WeChat      Избранное

“Кыргыз тилинин 60 жылдык мааракеси” Кытай жергесинде белгиленди

20/07/2017  Источник:оригинал   шрифта:

“Кыргыз тилинин 60 жылдык мааракеси” Кытай жергесинде белгиленди

Профессор Ху Чжэнхуа.

“Кыргыз тили - кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” демекчи, кыргыз тилинин, адабиятынын тарыхы бай, түбү терең. Улуттун өздүгүнүн белгиси болгон эне тилибиз бизди ар качан өзгөдөн айырмалап, маданиятыбызды, тарыхыбызды, мамлекетибизди дүйнөгө таанытып келет. Анан албетте, чет жерде, башка мамлекеттерде кыргыз тилин студенттерге үйрөтүү иштери жүргүзүлүп, эне тилибизге арналган иш - чаралар өткөрүлүп турганы бизди кубандырбай койбойт.   

Ушундай сүйүнүчтүү саамалык 2017 - жылдын 11 - июль күнү Кытай Эл Республикасынын борбору болгон Пекин шаарынын Борбордук Улуттар университетинде болуп өттү. Ал жакта “Кыргыз тилинин 60 жылдыгына” арналган маараке иш - чарасы уюштурулду. 

Муну менен эле бирге профессор Ху Чжэнхуанын “Кыргыз тилин үйрөнүү программасы” китебинин бет ачаар аземи болуп, кыргыз тилин үйрөнүп жаткан студенттер үчүн кош майрам болду.

Бул саамалык тууралуу, биз менен Кытай мамлекеттик коомдук илимдер академиясынын Улуттар адабиятын изилдөө Институтунун Түндүк улуттардын адабият изилдөө секторунун жетекчиси, филология илимдеринин доктору, профессор Адыл Жуматурду ой бөлүштү. 

“Мен, бүтүндөй кыргыз элинин атынан профессор Ху Чжэнхуага ыраазычылык билдирем”

- Бүгүнкү күнү биз үчүн абдан жакшы саамалык болду. Борбордук Улуттар  университетинде 1957 - жылдан баштап эле кыргыз тил класстары ачылып, студенттерге кыргыз тилин үйрөтүү программалары окутулуп келген. Мына, ошол мезгилден бери 60 жыл өтүптүр. Бул биз үчүн өтө маанилүү күн десек болот. 

 Болуп өткөн иш - чара эки мазмунду ичине камтыды. Биринчи бөлүм “Кыргыз тилинин 60 жылдык мааракесине арналса, экинчи бөлүм профессор Ху Чжэнхуанын “Кыргыз тилин үйрөнүү программасы” аттуу китебинин жарык көрүшү болду. Бул китеп,  биздин Кытайдагы студенттерге, башка кыргыз тилин үйрөнүүчүлөргө атайын арналып чыгарылган мыкты белек болуп калды. 

Иш - чарага Пекинде билим берүү тармагында иштеп жүргөн бир канча профессор, мугалимдер, сырттан келген коноктор менен бирге студенттер биригип 50 - 60ка жакын киши катышты. Чакан маараке өткөрүлдү. 

Профессор Ху Чжэнхуанын жаңыланып, атайын иштелип чыккан кыргыз тилин үйрөнүү боюнча китеби абдан жогору баага татыды.

Мен, бүтүндөй кыргыз элинин атынан профессор Ху Чжэнхуага ыраазычылык билдирем. Бул инсандын кыргыз элинин маданиятынын, адабиятынын жана тилинин өнүгүүсүндө кошкон салымы опол тоодой. Агай эч качан арыдым, талыдым дебейт. Ушундай күчтүү энергиясы менен ар дайым изденүү үстүндө. Дагы да болсо эки элдин ынтымагы үчүн кызмат кылып келет. Кыргыз маданиятына кылган эмгеги үчүн чоң рахмат.

“Кыргыз тилинин 60 жылдык мааракеси” Кытай жергесинде белгиленди

Сун Минь айым.

Сун Минь, Борбордук Улуттар университетинин проректору: “Тил - эки башка улуттун, мамлекеттин ортосундагы көпүрө болуп эсептелет”

Мындан сырткары жыйындын жүрүшүндө Борбордук Улуттар университетинин проректору Сун Минь дагы сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө кыргыз тилинин 60 жылдык мааракеси менен катышуучуларды куттуктап, кыргыз тилин окуучуларга таанытууга, үйрөтүүгө салым кошкон адистерге, өзгөчө профессор Ху Чжэнхуага ыраазычылыгын жана сый - урматын билдирип кетти. 

Сун Минь айым, Борбордук Улуттар университети ар качан азчылык улуттар өкүлдөрүнө жана алар жашаган аймактардын өнүгүүсү үчүн кызмат кылып келээрин баса белгилеп өттү. Ал: “Си Цзиньпин тарабынан сунушталган “Бир алкак - бир жол” демилгеси ишке аша баштагандан баштап, жибек жолунун жээгинде жайгашкан бардык мамлекеттер бул долбоорго активдүү колдоо көрсөтүп келет. Тил бул - эки башка улуттун, мамлекеттин ортосундагы көпүрө болуп эсептелет”,-деген оюн билдирди. Ошондуктан мамлекеттин өнүгүүсү үчүн мыкты кадрларды, атайын адистешкен адабий китептерди даярдоо заман талабы экендигин айтып өттү.

“Кыргыз тилинин 60 жылдык мааракеси” Кытай жергесинде белгиленди

Иш - чарага катышкан сыйлуу коноктор. 

Ли Хуаньцай: “Бул китеп “Бир алкак - бир жол” долбоорунун алкагында дагы актуалдуу болуп эсептелет” 

Ал эми, Кытай Эл Республикасынын Улуттар жана диний иштер боюнча мамлекеттик комитеттин Эл аралык байланыштарды башкаруу кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси, Ли Хуаньцай: “Кыргыз тилин үйрөтүү программасы” китеби жеке гана кыргыз тилин үйрөнгөн жаштар үчүн маанилүү болбостон, Кыргызстан менен болгон маданий байланышты чыңдоо багытында дагы барандуу орду бар. Бул китеп “Бир алкак - бир жол” долбоорунун алкагында дагы актуалдуу болуп эсептелет”, - деген оюн билдирди.

Профессор Ху Чжэнхуа - “Кыргыз уулу”

Кытай Эл Республикасынын жараны, дунган улутунун чыгаан уулу заманбап түрколог, кыргыз таануучу, манас таануучу профессор, “Манас” орденинин ээси (үчүнчү даражадагы), КРнын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги – Ху Чжэнхуа. 

Бул агайдын өмүр таржымалы толугу менен кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, тилин изилдөөгө арналган. Дагы да болсо ушул багытта эмгектенип келет. 

Профессор Ху Чжэнхуа 1931 – жылы 9 – январда Кытайдын Шандун провинциясында, темир жол жумушчусунун үйүндө жарык дүйнөгө келген. Ал 1949 – жылы коммунисттик ыңкылапчыл иш аракеттерге да катышкан. 1948 – жылдан 1953 – жылга чейин, Нанжин чыгыш тилдер мектебинде араб тилин, Шандун университетинде орус тилин, Пекинде Борбордук Улуттар институтунда уйгур тилин үйрөнгөн. 1953 – жылы окуу жайды аяктап Борбордук Улуттар институтунда окутуучу болуп эмгек жолун баштаган. Ал тил теориясы жана улуттук адабиятты изилдөө иштери менен алектене баштаган. 

Ушул эле жылы Ху Чжэнхуа Чыгыш Теңир – Тоонун түндүк – түштүгүндөгү кыргыз айылдарын аралап, кытайлык кыргыздар арасында кыргыз тилин үйрөнгөн. Муну менен бирге эле кытайлык кыргыздардын тили, фольклору, дастандары жана тарыхына байланыштуу көптөгөн фольклордук маалыматтарды жыйнаган. Азыркы тапта да кыргыз элинин руханий казынасы болгон “Манас” жана башка дастандары, маданияты, салттары жана кыргыз тили жаатында тынымсыз иликтөө жүргүзүп келет. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)