төрт мезгилинде тең шаарга өзгөчө көрк берип турат. Кышы өзгөчө жомоктогудай  кооз, ага муз шаарчасы кошумча сулуулук берип турат. Ошол себептен, кыш мезгилинде туристтердин саны өсөт. Коммуникациянын бардык түрлөрү бар жана колдонууга ыңгайлуу.

Мирлан Джолдошев: ““Харбин Муз шаарчасы”-керемет жомоктор дүйнөсү”

 Харбин шаарынан бир көрүнүш.

“Хэйлунцзян кыргыздарынын жүрөгү “кыргыз” жана “Манас” деп согот” 

-Меймандос жагынан кыргыздарга окшош деп калдыңыз, Хэйлунцзянда да этникалык кыргыздар бар эмеспи алар менен жолугушканга мүмкүнчүлүктөр болдубу, алар боюнча, бир аз маалымат бере кетсеңиз?

-Хэйлунцзян кыргыздары, негизинен Хейлунцзян провинциясынын Фуюй уездинде отурукташыптыр. Харбинде бизден мурда келип окуган кыргыз балдар сураштырып, издеп табышкан экен. Ошол балдардын жардамы менен мен да Харбин шаарында Хейлунцзян кыргыздарынын диаспорасынын мурдагы төрагасы Ву Джанжу ата жана азыркы төрагасы менен жолугуп, баарлашып жакындан тааныштым. Ву Джанжу ата өз учурунда, чоң кызматтарда иштеп учурда ардактуу эс алууда экен. Хейлунцзян кыргыздары боюнча бир нече илимий эмгектердин жана көркөм адабияттардын автору катары белгилүү. Хейлунцзян кыргыздарынын өсүп-өнүгүүсүнө салымы чоң болгондуктан, Ву атанын эл арасында кадыр-баркы өзгөчө. 

Эми, жалпы Хейлунцзян кыргыздары боюнча айта турган болсом, ошол эле кытайдагы Синьцзянь кыргыздарынан айырмасы абдан чоң. Дини башка, теңирчиликке көбүрөөк окшоп кетет . Саны боюнча абдан эле аз, 1500гө жакын. Эң өкүнүчтүүсү кыргыз тилин унутуп калышкан. Бирок, өздөрү айткандай, жүрөктөрү “Кыргыз”, “Манас” деп согот. Жада калса, Фуюй уездинде Манас атабыздын урматына “Манас” паркы жайгашкан. Парктын ичинде болсо “Манас” эпосунун каармандарынын эстеликтери жана Манас атабыздын бир нече айкели орун алган.

Мирлан Джолдошев: ““Харбин Муз шаарчасы”-керемет жомоктор дүйнөсү”

“Муз тебүүнү жакшы көргөндөр үчүн табылгас жай".

-Эми сөздүн кезегин дүйнө жүзүнө белгилүү “Харбин муз шаарчасына ” бурсак. Ушул кооздук дүйнөсү тууралу айтып берсеңиз?

-Харбин шаары дүйнөдөгү кар жана муздун борбору болгон шаарлардын катарына кирет эмеспи. Бул фестиваль, муз шаарча 1963-жылдан тарта жыл сайын өткөрүлүп, жасалып турат. Бирок “маданий ыңкылап  жылдарында өтпөй калган учурлар болгон”-дешет жергиликтүү жашоочулар. 

Өзүмдүн жеке таасирлеримден бөлүшсөм, биринчи, барганда алдын ала бизди аябай суук, “жылуу кийингиле, атайын жылыткыч чаптагычтарды алгыла, термоско ысык сууну унутбагыла, үшүп кетсеңер дароо атайын жылыткыч күркөлөргө кирип жылынгыла”-десе, кадимки эле кинодогу Антарктиданы элестеткем. Кытайда чет өлкөлүктөргө өзгөчө көңүл бурат эмеспи, көрсө уюштуруучуларыбыз, бизди “сыркоолоп калышбасын” деп, атайын бир аз ашыра чаап айтышыптыр. 

Муз шаарчанын ичиндеги скульптура жана архитектуралар жыл сайын ар башка болгондуктан, ар жылы баргууну адатка айланткам. Биринчи барганда, жогоруда айткандай, абдан суук десе аябай калың кийинип барганым эсимде. Чынын айтсам өтө калың кийинип алгандыктан, кыймылдоо абдан таатал болгон. Ошол жылы жакшы кыймылдай албагандыктан, көп муз аянтчаларынан муз тебе албай калгам. 

Бирок шаарча абдан кооз, кадимки жомоктогудай көрүнүштү берет. Ал эми, түндүк-батыштарына чегерилген чаналар, жомок каармандары кошумча кооздук жаратат. Кышында, атайын, дал ушул шаарчаны көрүү үчүн келген чет өлкөлүк, ички туристтерди көп көрүүгө болот. Шаарча ар кандай чырактардын жардамы менен кошумча кооздолгондуктан, элдерге кечинде барууну сунушташат. Харбинде эрте таң атып, эрте күн баткандыктан, кышкысын түштөн кийин саат 16:30 чамасында эле караңгы түшөт. Ошондуктан, эрте эле, жер бетин караңгы басып, жеке гана Муз шаарчасы өзгөчө көрккө бөлөнбөстөн, кечинде шаар ичи дагы көркөм болуп чыга келет.

Ал эми, шаарчанын даяр болушу аба ырайына байланыштуу. Декабрь айында башталып, бир ай чамасында курулуп бүтөт. 5-январдан тарта туристтерге эшигин ачат. Бирок, шаарча эрте бутсө эртерээк барып көрүүгө болот. Муз шаарчасы, муздар ээрий баштаганча, конокторду кабыл ала берет. Божомолдоп айтканда март айынын башына чейин туристтердин изи суубайт.

Мирлан Джолдошев: ““Харбин Муз шаарчасы”-керемет жомоктор дүйнөсү”

“Бакыт каалаган Муз шаарчасы".

-Кытай тилин үйрөнүүдө же болбосо Кытай жергесинде болгон кызыктуу окуяларыңыз болсо айтып бербейсизби?

-Чет тилдерин үйрөнүүдө кызыктуу окуялар болбой койбойт. Кытай тилин үйрөнүүдө дагы, Кытай жергесинде да көп эле кызыктуу окуялар болгон. Кытай тили өзгөчө тил эмеспи, тондору (басым, интонация) бар. Жаңыдан кытайлар менен сүйлөшө баштаганда тондорду туура эмес колдонгондуктан бир топ эле кызык окуяларга дуушар болгонбуз. 

Ал эми, Кытай жергесине 2009-жылы биринчи келгенимде, дайым жаныма көлөмү тыкан сырты көк сөздүк алып жүрчүмүн. Ал сөздүк ошол учурда кытай тилин  окугандардын дээрлик баарында бар болчу. Ал учурда чөнтөк телефондордо, азыркыдай элекрондук сөздүк сыяктуу түрдүү тиркеме, колдонмолор жок болчу. 

Бир күнү, чоң соода борбордо жүрүп сөздүгүмдү кайсы дүкөндө таштап кеткенимди билбейм. Абдан дүрбөлөң түшүп паспортумду унутуп кеткендей эле тынчсызданып, дүкөндөрдү аралап издеп тапканым эсимде. Себеби, ал сөздүк ошол учурда, Кыргызстандын китеп дүкөндөрүндө дээрлик сатылчу эмес, тартыш болчу. Тайпалаштар менен атайын буйрутма кылып сатып алганбыз. Ошондо, дүкөн ээси мени абдан таң калып караган. 

Эң кызыгы бир аз убакыт өткөндөн кийин, китеп дүкөндөрүнүн бирине кирип, кытай тили боюнча окуу куралдарын  карап жатып бир текче толтура ошондой сөздүк таап алгам. Ошондо гана дүкөн ээсининин таң калыштуу көз карашын түшүнүп, күлгөнүм эсимде.

-Кытай тилин үйрөнүүнү каалаган же үйрөнүп баштаган жаштарга тилди жакшылап өздөштүрүүсү үчүн кандай кеңеш берет элеңиз?

-Негизи эле кандай жумуш баштасаң да, кишинин өзүнүн каалоосу эң маанилүү. Ал эми үйрөнүп баштагандарга кеңешим, жалпы эле чет тилдерин үйрөнүүдө тил  менен ошол элдин  маданиятын өздөштүрүү зарыл. Бөтөн тилди, маданиятты толук кандуу үйрөнүү үчүн, алгач, өз эне тилиңдин жана мамлекетиңдин маданиятын мыкты билүүң абзел деп ойлойм. 

Азыркы учурда кытай тилин үйрөнүүгө бардык шарттар жана кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ошол мүмкүнчүлүктөрдү өз учурунда туура колдонгула деген кеңешимди берээр элем. Жаркын келечекти түзүү өзүбүздүн колубузда

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)


Рекомендация