WeChat      Избранное

Жаркын келечекке карай ташталган алгачкы кадамдар-“Транс-Кыргыз Газ Пайплайн” компаниясы студенттерин Кытайга узатты

09/09/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Жаркын келечекке карай ташталган алгачкы кадамдар-“Транс-Кыргыз Газ Пайплайн” компаниясы студенттерин Кытайга узатты

Сүрөттөр редакцияга таандык

“2018-жылдын 12-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Сиань Мунайзат университети жаңы окуу жылынын башталышына карата салтанаттуу кече уюштурду. Бул кечеге жаңыдан гана университеттин босогосун аттаган Кыргыз Республикасынын Ош облусунун 30 студенти катышышты. Дал ушул күндөн баштап, кыргыз балдардын Кытай жергесиндеги 4 жылдык окуу мезгили башталды десек болот”,-деп, былтыр биз КЭРге жаңы гана мектеп партасынан чыккан окуучуларыбызды билим алууга узаткан элек. 

Мына, убакыт учкан куш дегендей, бат эле бир жыл өтүп, кайрадан ошол студенттер менен көрүшүп, Кытай жергесиндеги жашоо-турмушу, окуусу тууралуу билдик. Бул жолугушууну үстүбүздөгү жылдын 30-август күнү “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” кытай компаниясы уюштуруп берди.  

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, бул студенттерди “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” кытай компаниясы толугу менен каржылап, Сиань Мунайзат университетине билим алууга жиберген. 30 баланын бардыгы Ош облусунун Алай жана Чоң Алай райондорунун мектеп бүтүрүүчүлөрү болчу. Алар Кыргыз Республикасынын Жалпы Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына карата тандалып, андан соң маектешүү аркылуу окууга кабыл алынышкан.

Жолугушууга, компаниянын башкы директору Гуань Синьлай баш болгон жетекчиликтин бардык өкулдөрү катышып, жыйын ар бир студенттин чет жердеги жашоосу, университети, Сиань шаары тууралуу жасаган кыскача баяндамасы менен коштолду. Эң кызыктуусу, бир жыл мурун кытай тилинде бир дагы сөз билбей кеткен окуучулардын быйыл кытай тилинде сүйлөп, баяндама жасаганга жарап калгандыгында болду. Алардын арасында кагаз карабай, кытайча өз оюн эркин билдирген студенттердин көп болгондугу кубандырды. 

Муну менен катар эле, жолугушууда студенттер быйылкы окуу жылындагы жаңы эрежелер, талаптар менен таанышышты. Соңунда, компаниянын директору Гуань Синьлай мырза ар бир студентке жаңы окуу жылында ийгилик каалап, алар ата-энеси, компания жана өздөрүнүн жаркын келечеги үчүн талыкпай билим алып, өз кесибинин татыктуу адистери болуп кайтып келүүлөрү керектигин баса белгиледи. 

Студенттер бир жыл аралыгында кытай сынагын ийгиликтүү тапшырып, окууда жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтө алышкан. 

Гуань Синьлай, “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясынын директору: “Компания студенттердин толук кандуу билим алуусу үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берген” (ПОДЗАГОЛОВОК) 

-2018-жылы КЭРдин Сиань Мунайзат университетине билим алууга жиберген студенттерибиз быйыл даярдоо курсун аякташты. Учурда, эс алуулары соңуна чыгып, кайрадан окууга кеткени турушат. Ошондуктан, жаңы окуу жылынын башында компаниянын кеңсесинде жолугушуу өткөрүп жатабыз.

Бүгүн студенттерибиз өздөрүнүн кытай жергесиндеги жашоо-турмушу, окуусу тууралуу маалымат беришти. Мен аларды угуп абдан кубанычта болдум.  Балдардын дүйнө таанымынан баштап, ой-жүгүртүүсү дагы өсүп, ар тараптуу өнүккөндүгүн көрдүм. Кытайча бир дагы сөз билбей барып, учурда бул тилде сүйлөп калгандыктары кубанаарлык иш. Бул эми, мындан ары дагы адистикти окууга жакшы бир кадам болуп бермекчи. 

Компания студенттердин толук кандуу билим алуусу үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берген. Университет менен байланышып, тажрыйбалуу мугалимдердин сабак берүүсүнө дагы өбөлгө болгон. Чындыгында, мындай шарттар башка студенттерде жокко эсе. 

Бир жылдык окуудан кийин биздин студенттер кытай тилин жакшы бир деңгээлге көтөрүштү. Кытай тили боюнча ар түрдүү сынактарга катышып, өздөрүн эң жакшы жактан көрсөткөн студенттерибиз дагы көп болду. Мисалы, окуу мөөнөтү эки айга жетпеген убакта сынакка катышып ийгилик жараткан студентибиз дагы бар. Биз ушундай студентерибиз менен ар дайым сыймыктанабыз. 

Биз дагы университет мугалимдери менен тыгыз байланышта болуп, алардын окуусу, жүрүш-турушу, сабактарга катышуусу тууралуу бардык маалыматтарды алып турабыз. Алардын ар бир кыймылы биздин көз алдыбызда десем болот. Багынткан ийгиликтерине кадимкидей кубанам, кемчиликтери болсо капа болом.  

Студенттерибиз берилген  мүмкүнчүлүктү толук жана туура колдонот деп үмүттөнөм. Себеби, аларга компания, ата-эне, жакындары үмүт артып, жакшы бир ийгиликке жетишет деп күтүп жатат. Окууларын ийгиликтүү аяктап, жаркын келечегин түзүү дагы алардын өз колунда. Буга бардык ыңгайлуу шарттар бар. 

Рыскулов Мирахим, студент: “Ата-энемдин, компаниянын үмүтүн актаганга болгон күч-аракетимди жумшайм”

-Мен Кытайга алгач барганда тилди билбегендигим үчүн бир топ эле кыйналдым. Негизинен,  англис жана орус тилдерин дагы жакшы өздөштүрбөгөндүгүм үчүн сабак окуу оор болду. Себеби, ал жактын мугалимдери толугу менен англис тилинде эркин сүйлөшөт. Сабактан түшүнбөгөн жерлерди англисче айтып беришээр эле. Мугалимдерибиз бардык жактан колдоо көрсөтүп турушту, жеке гана сабактан эмес, башка учурларда дагы жардамын эч аяшкан жок. Бош кезибизде Сианьдын ажайып жайларын кыдыртып, эс алдырып жатышты.  

Кытай мага дүйнөнү кеңири таанытты десем жаңылышпайм. Ал жактан ар башка мамлекеттерден келген студенттер менен таанышып, достоштум. Ар биринин маданияты, каада-салты, менталитети жөнүндө аз да болсо маалымат алдым. Ал эми, кытай маданиятын, тарыхын жакындан таанып, үйрөндүм. Мурун, коңшу мамлекет жөнүндө билгеним аз болсо, бүгүнкү күнү аны жакшы таанып, тилин үйрөнүп, билимин алып жатам. Бизге ушундай мыкты мүмкүнчүлүктү түзүп берген “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясына терең ыраазчылыгымды билдирмекчимин. Ата-энемдин, компаниянын үмүтүн актаганга болгон күч-аракетимди жумшайм. 

Албетте, башында мага оор болду. Ата-энемди, жакындарымды сагындым. Кыйналганда үйгө кетким келди, бирок канчалык кыйналып окусаң, жемиши ошончолук таттуу болот деп чыдадым. Эми, аз да болсо көнүп калдым. Тилди үйрөндүк. Быйыл анчалык деңгээлде кыйналбасак керек. Бүгүнкү жолугушуу учурунда дагы жоопкерчиликти сездим десем болот. Гуань Синьлай мырза айткандай, бардыгы өзүбүздүн колубузда. Аракет кылып, жакшы окуп, элдин үмүтүн акташыбыз керек. 

Мамирасулов Рахманберди, студент: “Кытай эли меймандос келип, чет элдиктерге абдан жакшы мамиле кылышат”

Жаркын келечекке карай ташталган алгачкы кадамдар-“Транс-Кыргыз Газ Пайплайн” компаниясы студенттерин Кытайга узатты

-Мен учурда Кытай Эл Республикасынын Сиань Мунайзат университетинде билим алып жатам. Чындыгында, алгач Кытай жергесинде жашоо оңой болгон жок. Бирок, азыр көнүшүп калдым. Сиань шаарында Кыргызстандан барган студенттер көп эле экен. Ал жакта иштеп жүргөн ага-эжелерибиз дагы бар. Бардыгы менен тааныштык. Кез-кезде алар дагы өз жардамдарын көрсөтүп турушат. 

Ал эми, кытай тилинен берген мугалимдерибиз дагы абдан жакшы. Тил үйрөнүүдө кыйналсак, “шашпагыла,  аста-астадан үйрөнөсүңөр” деп колдоп турушат. Кытай эли дагы мага абдан жакты. Алар меймандос келип, чет элдиктерге абдан жакшы мамиле кылышат экен. Кандай суроо менен кайрылба, жардам бергенге аракет кылышат. Сиань шаары абдан кооз шаар. Тарыхый жайлары көп. Ошондуктан, жайы-кышы дебей туристтердин агымы токтобойт экен. 

Бардыгыбыз эле, кытай ашканасына көнө албай кыйналдык. Эмнегедир, кытай эли ачуу тамактарды жакшы көрүшөт экен. Бирок, ал жакта мусулман ашканалары дагы көп. Андыктан, ошол жактардан тамактанып жаттык. Колубуз бошоп калганда, өзүбүз дагы тамак жасап жейбиз.

Негизи, Кытайдагы бир жылдык жашоом кызыктуу болду. Студенттик күндөрүм Кытайда өтүп жаткандыгына абдан кубанычтамын. Бизге ушундай шартты түзүп берген “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясына рахматымды айтмакчымын.  Ата-энем дагы бул компанияга абдан ыраазы. Келечекте, эки элдин ортосундагы достук мамилени өнүктүрүүгө салым кошкон инсандардан болгум келет.

Ырыскелди Абытов, студент: “Биз жеке гана кытай тилин үйрөнбөстөн, кытай маданиятын, каада-салтын дагы жакындан таанып калдык”

-Мен Ош облусуна караштуу Чоң Алай районунан болом. Биз алгач, Кытай жергесине барганда тили жок адамдай болуп, эч нерсени билбей абдан эле кыйналдык. Мугалимдерибиз болсо, “тартынбай, сүйлөшкүлө, кытай досторду” тапкыла деп көп айтышчу. 

Андан соң, кытай тилине абдан көңүл буруп, бир-бирибизге атаандашып окуй баштадык. Азыр кытай тилинде сүйлөп калдык. Чындыгында, жаңы тилди үйрөнгөн абдан кызыктуу экен. Биз жеке гана кытай тилин үйрөнбөстөн, кытай маданиятын, каада-салтын дагы жакындан таанып калдык. Мага кытай эли абдан жакты. Меймандос эл болот экен. 

Сиань шаары Кытайдагы белгилүү шаарлардын бири. Анткени, ал жерде тарыхый жайлар көп. Шаардын тарыхы дагы абдан кызыктуу окуяларга бай. Мен ушундай жерде билим алып жаткандыгым үчүн сыймыктанам. Ушул мүмкүнчүлүктү түзүп берген бардыгыңыздарга ыраазымын.  Алдыда, дагы 3 жылдык окуубуз бар. Келечекте мыкты инженер болуп чыгуу менин изги тилегим. 

КРда газ түтүгү Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтөт 

Эске сала кетсек, Түркмөнстандан Кытайга Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу газдын транзитинин аймактык долбоору өткөрүлмөкчү. КРда газ түтүгү Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтүп, анын узундугу 215 чакырымды түзөт. 

Долбоор 2019-жылдан 2021-жылга чейин ишке ашырылуусу күтүлүүдө. Келечектеги газ түтүгү 35 жыл иштейт. Бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эң ири долбоор катары бааланып, алдыда Кыргызстанга жалпысынан 2 миллиард доллардан ашык каражат алып келүүсү айтылууда. Газ түтүгү жер астында болот, андыктан айыл чарба ишмердүүлүнө, экологияга эч кандай зыяндуулугу болбойт. Долбоор ишке ашканда, жердин транзити жана ижарасы үчүн дүйнөлүк рынокко байланыштуу, жылына орточо 50-60 миллион доллар салык төлөнөөрү күтүлүүдө. 

Долбоор Кыргызстанда 100 пайызга жеке инвестициялардын негизинде ишке ашат. Долбоордун алкагында, курулуш иштери учурунда 1 миңге жакын кошумча жумушчу орундар түзүлүп, эксплуатация учурунда 200 жумушчу орун берилмекчи. Компания менен жумушчулардын 80 пайызы жергиликтүү калк болот деп макулдашылган.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)