WeChat      Избранное

Канча тил билсең – ошончо адамсың...

22/11/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Канча тил билсең – ошончо адамсың...

Чогуу

Бүгүнкү маегибиздин каармандары Сауле, Айдай, Айжаркын Акматовалар. Эл-жер көрүүнү, кытай тилин үйрөнүп, терең билим алууну көздөгөн бир тууган кыздар максаттарына жетүүдө кандай жолду басып өткөндөрү жана келечектеги кыялдары туурасында кызыктуу кеп салып беришти.

- Эже-сиңдилер экенсиңер, сиздерге кытай тилин үйрөнүүгө эмне түрткү болду?

Сауле: - Азыркы мезгилде чет тилди билбесең болбойт. Анткени бул замандын талабы. Мен кыргыз, орус, англис тилинен тышкары кытай тилин тандап алгам. Кытай тили өтө оор тилдердин бири эмеспи. Бирок оор экенин билсем да, кытай тилин окуу мен үчүн абдан кызыктуу эле. Мына, 15 жылдан бери кытай эли, кытай тили менен иштешип келсем да, бул тил мен үчүн дагы деле кызыктуулугун жоготпой келет. Менден кийинки эки сиңдимдин дагы кытай тилин тандап алуусуна менин кеңешим жана салымым чоң болду.

Канча тил билсең – ошончо адамсың...

Айдай

- Айдай, кытай тили сизди эмнеси менен кызыктырды?

Айдай: - Мага негизи эле кытайдын маданияты, искусствосу жагат. Өзүм дизайнерликке шыгым бар болгондуктан, ошол жактан билим алдым. Башында тилди үйрөнүү кыйынчылык жаратканы менен чыдамкайлыгым, тилге болгон кызыгуум ошол кыйынчылыктардын баарын жеңди.

- А сизчи Айжаркын, эмне үчүн бул тилди тандап алдыңыз?

Айжаркын: - Кытай тилин окууга эң негизги себептердин бири – учурда бул тилдин актуалдуулугу деп эсептейм. Кытай элинин дүйнөлүк экономика жагында болобу, бизнес жагында болобу алдыңкы орунда тургандыгы мени суктандырса, бир жагынан шыктануу берет. Демек, алар менен достошуп, шыктануу алыш үчүн тилге муктажбыз. Мен ошол үчүн бул тилди тандадым. Анын үстүнө эки эжем тең кытай тилин билгендиктен, кичинекейимден эжелерим үй тапшырмасын жазып жатканда иероглифтерди көрүп жүрүп, аз болсо да үйрөнүп алдым. Мени эжелерим 7 жашымда эле Кытайга алып кетип калышты. Анан ошол жактан окуп калдым.

- Келечекте кандай инсан болууну каалайсың?

- Келечекте эки элдин ортосундагы достуктун көпүрөсүн бекемдеп турган ийгиликтүү  инсан болгум келет. Ал эми тилдин өзүн айта турган болсом кытай тили, өзгөчө иероглифтери мен үчүн канчалаган доорду ичине камтыган тарых сыяктуу сезилет. Алардын саны канчалык көп болсо, ошончолук тарыхы да көп. Демек, бул тилди окуп жатканда тилчи эле эмес, тарыхчы да болуп каласың.

Канча тил билсең – ошончо адамсың...

 Сауле

- Үч бир туугандын баары кытай тилин үйрөнгөнүнө ата-энеңерге кандай таасир берди?

Сауле: - Абдан кубанышканы эсимде. Атам менен энем менин кытай тилин окушума кошкон салымдары абдан чоң. Ар убакта ар тараптан колдоп турушчу, кийин Кытайга окууга кеткенде жана ал жакта иштеп баштаганда дагы кеңештерин берип турушту. Ошондогу ата-энемден алган кеңешти азыркы учурда сиңдилериме берем. Аларга абдан ыраазымын жана алар менен сыймыктанам.

Айдай: - Менин бул тил менен аралашуума улуу эжем көп салымын кошту деп айтсам болот. Өзү ал жактан окуп келип, мени алып кеткен. Алгач алардын тилин үйрөндүм, андан кийин кошумча дизайнерлик курста окудум, андан соң котормочу болуп иштедим. Албетте, ата-энем мени окусун деп эжеме кошуп, ак баталарын берип жөнөтүштү. Ал эми менин эл көрүп, тил үйрөнүшүмө Сауле эжемдин эмгеги зор.

Айжаркын: - Мага ата-энем “жакшы оку, канча тил билсең, ошончо адамсың”,  деп дайыма айтып келишет. Азыр менде баардык шарт бар, болгону аракет гана керек. Окуудан түшүнбөй калсам, үйгө келип эжемден сурайм. Мен үчүн дагы бул тилди окуганга улуу эжемдин салымы чоң. Эки эжем менин экинчи ата-энем сыяктуу эле жардамдарын беришип, дайыма кам көрүп турушат. Бул үчүн аларга ыраазымын. Кудай буюрса, келечекте алардын эмгеги текке кетпегенин далилдегим келет.

- Кытайдын кайсы шаарында окудуңар?

Сауле:  - Мен алгач кытай тилин Кара-Кол шаарында К.Тыныстанов атындагы  университеттин Чыгыш таануу факультетинде 5 жыл окуп бүтүрдүм. Кийинки 2 жылдык билимди Кытайдын Урумчи шаарындагы Сайжинь Институнда экономика-финансист деген факультетте окудум. Ал убакта азыркыдай бакалавр магистратурасы деле жок болчу. HSK сынактары деле жок болчу. Кытайда окуу, деги эле кытай тилин окуу кыйын болчу. Биринчиден, эки элдин ортосунда окуу келишими азыркыдай күчүнө кире элек болсо, экинчиден, гранттык окуулар ал кезде дээрлик жокко эсе болчу. Бир иероглифти түшүнбөй калсак китепканага барып сөздүктөрдөн издеп, ал жактан окуп, жаттап келчүбүз. Азыр баардык шарт бар, билбей калсаң телефонду карайсың, интернеттен издейсиң дегендей,  баары оңой. Азыркы окуучулар, студенттер биз сыяктуу оор китептерди көтөрбөйт. Алардын сөздүгү дагы, китеби дагы телефонунда. Жаштарга айтаарым, ушундай шартты колдон чыгарбай, пайдаланып алгыла дээр элем.

Айдай: - Мени эжем алып кетти. Алгач кытай тилин Урумчиден тил курсунан  2 жыл окудум, кийин Пекинден дизайнер курсун 1 жыл окудум.  Мен үчүн кытай тилин өздөштүрүү жеңил болду, анткени мен Кытайда окудум да. Кытай досторум көп болгондуктан алар менен чогуу жүрүп жумуштарга, окуума байланыштуу көп жерлерди кыдырдым. Аракет кылсаң баары болот экен.

Айжаркын: - Мен мектепке бара элек кезимде эле эжелерим мага кытайча санаганды үйрөтүп коюшкан. Мен болсо санап, ырдап берип айланамдагыларды таң калтырчумун. Негизи бир нерсени бат өздөштүрүп кеткен сапатым бар. Ал эми Кытайга мен 7 жашымда баргам. Ал жакта 3 жылдан ашык мектепте окудум. Эжелерим ал кезде Урумчиде жашачу, мен да алар менен бирге турдум. Ошол 3 жылдын ичинде эле көп нерсени үйрөндүм. Эртең менен окууга бара жатып 70, 80 жаштагы адамдардын чуркап жүргөнүн көрчүмүн. Китепканага барчумун. Эсимде, китепканага орун калбай калчу. Менин дүйнөтаанымым Кытайдан башталды. Кытайдын четки эле Урумчи шаары 10жаштагы кызга ушунчалык күчтүү таасир берип жаткандан кийин, андан чоңдорго кандай таасир берет болду экен деп ойлоно берем. Ошол оюмду ишке ашыруу үчүн жаштарга берген таасирин байкап, сезиш үчүн кайрадан Кытайга барууну пландап жатам. Буюрса кайрадан барсам, бизнес сырларын үйрөнүп келем. Алдыда Пекин, Гуанчжоу, Шанхай сыяктуу шаарлардан билим алууга болгон күчүмдү жумшайм. Ал жактын берген таасири да күчтүү болооруна ишенем.

Канча тил билсең – ошончо адамсың...

Айжаркын

- Азыр эмне жумуш менен алексиңер? Келечек максатыңар кандай?

Сауле:  - Мен алган билимимдин аркасында иштеп келе жатам. Урумчиде, Гуанчжоудо котормочу болуп иштеп жүрдүм. Кыргызстанга келгенде кытай медицина борборунда котормочу болдум. Окутуу борборлорунда, мектептерде иштедим, чынын айтсам жумушу жок калган жокмун. Учурда кошумча орус, англис, кытай тилдеринен котормочулук кылам. Буюрса, Кытайга кайра барып келүүнү пландап жатам. HSK 5 экзаменин бердим. Дагы деле кытай тилине, билимге суусап турган чагым. “Канча жашасаң, ошончо билим ал“ деген сөздү негизги принцип катары көрөм.

Айдай: - Мен Урумчиде жана Пекинде котормочу болуп иштедим. Кыргызстанда кытай медицина борборлорунда котормочу болдум. Эч кыйналган жокмун. Алган билимим, тилим менен акча таптым. Кытай тилин окуганыма эч өкүнбөйм. Азыркы учурда болсо эне болуп, 3 баламды тарбиялоо менен алекмин. Келечекте Кытайдан алган дизайнерлик билимимдин үстүндө иштесемби деген оюм бар.

Айжаркын:  - Мен болсо окуу менен алекмин. Конфуция Инстититунда  кытай тилин окуп жатам. Үчөөбүз тең бир тарапты көздөй багыт алганыбыз менен максатыбыз үч башка. Ал нерсе адамдын жөндөмүнө, каалоосуна жараша болот экен. Улуу эжем болсо көп тил билет. Дагы да үйрөнүүнү каалайт. Экинчи эжем дизайнерликке кызыгат,  а мен болсо бизнес жагына кызыгам. Менин Кытайдан келген мугалимдерим дагы ийгилик сырларын үйрөтүп, мени тренингдерге чакырып турушат. Ар кандай иш-чараларга чогуу алып барып турушат. Буюрса келечегим алдыда, баардыгына жетишкенге аракет кылып, сөз менен эмес, иш менен көрсөткүм келет.

-Ойлогон максаттарыңар ишке ашсын!


(Автор:Эленора Дүйшөналиева / Редактор:GL)