WeChat      Избранное

Мамбеттокто Керимаалы: “Кыргыздын канына, атакемдин каруусуна рахмат”

23/10/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Мамбеттокто Керимаалы: “Кыргыздын канына, атакемдин каруусуна рахмат”

Мамбеттокто Керимаалы.

Сүрөттөр М. Керимаалыга таандык

Кыргыз эли байыртадан элин сырткы душмандардан коргогон баатырларына, намыска жарап жеңишти колунан чыгарбаган балбандарына өзгөчө сый мамиле кылып, алардын эрдигин даңазалап келишкен. Бүгүнкү күнү дагы, кыргыз жигиттери күрөш, бокс, эрежесиз эр уруш сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча дүйнөдө атагы чыгып келет. 

Кыргыздын ушундай сыймыктуу уулдарынын бири, кытайлык кыргыз жигити Мамбеттокто Керимаалы. “Кыргыздын тоо бүркүтү” аталган Мамбеттокто 19-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасы боюнча эржесиз эр урушта чемпиондук наамды жеңип алды.

Сүйлөгөнү абдан токтоо, илбериңки, кыргыз уулу экендигин ушунчалык сыймыктануу менен айткан мушкер жигитибиз, бүгүн биздин гезитке өзү тууралуу, багынткан ийгиликтери жөнүндө кеп салып берди. 

-Мамбеттокто, алгач өзүң жөнүндө маалымат бере кетсең?

-Мен Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу районундагы Артыш шаарына караштуу Майдан кыштагында 1991-жылы төрөлгөм. Атам мен бир жашка чыга электе кайтыш болуп калыптыр. 

Кызыл-Суудагы кыргыз №3-орто мектебинде билим алгам. Андан соң жогорку окуу жайын Сюйчжоу шаарындагы Курулуш Институтунда  окуп, англис тил жана эл аралык мамилелер адистигин аяктагам. Азыркы тапта, эрежесиз эр таймаш менен машыгып, жарыштарга катышып жүрөм. 

Мамбеттокто Керимаалы: “Кыргыздын канына, атакемдин каруусуна рахмат”

“Кыргызымдын калпагы мен үчүн ар дайым ыйык”.

-Биз билгенден, спорт тармагында бир топ ийгиликтерди жаратып жүрөсүң, эмне себептен эрежесиз эр таймашты тандап алдың?

-Негизи кичинекей кезимден эле айылда кандайдыр бир той-топур болуп калган учурда күрөшкө чыгып, өз алдымча машыгып, бул тармакка кызыгуум күчтүү болчу. Ал эми, орто мектепте, студент кезимде жүгүрүү, күрөш боюнча сынактарга катышып жүрчүмүн. 

Андан соң, биздин мамлекетте дагы ММА эрежесиз эр таймаш өнүгүп, ушул түр мага абдан жакты. Мен дагы “Манас” эпосунун, Эр Төштүк, Курманбек ж.б. кыргыз элинин эр жүрөктүүлүгүн, баатырдыгын даңазалаган кенже эпосторду окуп, кыргыз элимдин тарыхын аз да болсо изилдеп,алардан таасирленген соң: “Биз баатыр улут турбайбызбы, жаңы заманда дагы өз баатырдыгыбызды көрсөтөлү” – деген ойго келдим. Ушундай ойлор дагы менин эрежесиз эр таймашты тандап алуума түрткү болду десем болот.

Мамбеттокто Керимаалы: “Кыргыздын канына, атакемдин каруусуна рахмат”

Tаймаш учурунан бир көз ирмем. 

-Спорттун бул түрү менен машыгууда кандай кыйынчылыктар болду, жетишкен ийгиликтериң менен дагы бөлүшүп кетсең? 

-Жогорку окуу жайын аяктагыча абдан чоң жарыштарга деле катыша албадым. Себеби, студент кездеги биринчи максатым татыктуу билим алуу болчу. Негизинен, 2014-жылы декабрь айынан баштап эрежесиз эр уруш менен машыга баштагам. Былтыр, 2016-жылы институтту аяктадым. Ошондо гана бул ишке билек түрө кириштим десем болот. Студент кезимде деле жараткан ийгиликтерим жаман эмес болчу, бирок былтыртан бери бул тармакта жетишкендигим көп болду. 

Албетте, жеке эле спортто эмес, бардык эле жумуштарда ийгилик жаратуу, жемиштүү эмгектенүү оңой эмес. Мен бул жаатта дагы бир  топ кыйынчылыктарга дуушар болдум. Бирок, тынымсыз, күжүрмөн мээнеттин артынан сөзсүз түрдө ийгилик, кубаныч келет. Мен ак эмгектин үзүрүнө ишенем. Ошондуктан, машыгуудан чыккан кыйынчылыктар мени жеңишке гана үндөп турат десем болот. 

Жетишкен ийгиликтерим боюнча айта кетсем, бир нече эл аралык жарыштарга катыштым. Жыйынтыктары начар болгон жок. Эрежесиз эр уруш боюнча жалпысынан 21 профессионалдуу таймашка катыштым. Алардын 16сында жеңишти багындырып, бешинде тилекке каршы жеңилүүгө дуушар болдум. 

2015-жылы Гуанчжоу шаарында уюштурулуп,  жалпы Кытай мушкерлери арасында өткөрүлгөн ММА таймашында 3-орунду ээлегем. 2016-жылы Азиядагы эң масштабдуу жарышта “One Championship” таймашында өнөктөшүм менен тең чыктым. Америкалыктар уюштурган Филиппинада өткөн таймашта болсо, биринчиликти ээледим. Кореялык, Россиялык мушкерлер менен дагы жарыштарда биринчи орундарды ээлеп жүрөм. Ушундай сыяктуу бир катар таймаштарга катышып, өз күчүмдү сынап келем. 

Мамбеттокто Керимаалы: “Кыргыздын канына, атакемдин каруусуна рахмат”

 “Синьцзян Манас изилдөө борборунун жетекчиси Мамбеттурду Мамбетакун агайым менен бирге”

-Сентябрь айында жеке гана кытайлык кыргыздарды эмес, жалпы кыргыз элин сыймыктанткан жеңишке жеттиң, ушул тууралуу кеп салып берсең?

-Рахмат, ушул жылдын 19-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасы ММА версиясы боюнча таймаш болду. Жарыштын жүрүшү тууралуу айтсам, биринчи, мамлекет боюнча, жер-жерлерден тандоо иштери жүргүзүлгөн. Акырында он мушкер тандалганбыз. Ошолордун арасынан утуп отуруп, жарым финалда эч утулбаган кытай мушкери менен өнөктөш болуп калдым. Таймаш мыкты болду, соңунда мен жеңишке жеттим. Анан чечүүчү жарышка жолдомо алдым. Ал эми, финалда монгол улутундагы күчтүү мушкер менен биринчилик үчүн ат салыштык. Таймаштын үчүнчү айлампасында жеңишти багынта алдым. Ошентип, алтын курдун ээси болуп, эрежесиз эр уруш чемпиону наамына татыдым. 

-Алдыдагы пландарың ...

-Алтын курдун акчасы дагы аброю дагы жогору. Бардык жактан сый көрүп, кытай эли, кыргыз элим колдоп жаткандыгына абдан ыраазымын. Дагы да болсо, ушундай ийгиликтерим менен элимди кубанткым келет. Эл-журтумдун үмүтүн актоо башкы максатым.

Эми, эл аралык таймаштарга көп-көп чыкканга аракет кылам. Азыр жашым 26да. Мен багынта турган бийиктиктер, жете турган жеңиштерим дагы алдыда деп ойлойм. Токтолуп калбастан чеберчилигимди өнүктүрүп машыгуунун үстүндөмүн. 

Ал эми, келечекте шарт болгон учурда, жеке кыргыздардын клубун түзүп, жаштарды тарбиялап, алган тажрыйбам менен бөлүшсөм деген изги тилегим бар. Ошол клубду түптөп чыгуу менен инилериме жол ачып, өзүм жете албай калган мараларга, белестерге  шакирттеримди жеткирүүгө аракет жасап, чет жерлерде кыргыздын желегин желбиретип, алдыңкы орундарды ээлешине өз салымымды кошсом дейм. Убакыттын өтүшү менен бул ойлорумду дагы ишке ашырам деп ишенем. 

-Сөз соңунда...

-Сөз соңунда, мен атакемдин каруусуна рахмат айткым келип турат. Атамдын замандаштары мени ага абдан окшоштурушат. Ал дагы эл арасында өзүнүн балбандыгы менен белгилүү экен. Абдан карылуу, күчтүү  адам болгон дешет. Ошондуктан, кыргыздын канына, атакемдин каруусуна рахмат. 

Мени колдогон ар бир журтташыма, кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Дүйнөнүн кайсы бурчунда жашабайлы, ар дайым ынтымак ичинде болуп, бир-бирибизди колдоп туралы демекчимин. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)