WeChat      Избранное

Ханчжоу-жан дүйнө баш паанеги

06/09/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Ханчжоу-жан дүйнө баш паанеги

Ханчжоу шаары. 

Сүрөттөр интернеттен алынды

Кытай Эл Республикасы өзүнүн басып өткөн жолу, тарых-таржымалы менен катар эле шаарлары, уникалдуу архитектурасы, ажайып жайлары менен белгилүү. Биз “Кытайга кадам” рубрикабыз аркылуу коңшу мамлекеттин маданияты, каада-салты, тарыхый жайлары менен катар эле заманбап шаарлары менен дагы жакындан тааныштырып келебиз. 

Бүгүн биз байыртан чыгармачыл адамдардын сүйүктүү жери болгон Ханчжоу шаарынын ажайып жайлары жана “Миллионерлер айылы” –Хуаси жөнүндө айтып бермекчибиз. Бул эки жер тууралуу Ханчжоу шаарында жайгашкан Чжэцзян университетинин студенти Жылдыз Токтобай кызы дагы өз ой-пикири менен бөлүшүп, бизге кызыктуу маек куруп берди. 

Жылдыз Токтобай кызы: “Ханчжоу шаары өзү тарыхка, уникалдуу архитектуралык курулуштарга дагы бай аймак”

-Мен былтыр Кытайдын Ханчжоу шаарынын Чжэцзян университетине окууга өткөм. Өзүм дагы бул жактан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кытай тили жана адабияты бөлүмүн аяктагам. Ошондуктан, кытай маданияты, каада-салты, адабияты жаатында жакшы эле маалыматым бар болчу. 

Университетим абдан чоң. Сабактар негизинен англис тилинде өткөрүлөт. Ал жакта дүйнөнүн ар бурчунан келген студенттер окушат. Чындыгында, чет өлкөдө окуу жеңил эмес, бирок канчалык көп жерди кезип, билим тереңдетсең ошончолук дүйнө таанымың кеңейет деп ишенем. 

Эми, Ханчжоу шаары тууралуу айта турган болсом, бул шаар менин жан дүйнөмө жакын. Себеби, акын-жазуучулар, сүрөтчүлөр, дегеле чыгармачыл адамдарга кандайдыр бир жакшы маанай, илхам тартуулай турган сырдуу күчү бар. Мага дагы чыгармачылык, көркөм өнөр сүрөтчүлүгү абдан жагат. Бул сырдуу дүйнө мага кандайдыр бир жеңилдикти, жан дүйнө тынчтыгын берип, жашоонун маңызын түшүнүүгө өбөлгө болуп бере алат. Мен кандайдыр бир нерсеге тынчсызданып, же үйдү сагынганда Сиху көлүнүн жээгине барып отуруп келем. Ал жактын жаратылышы абдан жагат. 

Мындан тышкары, шаардын кайсы бурчуна барба, ар тарабыңда китеп окуу жайлары жайгашкан. Ал жактан каалаган китептериңди алып, ошол жерде окууга бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мен алгач, буга таң калсам, кийин эмне себептен бизде ушундай жайлар жок деп өкүнүп жүрөм. Ушундай жол менен дагы жаштар арасында китептин баалуулугун арттырып, китеп окууга жакшы үндөй алат белек. 

Ханчжоу шаары өзү тарыхка, уникалдуу архитектуралык курулуштарга дагы бай аймак. Кытайдын көпчүлүк шаарларындай бул жакта дагы эски менен жаңы эриш-аркак жайгашкандыгын көрүүгө болот. Бир жагынан алганда, заманбап курулуштар, көз мелжиткен имараттар болсо, бир жагында байыркы Кытайдын үзүндүсү болгон тарыхый жерлер орун алган. Алардын ар бирине тиешелүү кызыктуу уламыштары бар. 

Кытайга келгени бир катар шаарларды кыдырып келүүгө мүмкүнчүлүк болду. Бирок, алардын арасынан өзгөчө эсте калганы Хуаси айылы болду. Бул айыл Сучжоу аймагында жайгашып, Кытайдагы эң бай адамдардын айылы катары белгилүү экен. Чындыгында, айтылганы эле “айыл” болбосо, алдыңкы мыкты шаарлардан айырмасы жок экен. Ал жакта бир-бирине коендой окшош үйлөр, заңгыраган таптаза көчөлөр, кымбат баалуу унааларды көрдүк. Айылдын ортосундагы мейманкана дагы өзгөчө эсте калды. Ал абдан узун курулуп, өзгөчө шөкөттөлүп салыныптыр. 

Негизи эле, Кытай жеринде кызыктуу жайлар абдан көп. Акыркы жылдардагы алардын экономикасынын укмуштуудай өнүгүүсүнүн арты менен тарыхый жайлар дагы оңдолуп-түздөлүп, айылдары өнүгүп, бардык жагынан мыкты көрсөткүчтү көрсөтүп келе жатышат. Кытай эли ар качан өтмүшүн баалап, маданиятына өзгөчө көңүл буруп келишет. Бул дагы да болсо, мамлекеттин жаркын келечеги үчүн тандалган туура жол болсо керек.  

Чжэцзян университети-татыктуу билимдин ээси

Чжэцзян университети Кытайдын мамлекеттик университети болуп саналат. Ал 1897-жылы түзүлгөн. Бул Кытай Эл Республикасындагы күчтүү, кадыр-барктуу университеттеринин бири болуп саналат. Университетте окуу 11 багыт боючна жүргүзүлөт: башкаруу, юриспруденция, педагогика, адабият, тарых, медицина, экономика, философия, техникалык илимдер ж.б. Жогорку окуу жайдын курамына 24 колледж, улуттук деңгээлдеги 14 лаборатория жана 5 инженердик изилдөө борбору кирет. 

Бул жакта 40 миңден ашуун студент билим алат. Окуу негизинен англис тилинде жүргүзүлөт. Чындыгында, мугалимдик курам дагы абдан күчтүү. Жалпысынан 9 миңдей окутуучу болсо, алардын 200ү Кытай Илимдер Академиясынын профессорлору, 300 мугалим болсо Инженер Илимдер Академиясынын профессор даражасынын ээлери. 

Бул жерден өзгөчө сөзгө татый турган нерсе университеттин китепканасы. Ал Кытайдагы эң көлөмдүү китепкана болуп саналат. Анда 7 миллиондун тегерегиндеги эмгекти тапса болот. Окуу жайдын курамына провинция боюнча жайгашкан 6 медициналык клиника дагы кирет. Студенттер үчүн бардык керектүү кызмат көрсөтүү структуралары сунушталган. 

Сиху көлү-чыгармачыл адамдардын илхамы

Ханчжоу-жан дүйнө баш паанеги

Сиху көлү-алыстан бир элес.

Ханчжоунун бермети болгон Сиху көлү шаарындын батыш жагында орун алган. Ал болжол менен эки миң жыл мурун Цянтань суусунун агымдарынан топтолуп, пайда болгон. Кол менен жасап койгондой кооз жаратылышы, өзгөчө бир сыйкырдуу атмосферасы менен бул көл ар дайым чыгармачыл адамдарды, акын-сүрөтчүлөрдү өзүнө тартып, анын жээгинде дүйнөгө атагы чыккан эмгектер жаралган. 

Сиху көлү алгачкы жолу кытай эли тарабынан 781-жылы колдонула баштаган. Дал ошол мезгилде аймактын жетекчиси Ли Минин убагында, шаар тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында көлдүн алдында канализация казылып, курулган. Ал эми, Мин династиясы доорунда көлдү тереңдетүү иштери жүргүзүлгөн. Анын негизинде Сюйсиньтин жана Сяоинчжоу деп аталган эки жасалма арал пайда болгон. 

Бүгүнкү күнү Сиху көлү Кытайдагы бирден-бир ири туристтик борбор болуп саналат. Анын жээгине бак-дарактар отургузулуп, эң негизги ажайып жайлары тегерегинде орун алып, көлгө өзгөчө кооздук тартуулап турушат. 

“Улуттук Кытай чай” музейи-чай маданиятынын борбору 

Ханчжоу шаары “Кытайдын чай борбору” деп аталууга толук татыктуу. Анткени, дал ушул жерде дүйнөгө белгилүү Лунцзинь чай сорту өндүрүлүп, чыгарылат. Жергиликтүү калк чай каада-салттарына өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылып, байыртан бери келе жаткан чай маданиятын сактап, өнүктүрүп келет. 

Ошондуктан, 1991-жылы “Улуттук Кытай чай” музейи Ханчжоу шаарында ачылган. Чай музейине коюлган буюмдар жөн гана көргөзмөлөр жана экспозициялар эмес. Бул чыныгы чай маданиятынын борбору. Ал жакта музейге гана таандык плантация, чай каада-салттарына үйрөтө турган борборлор жана китепкана жайгашкан. 

Муну менен катар эле, чай салтанатын өткөрө турган ондогон залдар жана ресторандар бар. Чай маданиятын тереңдеп үйрөнүүнү каалагандар үчүн атайын мектеп дагы ачылган. Ал жакта, чай түрлөрүн айырмалоону, сапаты жана даамы аркылуу чайды тандоону, чай демдөө жана аны куюунун эрежелерин мыкты деңгээлде үйрөнүп чыгууга болот. Бул музейде чайдын тарыхы менен таанышып, анын өнүгүү жолун дагы көрүүгө болот. 

Ал тургай туристтер чай салтанатына катышып, өздөрүн дагы мыкты чайчы сезе алышат. Чай этикетин дагы үйрөнүүгө мыкты мүмкүнчүлүктөр каралган. Ошондуктан, чыныгы чайды даамдап, түрдүү чай дүйнөсүнө сүңгүп кирүүнү каалагандарга Ханчжоу шаарынын эшиги ар дайым ачык. 

Люхэта-алты гармония жана Баочу пагодалары

Ханчжоу-жан дүйнө баш паанеги

Асман тиреген мейманкана.

Люхэта мунарасы 970-жылы курулган. Ал Сун династиясынын бирден-бир белгилүү тарыхый архитектуралык курулушу болуп саналат. Узундугу 60 метрди түзүп, 13 ярустан курулган. Алгач, бул курулуш маяктын ролун аткарып, кемедегилерди жээктеги учтуу аскалардан болушунан кабардар кылып турган. 

Бирок, уламышка ылайык анын чыныгы кызматы катары аймакты толкун менен кошо келген мистикалык ажыдаарлардан сактоо болгондугу айтылат. Мына, ушундай “ажыдаарлардын” бири 1970-жылы аз жерден Люхэтаны жер үстүнөн жексен кыла жаздаган.  Анын аталышы дагы будда динине байланыштуу. Динде “алты гармония” бул жер, асман жана дүйнөнүн төрт тарабы катары белгилүү. 

Пагоданын үстүнөн шаар эң кооз көрүнөт, ошондуктан бул жай туристтердин дагы сүйүктүү жайы.  

908-978-жж. кытай архитектурасынын үлгүлүү мисалы катары Баочу пагодасы (пагода-будда дининдегилердин сыйына турчу жайы) болгон. Бул дагы Ханчжоу шаарынын ажайып жайларынын бири болуп саналат. Анын узундугу 45 м түзүп, тогуз ярустун жардамы менен көтөрүлгөн. Баочунун курулушу 963-жылы башталган. 

Ал ошол кездеги башкаруучу Чу ханынын жеңиштүү кайтып келүүсүнүн урматынан курулган. Курулуштун ичи абдан тар болгондуктан, ичинде тепкич жок. Эң үстүнө декоративдүү жарык бекитилген. Тилекке каршы, 20-кылымда пагода абдан начар абалга келип, аны оңдоп-түздөө иштери 1933-жылы гана жүргүзүлгөн. Бирок, бул иштер дагы жакшы аткарылбагандыктан эң үстүңкү эки ярус алынып, 14 метрге кыскарган. Бүгүнкү күнү бул жай туристтердин көңүл чордонунда болгон ажайып жайлардын бири. 

“Линьиньсы”-ыйыктардын жайы

Ханчжоу-жан дүйнө баш паанеги

Мейманканын көркү-алтын бука.

Линьиньсы Ханчжоу шаарындагы эң ири жана байыркы ибадаткана болуп саналат. Ал бир кабат болгон уникалдуу архитектуралык эстелик. Уламышка ылайык ибадаткана будда монахы Хуэй Ли тарабынан 326-жылы негизделген. Ал бул жайдын сулуулугуна ушунчалык таң калып, аны “ыйыктардын баш паанеги” болуусу керек деп эсептеген. Ибадаткана өзүнүн кылымдарды карыткан тарыхында 10 жолу кыйроого учурап, кайрадан оңдоо-түздөө иштери болгон. Ал 1965-1975-жж. оңдолуп толугу менен учурдагы сырткы келбетине келтирилген. 

Тарыхый жай 3 ири залдан турат. Борбордук залы Дасюньбаодянь деп аталып, узундугу 33,6 метрди түзөт. Ошого карбастан, залдын ичине эч кандай тирөөч коюлган эмес. Анын ар бир залында будданын айкелдери жайгашып, дубал беттерине дагы чегилип жасалган. Байыртан бул жай дүйнө жүзү боюнча көптөгөн дин адамдарынын келип ибадат кылган жери болсо, учурда туристтик борбор катары белгилүү. 

Кытай Эл Республикасынын жана башка мамлекеттердин жетекчилери дагы бул жайга зыярат кылып кеткендиктери маалым. Эң башкысы ибадатканада 19 метр бийиктиктеги Шакьямуни будда кудайынын отурган айкели орун алган. Ал Кытайдагы жыгачтан жасалып, алтын менен капталган эң ири будда болуп саналат. 

Хуаси-миллионерлер айылы

Хуаси айылы биз билген айылдарга эч эле окшошпойт. Ал Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясында жайгашып, күнүбүздө жалаң гана миллионерлер жашаган кыштак катары дүйнөгө белгилүү. 

Ал 1961-жылы түптөлүп, катардагы эле айыл болгон. Анын жашоочулары жокчулуктун запкысын тартып, оор турмушту башынан өткөрүп келишкен. Дал ошол учурда, айылдын парткомунун катчылыгына У Жэньбао келген. Бул ишке чейин ал жөн гана дыйканчылык менен алектенген. Ал 1969-жылы саясий жактан абдан кооптуу, бирок экономикалык жактан алганда өтө кирешелүү чечимди кабыл алган. Бул чечим У Жэньбао үчүн өлүм жазасы менен аяктоосу мүмкүн эле. Бирок, ал кыйынчылыктан башы чыкпай жашаган жердештерине боору ооруп, “Саясат жеке гана Өкмөттү эмес, Хуасинин жашоочуларын дагы канаттандыруусу керек” деген оюн ачык айтып чыккан. 

Тилекке жараша, ал бардык жактан колдоо алып, айылынын өркүндөп-өсүүсүн камсыз кыла алган. Партком катчысы “Дыйкан эң мол түшүмү менен дагы бай боло албайт, байлыкты акча гана берет”-, деген сөзүн кайталагандан эч тажачу эмес. 1970-жылдын аяктарында Кытайда жеке чарбачылыкты өнүктүрө башташкан. Ал эми, Хуаси болсо У Жэньбаонун жетекчилигинин алдында текстиль өндүрүш ишканаларын ачып, мыкты кирешелерге ээ боло баштаган. Аймак боюнча 8 ишкана иштеп, дүркүрөп өнүгө баштаган. Убакыттын өтүшү менен айылдын жанында жайгашкан 12 аймакты кошо ээлеген. Бүгүнкү күндө Хуасиге инвестициялардан эле жылына 4 миллиард АКШ доллары киреше катары кирип турат.  

Бүгүнкү күндө Хуасинин тургундары өзгөчө бир кыштакта жашашат. Ар биринде мыкты коттедж, алдыларында акыркы үлгүдөгү унаалар, банкта эң аз дегенде 3 миллион юаньдан кем эмес акчалары бар. Бекер билим берүү системасына, акысыз медициналык кызматтарга ээ. Бардык жергиликтүү жашоочулар “Хуаси” кооперативинин акционерлери. 

Мындан сырткары, айыл жашоочулары айына тамак-ашына 3000 юань жана 150 кг күрүч жылына алып турушат. Эгерде, айылдын тургуну 100 жылдыгын белгилесе, анда анын үй-бүлөсү 10 миң юань сыйлык алат. Айыл укмуштуудай молчулуктун, барчылыктын символу болуп турат. Ушул заманды алып келген У Жэньбаонун сүрөттөрүн айылдын көп жеринен жолуктурууга мүмкүн.

Хуасинин башкы көркү бул айылдын чок ортосунда жайгашкан, көз мелжиткен мейманкана. Анын узундугу 328 метрди түзүп, 74 кабаттан турат. Ал “Айылды көтөрөбүз” деген ураан менен түздөн-түз айкалышып тургандай сезим калтырат. Асман тиреген мейманканын эң үстүндө бассейн орун алган. Бул жерден гүлгө толгон бакчалардан баштап, заңгыраган ресторандарды көрүүгө болот. Ал эми, анын башкы залында бир тонна таза алтындан куюлган бука жайгашкан. 

Мына, ушундай барчылыкта жашаган Хуаси айылынын калкы бүгүнкү күнү туризм тармагына басым жасап, аны өнүктүрүүнүн үстүнөн иштеп келишет.  

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)