WeChat      Избранное

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ: “Кыргыз-кытай кызматташтык байлынышын чыңдап, өнүктүрүү биздин улуттун кызыкчылыгына дал келет”

31/01/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ:  “Кыргыз-кытай кызматташтык байлынышын чыңдап, өнүктүрүү биздин улуттун кызыкчылыгына дал келет”

1992-жылдын 5-январында Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы алака жаңы күч, жаңы дем менен өнүгө баштаган. Анткени, дал ушул күнү эки мамлекет ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлүп, кызматташуу алакасы жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Андан бери туура 26 жыл болду.  Бул жылдар аралыгы кыргыз-кытай байланышы бардык тармактарда чыңдалып, өөрчүп келди. Дагы да болсо, эки коңшу мамлекеттин мамилеси өнүгүү жолунда. 

Ушул эгемендүүлүк жылдарындагы кыргыз-кытай карым-катнашы, кызматташтыгы тууралуу бүгүн биздин гезитке КРнын экс-Тышкы иштер министри, саясатчы, саясий илимдин доктору, профессор Аликбек Жекшенкулов маек куруп, өз ойлору менен бөлүштү. 

-Алгач, Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы Кытай Эл Республикасы менен болгон алакасына сереп салып берсеңиз?

-Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын Көз карандысыздыгын тааныган алгачкы мамлекеттердин бири болуп эсептелет. Эгемендүүлүк жылдарында коңшу мамлекет менен болгон алакабыз дагы өөрчүп-өнүгүп келүүдө. 

Эгерде, жалпысынан айта турган болсок, эки мамлекет ортосунда саясий дагы, экономикалык дагы, деги эле башка тармактарда дагы кандайдыр бир пикир келишпестикти жараткан маселелер, мүчүлүштүктөр жокко эсе. Учурда, биздин эки тараптуу кызматташтык алакабыз жогорку деңгээлде өнүгүп келе жатат. Бүгүнкү күнү, Кытай Эл Республикасы Кыргызстанды ар тараптуу колдоодо. Ал Кыргызстандын башкы инвесторлордун бири катарында дагы белгилүү. 

Ал эми, коопсуздук маселесине кайрылсак, биз башынан эле коңшу мамлекетти колдоп, анын үч жамандыкка: экстремизм, терроризм жана сепаратизмге каршы жүргүзгөн саясаты боюнча кызматташып келебиз. Биздин эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында, эң башкы маселелердин бири бул-коңшу мамлекеттер менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо болгон. Ошондуктан, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери менен чек арадагы коопсуздукту сактоо чараларынын, бир-бирине ишеним артуунун жыйынтыгында Шанхай кызматташтык уюму биргелешип негизделген. Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстан дагы ШКУнун түзүүчүлөрүнүн бири болуп эсептелет. 

Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосунда 1000 кмден ашык жалпы чек арабыз бар. Бул дагы болсо, эки мамлекеттин ортосундагы ар тараптуу кызматташуу бекем болуусуна себепкер. Эгерде Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу жана Бириккен Улуттар уюму, аймактык уюмдар, ошол эле Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык уюмдар аркылуу түзүлгөн ар тараптуу дипломатиялык алакасына сереп сала турган болсок, эч күмөн санабастан бул мамилеге жогорку деңгээлдеги бааны берүүгө болот. Дагы бир жолу кайталап кетсем, эки мамлекет ортосунда кызматташтык алакага зыянын тийгизе ала турган чоң көйгөйлөр жок.

Эки жыл мурун Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине болгон террористтин кол салуу, бардыгыбызга, дагы бир жолу коопсуздук маселесине терең көңүл буруп, бул багытта кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылчылыгын эске салды. Ошол окуянын кесепетинен, учурда, Кытайга биздин жарандардын виза алуу маселеси бар.

Акыркы жылдары, Кытай Эл Республикасы менен болгон алаканы бардык тармактардан көрсөк болот, инфраструктура, транспорт, энергетика, саламаттыкты сактоо ж.б. Ал эми, билим берүү тармагында болсо, жылдан-жылга Кыргызстандын жаштарына Кытай жергесинде окууга берилген квоталардын саны өсүүдө. Бул дагы коңшу мамлекеттен берилген чоң жардам болуп эсептелет. Себеби, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык алаканы өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн, биз алгач бир-бирибизди ичибизден билип, таанып, үйрөнүшүбүз керек. Мен билгенден Кыргызстандын Жогорку окуу жайларында дагы кыргыз тилин үйрөнгөн кытай жаштары бар.

Башкача айтканда, 26 жыл аралыгы Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосундагы байланыш бекем болуп, достук коңшу мамилесинен баштап, стратегиялык өнөктөштүк алакасына чейин өнүгүп, кызматташтык чыңдалды. Эгерде, бул карым-катнаштын келечегине мүнөздөмө бере турган болсом, мен эки элдин, эки мамлекеттин алдыдагы алакасынын ийгиликтүү болуусуна ишенем. Дагы да болсо, кыргыз-кытай достугу динамикалуу түрдө өнүгүп-өөрчүй бермекчи. 

-Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы маданий байланыш тууралуу айтып берсеңиз?

-Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы маданий байланыш мурунтан эле болуп келген. Бүгүнкү күнү болсо, бул алака өөрчүп, өзүнүн алгачкы жемиштерин берип жатат. Буга кытай адабиятынын кыргыз тилине которулуп, окурмандарга сунушталып жатышы, кыргыздын руханий дүйнөсүнүн туу чокусу болгон “Манас” эпосунун, залкар манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча, кытай тилине которулуп, опера аркылуу кытай көрөрмандарына тартууланышы толук далил болуп бере алат деп эсептейм. 

Эки элдин бир-бирин жакындан таанып-билүүдө маданият алакасынын орду абдан маанилүү. Бул эки тараптуу кызматташтык мамиленин бекем болуусуна дагы зор салымын кошот. Эгерде, биз бир-бирибиздин тилибизди, маданиятыбызды, салт-санаабызды жакындан таанып үйрөнсөк, бул саясий, экономикалык жана коопсуздук багытындагы байланыштын бекем болуусуна кепилдик берген бирден-бир фактор болуп калат.

Бардыгыбыз билгендей, Кытай Эл Республикасында 56 улуттун өкүлү жашайт. Алардын арасында, биздин боордоштор кытайлык кыргыздар Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунда жашап келишет. Кытай бийлигинин аймактарды өнүктүрүүдөгү иш-чаралары, мамлекеттин территориясындагы азчылык улуттардын улуттук баалуулуктарына терең көңүл бөлүп, аларга болгон сый-урмат мамилеси өзгөчө сөзгө татыктуу. 

Мен 20 жыл мурун көргөн кытайлык кыргыздардын жашоосу менен алардын бүгүнкү күндөгү жашоо-шарты асман менен жердей айырмаланат. Чындыгында, ошол кездерде алардын турмушунда көйгөйлүү маселелер бар болчу. Ал эми, азыркы тапта болсо, жашоо-турмушу таанылгыс болуп жакшы жагына өзгөрдү. Ал жакта, кыргыздын маданиятына өзгөчө көңүл бөлүнүп, экономикасы жогорку деңгээлде өнүгүп келет. Кыргыз тектүү кытай жаштарына дагы мыкты шарттар түзүлүп, билим берүү тармагында күчтүү чыккан жаштарды көрүүгө болот. Деги эле бардык тармактарда ийгиликтүү өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан боордоштурубуз үчүн кубанып келем.

-Акыркы жылдары, “Кытай Кыргыз Республикасынын бирден-бир ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөшү” деп тынымсыз кайталап келебиз. Ушул “стратегиялык өнөктөштүк” терминине токтолуп кетсеңиз?

-“Стратегиялык өнөктөштүк” деп, бул-мамлекеттин, улуттун кызыкчылыктары башка өлкөнүн кызыкчылыктарына айкалышып, дал келген учурларды айтсак болот. Бул жерде геосаясаттын мааниси абдан зор. Ошол геосаясатка биздин өлкөнүн көз карашы, стратегиясы, Кытайдын мамилеси кандай деген суроо аныктайт. Бүгүнкү күндө, Кыргызстан үчүн эң негизги максаттар коопсуздукту бекемдөө, эгемендүүлүгүбүздү сактоо, улутубузду, маданиятыбыз, салт-санаабызды коргоо, мамлекетибизди өнүктүрүү, экономикабызды өстүрүү, коңшуларыбыз менен жалпы дүйнө жүзүндөгү коомчулук менен тынчтык ичинде жашоо болуп эсептелет. Кытай Эл Республикасынын тышкы жана ички саясатында дагы ушул маселелерге өзгөчө маани берилип, аныкталгандыгын көрүп жүрөбүз. 

Бул стратегиялык багыт Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин негизги багыты болуп эсептелет. Мына, ушундай бир багытты көздөгөндүгүбүз үчүн биз чогуу иштешүүгө, кызматташууга даярбыз дегенди түшүндүрөт. 

-2013-жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” долбоорунда Кыргызстандын ээлеген орду кандай деп ойлойсуз? Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр пайда болду?

-“Бир алкак-бир жол”долбоору абдан маанилүү, керектүү эл аралык долбоор болуп эсептелет. Менин пикиримде, бул жеке гана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саясий, экономикалык абалына таасирин тийгизбестен, бүтүндөй дүйнөгө таасир бере ала турган долбоор. Буга салына турган инвестициянын дагы көлөмү абдан чоң, ошондуктан биз дагы улуттун кызык чылыгын көздөгөн долбоорлорго басым жасап, чогуу иш алып барууга аракет кылуубуз абзел. 

“Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагында эки мамлекеттин, элдин алакасын бекемдөөгө, чыңдоого өз салымын кошо турган мыкты иш-чараларды аткарууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ар бир долбоорду, инвестициондук иштерди башынан туура көзөмөлдөп, ийне-жибине чейин изилдеп, технологиялардын, техникалык жабдыктардын жаңы болуусуна көңүл бурулса, кээ бир учурларда, кездешип жаткан жагымсыз кырдаалдарга туш келбейт элек. 

Ошондуктан, ар бир долбоор элге ачык-айкын жарыяланып, кылдаттык менен, майда-баратына чейин изилденип, жоопкерчилик менен аткарылышы керек. “Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагында уюштурулган иш-чараларга терең маани берүү менен бирге, ал аркылуу пайда болгон мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонуу заман талабы. Дагы бир жолу айтып коеюн элдин, улуттун кызыкчылыгы биринчи орунда болуусу керек. 

Кыргызстанга Кытай тараптан келип жаткан инвестицияларга Кытай, алгач, мамлекеттин жетекчилери менен саясий чечим кылат. Андан кийинки кадам, аймактын же болбосо кандайдыр бир мамлекеттик структуралардын жетекчилеринин жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө көп нерсе көз каранды. Анткени, берилген тапшырманы аткарган адамдардын тажрыйбасына, дараметине, чынчылдыгына, ак ниеттүүлүгүнө жана жоопкерчилигине жараша долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашуусу же ашпоосу белгилүү болот. Мындай кырдаалдар, жөн гана инвестициондук долбоорго таасирин тийгизбестен, кыргыз-кытай алакасына дагы белгилүү бир деңгээлде өз таасирин тийгизет. Ошондуктан, кыргыз-кытай долбоорлору, ошол эле, “Бир алкак-бир жолдун” алкагында аткарылган иш-чаралар абдан кылдаттык менен изилденип, жоопкерчилик менен аткарылчу жумуштар. Эки тарап тең бул багытта аракет кылып, чогуу иш алып баруусу зарыл. 

-Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол куруу долбоору тууралуу оюңузду билдирип кетсеңиз?

-Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол куруу долбоору, көптөн бери талкуу жаратып келген долбоор болуп саналат. Аны колдоо же болбосо баш тартуу маселелери дагы ортобузда болуп келген. Ал эми, бүгүнкү күнү, ушул долбоорду өнүктүрүп, ишке ашыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул жерде:-““Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” биздин улуттун кызыкчылыгына туура келеби?”-деген башкы суроого жооп болуусу зарыл. Учурга чейин, эл арасында, анын улуттук кызыкчылыгы, экономика жана коопсуздук маселелери тууралуу талкуу болуп келет. 

“Биздин чек арачылар, бажы кызматтары, жолчулар ушуга даярбы, темир жол кайсы маршрут менен кетет, түндүккө же түштүккө салынабы?”-деген сыяктуу орчундуу маселелер бар. Мындан сырткары, бул долбоорду ишке ашырууда, биздин инженерлердин, адистердин билим деңгээли, тажрыйбасы жетишсиз болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, бул ар тараптуу ойлонулуп, жоопкерчилик менен аткарылчу иш. Дагы бер нерсени айтып коеюн, бул өтө маанилүү жана чоң экономикалык проект боюнча ЕвразЭС өнөктөштөр менен дагы кенешиш керек

Бул маселе, эки-үч адам тарабынан чечилбестен, коомго, эл арасына талкууга салуу зарыл. Керек болсо, референдум өткөрүү керек. Анткени, бул өтө жооптуу элибиздин келечегине чоң таасир бере турган долбор. 

-Кытай туристтери учурда дүйнө жүзүндөгү эң бай туристтер катары белгилүү. Кыргызстанга коңшу мамлекеттин туристтерин тартуу үчүн кандай сунуштарды киргизет элеңиз?

-20 жыл мурун, дүйнөдө Япониянын туристтерин өзүнө тартуу үчүн дүйнөлүк белгилүү фирмалар ич ара күрөшүп, атаандаштык жаратышчу. Бүгүнкү күнү, биринчи орунга Кытайдын туристтери чыкты. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан кытай туристтерин кездештирүүгө болот.

Ал эми, биз коңшу болсок да, эмне себептен бизге кытай туристтеринин агымы аз? Анткени, Кыргызстанда туристтик индустрия, инфраструктура, туристтик саясат анчалык деңгээлде өнүккөн эмес. Мисалы, мен он жыл мурун эле тышкы туризмди өнүктүрүү үчүн, алгач, ички туризмди өөрчүтүү керек деген оюмду билдиргем. Кыргызстандын ичинде туруп эле, жети дубанды толук көрбөгөн мекендештерибиз четтен чыгат. Туризм саясатын өнүктүрүүнүн биринчи кадамы өз ичибизден башталуусу керек. 

Ал эми, сырттан келчү туристтерди биз жаратылышыбыздын кооздугу, абанын, суунун тазалыгы менен өзүбүзгө тарта алабыз. Өзүм жүздөн ашуун мамлекетте болдум, көп жерди көрдүм, кыдырдым дегендей, чындыгында, биздикиндей көркөм табият, таза аба, тунук суу менен чанда гана мамлекеттер мактана алат. 

Ошондуктан, ушул багытта иш алып барып, велосипед, ат, жөө жүрүш, тоо туризм тармактарын өнүктүрсөк, кытай туристтери, сөзсүз түрдө бизге кызыгып келет деп ишенем. Кыргызстандагы жети дубандын ар бири ажайып жерлерге, тарыхый жайларга, өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөргө бай. Ушуларды сырттан жана ичтен келген туристтерге толук кандуу таанытып, жайылтуу заман талабы. 

-Азыркы тапта, дүйнө жүзүндө өнүгүүнүн эки модели өз ара атаандашып келет – батыш жана чыгыш. Сиздин оюңуз боюнча, өнүгүүнүн кайсы жолу Кыргызстан үчүн ыңгайлуу?

-Менин жеке пикиримде, кыргыздын өзүнчө кыргыз жолу болуусу керек. Учурдагы, Президентибиз Сооронбай Шарипович айткандай “Кыргыз көчү” жолу деп айтабызбы, же дагы ушул сыяктуу аталыш беребизби, өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбызды, кызыкчылыгыбызды биринчи орунга койгон, кыргыздын кыялына, каада-салтына, тарыхына жараша өнүгүү жолун иштеп чыгуу керек. Ошол эле учурда, батыштын иновациялык технологиясына, чыгыштын тажрыйбасына таянып көп жетишкендиктерди багынтууга болот. Азырынча, мындай өнүгүү жолуна түшө элекпиз. 

-Сөз соңу...

-Биз эгемендүү мамлекет болгондон кийин, бардык өлкөлөр менен кызматташтык алакабызды бекемдеп, достук мамиледе болуубуз зарыл. Албетте, биринчи орунда улуттун кызыкчылыгы, коопсуздугу турат. Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай кызматташтык байлынышын чыңдап, өнүктүрүү биздин улуттун кызыкчылыгына дал келет. Ошол эле учурда, Кытай Эл Республикасынын жүргүзгөн саясатына дагы айкалышып, эки тараптуу алаканын өнүгүүсүнө өбөлгө болууда. 

Дүйнөдөгү бирден-бир таасирдүү саясатычылардын бир бул-Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин. Коңшу мамлекеттин дүйнөдө канчалык кадыр-баркы чоңоюп, өнүгүп, таасири күчтүү болсо, Кыргызстан үчүн дагы ошончо, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылмакчы. 

Кытай жергесине болгон сапарларыңыз, алган таасирлериңиз тууралуу айтып берсеңиз? 

Мен Кытай Эл Республикасына көп эле жолу барып-келип жүрөм. Кытай мени, ар бир барган сапарым сайын өзүнүн жетишкендиги, өнүгүүсү, өзгөрүүсү менен таң калтырып келет. Дүйнөдө болуп жаткан жаңы нерселерди өтө тездик менен өздөштүрүп, жашоо-турмушунда колдоно билүүсү дагы элинин эмгекчилдигинен кабар берет. 

Бардык тараптан ыкчам өөрчүп, дүйнөлүк аренада өзүнүн татыктуу алдынкы орундарды ээлеп келүүдө. Жетекчилик тарабынан айтылган сөздөр, чечимдер милдеттүү түрдө сөзсүз аткарылат. Кытай элинин тартиптүүлүгү менен ишмердүүлүгүнөн сырткары, дүйнөлүк илимий техникалык алдынкы иновациялык технология өнүгүүсүнө умтулган, сапатына дагы өзгөчө баа берет элем. 

Кытай тилин үйрөнүү заман талабыбы?

Менин балдарым дагы Кытай жергесинен билим алышкан. Уулум, Сямен университетин бүтүрүп, кийин Кытайдын Дипломатиялык Академиясынын, андан кийин Конфуций институтун аяктап, азыркы тапта, Бишкекте жеке ишкер. Кичүү кызым болсо, Пекиндин Педагогикалык университетинде билим алып, кытай тилин тереңдеп үйрөнүүдө. 

Ар бир ата-эне баласынын жаркын келечеги үчүн кам көрөт. Мен болсо жеке гана балдарымдын алдындагы перспективаларын ойлонбостон, жалпы мамлекеттин келечеги үчүн дагы ойлоном. Эгерде, бизде Кытай, анын маданияты, тарыхы, тили, элинин жашоо-турмушу тууралуу билип, окуган адистерибиз көп болсо, анда коңшу мамлекет менен кызматташтык алакабызды саясий, экономикалык жана маданий тармактардан өнүктүрүү дагы жеңил болмокчу. Ошондуктан, бул жөн гана тил үйрөнүү, чет жерде билим алуу эмес. Бул келечекте Кыргызстан-Кытай алакасын чыңдоого өз салымын кошо турган татыктуу адистерди даярдоо дегенди түшүндүрөт. 

Учурда, кытай тилин үйрөнгөн жаштарыбыздын саны күн санап өсүүдө. Бул дагы да болсо, күчтүү атаандаштыкты жаратып, татыктуу билим алуунун арты менен мыкты адистерди даярдап чыкмакчы. Анткени, Кытай Эл Республикасы биз үчүн абдан маанилүү. Бүгүнкү күнү, Кытай дүйнө жүзүндө экономикасынын өнүгүүсү боюнча экинчи орунда болсо, армиясынын күчтүүлүгү жагынан үчүнчү орунду ээлеп келет. Дагы да бул багыттарда тынымсыз өөрчүп-өнүгүүнүн үстүндө. Ал эми, мындай жогорулоо Кыргыз мамлекет үчүн, эл үчүн дагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачмакчы. “Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” деп, кыргыздар бекер айтышкан эмес. 

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)


Рекомендация