WeChat      Избранное

Догдурбай Тыныбеков: “Кытайда Кыргызстанды татыктуу тааныта алдык”

29/11/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Догдурбай Тыныбеков: “Кытайда Кыргызстанды татыктуу тааныта алдык”

Догдурбай Тыныбеков

4-ноябрдан 14-ноябрга чейин Кытай Эл Республикасынын Ланфан шаарында Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер арасында “Ширетүү жумуштары боюнча”эл аралык конкурс болуп өттү. Сынакта бизден барган топ, Кыргызстанды татыктуу таанытып, өз чеберчиликтерин эл аралык жарышта сынай алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тоо-металлургиялык профсоюзу билдирди.

Ушул жарыш боюнча кенен маалымат алуу максатында Кытай жергесине конкурска катышып келген топтун жетекчиси, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын техникалык эмгек инспекциясынын начальниги Тыныбеков Догдурбай менен маек курдук. 

- Догдурбай Карымшакович, алгач, конкурска кантип барып калдыңыздар, ушул тууралуу айтып берсеңиз? 

- Ушул жылдын август айынын аягында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен бизге “абдан шашылыш” деген белги менен бир кат келген. Негизинен бул кат үч жерге жолдонгон экен. Алардын бири биздин Профсоюздар Федерациясы болду. 

Каттын негизги мазмунунда, Бүткүл Кытай Эл Республикасынын профсоюздар Федерациясынын демилгеси менен Пекин шаарында, ширетүүчү жумуштардын түрлөрү боюнча, Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр арасында жарыш өткөрүлөөрү айтылыптыр. Мына, ошентип эле сынакка катышууга даярдык көрүп калдык. Кыргызстан бул жарышка биринчи жолу катышты.

Догдурбай Тыныбеков: “Кытайда Кыргызстанды татыктуу тааныта алдык”


Конкурстун ачылыш аземинен бир көз ирмем.

- Конкурска катышуу үчүн атайын талаптар болдубу?

- Ооба, мисалы, катышуучунун жашы 50 жаштан өйдө болбошу керек, ширетүү иштери жаатында кандайдыр бир жетишкендиктери, эл аралык же жергиликтүү сынактардан алган сыйлыктары, атайын билими жана эң аз дегенде 3 жылдан кем эмес ширетүү жумуштарында иштөө тажрыйбасынын болуусу ж.б. шарттар коюлган. 

Ушул талаптарга жооп берген күчтүү адистерди таап, жарышка керектелген бардык документтерди толтуруп, сынакка даярдык көрө баштадык. Көп өтпөй чакыруу кагаздарын жиберишти. Ошентип, конкурска мени менен алты киши барып келдик.

Каржы маселесин толугу менен Кытай тарап өз мойнуна алды. Биз визанын акчасын гана төлөдүк. Калган жол кире, тамак-аш, жашаган жерибиздин бардыгы бекер болду. 

- Кытай жергесине болгон сапарыңыз кызыктуу болгондур...?

- Биз катышкан иш-чара 10 күнгө созулду. Алгач, Пекин шаарына учуп бардык. Конкурстун алкагында даярдалган программа абдан мазмундуу болду. Ар бир күнүбүз гана эмес саатыбызга чейин пландалып, жеке гана конкурска катышбастан, конференция, семинар, тренинг жана лекцияларды угуп, бир топ маалымат жыйнап келдик десек болот. Ал гана эмес, шаарларга экскурсиялар уюштурулуп, завод-фабрика жана музейлерине чейин кыдырып көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Башкача айтканда, Кытай жергесин жакындан таанууга эң мыкты шарт болду десем жаңылышпайм. 

Иш-чара Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин алкагында, эл аралык “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде уюшулду. Жалпысынан алганда 14 мамлекеттен 58 катышуучу болду.  Бул мамлекеттер ШКУга мүчө, ага өнөктөш жана байкоочу статусуна ээ болгон өлкөлөр болду. 

Теория жана практика жүзүндө дагы маалыматтарды алып жаттык. Маданий, тажрыйба алмашуу багытындагы иш-чаралар дагы өткөрүлүп, бул сапардан ар тараптуу өнүгүп келдик десек да болот.

Тяньцзинь, Ланфан жана Пекин шаарларынын ажайып жерлери менен дагы жакындан таанышып келдик. Бүтүндөй дүйнө жүзүнө белгилүү Улуу Кытай сепилине чыктык. Бул Кытай жергесине болгон сапарыбыз, эң мыкты сапарлардын бири болуп калды. 

Догдурбай Тыныбеков: “Кытайда Кыргызстанды татыктуу тааныта алдык”

Жарыш учуру.

“Иш-чара эң мыкты деңгээлде даярдалыптыр...” 

-Конкурс тууралуу айтып берсеңиз? 

-Конкурс өзү Пекинден анча алыс эмес жайгашкан Ланфан шаарында өттү. Алгачкы күндөрү, адистерди сынакта иштеше турган техника каражаты менен жакындан тааныштырышты. Ал жактын технологиялык жетишкендиги, эми өзгөчө сөзгө татырлык. Заманбап ширетүүчү аппараттары, колдонгон техникалары абдан өнүгүптүр. Кытай кесиптештерибиз тажрыйба алмашуу максатында практикалык сабактарды дагы өтүп беришти. Адистерибизге, жарышка чейин ширетүүчү аппарат менен бир аз иштеп, көнүшкөнгө мүмкүнчүлүк болду. 

Иш-чаранын ачылыш аземи эң жогорку деңгээлде даярдалыптыр. Ага жалпысынан 200дүн тегерегинде адам катышты. Калыстардын башчысы жана сынактын катышуучусу тарабынан салтанаттуу ант окулду. Чындыгын айтканда, абдан таасирдүү ачылыш болду десем жаңылышпайм. 

Конкурс үч түрдө өттү. Вольфрам, жарым автомат менен ширетүү иштери жана электр тогунун жардамы ширетүү (электро-дуговая сварка) багытында сынактар болду. Атайын белгиленген убакыт ичинде, алдыга коюлган тапшырманы аткарууга милдеттүү болушту. Катышуучунун аткаруу чеберчилиги жана аткарган ишинин сапаттуулугу текшерилип, ошого карата баалар берилип жатты. 

13-ноябрь күнү конкурстун жабылышы жана жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. Сыйлык төрткө бөлүндү, биринчиси, эң жогорку деңгээлдеги сыйлык, андан соң алтын, күмүш жана коло медалдар. Алгачкы сыйлыкты үч, алтынды он, күмүштү болсо он беш адиске тапшырышты. 

Мындай иш-чарага Кыргызстан биринчи жолу катышып жатат. Биздин балдарга дагы жеңил болгон жок. Бирок, бул сынактан алар өз мыктылыгын көрсөтө алышты. Бул жарыш негизинен бешинчи жолу уюштурулуп жатыптыр. Башка мамлекеттин катышуучулары башынан катышып, бул багытта бир топ тажрыйба топтоп калышкан экен. Ошентсе, да биздикилер Кыргызстандын атын татыктуу коргой алышты. 

Бизден барган беш ширеткичибиз ар түрдүү номинацияларда сыйлуу белектерге ээ болушту. “Алтынкен” ЖЧКсынын кызматкери, Салыбаев Койчубек коло медалга ээ болсо, “Бишкек жылуулук тармагынын” кызматкери, Ишбаев Азамат, “Бишкеккурулуштан” Клепачев Вячеслав, “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсынын адиси Шерматов Субанкул күмүш медаль тагынышты.  Ал эми, “Абдыш-Ата” ЖЧКсынын электросварщиги Гончаренко Юрий алтын медаль менен сыйланды.

Кийинки жылы Шанхай шаарында өткөрүлчү  “Ширетүү иштери боюнча” 6-эл аралык конкурсуна алдыңкы сыйлыкка татыган үч адис, катышуу укугуна ээ болуп келишти.

Догдурбай Тыныбеков: “Кытайда Кыргызстанды татыктуу тааныта алдык”

Сынактын катышуучулары менен бирге эстелик сүрөт. 

-Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Кытай менен болгон кызматташтык мамилеси барбы?

-Албетте, бар. Азыркы тапта, Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын бардык тармактарында кызматташтык алаканы көрүүгө болот. Биз деле ошолордун катарындабыз. Негизинен Синьцзян уйгур автономдуу облусунун Профсоюздар бирикмеси менен тыгыз байланышта болуп келебиз. Ортобузда түзүлгөн келишим бар, ошонун негизинде ар жыл сайын тажрыйба алмашуу багытында барып-келип жүрөбүз. Жакындан таанышып, маалымат алмашып, кызматташууну өөрчүтүп келебиз. Үрүмчүгө тажрыйба алмашууга барган кесиптештерибиз Пекинге чейин барып, Бүткүл Кытай профсоюз Федерациясынын иши менен таанышып келишет. 

Сөз соңунда, болуп өткөн иш-чара биз үчүн, биздин адистер үчүн абдан пайдалуу, кызыктуу болгондугун баса белгилеп кетким келет. Биз кытай кесиптештерибизге, ушундай жогорку деңгээлде уюштурган иш-чарасы үчүн ыраазычылык билдирмекчибиз. Алдыда, дагы кызматташтык алакабыз бекемделет деп ишенем. 

- Кыргызстандагы ширетүү адистигинин учурдагы абалына баа берип кетсеңиз? 

- Ширетүү иштери бүгүнкү күнү деле өз актуалдуулугун жоготпой келет. Бардык жерде суроо-талап болгон адистик. Жеке үйлөрдө, чоң-чоң компанияларда, курулуш иштеринде бардыгында ширетүү иштери керектелет. Бизде атайын, бул багытта адистерди даярдап чыгуучу эки жылдык билим берүү мекемелери бар. Ошондуктан, бул кесиптин келечеги кең десек да болот. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)