WeChat      Избранное

Айболот Айдосов: “Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуу жаатындагы потенциалы өтө чоң”

16/11/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Айболот Айдосов: “Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуу жаатындагы потенциалы өтө чоң”

ФотоWWW

2020-жыл Кыргызстан үчүн жеңил жылдардан болгон жок. Жаңы жыл менен кошо кирген коронавирус жалпыбызды дүрбөлөңгө түшүрүп, анын айынан канчалаган адам өмүрү менен кош айтышты. Бүгүнкү күнү да бул абал оор бойдон калууда. Ал эми, акыркы мезгилде болуп жаткан саясий абал дагы көпчүлүктү ойго салып турган чагы.

Мына, ушул багытта биз “Кыргызстан-Кытай” коомдук уюмунун мүчөсү, саясатчы Айболот Айдосов менен баарлаштык. Ал өлкө ичиндеги саясий-экономикалык абал тууралуу өз ой-пикирин билдирип, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын кызматташуу алакасына дагы токтолуп өттү.

- Кыргызстандын учурдагы абалына кыскача сереп салып берсеңиз, пандемия мамлекеттин саясий-экономикалык, социалдык абалына кандай таасир берүүдө?

-  Азыркы тапта, Кыргызстанда абдан курч абал түзүлдү. Саясий тармак, эпидемияга байланыштуу экономикалык кризис дагы өөрчүп турган кези. Бирок, ошол эле кезде мындай көйгөйлөр бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча болуп жатат. Эпидемиялык абал өтө курч деп, мисалы Американы, Англияны, Францияны айтсак болот. Жаныбыздагы, кошуна мамлекеттерде дагы бул кырдаал жеңил эмес.

Кыргызстан биринчи толкунду башынан өткөргөндөн кийин, бул жугуштуу дартка каршы иш-аракеттерди жүргүзүп, даярдыктарды жакшы бир деңгээлге көтөрдү десек болот. Ошонун негизинде, пандемиянын экинчи толкунун жеңил өткөрүүгө, ооругандардын санын азайтууга, өлүм санын жокко чыгарууга өз аракеттерин көрүп жатышат.

Саясий абал дагы курч болуп турат. Дагы да болсо, саясат талаасында бийлик үчүн болгон күрөш жүрүп жаткандыгына бардыгыбыз күбө болуудабыз. Кээ бир жерлерде жогорку кызмат орундары үчүн талаш-тартыштар болуп, митингдер уланууда. Бирок, октябрь айынын башына салыштырмалуу учурда абал тынч. Бүгүнкү күнү өлкөнүн тынччылыгы биринчи орунга чыгып, экономикалык абалды жөнгө салуу жаатындагы маселелер каралууда.  Кырдаал жакшы жагына өзгөрүүдө десек болот.

-  Учурдагы кырдаал кыргыз-кытай алакасына өз таасирин тийгизүүсү мүмкүнбү, “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде дагы эки тараптуу мамилелер кандай нукта өнүгүүсү зарыл деп эсептейсиз?

-“Бир алкак-бир жол” долбоору бул Кыргызстан үчүн экономика, маданият, илим жана саясат тармагындагы эң ири долбоор болуп саналат. Албетте, бул демилгенин үстүндө көптөгөн мамлекеттер иштеп жатат. Алардын ичинде Кыргызстан дагы бар. Биздин өлкө бул багытта дагы өз салымын кошконго аракет кылат. Бул иш-аракеттерге акыркы мезгилде Кыргызстанда болуп жаткан саясий кырдаалдар эч кандай таасир бербейт.

Жакында эле, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айымды кабыл алды. Жолугушууда Кыргыз Республикасы эл аралык милдеттенмелерди жана буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди жана макулдашууларды толугу менен так аткараары айтылып, Кытай менен Кыргызстан жакшы кошуналар жана ишенимдүү өнөктөштөр экендигине дагы басым жасалды.

Кытай элчиси дагы өз сөзүндө, эки өлкөнүн элинин ортосундагы достук мамилелердин тамыры  тээ алыскы тарыхка, байыркы Улуу Жибек Жолу мезгилине барып такалаарын белгилеп, Кытай Кыргызстанга мүмкүн болушунча ар дайым жардам берүүгө даяр экендигине да токтолуп өттү. Бул жолугушууда белгилүү болгондой, Кыргызстандын Кытай Эл Республикасына болгон позициясы эч кандай өзгөрүүгө дуушар болгон жок.

-        Кытай инвесторлору тууралуу дагы өз оюңуз менен бөлүшө кетсеңиз?

-        Жогоруда айтып өткөн, КР Президентинин м.а. Садыр Жапаров менен КЭРдин КРдагы Элчиси Ду Дэвэнь айымдын жолугушуусунда дагы Кытай инвесторлору тууралуу сөз болгондо, алар менен иш өз жолунда уланаары айтылды. Инвестордун коопсуздугу багытында дагы тиешелүү чаралар көрүлөөрү белгилүү болду. Чындыгында, азыркы тапта жаңы өкмөт инвесторлор үчүн мүмкүн болушунча бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн бир катар аракеттерди көрүүдө. Өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө инвесторлор менен жакындан иш алып баруу учурдун талабы экендиги бардыгыбызга маалым.

Албетте, мамлекет ичинде саясий абал бираз туруксуз болуп, азыркы мезгилде көптөгөн өнөктөштөрүбүз байкоо нугунда иш алып барууда. Бирок, бул нерсенин бардыгы убактылуу. Эң жакынкы мезгилде Президенттик шайлоо болоору күтүлүүдө. Ошондон кийин бардык саясий процесстер толугу менен укук талаасында жүргүзүлүп, бул тармакта дагы би


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)