WeChat      Избранное

«Сянгандагы башаламандыктар» - кыргызстандык серепчилердин ой-пикири

11/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

«Сянгандагы башаламандыктар» - кыргызстандык серепчилердин ой-пикири

Фото WWW

9-июнь күнү Кытай Эл Республикасынын өзгөчө административдик району болгон Сянганда (Гонконг) жергиликтүү бийликке каршы толкундоолор башталган. Анын башкы себеби катары, жергиликтүү бийликтин Сянгандан Кытай материгине кылмышкерди өткөрүп берүү боюнча өзгөртүүнү мыйзамга киргизүү долбоору айтылып келүүдө. 15-июнда бул мыйзам долбоору күндемден алынып салынган. Бирок, ага карабастан толкундоолор күч алып, массалык башаламандыктар көбөйүп, бүтүндөй дүйнө жүзүнүн назарын өзүнө бурду.

Кыргызстандын дагы мыкты серепчилери чогулуп, Сянгандагы окуялар боюнча тегерек столдо үн катып, өз ойлору менен бөлүшүштү. Бул иш-чарага саясат таануучу Бакыт Бакетаев, тышкы иштер маселелери боюнча адис, саясий серепчи Мурат Суюнбаев, саясат таануучу, серепчи Игорь Шестаков жана юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев катышышты. 

Жыйында Сянгандын учурдагы абалы, толкундоолордун келип чыгуу себептери, үчүнчү күчтөр, Кытай бийлигинин кадамдары, 24-ноябрда Сянганда болуп өткөн шайлоо тууралуу, мындай иштер Кыргызстан үчүн дегеле бүтүндөй дүйнө үчүн эмнени билдирет, кандай талаптары бар деген сыяктуу темалар талкууланды. 

Бакыт Бакетаев, өз сөзүндө: «Толкундоолордун себепкери катары таанылган кылмышкерди жергиликтүү бийлик кандайдыр бир мыйзам инструменттерине таяп, Тайванга өткөрүп берүүлөрү керек эле» деген оюн билдирди. Муну менен катар эле ал, бул кырдаалда мыйзам жүзүндө чындык Пекин тарапта  экендигин баса белгиледи..

Ал эми, Мурат Суюнбаев болсо, тарых барактарына кайрылып, Сянгандын өтмүшүнө бираз сереп салып, «Европа дүйнөдөгү экономикалык күчтүн өзөгү болуп турганда, ал жакта Лондон каржы борбору пайда болгон, АКШ башкы экономикалык күчкө ээ болгондо ал жакта Нью-Йорк каржы борбору катары эсептелинген. Ал эми, экономикалык күчтүн кыймылдаткычы акыркы 20 жылда Азия аймагында пайда болду. Тактап айтканда, Сянган (Гонконг) ушундай каржы борборуна айлана баштагандыгы белгилүү. Бул окуялардын артында АКШ турат деген менен, менин оюмча Улуу Британиянын дагы кызыкчылыгы болуусу мүмкүн» -деген, оюн билдирди. 

Игорь Шестаков, саясат таануучу: «Пекин менен Вашингтондун каршылашуусу жогорулай берсе, ошончолук деңгээлде бул кыймыл аймагын кеңейтип, чоңое берүүсү мүмкүн »

-Менин оюм боюнча, Сянгандагы окуяга таасир этип, тереңдеткен бирден-бир учур бул Пекин менен Вашингтондун ортосундагы карым-катнаштардын начарлап, мамилелеринин солгундашы. Мисалы, Сянгандагы «кол чатыр», бардыгыбыз билген Украинадагы «апельсин» түстүү революция, Грузиядагы, Кыргызстандагы гүлдөр аталышындагы революциялар. Мына, ушул сценарийлер аркылуу тышкы күчтөрдүн тийгизген таасирин гана эмес, кандайдыр бир атайын даярдалган каршылык акцияларын дагы көрүүгө болот. Канчалык деңгээлде Пекин менен Вашингтондун каршылашуусу жогорулай берсе, ошончолук деңгээлде бул кыймыл аймагын кеңейтип, чоңое берүүсү мүмкүн. Менин оюм боюнча, бул алдыга коюлган тапшырмалардын бири. 

Кандай гана учур болбосун калыпка салынып, тастыкталган закон бар. Анын чегинен ашкандар, мыйзамды бузгандар катары кабыл алынып, жазага тартылат. Мисалы, «адам укуктарын өзгөчө коргоп жаткан» АКШнын тарыхын карасак деле, мыйзамды бузуп, башаламандык уюштургандар кандай аеосуз жазага тартылгандыгын көрүп жүрөбүз. 

Кыргызстан үчүн Кытай жөн гана чектеш жайгашкан коңшу эмес, ал биз үчүн экономикалык жана коопсуздук жактан алганда дагы абдан маанилүү өлкө. Ошондуктан, жеке оюмда биздин бийлик дагы Кытайда болуп жаткан окуялар мыйзам чегинде чечилип, тынчтык болуусун каалайт.  Кытай дагы өз учурунда Кыргызстанда тынчтык болуп, эң негизгиси кандай гана иштер болбосун, мыйзам чегинде жүзөгө ашырылуусуна кызыкдар. 

Кайрат Осмоналиев, юридика илимдеринин доктору, профессор: «Дүйнөлүк коомчулук  АКШнын санкциясын КЭРдин ички ишине түздөн-түз, одоно кийлигишүүсү катары кабыл алуусу зарыл» 

-Ушул жылдын июнь айында башталган Сянганда (Гонконгдо) чыккан массалык нааразычылык, түбөлүккө созулушу мүмкүн эмес. Башка бардык чыр-чатактар сыяктуу эле, курч учур өткөндөн кийин аста-астадан жыйынтыкталат. Эске сала кетсек, бул толкундоо Сянганда баш паанек кылып, жашырынган кылмышкерлерди жергиликтүү бийликтин Кытайга өткөрүп берүү боюнча кабыл алган мыйзам долбоорунун негизинде чыккан. Бул кадам оппозициялык күчтөр тарабынан Кытайдын Сянгандын ички ишине кийлигишүүсү катары бааланды. Бирок, чындыгында бул андай саналбайт. Дүйнөлүк практикада укуктук жардам жөнүндө мыйзамдарды жана макулдашууларды пайдалануу менен экстрадицияны дагы кошо колдонуу катардагы эле көрүнүш болуп келет. 

Акыркы ондогон жылдары Кытай Сянганды өткөрүп алууда түзүлгөн Кытай-Британия Декларациясын ак ниеттүүлүк менен аткарып келүүдө. Бирок негедир, аймактын «батышчыл күчтөрү» тынчый албай жатышат. Буга батыштагы достору өз жардамын аябай келет. Ал эми, жакында эле АКШнын адам укуктарын бузуу боюнча Кытайга киргизген санкциясы буга толук далил болуп бере алат. Дүйнөлүк коомчулук бул кадамды АКШнын КЭРдин ички ишине түздөн-түз, одоно кийлигишүүсү катары кабыл алуусу зарыл.  

Сянгандагы башаламандыкты токтотуу үчүн комплекстүү иш жүргүзүү зарыл. Биринчиден, албетте, күч колдонуу менен бул көйгөйдү чечүү азгырыгы бар. Бул үчүн КЭРдин бардык  ресурстары жетиштүү. Бул абдан тез жана натыйжалуу ыкма болуп саналат. «Бир өлкө-эки система» концепциясына дагы туура келет. Сянган КЭРдин юридикалык  аймагына кирет. Ошондуктан, жогоруда айтылган ыкма менен бул маселени чечүүгө Кытайдын укуктук дагы, логикалык дагы негиздемелери бар. 

Экинчиден, 24-ноябрда өткөн жергиликтүү бийлик органдарына шайлоодо болуп өттү. Анын жыйынтыгы дагы, Кытай Сянгандын ички ишине кийлигишпей тургандыгын ырастады. 

Толкундоолор, каршылык акциялары Сянгандын экономикасына укмуштуудай залал тийгизди. Башаламандыктын катышуучулары радикалдуу мүнөздөгү, сепаратизм чакырыктары менен чыгышкандыгын дагы көрүүгө болот. Ошондуктан, Кытай бийлиги тартипти сактоо үчүн мындан да активдүү кадамдарга баруусу абзел.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)