WeChat      Избранное

Бактыбек Рысалиев: ««Бишкек шаарынын абасынын булганычы нормадан 12 эсе жогору»,-деген маалымат чындыкка дал келбейт»

11/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Бактыбек Рысалиев: ««Бишкек шаарынын абасынын булганычы нормадан 12 эсе жогору»,-деген маалымат чындыкка дал келбейт»

Сүрөт редакцияга таандык 

Учурда, Бишкек шаарынын тургундарын абдан тынчсыздантып, ойлонтуп жаткан башкы маселе бул абанын түтүн басып, нормадан ашык булганыч болуп жатканы болууда. Жалпы коомчулук ушул маселенин үстүнөн ойлонуп, зарыл болсо бир күндү автоунааларды колдонбой турган күн катары белгилөөнү сунушташууда. Чындыгында, таза аба менен дем алуу ден соолуктун башкы ачкычы экени шексиз. 

Ал эми, айрым массалык маалымат каражаттарында, интернет булактарында « Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы эң кир шаар»,-деген маалымат берилип жатат.  Биз дагы ушул маалыматтын чын-төгүнүн тастыктоо  үчүн КРдин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине кайрылдык.  Аталган мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев бизге бул тууралуу толук кандуу маалымат берип, айтылып жаткан көйгөй чындыкка дал келбестигин дагы баса белгиледи. 

«Учурда, автоунаалар абаны булгаган эң биринчи булактын катарына кирет»

-Кээ бир коомдук уюмунун өкүлдөрүнүн маалымат каражаттарына тараткан  «Бишкек шаарынын абасынын булганычы нормадан 12 эсе жогору»,-деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Учурда, борбор калаабыздын абасынын булганычы нормадан 2 эсе гана жогору болууда. Белгилеп кетүүчү жагдай, ушул маалыматты берип жаткан коомдук уюмунун датчиктери Кыргызстандарттан аккредитациядан өткөн эмес. Мындан тышкары алардын анализдеринин жыйынтыктары эч нерсеге негизделбеген. Ушундан улам биз коомдук, өкмөттүк эмес уюмдарга, жарандык активисттерге такталбаган чийки маалыматтарды таратып элди дүрбөлөңгө салбоону суранат элек.

Абанын булганышын өлчөө үчүн Бишкек шаарында атайын 7 пост коюлган. Алар абанын химиялык курамын анализдеп турат. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча ноябрь айында Кыргызстандын шаарларындагы абанын булгануу деңгээли бир аз өзгөргөн. Бул дагы жылуулук системасынын ишке кирүүсү менен түшүндүрүлөт. Бирок абанын өтө кирдеп кеткен учуру аныкталган эмес. Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө абанын булганычы шаар боюнча алып караганда ортодон жогору. 

Күкүрт диоксидинин бир айдагы орточо көлөмү кубметри белгиленген норманын чегинде 0,02 миллиграммды, азот диоксидиники 0,02 миллиграммды, формальдегиддин кубометрине болгон катышы 4,3 миллиграммды түзгөн. Атмосферанын булганышын көзөмөлдөгөн автоматташтырылган станциялардан алынган маалыматка ылайык, абадагы көмүртек оксидинин, күкүрт диоксидинин, азоттун оксиди менен диоксиди белгиленген норманын чегинде.

Учурда, автоунаалар абаны булгаган эң биринчи булактын катарына кирет. Анткени, азыркы тапта Бишкек шаарында 426 миңден ашуун автоунаалар катталган.  Эгерде, жыл сайын Бишкектин атмосферасына 240 миң тонна уулуу газ чыкса, анын 180 миңин автоунаадан чыккан уулуу заттар түзөт. Ал эми өнөр жайдан чыккан уулуу заттар болгону 10 пайызды гана берет.

«2019-жылда Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын кыска мөөнөтүү иш-планы 12 пункттан турат»

-Биздин агенттик 2019-жылга Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган иш- чаралардын кыска мөөнөтүн аткаруунун алкагында бул жолу Бишкек шаарынын Гагарина-Некрасова, Лущихина-Клинская, Месароша-Абдраева, Москва-Үметалиева, Бакаева-Ахунбаева көчөлөрүн, “Арча-Бешик, Ак-Өргө, Ак-Ордо жаңы конуштарын учуучу дрон аппаратынын жардамы жана атайын чаң өлчөөчү аппарат менен абанын зыяндуулугун изилдөөгө алышты. Изилдөөнүн жыйынтыгында төмөнкү аймактарда абанын деңгээли тийиштүү нормадан жогору экендиги аныкталды: Лущихина-Клинская-диоксид азот-3,0 эсе, РМ 2,5-7,7 эсе, РМ10 4,2 жана жалпы чаңдын көлөмү-1,6 эсе; Месароша-Абрдраева-диоксид азот-2,5 эсе, РМ 2,5-4,9 эсе, РМ 10-2,7 эсе жана чаңдын көлөмү-1,6 эсе; Москва-Үметалиева- диоксид азот-2,3 эсе, РМ 2,5-4,5 эсе, РМ 10-2,5 эсе жана чаңдын көлөмү1,5 эсе; Бакаев-Ахунбаева-диоксид азот-2,7 эсе, РМ 2,5-4,9 эсе, РМ 10-2,7 эсе жана чаңдын жалпы көлөмү-1,6 эсе. 

Ал эми башка даректерде абанын булганычы тийиштүү норманын чегинде экендиги маалым болду. Мындан тышкары изилдөөнүн жүрүшүндө көчөлөрдөгү мыйзамсыз автоунаа токтотуу, унаа тыгындар, жол эрежелерин бузуу фактылары да ачыкталды. Катталган бардык мыйзам бузуу фактылары күнөлүүлөргө мыйзам чегинде ыкчам административдик чара көрүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү. 

Бишкек шаарындагы абанын булганышын изилдөө максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жакынкы арада Бишкектин кичи райондорун, борбордук көчөлөрүн жана баардык жаңы конуштардын абасын текшерүүгө алышмакчы. 

Түзүлгөн мындай жагдайга ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Бишкектин абасын жакшыртуу боюнча иш-чарага шаар ичиндеги маршруттук каттамдагы кичи автобустардын санын кыскартып, чоң автобустардын санын көбөйтүү, троллейбустардын жана троллейбус линияларынын санын көбөйтүүнү сунуштоодо.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги иштеп чыккан 2019-жылда Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын кыска мөөнөттүү иш-планы 12 пункттан турат. 

Алардын негизги пунктарынын бири жол эрежелерине, мыйзамсыз авто унаа токтоткондорго болгон көзөмөлдү күчөтүү, (өзгөчө ири соода түйүндөрүнүн, базарлардын, административдик жана коомдук имараттардын айланасында) шаардын борбордук көчөлөрүн тыгындардан бошотууда коомдук транспорттордун санын көбөйтүү менен кичи автобустардын санын кескин кыскартуу, троллейбустардын санын көбөйтүү, коомдук транспортторду жаратылыш газына өткөрүү, учуучу аппарат дрондун жардамы менен ордо калаабыздын борборун, борбордук көчөлөрүн, кичи райондорду, жаңы конуштарды,мончо, ири менчик ишканалардын, базарлардын айланасына мониторинг жүргүзүшүп жол жүрүү эрежелерин бузган, мыйзамсыз жерлерге авто унаа токтотуу менен тыгындарга жол берген, тийиштүү нормалардан ашыкча абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган авто унааларды, резина жана кийим-кечектердин калдыктары менен жылытылган мончо, ишкана-мекемелерди аныктоо.

Аныкталган бардык мыйзам бузуу фактылары видео жана сүрөттөргө тартылып күнөлүүлөргө ыкчам түрдө административдик чара көрүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга (Мамлекеттик экотехинспекциясына, ИММге, МАИге ж.б.) жөнөтүлмөкчү.

Кытай булганган аба менен кантип күрөшүүдө

2014-жылы Кытай өкмөтү «Булганган абага согуш жарыялаган». Ушул беш жыл аралыгында бул согуш талаасында Кытайдын жеңишке жетип жаткандыгын көрүүгө болот. Чындыгында, бул көйгөй жалпы коомчулук үчүн абдан маанилүү. Эгерде, алдыга коюлган максаттар жүзөгө ашып, туруктуулук байкалса, келечекте ар бир кытай жаранынын жашоосу орточо эсеп менен 2.5 жылга узармакчы. Коңшу мамлекеттин ири шаарларындагы аба түтүндөрү, туман менен күрөшүү үчүн мамлекет тарабынан 270 млрд доллар бөлүнгөн, ага кошумча 120 млрд Пекиндеги абанын тазалыгы үчүн берилген. 

Учурда, бул жаатта мыкты иштер аткарылып, салыштырмалуу түрдө экология жакшырып, абанын дагы тазалангандыгын байкоого болот. Мунун бардыгы, Кытай өкмөтүнүн бул багытта системалуу түрдө иш жүргүзгөндүгүнө байланыштуу. Алгач, өлкөнүн көмүргө болгон көз карандылыгын азайтышкан. Көмүр менен иштеген ишканалар, завод-фабрикалар шаарлардан алыс көчүрүлүп, же болбосо көмүрдүн ордуна башка энергия булагы колдонула баштаган. Абага зыяндуу газ түтүндөрүн чыгарган автоунааларын толугу менен токтотуп, алмаштыруу зарыл болгон. Ошондуктан, мамлекет тарабынан талапка жооп бербеген автоунааларды утилизациялоо чечими кабыл алынган. Көмүр электрстанцияларын курууга тыюу салынган. 2017-жылы көмүр менен иштей турган 103 электрстанциясынын курулушу токтотулган. Ал гана эмес, көмүр жагылып жылыган үйлөрдөгү мештер, газ мешине же болбосо жөн гана электр жылуулук системасына алмаштырылган. Эң негизгиси бүтүндөй Кытай боюнча жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, токойлор пайда болуп, бак-шактуу жашыл шаарлар көбөйгөн. КЭР туризм тармагына басым жасап, зыяндуу өнөр жай ишканаларын азайтууда. Кээ бир серепчилердин айтуусунда Кытай бул күрөштө жеңишке жетишти. Бирок, ошентсе дагы бүгүнкү күнү да бул жаатта коңшу мамлекет жигердүү иш-аракеттерди кылып келүүдө. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)