WeChat      Избранное

Миң бир түскө боелгон жомок дүйнөсү-Сишуанбаньна

01/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Миң бир түскө боелгон жомок дүйнөсү-Сишуанбаньна

Сүрөттөр редакцияга таандык

Чындыгында, мен мурун Кытай тууралуу жетишээрлик деңгээлде маалыматым бар деп ойлочумун. Бирок, коңшу мамлекетке болгон сапарым дагы бир жолу сырдуу Кытайдын ары кызыктуу, ары таң калтыра турган “дүйнөсү” абдан көп экендигин тастыктады.

Мына, ушундай “дүйнөлөрдүн” бири мен үчүн бул Юньнань провинциясында жайгашкан Сишуанбаньна аймагы болду. Бул Дай автономдуу округу болуп саналат. Анын административдик борбору Цзинхун шаары. 16 мамлекеттен келген 24 журналист дал ушул Цзинхун шаары менен жакындан таанышып, цзино азчылык улутунун салт-санаасын,тарыхын, жашоо-шартын үйрөндүк. 

Сишуанбаньна Юньнаньдын эң түштүк аймагы болуп саналат. Ал Бирма жана Лаос менен чектеш жайгашкан. Ошондуктан, бул жерде ар түрдүү маданияттардын айкалышуусун көрүүгө болот. Бизди эң алгач эле жашыл, көрктүү Цзинхун шаары, тропикалык өсүмдүктөргө толгон көчөлөр тосуп алды. Бул гана эмес түркүн-түстүү куштардын, кооздолуп жасалгаланган пилдердин айкелдери дагы өзгөчө маанай тартуулап турду. 

Миң бир түскө боелгон жомок дүйнөсү-Сишуанбаньна

Мен эмнегедир өзүмдү жомоктор дүйнөсүнө туш келгендей сездим. Кайсы тарабыңды караба алтын түскө боелгон имараттар, өзгөчө архитектуралык курулуштар мага эмнегедир “Алладиндин” дооруна келип калгандай таасир калтырды. Цзинхун сөзү дай элдеринин тилинде “таңкы шаар, күн шаар” маанисин берет экен. Чындыгында эле, шаар күн жаңы чыгып, таң атып келе жаткан маалда укмуштуудай кооздукка бөлөнүп чыгаарына күбө болдум. Анын кооздугун сүрөттөп берүүгө сөз жетпес. Бардыгыбыздын ичибизде “кичинекей мен” жашаса керек. Мен дагы ар бир курулушту, таажы кийгизилген куштарды, өзгөчө жаркыраган айлана-чөйрөнү көргөнүмдө кичинекей баладай кубанып, ар бир кооздуктан мыкты маанай алып жаттым. Ушундай дүйнөгө туш келип калганыма таң калып, мен билген Кытайдын дагы бир сулуу жүзүнө күбө болдум. 

Дай аймагында 13 этникалык топ жердейт. Алар Дай, Цзино, Лаху, Яо, Булань, Хани ж.б. топтор. Бул улуттар өздөрүнүн өзгөчө түстүү, шаңдуу жана кызыктуу салт-санаалары менен айырмаланат. Ошондуктан, дүйнөнүн туристтери дал ушул маданиятты көрүү үчүн Дай округуна көп келишет. 

Табият менен таттуу мамиледе жашаган цзино эли

Цзино улутунун өкүлдөрү негизинен өз эне тилинде сүйлөшүп, баарлашышат экен. Арасында кытай жана дай тилинде дагы эркин сүйлөшкөндөрүнө күбө болдук. Мен өткөн сандагы материалымда айтып кеткендей, Юньнаньда ар бир улуттун жеке өзүнө гана тиешелүү аймактары болот экен. Алар ошол жерде кандайдыр бир тарыхый жайларды, улуттук парктарды ачып, толугу менен ошол жерде каада-салтын, маданиятын сактап, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүп, киреше табышат экен. Кытай өкмөтү алардын өнүгүп-өсүүсү үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берген. 

Миң бир түскө боелгон жомок дүйнөсү-Сишуанбаньна

Цзино элинин дагы мына, ушундай аймагы бар экен. Ал жак толугу менен бул элдин маданиятын чагылдырып, бул жерде улуттук кийим-кечесинен бери сатылаарын көрдүк. Эң алгач менин көзүмө урунганы бул алардын улуттук кийими болду. Цзино кызынын баш кийиминен баштап, бут кийимине чейин түркүн-түстүү болуп, өтө ачык өңдөрдөн токулган чиймелер кетиптир. 

Негизинен алар жер менен иштеп, кол өнөрчүлүктү дагы мыкты өнүктүрүшүптүр. Эң белгилүү кол өнөрчүлүгү бул-токуучулук экен. Чындыгында, бул өнөр биздин элде дагы бар. Бирок, цзино элинде токуучулук кан-жаны менен бирге жаралып, маданияттын көркү, улуттук баалуулук катары эсептелээрине күбө болдук. Анткени, тарых музейлеринде дагы байыркы токума аспаптардын сакталып тургандыгын көрдүк. Абдан ачык түстөрдү айкалыштырып, жиптин узундуктары бир канча метр бою созулуп жатат экен. Ал жиптер дагы өзгөчө бир жол менен өрүлүп, өңдөрү дагы табигый жол менен алынаарын айтышты. 

Миң бир түскө боелгон жомок дүйнөсү-Сишуанбаньна

Чындыгында, биз үчүн ушунчалык ачык түстөрдү кандай жол менен алаары сыр бойдон калды. Бирок, канча жуулса дагы 5 жыл бою өңү эч кетпейт дешти. Цзино элинин улуттук кийими толугу менен токума экен. Жада калса, көтөргөн сумкалары дагы токулуп, жасалыптыр. 

Тоо боорунда жайгашкан бул аймакта туристтер үчүн эң кызыктуу иш-чаралар уюштурулуп турат экен. Ал жакта цзино элинин улуттук медицинасы менен дагы тааныштык. Жалпы кытай элиндей эле табигый дарыланууга басым кылган цзино калкы дагы, дары чөптөр менен ден соолугун чыңдашаарын айтышты. 

Биз мындан сырткары, бул элдин улуттук каада-салтын, маданиятын чагылдырган оюн-зоок программасына дагы күбө болдук. Бардык эле калктардай, улуттук бийинде жер менен иштеген дыйкандардын элесин берип, талаада иштеп жүрүп табышкан кыз менен жигиттин сүйүүсүн чагылдырышты. 

Миң бир түскө боелгон жомок дүйнөсү-Сишуанбаньна

Жаштык демин толук берген бул оюн-зоокто шамандардын орду дагы даңазаланып өттү. Себеби, бул эл күн менен отко табынып, шамандарды өзгөчө барктап, баалаган эл болот экен. Программанын соңунда, биз дагы кошо цзино элинин бийин бийлеп, бул сапарыбызды кызыктуу жыйынтыктадык. 

Менин өзгөчө эсимде калган учурду айта кетсем, мен өмүрүмдө биринчи жолу бананды өсүп турган жеринен үзүп алып жедим. Даамы чындыгында, өзгөчө болот экен. Бул эл жерди өзгөчө баалап, кастарлашат экен. Байыркы мезгилдерде, жерди бир канча жыл иштеткенден кийин 10 жылга чейин ошол аймакка келип, кайра бир нерсе өстүрүп, өндүрүшчү эмес экен. Анткени, жер эс алуусу зарыл деген түшүнүк менен жашагандыктарын айтышты. 

Миң бир түскө боелгон жомок дүйнөсү-Сишуанбаньна

Эмнегедир мага, цзино элинин маданияты абдан жакты. Аларда айлана-чөйрөгө, жаратылышка болгон сый-урмат абдан күчтүү экендигин байкадым. Табияттын койнунда, жаратылыш менен айкалышып жашашат экен. 

Ал эми, ар түрдүү маданияттын кайнаган жеринде жайгашкан Цзинхун шаарында канчалаган этникалык улуттар биримдик жана ынтымак ичинде жашап, жомоктогудай дүйнөсүндө өмүр сүрүп жаткандыктарына күбө болдук. 

Кийинки сапарыбыз Хэбэй провинициясына болмокчу. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)