WeChat      Избранное

Улан МОЛДОДОСОВ, спортчу: “Кытайда спортко мамлекет тараптан чоң көңүл бурулуп, баардык шарттарды түзүп беришет экен”

27/01/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Улан МОЛДОДОСОВ, спортчу: “Кытайда спортко мамлекет тараптан чоң көңүл бурулуп, баардык шарттарды түзүп беришет экен”

Улан Молдодосов

Сүрөттөр жеке архивден алынды

Кыргыз республикасынын Оор атлетика боюнча Федерациясынын вице-президенти, Эмгек сиңирген спорт чебери, 6 жолку Азия чемпионатынын медалисти, 3 жолку Азия кубогунун медалисти, 1 жолку Дүйнө Универсиаданын катышуучусу, Биринчи исламдык оюндарынын жеңүүчүсү, 2 жолку Олимпиада оюндарынын катышуучусу, Спорттун Оор атлетика түрү боюнча эл аралык калысы Улан Молдодосов бизге спорттун күңгөй-тескейи тууралуу маек куруп берди.

 - Улан мырза, оор атлетикага кантип кызыгып калдыңыз? Ким түрткү болгон? 

- Оор атлетикага 13 жашымда келгем. Баарына эле белгилүү болгондой бизди кыргыз эли Молдодосов-Майназаровдор династиясы деп аташат. Атам Өмүржан Молдодосов баарыбызга белгилүү спорт устаты жана бизди ушул оор атлетикага кызыктырып, сүйдүрткөн киши. Биздин туугандардан атам баш болуп, мен, иним, акем, жээндерим, жалпы 7 киши оор атлетик штангачыбыз. Оор атлетика бул спорттун эң оор түрү. Спорттун бул түрүн атам өзү да сүйүп, бизди да сүйдүрдү. Баш аягы, өзүмдү 19 жыл оор атлетикага арнап, ушул аралыкта жакшы жеңиштерге жеттим. Өлкөмө кызмат кылдым, дагы деле кызматтабыз. Спорт тармагына эмгегим сиңди. Азыр эми шакиртерибизди тарбиялап келе жатабыз. 

Улан МОЛДОДОСОВ, спортчу: “Кытайда спортко мамлекет тараптан чоң көңүл бурулуп, баардык шарттарды түзүп беришет экен”

Бразилиядагы Олимпиадалык оюндарда атасы менен

- Турнирлерде көп мамлекеттерде болдуңуз, кайсы өлкө эсиңизде калды ?

- Мен барбаган өлкө калбады. Бүт дүйнө жүзүн кыдырдым. Эки, үч жолудан барган учурлар болду. Биз мелдештерге бара жатканда, биринчи эле жеңишти ойлойсуң. Бирок, ошол жеңишке жетиш үчүн моралдык жактан ыңгайлуулук издеп каласың. Эч нерсе сага тоскоол болбош керек. Ошондой эле бара жаткан өлкөнүн шарттарын ойлосуң. Мейманканасы кандай, тамак-ашы кандай, машыктыруучу жайы кандай, мейманкана экөө жакын, ынгайлуу болсо экен деп. Бири-бири менен салыштырып отуруп, мен үчүн мага жаккан, барган сайын кайра баргым келген, эң унутулгус өлкө бул Кытай Эл Республикасы болду. Жалпы, баш-аягы 9 жолу барып, 9 жолу мелдешке катышып келдим. Эң алгач 1995- жылы 19 жашымда Гуанчжоу шаарына баргам. Ошондо шаар жаңы эле өнүгүп, курулуш иштери жүрүп жаткан эле. Кийин барсам, таптакыр башкача болуп калыптыр. Башка шаарлары деле укмуш эле. Азыр деле байма-бай жаңылыктардан окуп турам, баарыбызга маалым болгондой, баардык жактан өтө тездик менен өнүгүп келе жатат. 

- Кытай өлкөсү эмнеси менен жакты? 

- Кытай өлкөсү, дүйнөдө таң калаарлык жана өтө кызыктуу өлкөлөрдүн бири. Тарыхка бай, тамак-ашы менен, өндүрүш, маданият, спорт, илим-билим дегеле койчу, айтып берип бүтө албайм. Улам барган сайын өзгөрүүлөрдү байкадым. Кытайдын баардык чоң шаарларына барып келдим. Мен Кытай өлкөсүнүн тарыхына да кичине баш багып окуп чыккам. Кытай тилин да үйрөнөйүн деп баштаган элем, бирок машыгуудан кол бошободу. Өзүмө керектүүсүн эле жаттап алгам. Мен үчүн, Кытайда жактырбай кое турган эч нерсе болгон жок. Биринчи эле, элдин жумушка болгон мамилесин, эмгекчилдигин байкайсың. Элдин коомдо өзүлөрүнүн алып-жүрүшүн, тартибин байкайсың. Ошончо элдин көбүнө карабай, тартип иштеп жатат. 

Улан МОЛДОДОСОВ, спортчу: “Кытайда спортко мамлекет тараптан чоң көңүл бурулуп, баардык шарттарды түзүп беришет экен”

Эл аралык спорттук калыстар кесиптештери менен 

- Спортко болгон мамиле кандай экен? 

- Спорт жагын айтсам, биз 2006- жылы эки өлкөнүн келишими менен 2 айга  Кытайга машыгуу үчүн барып калдык. Ушул убакыттын ичинде көп нерсени байкадым. Мисалы: кытай эли өзү кыймылсыз, спортсуз тура албаган эл экен. Спорттун бүт түрү өнүгүптүр. Дүйнөдө оор атлетика боюнча, Кытай өлкөсү биринчи орунда турарын билет белеңиз? Спорттун кайсы түрү болбосун, мамлекет тараптан чоң көңүл бурулуп, баардык шарттарды түзүп беришет экен. Машыктыруучу жайлардын ичине кирсең, чыккың келбейт. Ошончо спортсмендерге карабай, таза сакталышын байкап, таң калгам. Эл аралык мелдештерди, спорттук иш-чара, турнирлерди эң жогорку дэңгээлде өткөрүшөт экен. Кытай өлкөсү элди спортко кызыктырып турушабы же калк өзү кызыгабы, айтор, кандай кана спорттук иш-чара болбосун, элдердин билет сатып алыш үчүн кезекте турганын көрөсүң. А бизде, бекер келип көрүп кет десең, келишпейт. Кыргызстанга деле чет мамлекеттен спорт чеберлери байма-бай келип турушат. Алар деле өзүлөрүнчө Кыргызстанды байкашса керек деп, ичимден ойлонуп коем.

Улан МОЛДОДОСОВ, спортчу: “Кытайда спортко мамлекет тараптан чоң көңүл бурулуп, баардык шарттарды түзүп беришет экен”

Пекинде Кытайлык журналистер менен 

- Кытайда оор атлетик спортчу досторуңуз барбы?

- Бар. Бүт дүйнө жүзүндө бар.

- Жакын арада Кытайга баруу максаттарыңыз барбы? 

- Спорт боюнча азырынча жок. Бир келишим болуп, чакырып калабы деген  үмүтүбүз бар. Буюрса, уулумду Кытайда спорт мектебинде окутам деген тилегим бар. 

- Рахмат маегиңизге.

Улан МОЛДОДОСОВ, спортчу: “Кытайда спортко мамлекет тараптан чоң көңүл бурулуп, баардык шарттарды түзүп беришет экен”

 Пекинде олимпиадалык оюндарда

ЖАРАТКАН ИЙГИЛИКТЕРИ:

1997-жыл. Кытай. Азия чемпионаты, коло медаль.

2002-жыл. Тайланд. Азия кубогунун жеңүүчүсү.

2003-жыл. Кытай. Азия чемпионаты, коло медаль.

2003-жыл. Италия. Дүйнөлүк универсиаданын коло медалы.

2004-жыл. Америка. Студенттер арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү.

2004-жыл. Олимпиада оюндарынын катышуучусу. 10-орун.

2005-жыл. Сауд Аравиясы. Исламдык оюндардын жеңүүчүсү.

2005-жыл. Дубай. Азия чемпиону.

2006-жыл. Ташкент. Азия кубогунун жеңүүчүсү.

2008-жыл. Кытай. Дүйнө чемпионун медалисти.


КӨРСӨТКҮЧҮ:

Жулкуп көтөргөнү – 160 килограмм

Түртүп көтөргөнү – 200 килограмм


Маалымат 

Улан Молдодосов

Туулган жылы: 18 июнь 1976

Билими: Жогорку

Үй-бүлөлүү. 2 баланын атасы. 


(Автор:Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)