WeChat      Избранное

Жергиликтүү бийлик чек аралаш аймакта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

29/04/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагында орун алган кырдаалга байланыштуу чек аралаш аймактын тургундарына түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Баткен облусунун башчысы Омурбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода, бүгүн 29-апрелде чек арадагы абал боюнча эки ирет телефон аркылуу, кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүштү.

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен, өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Акылбек Орозовдор, чек арада топтолгон жарандар менен жолугуп, жаралган бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн, бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, элге кырдаалды курчутпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Жетекчилер абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин айтып, элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырып жатышат.

Аймакта эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолугуп, сүйлөшүүдө.

Эскерте кетсек, 28-апрель күнү Ак-Суу дарысыянын суу бөлүштүрүүчү каналында тажик тарап Кыргызстан аймагында ортонулган электр мамыларына видеокөзөмөл камераларын орнотууга аракет кылышкан. Кыргыз чек арачылары алардын иши мыйзамсыз экенин эскертип, ишти токтотууну талап кылышкан. Андан соң кошуна мамлекеттин тургундары тарабынан таш ыргытуу болуп, жанжал орун алган. Ошону менен бирге, Ош-Баткен-Исфана жолу менен бара жаткан кыргыз жарандарына кошуна мамлекет тараптеп ок атылган.


(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)