WeChat      Избранное

“Акылдуу шаар” долбоору Huawei компаниясы тарабынан ишке ашырылат

29/01/2018  Источник:оригинал   шрифта:

“Акылдуу шаар” долбоору Huawei компаниясы тарабынан ишке ашырылат

2018-жылдын 11-январь күнү Премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн кытай компаниясы Huawei Technologies Co. Ltd менен келишимге кол койду. Бул инвестициондук макулдашуунун жалпы көлөмү 60 миллион долларды түзөт. 

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн, компаниялар арасында тендер жарыяланган эмес, анткени, түздөн-түз инвестициондук макулдашуу болгон. Эгерде, инвестициондук сумма 50 миллион доллардан жогору болуп, жана дагы инвесторго эл аралык аренада жакшы мүнөздөмө берилсе, анда Өкмөт аны менен түздөн-түз инвестициондук келишим түзүүгө укуктуу. 

“Акылдуу шаар” долбоору бул “Таза коом”мамлекеттик программасынын тогуз долбоорунун бирөөсү болуп эсептелет. Анын алкагында жолдорго, эл көп топтолгон жерлерге видеокамералар коюлат. Видеокамералардын жардамы менен жол эрежелерин бузгандар жана жол тыгындары белгилүү болуп турат.

“Акылдуу шаар” долбоору жол кырсыктарын, тартип бузуулардын алдын-алуу менен бирге, террористтик коркунучтарга убагында реакция кылуу максатында иштелип чыккан. Система, Бишкек, Ош шаарларынын ички көчөлөрүнө, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата автомобилдик жолдоруна жана дагы “Манас” аэропортуна бараткан трассага коюлат. Долбоордун ишке ашуусу үчүн бир жарым жылдык убакыт керектелет.

Кулубай уулу Кылычбек, инженер-программист: 

““Акылдуу шаар” системасынын коопсуздугу дыкаттык менен иштелип чыгуусу зарыл” (подзаголовок)

“Акылдуу шаар” долбоору Huawei компаниясы тарабынан ишке ашырылат

-Бардыгыбыз билген “Таза коом” мамлекеттик системасынын алдында тогуз долбоор бар. Алардын бири “Акылдуу шаар” Мурда“Коопсуз шаар” деп аталган долбоор, азыр “Акылдуу шаар” аталышына алмаштырылды. Эки долбоордун бир-биринен кескин түрдө айырмаланган өзгөчөлүктөрү деле жок. “Акылдуу шаарда” эл көп чогулган жерлерге антитеррор аттуу стационардык камераларды коюу пункту менен гана айырмаланат. 

Аталган долбоордун негизинде, Бишкек-Ош, Чолпон-Ата – Бишкек сыяктуу чоң трассаларга, Ош жана Бишкек шаарынын ички жолдоруна видеокамералар коюлуп, жол эрежелерин бузган унаа ээлерине автоматтык түрдө штраф жиберилип, камералар аркылуу, жол толук көзөмөлдөнөт. Мындан сырткары, акылдуу светофорлор аркылуу көчөлөрдөгү унаалардын тыгынын азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Демек, долбоордун башкы фукциялары: айып пул маселесин жөнгө салуу, тыгындарды азайтуу жана жол кырсыктарын алдын-алуу. 

Ушундай системанын коопсуздук жагы дагы абдан дыкаттык менен изилденип, ишке берилүүсү керек. Себеби, компьютерлешкен системаны бузуп, же аны иштен чыгарууга аракет кылган хакерлер болушу мүмкүн. Ал эми, система бузулса, ал көптөгөн аварияларга, жагымсыз кырдаалдарга алып келиши турган иш. Ошондуктан системаны күчтүү коргоого алуу зарыл.

Мындан сырткары, мисалы, жол эрежесин бузган унаанын ээсине штраф жиберүү учурун карап көрсөк. Унаанын номери кир болсо, же кандайдыр бир себептерден улам номер көрүнбөй калса, камералар аны фиксация кыла албайт. Демек, унаанын ээси жол тартибин бузган болсо дагы, анын дарегин тактоо камералардын колунан келбейт. Мисалы, кээ бир машиналар номер алмаштырганда, үч күнгө чейин номерин такпай жүрүүгө укуктуу. Убактылуу номер берилет, бирок ал жөн гана кагазга жазылып, машинанын алдыңкы айнегине чапталып коюлат. Ошондуктан, ушундай кырдаалдардын бардыгын эсепке алып, системаны толук кандуу изилдеп, ар өңүттөн талдап чыгуу зарыл. 

Негизинен алганда, бул абдан мыкты долбоор. Эгерде ишке ашып, аткарыла турган болсо, кыргызстандыктардын коопсуздугу үчүн дагы жакшы кадам болуп калмакчы. Албетте, технологияга 100% ишенүүгө болбойт. Ошентсе дагы, тартип бузууларды бир канча пайызга азайтууга мүмкүнчүлүк түзүп берет деп ойлойм. Бул жерден, штраф дагы мамлекеттин казынасына түшүп, бюджетибизге дагы пайда алып келет деп ишенем. 

Бул долбоор Кытайдын Huawei Technologies Co. Ltd компаниясы тарабынан ишке ашырылмакчы болуп жатат. Huawei компаниясы телекоммунициондук жабдыктарды чыгаруу жагынан дүйнөдөгү бирден-бир күчтүү компания болуп эсептелет. Мындан сырткары, чөнтөк телефондорун чыгарууда дүйнөдө алдыңкы орундарда турат. Ал эми, менин билишим боюнча, “Акылдуу шаар”долбооруна аналог долбоорлорду ишке ашырууда анын тажрыйбасы бар. Демек, алардын бул багытта программдык камсыздоо жабдыктары толугу менен даяр. Ошондуктан, долбоорду ийгиликтүү ишке ашырып берет деген ишеним чоң. 

Искендер Шаршеев, экономика тармагында эксперт: 

“Бул долбоордун экономикалык жактан дагы пайдасы зор” 

“Акылдуу шаар” долбоору Huawei компаниясы тарабынан ишке ашырылат

-“Акылдуу шаар” долбоорун, экономикалык көз караштан алганда дагы аны пайдасы абдан чоң. Мисалы, жакынкы эле коңшубуз болгон Алматыда ушундай видеокамераларды шаар ичине орноштурулганда, бир жуманын ичинде 16-17-млрд теңге мамлекеттин казынасына түшкөн. Бул жол эрежесин бузгандардан гана түшкөн акча-каражаты.

Кыргызстанда, Бишкекте деле жол эрежелери абдан көп бузулат, бул нерсеге бардыгыбыз эле күбө болуп жүрөбүз. Ошондуктан, “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашып, аткарылып кетсе, биринчи кезекте ири суммадагы акча каражаттары, ушул штрафтардан түшөт деп ойлойм. Мындан сырткары, айдоочулар унааларын абайлап айдап, жол тартиби сакталып, авариялар дагы азаят.

Бул долбоорду кытайдын ири компанияларынын бир болгон Huawei Technologies Co. Ltd компаниясы, түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырмакчы болуп жатышат. Алардын бул тармакта тажрыйбасы бар. Керектүү техникалык жабдыктар менен камсыздандырылган. Ошондуктан, жакынкы жылдар аралыгында долбоордун ишке ашуусуна күбө болобуз деп ойлойм.

Динара Ишаева, И. Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кызматкери: 

“Долбоор ишке ашып, өз кызматын аткара баштаса жол тартиптери сакталып, кырсыктар дагы аз болот”

“Акылдуу шаар” долбоору Huawei компаниясы тарабынан ишке ашырылат

-Азыркы учурда кызуу талкуу жаратып жаткан “Акылдуу шаар” долбоору көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп, эл арасында жакшы ой-пикир жаратып жаткан кези. Менин пикиримде, бул долбоордун элдин коопсуздугу үчүн абдан чоң мааниси бар. Бардыгыбыз эле, көрүп-билип жүргөндөй акыркы жылдары Кыргызстанда жол кырсыктары абдан көп катталып, жүрөк үшүткөн учурлар дагы кездешет. Ошондуктан, долбоор ишке ашып, өз кызматын аткара баштаса жол тартиптери сакталып, кырсыктар дагы аз болот эле. 

Мындан сырткары, камералардын шаар ичине коюлганы абдан жакшы. Анткени, жеке гана жол эрежелерин бузган унаа ээлерин көзөмөлдөбөстөн, жалпы эле шаардын тынчтыгы, коопсуздугу дагы ушул камералар аркылуу каралып турмак. Тартип бузуулар азаймак. Албетте, бул жакында эле ишке ашып, өз жыйынтыгын берчү долбоор эмес, бирок бир канча убакыт аралыгынан кийин анын ийгиликтүү жыйынтыгын көрөбүз деп ойлойм. “Таза коомдо” каралып, иштелип чыккан бардык пункттар ишке ашып, эл кызматына сунушталса, мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн эң мыкты салым болуп калмакчы. Ошондуктан, мен мындай кадамдарды ар дайым колдойм.

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)


Рекомендация