WeChat      Избранное

Майрамкул Асаналиев: “Кытай Эл Республикасында “Манаска”өзгөчө маани берилип, терең изилденип келет”

29/01/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Майрамкул Асаналиев: “Кытай Эл Республикасында “Манаска”өзгөчө маани берилип, терең изилденип келет”

 Майрамкул Асаналиев.

“Манас”-кыргыз элинин руханий дүйнөсүнүн туу чокусу. Эпосго мындан артык так жана таамай аныктама берүүгө мүмкүн эмес. Анын кадыр-баркын көтөрүү, изилдөө, барктоо-бул кыргызды сыйлоо, урматтоо дегенди түшүндүрөт. 

Бул жааттан алганда, Кытай Эл Республикасында эпос көп изилденип, ал гана эмес атайын изилдөө борборлору ачылып, кытайлык кыргыздар арасында, аталган улут баалуулугуна өзгөчө кам көрүлүп жүргөнүн биздин гезит аркылуу окуп-билип жүрөсүздөр. 

Мына, ушул сөздөрүбүзгө дагы бир далил катары, бүгүн биз белгилүү сүрөтчү, скульптор Майрамкул Асаналиев менен болгон маегибизди сиздерге сунуштамакчыбыз. 

-Майрамкул агай, сизге Манастын сүрөтүн тартууга, деги эле “Манас” боюнча эмгектерди жаратууга эмне түрткү болду?

-Чындыгын айтканда, айкөл Манастын сүрөтүн тартуу оңойго турган жок. Ар бир эмгекти жаратууда, ошол багытта толук кандуу билим, анын ким жана кандай экендиги тууралуу терең маалыматтын болуусу керек. Чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү өзгөчө сезимтал болот эмеспи. Ошондуктан, ички дүйнөң менен алган билимиңдин деңгээли айкалышып, өзүң даяр болгон учурда гана, мыкты эмгектер жаралат.

Мага дагы Манастын сүрөтүн тартуу үчүн бир канча убакыт талап кылынды. Алгач, Саякбай Каралаевдин үчилтигин окуп чыктым. Мындан сырткары, кыргыздын “Манасты” мыкты билип, изилдеп жүргөн атуулдары менен баарлашып, пикир алыштым. Манас баатырдын сүрөтүн тартуу үчүн көп нерсени көрдүм, окудум, үйрөндүм. Ошентип, айкөлдүн сүрөтүн дагы тарттым. Ушул жаатта, азыр дагы да болсо иштеп келем. Ал эми, кыргыздын руханий дүйнөсүнүн туу чокусу болгон улут баалуулугуна болгон кызыгуум жылдан-жылга күчөөдө. 

-Кытай жергесине болгон сапарыңыз тууралуу кеп салып берсеңиз, ийгиликтүү болдубу?

-Бардыгыбыз эле билгендей Кытай жергесинде “Манаска” абдан жакшы көңүл бурулуп, маани берилип келет. Аны ийне-жибине чейин талдап, изилдөөдө, калдайган Кытайга гана эмес, дүйнө элине таанытуу максатында дагы көптөгөн иштер жүргүзүлүп келет.

Мына ушундай иш-чаралардын алкагында Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун Ак-Тоо жана Улуу-Чат оодандарында болуп, бир жылдан ашык шакирттерим менен иштеп келдик. Ушул эки оодандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн чакыруусу менен барып, өз эмгектерибизди Кытай жергесинде таанытып, дараметибизди көрсөтүп келүүгө мыкты мүмкүнчүлүк болду.

Жасаган эмгектерибиздин негизги бөлүмү Манаска байланыштуу болду. Манастын рельефтик скульптурасын жасадык. Хан тактысын, шам чырактарын ж.б. буюм-тайымдарды ичине камтыган толук кандуу композицияны жаратып кайттык. Кытай жергесине болгон сапарыбыз абдан ийгиликтүү болду десем жаңылышпайм. Кытайлык кыргыз боордоштордун жашоо-турмушу менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашып, эң жакшы таасирлерди алдык. 

Майрамкул Асаналиев: “Кытай Эл Республикасында “Манаска”өзгөчө маани берилип, терең изилденип келет”

“Манас-рух азыгы”

“Ак-Тоо жергесине 130 даана рельефтик скульптураларды коюп кайттык” 

-Аткарган ишиңиздер атайын буйрутма менен жасалган эмгек болгондон кийин, Кытай тараптан кандайдыр бир талаптар болдубу?

-Албетте, Кытай тараптан бир нече талаптар болду.Мисалы, жасалган эмгектин бардыгы эч жерде кездешпеген, интернеттен алынбаган жеке өзүмө тиешелүү идеялардан жаралуусу керек, ар бир скульптурада сөзсүз түрдө кыргыздын колорити, кыргыз жүзү болуусу зарыл деген сымал талаптар болду.

Ошондуктан, биздин элдин байыркы оймо-чиймелерин, эн белгилерин, эзелки маданияттын казынасы болгон Саймалуу ташта түшүрүлгөн өнөр баалуулуктарын чогултуп, сүрөтчү катары кайра иштеп чыктым. Кытай жергесиндеги эмгегим,мына ошолордун бардыгын синтездеп, бир композицияга айлантылып жасалган ишим болду. Ал толугу менен автордук эмгек болуп эсептелет.

Менин шакирттеримдин арасында дагы архитектор, скульптор, зергерлер бар. Алар бардык материалдар менен иштешүүгө жөндөмдүү. Мына, ушундай ар тараптуу шакирттерим менен биргеликте, эч нерсени көчүрбөй, бирден талдап, өзүбүз иштеп чыгып, керектүү интерьерди жарыкка алып чыктык.

Эми, бул композиция туурасында айта турган болсом, бул манаскөйлөр үчүн жаңылык. Бирок, ошол эле мезгилде, биздин өзөктө ойгонбой жаткан улуттук баалуулуктарыбыздын бардыгын козгоп, ошонун арты менен жарык көргөн эмгектер десек да болот. Булардын бардыгы Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун Ак-Тоо жергесине жайгаштырылды. Ал жак өзү туристтик аймак катары дагы жогору бааланат экен. Ошентип, Ак-Тоо жергесине 130 даана рельефтик скульптуралар коюлду. Төрт окуучум менен барып иштеп, өз чыгармачылыгыбызды коңшу элге тааныта алдык.

Ал эми, Улуу-Чатта болсо “Манас” борборун, музейин жасадык. Анын ичине, Манастын хан тактысы, ага тиешелүү буюм-тайымдардын бардыгы ичине камтылды. Бул борборду“Сыр коргон” деп, кытайлык кыргыздардын чыгаан уулдарынын бири, тарыхчы, филолог, манас таануучу Макелек Өмүрбай атады. Ал жер дагы кыргыздын улуттук баалуулуктарын чагылдырган, башка элдерге тааныткан мыкты ажайып жай болуп калды десем жаңылышпайм. 

-Өзүңүз айтып өткөндөй, сиздер “Манас изилдөө” иш-чараларынын алкагында барып келдиңиздер. Сиздер кандай жол менен барып калдыңыздар, тандоо жолу болдубу?

-Негизинен, алар, “Манас” темасында алектенген сүрөтчүлөр тууралуу алдын-ала изилдешип, сурамжылашыптыр. Анан ошондо, мени Кыраанбек аттуу жигит аркылуу табышып, ушундай сунуш киргизишти. Ошентип, эки тараптуу макулдашуунун негизинде Кытай жергесинде иштеп келүүгө мүмкүнчүлүк ачылды.

Макелек Өмүрбай, “Синьцзян Манас изилдөө”борборунун жетекчиси Мамбеттурду Мамбетакун аттуу мыкты манас таануучулар, окумуштуулар менен бирге иш алып бардык. Булар өздөрү дагы санжыраны, тарыхты, Манасты жогорку деңгээлде билген, өтө билимдүү адамдар экен. Кытай жергесинде мага дагы эң жакшы шарттарды, толук кандуу иш алып баруу үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришти. 

-Алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

-Алдыдагы пландарым тууралуу айта кетсем, жакында эле Талас облусунун башкы архитектору менен жолуктум. Биргелешип, Талас жергесинде дагы Манастын айкелин койгону жатабыз. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү компаниясынын алдына “Кут кармаган бала” аттуу композициям коюлганы турат. Акча каражаты толугу менен чечилип калса, ушул жакын арада бул оюбуз дагы ишке ашат. Бул жерде, кабыландын үстүндө кут кармап турган баланын элеси берилмекчи. Ал тууралуу эл арасынан жакшы ойлор айтылып, жактырылды. Бул сунушумду КТРКнын Байкоочу Кеңеши толугу менен колдоп, бир добуштан кабыл алышты. 

Ар бир чыгарма элге иштөөсү керек. Эгерде элге иштебесе, анын эч кандай баркы да, баасы да болбойт. Ар бир жаратылган эмгек эл үчүн кызмат кылуусу зарыл. Маданият кызматкерлери үчүн, алардын чыгармачылыгы калк арасында бааланып, адамдардын жүрөгүнөн түнөк тапса, мындан өткөн бакыт жок. Демек, сен бекер жашаган жоксун. 

Кытай жергесине барып келген соң, азыркы тапта күчтүү скульпторлор, архитекторлор тегерегимде топтолушту. Ошондуктан, көптөгөн жакшы пландарыбыз бар. Аста-астадан ойлорубузду ишке ашырып, ушул багытта ишмердүүлүгүбүздү жүргүзө бермекчибиз.

Майрамкул Асаналиев: “Кытай Эл Республикасында “Манаска”өзгөчө маани берилип, терең изилденип келет”

“Кабылан”.

Өздүк маалымат... 

Асаналиев Майрамкул Мусабай уулу 1965-жылы 6-ноябрда Ысык-Көлдүн Тоң районунда Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келген. Бишкек шаарындагы С. А. Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайын жана Сүрөт Академиясын аяктаган. 

1998-жылы биринчи жолу жеке көргөзмөсүн жалпы элдин сыноосуна коюп, жакшы ой-пикирлерди жараткан. Бишкек шаар белгисинин жана байрагынын автору. Бишкек шаарынын ардактуу жараны. “Өзгөчө эмгеги үчүн” медалынын автору. 

Ошондой эле, көптөгөн уюмдардын, жамааттардын расмий белгилеринин автору. Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты. “Эл Куту чебер” наамынын ээси. Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)


Рекомендация