WeChat      Избранное

Жети дубандын уздарын Ат - Башыга чогулткан “Жетинчи Кыргыз шырдак” фестивалы

06/07/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Жети дубандын уздарын Ат - Башыга чогулткан “Жетинчи Кыргыз шырдак” фестивалы

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Т. Казаков сөз сүйлөө учурунда. Сахнада А. Кайыпов жана Ж. Субакожоев. 

Кыргыз эли байыртадан эле көп кырдуу таланттарга бай болгон. “Эл ичи - өнөр кенчи” - демекчи, калк арасы колунан көөрү төгүлгөн уз - чеберлерден баштап, кызыл таңдай акындары менен дайыма сыймыктанып келген. Кыргыз элинде таланттар ар качан өзгөчө бааланып, сый - урмат үстүндө жүргөн. Бүгүнкү кунү дагы бул жөрөлгө уланып келет. Ушундай мыкты салтты улаган маараке 28-29 - июнь күндөрү Нарын облусунун  Ат - Башы районунда болуп өттү.

Жети дубандын кол өнөрчүлөрүн бир арага чогулткан “Кыргыз шырдагы” аттуу эл аралык фестивалдын жетинчи жолку иш - чарасы Теңир - Тоодо болуп өттү. Бул Фестивалга карата жалпы отуз боз үй тигилип, ага 200 дөй кол өнөрчү катышты. Кыргызстандын булуң - бурчунан келген чеберлердин шырдактары көргөзмөгө коюлуп, “Кымыз” фестивалы, улуттук тамак - аштардын жасалышы жана узун чачтуу кыз - келиндердин кароо - сынактары дагы өткөрүлдү. 

Байыркы Улуу Жибек жолу аралай өткөн Ат - Башы аймагы, бул эки күн ичинде кызыл - тазыл, гүлгө оролгон шырдактар өрөөнүнө айланды. Фестивалдын ачылышында жогорку деңгээлде даярдалган концерттик программа көрсөтүлүп, чет жерден келген коноктор кыргыздын улуттук кийимдеринен баштап, тамак - ашына, салт - санаасына күбө боло алышты. 

Эл аралык фестивалга келген коноктор жана катышуучулар иш - чара тууралуу биздин гезит менен өз ой - пикирлерин бөлүштү. 

Түгөлбай КАЗАКОВ, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри: “Кыргыздын кол өнөрчүлүгү бул – көчмөндөрдүн маданиятынын ачык – айкын далили”

 “Бүгүнкү болуп жаткан иш – чара кыргыздын салттуу маданиятын, ЮНЕСКОго кирип жаткан биздин эстеликтерибиздин, баалуулуктарыбыздын, дагы бир жолу кылымдарды карытып келе турган түбөлуктүү дөөлөттөрүбүз экендигин далилдеп атканы биз үчүн чоң сыймык. Майрамыңыздар кут болсун. Ушул фестивалды ар кандай маселелерге карабастан, ушул күнгө чейин жеткирип, Кыргызстандын булуң – бурчунан уз – чеберлерин жыйнап, жаркылдатып өткөзүп жаткан уюштуруучулардын бардыгына рахмат. Фестивалга кол тийгизген, кол кабыш кылган бардык жарандарыбызга узун өмүр каалайбыз. 

Эң негизгиси, кыргыздын кол өнөрчүлүгү бул – көчмөндөрдүн маданиятынын ачык – айкын далили. Көчмөндөрдүн цивилизациясы деп биз азыр батышка чейин кыйкырып жаткан маданияттын өзөгүн ушул кол өнөрчүлүк түзөт. Биздин боз үй, улуттук кийимдер, улуттук  буюмдарыбыздын бардыгы, бир кездеги сактардын, гундардын дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөрдүн чок ортосунда - кыргыздар жүргөнүн азыр далилдеп турат. Башка элдер көчмөндөрдүн маданиятынан эч нерсе сактап кала алышкан жок. Жападан жалгыз кыргыздарда кылымдарды карыткан көчмөндөрдүн руханий материалдык дөөлөттөрүн улап келишет. Аман болуңуздар, майрамыңыздар кут болсун”. 

Аманбай КАЙЫПОВ, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “Кол өнөрчүлөр - улуттун материалдык баалуулуктарын көркүнө чыгарышат” 

 “Жетинчи жолу өткөрүлүп жаткан бул фестиваль колунан көөрү төгүлгөн уз – чебер, усталардан кыргыз элинин уучу кур эместигинен кабар берет. Кыргызстандын булуң – бурчунан келген кол өнөрчүлөр, улуттун материалдык баалуулуктарын көркүнө чыгарып бизге тартуулап отурат. Теңир – Тоо жергебизде өтүп жаткан бул демилгени колдоп, жолдун алыстыгына карабастан, ат арытып келген конокторубузга, катышуучуларыбызга ыраазычылык билдирем. Фестивалды уюштуруп жаткан Ат – Башы районунун администрациясына, жергиликтүү бийликке, айыл өкмөттөрүнө уюштуруу тобуна өзүмдүн атымдан, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу аппаратынын атынан рахматымды айтып кетмекчимин”. 

Жети дубандын уздарын Ат - Башыга чогулткан “Жетинчи Кыргыз шырдак” фестивалы


Жакыпбек СУБАКОЖОЕВ, Ат – Башы районунун акими: “Кыргыз шырдагынын экологиялык жактан тазалыгы дүйнө элдерин таң калтырып келет”

 “Бул иш – чара бүгүн, куттуу Ат – Башы жергесинде төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Маданий мурастардын жоголуп бараткан түрү катары ЮНЕСКОнун тизмесине кирген кыргыз шырдагы, жыл өткөн сайын өзүнүн баркы менен, өзүнүн даңкы менен кулачын кенен жайып баратат десем жаңылышпайм. Мына, ушул кыргыз шырдагын жеке гана Кыргызстанда эмес, чет жерлерде да даңазалоодо уз – чебер эжелерибиздин эмгеги зор экендигин дагы бир жолу баса белгилеп айткым келет. Ат – Башы уздарынын башын бириктирген “Алтын чөйчөк уздары” уюмунун жетекчилигинин арты менен кыргыздын шырдагынын баркы дагы бир жолу көтөрүлүүдө. Кыргыз шырдагынын татаалдыгы менен айкалышкан жөнөкөйлүгү, экологиялык жактан тазалыгы дүйнө элдерин таң калтырып келет. 

Жети дубандын уздарын Ат - Башыга чогулткан “Жетинчи Кыргыз шырдак” фестивалы

Көз жоосун алган шырдактар.

Бул фестивалдын дагы бир максаты - ат жалында чоңойгон кыргыздын “кыргыз” экендигин даңазалоо менен бирге, улуттук баалуулуктарыбызды дүйнөгө таанытуу. Мына ушундай мамлекеттик деңгээлдеги иш – чараны өткөрүүгө моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөткөндөргө: Жогорку Кеңештин спикери Ч. Турсунбековго, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Т. Казаковго, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Кайыповго жана ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты А. Баатырбековго терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин”. 

Жети дубандын уздарын Ат - Башыга чогулткан “Жетинчи Кыргыз шырдак” фестивалы

Дүйшөналиева Ажаркүл.

Ажаркүл Дүйшөналиева, Ат - Башы райондук администрациясында акимдин орун басары: “Уз - чеберлерибиз чет мамлекеттерде да Кыргызстанды таанытып жүрүшөт” 

 “Бул “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалы биздин Нарын облусунда 7 - жолу өткөрүлүп жатат. Ошонун ичинен Ат - Башы районунда 4 - жолу белгиленүүдө. Фестивалдын негизги максаты - уздарды колдоо, элдик кол өнөрчүлүктү кийинки муунга үйрөтүү, кеңири жайылтуу жана аны күнүмдүк турмушунда колдоно билүүсүнө жетишүү. Калк арасында көрүнбөй жүргөн уз - чеберлерди элге таанытуу. 

“Кыргыз шырдагы” иш - чарасы Туркартага киргизилгенден бери, чет жерлерден көптөгөн конокторубуз келип жүрүшөт. Ушул Туркарта системасынын жардамы менен туристтер фестивалдын кайсы жакта, канчасында болоору тууралуу так маалымат ала алышат. Ал гана эмес, алар алдын - ала буйрутмаларды берип, иш - чарага келгенде заказдарын алып кетип жүрүшөт.

Кыргыз шырдагы фестивалы 2005 - 2006 -жж. Кыргыз - швейцар агро долбоорунун айылдык кеңеш кызматы деген проект иш алып барчу. Мына ошол долбоор Германия техникалык өнүктүрүү долбоору менен биргелешип кызматташуусунун натыйжасында кол өнөрчүлөрдөн турган бирикмелер түзүлө баштаган. Буга чейин уз - чеберлер жекече, ар кимиси өз алдынча аракет кылып келишкен. Анан бул бирикмелердин түзүлүшү менен бирге Нарын облусу боюнча “ Кыргыз уз кабардык сервис” кооперативи уюшулган. Жетекчиси уз - чебер Карыбекова Жамбы эже болгон. Көпчүлүккө абдан белгилүү, таланттуу адам. 

Мына ушул облустук уюмга Ат - Башынын кол өнөрчүлөрү мүчө болуп кирген. Ушунун натыйжасында, германиялыктардын колдоосу менен Нарын шаарында өз дүкөнүбүздү ачып, мебель менен камсыз болгонбуз. Аздыр - көптүр чет өлкөлөргө буюмдарды чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кийин Германияда өткөрүлгөн сатык - соода жарманкелерине дагы катышып келишкен. 

Жети дубандын уздарын Ат - Башыга чогулткан “Жетинчи Кыргыз шырдак” фестивалы

“Кара жорго” фестивалдын көркүн ачты.

Ошентип кыргыздын кол өнөрчүлүгү чет жактарда таанылып, өз кардарларын таба баштаган. Анан кийинчерээк биздин Ат - Башылык уздар “Алтын чөйчөк уздары” ассоциациясын түзүп, беш жүзгө жакын кол өнөрчүнүн башын бириктиришкен. Ушунун негизинде иштеп келишет. Мунун натыйжасында “Кыргыз шырдагы” фестивалын өткөрүү демилгеси дагы колго алынып, бир топ ийгиликтерди жаратып келет. 

Бул иш - чаранын негизинде биздин кол өнөрчүлөрдү эл тааныды. Анткени республиканын аймагында же болбосо сырт жакта, кандай фестивалдар өткөрүлбөсүн алар барып катышып, өз эмгектерин таанытып келип жатышат. Мисалы, ушул эле жылы бир ай Россиянын Новосибирск шаарында көргөзмө - жарманкесине катышып, соода - сатык кылып келишти.  Мындан сырткары Германия, Швейцария мамлекеттерине барып жүрүшөт, башында айткандай интернеттен буйрутмаларды алышат. Жумуш орду менен камсыз болуп жатышат. Анан албетте, ар бир мындай иш - чаранын артында талыкпаган эмгек жатат, ошондуктан фестивалды өткөрүүгө жардам берген ар бир айыл өкмөтүнө, колдоо көрсөткөндөргө, учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирип кетмекчимин. 

Эл аралык “Кыргыз шырдагы” фестивалын өткөрүүгө Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 200 миң сом, ЖК төрагасынын фондунан 100 миң сом бөлүнүп берилген. Ошондой эле жергиликтүү бийлик жана ЮСАИД уюму тарабынан колдоо көрсөтүлдү”. 

Эң мыкты кыргыз шырдактары - фестиваль жыйынтыгы 

Фестивалдын жыйынтыгы тууралуу “Алтын чөйчөк уздары” уюмунун жетекчиси Таалай Алиева маалымат берди. 

“Бүгүнкү өткөрүлгөн “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалы соңуна чыгып, эң мыкты кыргыз шырдактарынын ээлери аныкталды. Конкурс “Таза шырдак”, “Мурас шырдак”, “Кооз шырдак”, “Эмгек шырдак” деген багыттар менен каралды. Конкурста үч миңден ашык шырдак  сыноодон өтүп, жети дубандын уз - чеберлери катышты. Фестивалдын жыйынтыгында Кара - Суу айылынын уз айымы Дамира Абышованын шырдагы 50 миң сомдук баш байгеге татыктуу болду. Экинчи орунга Казыбек айылынын тургуну Турганбүбү Океева ээлеп, 40 миң сом, үчүнчү орунду Гүлмира Кырмыкеева багындырып, 30 миң сом акчалай сыйлык алды. 

Ошондой эле, төртүнчү жана бешинчи орунга ээ болгон уздар Т. Алиева жана Ж. Жумаева 10 миң сомдон акчалай сыйлыкка татышты. Мындан тышкары, 10 уз - чебер баалуу белектер, мурас шырдактарынын ээлери 3 миң сомдон акчалай сыйланышты. 

Устат - шакирттеринин шырдактарын жасаган 10 кол өнөрчүгө 3 миң сомдон, дагы он адамга 1 миң сомдон сыйлыктар, грамоталар ыйгарылды. 

Ал эми кымыз фестивалында 1-орунга Ача - Кайыңды, 2 - орунга  Ак - Моюн айылы, 3 - орунга Талды - Суу айылы ээ болду.” 

Жети дубандын уздарын Ат - Башыга чогулткан “Жетинчи Кыргыз шырдак” фестивалы

Фестивалдан бир көз ирмем.

“Бул чеберчилик энебизден калган” 

Эсенгелдиева Гүлнара, Ача – Кайыңды айыл өкмөтүнүн уз – чебери: Мен, сиңдилерим болуп шырдак жасоо менен кичинебизден бери эле алектенип келебиз. Бул чеберчилик бизге энебизден калган. Энебиздин жолун улап келе жатабыз десем да болот. 

Мен бир жылда чоң шырдактардан эки – үчтү гана жасайм. Көбүнчө чет өлкөгө сатууга ылайыктап, кичинекей төрт бурчтук сувенир кийиз буюмдарын жасайбыз. Шаарда “Кыял” бирикмесинде дагы сатыкка коюлган эмгектерибиз бар. 

Жети дубандын уздарын Ат - Башыга чогулткан “Жетинчи Кыргыз шырдак” фестивалы

Эсенгелдиева Гүлнара.

Мындай, иш – чаралардын уюштурулуп турушу биз үчүн абдан маанилүү, бир жагынан кол эмгектерибизди эл алдына алып чыксак, экинчи жагынан сатып алуучулар дагы көбөйөт. Үй – бүлөлүк бюджетке жакшы салым кошулат. Ошондуктан, фестивалды колдоп, жардам берип жаткан уюштуруучуларга, учурдан пайдаланып, терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин. 

Жети дубандын уздарын Ат - Башыга чогулткан “Жетинчи Кыргыз шырдак” фестивалы

Дүйшекеева Бурмакан.

“Жаратылыштын бүтүндөй сулуулугун бергем”

Дүйшекеева Бурмакан, Ат - Башы районунун уз - чебери: “Мен бул жакка кийизден жасалган килемче алып келдим. Бардыгы тең кол иши менен жасалган. Ар бир оюм - чийим өзүнчө маанини ташыйт. Жети түстү айкалыштырып, бул эмгегимде жаратылыштын бүтүндөй сулуулугун бергенге аракет кылдым. Жаратылышты көркүнө чыгарган түркүн – түстүү гүлдөр экендигин бардыгыбыз билебиз. Ошондуктан килемче бетинде гүлдөр алардын аталыгы, энелигинен бери орун алган. Ал эми кээ бир гүлдөр кара түстө берилген. Биринчиден “күн” жана “түн” деген дагы дагы гүл түрү бар, экинчиден болсо, жашоодо ар качан ак менен кара, күн менен түн, жарык менен караңгы айкалышып жүрөт. Эки тараптын тең өзүнө тиешелүү сулуулугу бар, ошондуктан бул килемче бетинен Кыргызстандын жаратылышынын кооздугун толугу менен көрүүгө болот. 

Өзүм өмүр бою математика мугалими болуп эмгектенип келгем. Бул узчулук өнөрү мага энемден калган. Бүгүнкү болуп жаткан фестиваль дагы Ат – Башы аймагынын кол өнөрчүлөрү үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк. Бир жагынан өз чеберчилигин көрсөтсө, бир жагынан элдин өнөрүн көрүп, кошумча маалымат алат дегендей”. 

Жети дубандын уздарын Ат - Башыга чогулткан “Жетинчи Кыргыз шырдак” фестивалы

Кыргызды, Кыргызстанды ичине камтыган Бүбүмалика эженин эмгеги.

“Шырдак бетинде Кыргыз кереметтери орун алды”

Фестивалда көп кишинин көңүлүн өзүнө бурган Бүбүмалика Бакирдинованын кол өнөрчүлүгү болду. Шырдагынын маани - маңызы тууралуу Калинин айылынын уз айымы түшүндүрмө берди. 

 “Бул эмгегимде Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан жети дубандын ажайып жайлары түшүрүлдү. Мындан сырткары кыргыз элинин, улуттун сыймыгы болгон Манас бабабыз, мамлекеттин символикалары болгон туу жана герб шырдак бетинен орун алган. Бул жерден мен сайма менен оюну айкалыштырып жасадым. Ар бир түшүрүлгөн оюм – чийим өзүнчө бир маанини ташып, идеяларды ичине камтыйт. Жалал – Абаддан Сары – Челекти, Таластан Манастын күмбөзүн, Нарындан Таш – Рабатты, Чүйдөн Бурана, Ысык – Көл облусунан көлдүн өзү, Оштон Сулайман Тоо, Баткенден айгүл гүлүн түшүрдүм. 

Мындайча айтканда, кыргыз жергесинин кереметтери шырдак бетинен орун алды десем болот. Ал гана эмес укумдан – тукумга келе жаткан улуттук аспаптар: комуз, кыл кыяк, ооз комуз, чопо – чоорлор дагы көрсөтүлдү. 

Кыргызстан эмнеси менен мактана алат? Кыргызстан “Көчмөндөр оюндары” менен мактана алат. Ошондуктан, бул жакта анын эмблемасын жайгаштыргам. Кыргызстандын тарыхында Улуу Жибек жолунун дагы абдан маааниси зор. Дал ушул, биздин Ат – Башы аркылуу соода кербендери өтүп турган, шырдакта орун алган чубалган төөлөр дагы жибек жолунун белгисин билдирет. 

Анан албетте, кыргызды боз үйү, калпагы жок элестетүүгө мүмкүн эмес. Кыргыз эли боз үйдө төрөлүп, калпагын башынан түшүрбөй барктап келген. 

Башында айтып кеткендей ар бир оюм – чийимдин ичинде терең маани катылып жатат. Кыргыз эли оңой эл эмес, ушундай кол өнөрчүлүгүндө дагы улуттун баалуулуктарына басым жасап келет. 

Мен бул шырдакты былтыр эле баштагам, толугу менен бир жыл аралыгында бүтүрдүм. Баасын сурап, кызыккандар көп эле болуп жатат, бирок шырдакты сатганга алып келген жокмун, фестивалга гана катышуу үчүн эл алдына алып чыктым.  

Жети дубандын уздарын Ат - Башыга чогулткан “Жетинчи Кыргыз шырдак” фестивалы

Тобби, Англия.

“Шырдактар абдан кооз”

Тобби, Англиядан келген конок: “Бүгүнкү иш - чара абдан сонун болуп жатат. Бул жактан мен кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү менен жакындан тааныша алдым десем болот. Шырдактар абдан кооз. Негизи эле кыргыз эли абдан меймандос, кичипейил келет экен, анан кол өнөрчүлүгү дагы өзгөчө өнүгүптүр. Ушунча эмгек менен жасалган кийиз буюмдары, жогорку баага татыктуу. Мен сөзсүз түрдө жакындарыма кыргыз сувенирлеринен алып барам”. 



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)