Үлпөт той үчүн "оорудум" деп анткорлонуп акча чогулткан келин. Британиядагы окуя
Стенден жана анын сүйүктүүсү Жеймс өздөрү каалагандай үлпөт той белгилесин деп достору сегиз жарым миң фунт стерлинг (966 235 сом) чогултуп беришкен.
Улуу Британиянын тургуну Тони Стенден кыялындагы үлпөт тойду өткөрүш үчүн өзүн оорукчанмын деп акча чогулткан. Бул тууралуу Mirror гезитине таянып РИА Новости кабарлады.
Ага ылайык, 29 жаштагы келин рактын акыркы стадиясы менен ооруп жатканын оюнан чыгарган. Эл ишенсин деп чачын алып, өзүнүн оорусу тууралуу маек берип да жетишкен.
"Рак менин башыма, сөөктөрүмө, бардык жерге жетти", — деп айткан ал.
Стенден жана анын сүйүктүүсү Жеймс өздөрү каалагандай үлпөт той белгилесин деп достору сегиз жарым миң фунт стерлинг (966 235 сом) чогултуп беришкен. Тойдон кийин түгөйлөр бал айын Түркиядан өткөрүшкөн. Көп өтпөй жакындары алардын калпын билип калганы айтылды.
"Ал бул оюну үчүн Оскар деле алмак. Досубуз баарыбызды алдады", — деген теңтуштарынын бири.
Стенден алдамчылык жолу менен акча чогултканын мойнуна алган соң абакка отурушу мүмкүн. Сот аны чогулткан акчаны кайра кайтарып берүүгө милдеттендириши ыктымал.
последние
● Новиков: Необходимо создать условия для бесперебойных грузовых перевозок между странами ШОС
● Үлпөт той үчүн "оорудум" деп анткорлонуп акча чогулткан келин. Британиядагы окуя
● Статистика в КР по COVID-19 за сутки: 380 новых случаев, 5 смертей
● Бизнес-омбудсмен КР встретился с отечественными предпринимателями
Рекомендация
- 1Пловцы из КР завоевали три золотые медали и серебро на турнире в Ташкенте
- 216-летняя «царствующая королева TikTok» вошла в историю
- 3Үлпөт той үчүн "оорудум" деп анткорлонуп акча чогулткан келин. Британиядагы окуя
- 4«Аркус» басмасы кытай авторлорунун китептеринин сериясын кыргыз тилинде чыгарды
- 5ЖМК: Лондондогу Шерлок Холмстун үйүнө Назарбаевдердин үй-бүлөсү ээлик кылат