WeChat      Избранное

Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Кытай ар качан Кыргызстанда тынчтык болуусун каалайт”

20/07/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Кытай ар качан Кыргызстанда тынчтык болуусун каалайт”

Айылчы Сарыбаев.

Бүгүнкү күнү Кытай Эл Республикасы дүйнөлүк аренада өзүнүн ордун бекемдеп, экономикасынын динамикалуу өнүгүшү менен башка мамлекеттерден алдыга озуп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Кыргызстан ушундай күчтүү мамлекет менен коңшу болуп, чектеш жайгашкан өлкөлөрдүн бири. 

Эки элдин алакасы, кызматташтыгы жана экономикалык багыттагы мамилеси тууралуу биздин гезитке Экономика жана финансы Институтунун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев маек куруп берди. 

“Көп жылдан бери кытайлар менен тыгыз иштешип келем” 

- Кыргыз – кытай мамилеси Кыргызстандын эгемендүүлүгүнөн соң жаңы баскычка көтөрүлдү десек болот. Билим берүү жаатында эки элдин ортосунда көптөгөн жаңылыктар болуп, кыргыз – кытай факультеттери, Конфуций Институттары ачылды.  Бишкекте К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде Кыргыз – кытай факультети, ошол мезгилде Конфуций Институту дагы биринчилерден болуп ачылган. Андан көп өтпөй  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз – кытай факультети, Конфуций Институту ачылды. 

Мен 2006 – жылы БГУга Дүйнөлүк экономика кафедрасын жетектеп барып калдым. Ошол мезгилден баштап кытайлар менен тыгыз иштөөм башталган. Ага чейин деле Кытай, кытай эли тууралуу маалыматым бар болчу. Бирок алар менен бирге жакын иш алып барып көргөн эмесмин.

Ошол мезгилде эле Кытай тарап кыргыз – кытай факультети аркылуу, биздин студенттерди, магистранттарды Кытай жергесинде билимин улантууга мүмкүнчүлүк түзүп беришен. Бул жерден тил үйрөнүү курстарын өткөрүп, андан соң мыкты окуучуларга коңшу мамлекетте окууга шарт түзүп берип турушкан. 

“Кыргыз - кытай мамилесин бекемдеген, жибек жолуна арналган эл аралык конференциялар”

Кийин, Кыргыз улуттук университетине 2009 – жылы Экономика жана финансы Институтунун директору болуп келген соң университеттин Конфуций Институту аркылуу биз Үрүмчүгө көп каттадык. Үрүмчүнүн педагогика университети кыргыз – кытай экономикалык мамилесин өнүктүрүү максатында изилдөө иштерин аябагандай көп жүргүзүштү, азыр да ушул маселенин үстүндө иштеп келишет. Алар, Үрүмчүдөгү Синьцзян педагогикалык университетинин Экономика Институту ушул багытта көптөгөн иштерди аткарып, аны өнүктүрүп – өстүрүүдө башкы демилгечи күч болуп келүүдө.

Аталган Институт тарабынан төрт – беш жолу Жибек жолуна арналган эл аралык конференция өткөрүлдү. Кийинчерээк биз дагы, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Экономика жана Конфуций Институту биргелешип Кыргызстанда Жибек жолу боюнча конференция өткөрдүк. Ушундай эле эл аралык жыйынды БГУнун Конфуций Институту дагы өткөрүп жүрдү. Мындан сырткары Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы дагы Ош жергесинде аталган конференцияны алып барды. 

Мындай конференциялар жеке гана экономикалык жаатта эмес, маданият, туризм тармагынын маселелерин камтып, Үрүмчү шаарында, Ысык – Көлдө дагы өткөрүлүп жүрөт. Башкача айтканда, бул багытта иш аз да болсо алдыга жылууда. 

Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Кытай ар качан Кыргызстанда тынчтык болуусун каалайт”

“Кыргызстан жана Кытай алакасында кол коюлган келишимдердин аткарылуусу абзел”.

“Кытай экономикасына толугу менен көз каранды болгон мезгил”

Жашыруун деле сыр эмес, Кыргызстанда, 1990 – жылдардын башында дээрлик башкаруу системасы таркап, экономикабыз чар – жайыт болуп, талап – тоноого учураган мезгилде, элибизди таза ачарчылыктан, таза экономикалык кыйынчылыктан, кырылып калуудан Кытайга каттап, арзан тамак – аш, кийим – кече ташыган кыргыз аялдары сактап калган. Союз убагында айтылган “Аялдар коомдо зор күч” деген ураанды алар толугу менен далилдешкен. 

Ошол мезгилден баштап, биздин экономика толугу менен Кытайга көз каранды болуп калган десек болот. Себеби, биз эч кандай продукция чыгарбастан, жада калса ички рыногубузду дагы каржылай албай калганбыз. 

Дагы бир жакшы жери башында Кытайга каттап соода – сатык кылып калган биздин жердештер, азыркы мезгилде Кашкар, Үрүмчү, Гуанчжоу, Пекин ж.б. Кытайдын шаарларында өзүнүн кичинекей болсо да ишкерлигин ачып, ошол жакта иштеп жүрүшөт. Кытайлардан иштегенди, соода – сатык кылганды үйрөнүштү. Өжөрлүктү, эмгекке мамиле кылганды үйрөнүштү. Мунун бардыгы биз үчүн чоң жардам болду. 

Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Кытай ар качан Кыргызстанда тынчтык болуусун каалайт”

“Кыргыз - кытай алакасында коопсуздук маселеси башкы орунда”.

“Кыргыз - кытай мамилесин солгундаткан Евразия экономикалык бирикмеси”

Кытайда дагы бир өзгөчөлүк бул - алардын кытайлык кыргыздарга жасаган мамилеси.  Ар дайым жардам беришет, окутушат, мамилеси түз. Мамлекеттик бюджеттин негизинде окутушат, башкаруу системасына, билим берүү тармагына тартып, жакшы кызматтар менен камсыз кылып жатышат. Кытайлык кыргыздардын экономикасына гана эмес, маданиятына дагы колдоо көрсөтүп, көңүл буруп келишет. Бул абдан жакшы көрүнүш. 

Ушундай көрүнүш биздин Евразия мейкиндигине киргичекти жакшы өнүгүп келген. Себеби, биз Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмунун эл аралык уставдары, принциптери менен иштегенбиз. Анан, беш мамлекеттин курамынан турган өзүнчө экономикалык бир уюмга киргенден кийин, бизде кандайдыр бир деңгээлде Кытайдын товарларына тоскоолдуктар пайда болду. 

Кыргызстан аркылуу Кытайдын товарлары Казакстанга, Россияга реэкспорт болуп Дордой, Кара – Суу базарлары аркылуу өтүп турган. Ушул аркылуу көптөгөн адамдарыбыз жумуш менен камсыз болуп, Республиканын экономикасын бир калыпта сактоого мүмкүнчүлүк болгон. Тилекке каршы кытай менен өнүгүп – өсүп турган мамилебизди Казакстанга, Тажикстанга, Өзбекстанга бурдуруп ийдик. Кыргызстанда курулуп жаткан жолдор, мындан башка аткарылып жаткан иштер, дээрлик  бардыгы Кытай тараптын демилгеси менен болуп жатат.

“Кытай өкмөтү тарабынан көтөрүлүп жаткан демилгелер эки мамлекетке тең пайдалуу”

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу маселеси бүгүнкү күнү дагы башкы маселелердин бири. Мисалы, Казакстан өзү аркылуу темир жол курдуруп, Хоргосту тургузуп алды. Россия, Монголия дагы темир жол салдырып жатат. Биз болсо 20 жылдан бери, ушул иш үстүндө ойлонуп жатабыз.  Кытай тараптан сунушталып жаткан демилгелердин бардыгы эки тарапка тең бизге дагы, кытай элине дагы пайдалуу. Теңме – тең, катарлаш экономикалык мамиле кылуунун ордуна, биз ушундай мүмкүнчүлүктөрдү кошуна мамлекеттерге алдырып жиберип жатабыз. 

Чындыгында президенттер, премьер министрлер тарабынан Кытай Эл Республикасы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишимдерге кол коюлуп эле жатат. Бирок тилекке каршы, аткаруучулардын жоопкерчиликсиздигинен улам, бул багыттагы иштер талапка ылайык аткарылбай келет.

Биздин жетекчилик , Президент барып - келип түзүп жаткан мамилени андан ары улантууну үйрөнүүбуз зарыл. Эгерде ортодо түзүлгөн келишимдердин жыйынтыгы болбой калса анда, алар экинчи жолу келбей коюшу ыктымал. Маалыматтын жоктугу, жетишсиздиги ортодо көп маселени жаратууда. Жаныбыздагы кошуналар менен жакшы иштеп кете албасак, бул биздин чоң кемчилигибиз болуп калмакчы.

Мисалы, кечээ жакында  Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Россияда иш сапары менен болду. Россия менен Кытайдын экономикалык, саясий, коопсуздук тарабынан алакасы абдан күчөдү. Бул эки күчтүү мамлекет биригип дүйнөнүн экономикалык, коопсуздук саясатын дагы Азия контингентине бурганга жетишишти. Бүгүнкү күнү абдан күчтүү өлкөлөр болуп калышты. Ушундай коңшулар менен биргеликте иш алып барып, экономикабызды көтөрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү колдоно билүүбүз зарыл.

Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Кытай ар качан Кыргызстанда тынчтык болуусун каалайт”

“Кытай жергесинде билимин улантууну каалаган студенттерге маалымат жетишсиз”.

“Шанхай кызматташтык уюму - биздин чоң жетишкендигибиз”

Биздин чоң ийгилигибиздин бир бул – Жибек жолунун эле боюнда туруп калбастан, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуп кирип калганыбыз. Мына быйыл дагы эки чоң өлкө, ядролук өлкөлөр: Индия менен Пакистан бул уюмга мүчө болуп кирди. Азыркы тапта дүйнөдөгү элдин жарымынан көбү ШКУга мүчө, дүйнөдөгү экономиканын жарымынан көбү ШКУга таандык, дүйнөдөгү коопсуздуктун сактай турган өлкөлөр бул ШКУнун мүчө мамлекеттери. Ушул тапта Кыргызстандын чоң жетишкендиги бул Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөсү болгону. 

Кытай мамлекетинин биз үчүн дагы бир жакшы мааниси бул - коопсуздук маселеси, терроризмдин Кыргызстанда болбошу. Кытай ар качан Кыргызстанда тынчтык болуусун каалайт. Ал үчүн колдон келишинче бизге Шанхай кызматташтык уюмунун, кыргыз - кытай алакасынын негизинде жардам берүүгө аракет кылып жатат. “Бир алкак - бир жол” долбоорунун негизги максаты дагы коопсуздук маселеси.

Мындан сырткары Жибек жолунун чок ортосунда биздин Кыргызстандын жайгашышы. Демек, бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ушул мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонуп, экономикабызды жогорулатып алуу өзүбүздүн гана колубузда.

“Биз “Жибек жолундагы экономикалык алкак” аттуу борбор түзгөнбүз”

2013 – жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан “Бир алкак – бир жол” аттуу долбоор сунушталган. Бул долбоордун Орто Азия боюнча илим изилдөө борбору Үрүмчү шаарында жайгашкан. Ошол Үрүмчүдөгү илим изилдөө борбору Орто Азия өлкөлөрүнүн проблемалары, булардан өтө турган долбоорлодун маселелери үстүндө иш алып барат. Тилекке каршы, биздин Кыргызстан ошол илим изилдөө борборуна кошулуп кошо иштешпей, четте калганбыз. 

Мен өзүм жеке, Синьцзян педагогикалык университетинин алдындагы Экономика институну менен келишим түзүп, Жибек жолу борборун курууга аракет кылганбыз. “Жибек жолундагы экономикалык алкак” деген борбор түзүп, борбордун Кыргызстандагы жетекчиси мен, Кытай тараптан жетекчиси болсо Чжу Шисон болуп келишим түзүп, кол коюшуп иштей баштаганбыз.

Борбордун алкагында бир топ программа, долбоорлорубуз бар болчу. Иш башталган, бирок мурунку өкмөттүн чечими менен институттарды кыскартуу, аларды жоюу борбордун ишинин токтошуна алып келди. 

Эми, биздин бүгүнкү күндө өзүбүз түзгөн жеке менчик Экономика жана финансы институтунун демилгеси менен биз ушул проекти, программаны кайра көтөрүп чыгып, жаңы күч, жаңы дем менен иштей баштадык.

Быйыл Кытайдын мыкты ишкерлеринин бири, биздин институтка колдоо көрсөтүп, материалдык жактан кыйынчылык тарткан он студентти төрт жыл бекер окутуп берүүгө макулдугун берди. Бул боюнча ортодо келишим түзүлдү. Бул биздин институт менен Кытай тараптын кызматташтыгынын алгачкы гана кадамдары. Мындан сырткары алдыда коюлган пландар, аткарылчу иштер абдан көп.  

“Бул гезиттин эки элдин кызматташтыгында мааниси зор”

Азыркы мезгилде эл арасында кытай - кыргыз ортосундагы алака, Кытайга бюджетке окууга өтүүгө мүмкүнчүлүктөрдүн болушу, Кытай тарап көтөрүп жаткан демилгелердин тууралыгын, эки мамлекетке тең алып келчү пайдасы тууралуу берилген маалыматтар жокко эсе. Болсо дагы үзүл - кесил болуп, бир тараптуу каралып калган. 

Эң эле жөнөкөй мисал, Кытай жергесинде билимин улантууну каалаган мыкты окуучуларыбыз, студенттерибиз маалымыттын жетишсиздигинен улам  ой - тилектерин ишке ашыра албай келишет. Маалыматтын жоктугу көп иштин кендирин кесип отурат.

Мына, силердин гезит жаңыдан гана ачылыптыр, мындай маалымат булагынын эки элдин кызматташтыгын бекемдөөдө мааниси абдан зор деп эсептейм. Гезит жамаатынан суранаарыбыз маалыматты жакшылап, тактап, тууралап берсеңиздер. Ар бир маселе ар тараптуу каралып, карапайым эл арасына түшүнүктүү жеткирилиши керек. Ошол себептен гезиттин жоопкерчилиги абдан чоң, мааниси терең. Гезитиңизге  ийгилик каалайбыз. Биз менен ар дайым кызматташтыкта болот деп ишенебиз.

 “Эгерде Кыргызстан Кытайдан үлгү алса көп нерсеге жетишет”

- Кытайдын акыркы учурдагы экономикасынын өнүгүү себеби эмнеде деп ойлойсуз? 

- Бул эми чоң идеология, чоң саясат деп коет. Кытайдын эң чоң жетишкендиги болуп бул алардын борборлоштурулган башкаруу принцибин кайрадан демократиялык принцип менен айкалыштыра алышы. Ошол борборлошкон башкаруу тартипти демократияга, ачык экономикага буруп, ошол тартипти эч кандай бузбастан экономиканы көтөрүп кетүү, менчиктин бардык түрүн пайдалануу, бир партиялык системанын күчү менен демократия орнотуу, кайрадан ачык экономика орнотуу, рыноктун бардык формаларына шарт түзүүгө жетишишти. 

Ал жерде коррупция менен кармалган адамдарды аеосуз жазалашат. Биз кытайлардын иштегенди үйрөнүшүбүз керек. Алар күнү - түнү дебей иштөөгө даяр эл болот. Эмгекчилдик кытай элинин башкы сапаты. 

Кытайдын дагы бир өзгөчөлүгү, булар 1980 - жылдары билимге абдан катуу мамиле жасашкан. Ушундай эле принцип 1990 - жылдардан кийин Турцияда да ишке киргизилген. Мына азыркы тапта Кытай жалпы экономикасы, өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү биринчи өлкө болсо,Турция 16 орунду ээлеп жатат. Эгерде биз Кыргызстан Кытайдан үлгү алсак ошонун, башкаруу системасынан, окуу системасынан үлгү алсак, бир жарым миллиард калкты окутуп, билимин жогорулатып, анан экономикасын дүйнөдө биринчи кылгандыгын түшүнсөк, көп нерсеге жетишебиз. 

“Кедейчиликти жоюу менен бирге жаңы жумуш орундарын түзүү” 

“Жибек жолундагы экономикалык алкак” аттуу кыргыз – кытай илимий изилдөө борбору тууралуу кыскача маалымат.

Долбоордун максаты: Кыргызстандын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикалык абалын иликтеп, үйрөнүп чыгуу, алардын маселелери жана “Жибек жолундагы экономикалык алкак” долбоорун ишке ашыруудагы мүмкүнчүлүктөрү үстүндө иш алып баруу, Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасынын эксперттеринин катышуусу менен бирге изилдөө тайпасын түзүү.

“Бир алкак – бир жол” проекттисин ишке ашырууда пайда болгон маселелерди иликтөө жана аларды жоюу.  

Долбоордун алкагында, аны ишке ашырууда ортого чыккан маселелерди жоюу үчүн, атайын адистердин тобу менен биргеликте эл аралык конференцияларды, тегерек  столдорду, тренингдерди жана семинарларды өткөрүп туруу.

Күтүлгөн жыйынтык: Аталган долбоордун ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө айыл чарба тармагында, туризм жана тейлөө кызматтарында мамлекеттер ортосундагы каржы кызматынын сапаты, деңгээлинин жогорулашы. Мындан сырткары кедейчиликти жоюу, жаңы жумуш орундары менен жарандарды камсыздоо. Калаалардагы жана айыл аймактарында социалдык – экономикалык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү ж.б.  


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)