WeChat      Избранное

Искендер Шаршеев: “Азыркы тапта Кыргызстанда абал оор”

16/11/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Искендер Шаршеев: “Азыркы тапта Кыргызстанда абал оор”

ФотоWWW

Акыркы мезгилдеги өлкө ичиндеги саясий кырдаал жана пандемия көптөгөн тармактардын ишмердүүлүгүнө өз таасирин тийгизип жаткандыгы бардыгыбызга маалым. Өзгөчө ишкерлер чөйрөсү бул кырдаалдан жабыркап, бир катар олуттуу жоготууларга дуушар болууда. Мына, ушул багытта биз Бизнес-ассоциациялар Улуттук альянсы катчылыгынын жетекчиси Искендер Шаршеев менен баарлашып, өлкөнүн экономикалык абалы тууралуу дагы ой-пикирин билдик.

- Бизнес-ассоциациялар Улуттук альянсынын мүчөлөрүнүн ой-пикиринде, азыркы тапта Кыргызстанда ал-абал абдан эле оор. Мисалы, улуттук статистика комитетинин берген маалыматы боюнча улуттук дүң продукт өткөн жылы 590 миллиард сомго чыкса, үстүбүздөгү жылдын он айынын эсеби менен 355 миллиард сомду түздү. Чындыгында, мамлекеттин экономикалык абалы бир топ эле начар абалда. Бул жерден туризм сектору абдан катуу сокку жеди. Бул багытта 60-70%га чейин экономикалык иш-аракеттер солгундады.

Азыркы тапта, бизде мамлекеттик башкарууда административдик суроолор толугу менен жөнгө салына электигине байланыштуу дагы бир катар чек ара маселелери болууда деп ойлойм.  Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Кытайдан өткөн товарлар кайсы бир деңгээлде биз аркылуу сатылат. Мына, ушул нерсе азыркы күндүн башкы маселеси болууда. Биздин уюмдун мүчөсү Дордой базарынын ишкерлеринин Кытайдан товар алып келүү көйгөйү биринчи орунда туруп жатат. Учурда Кытайдан Кыргызстанга товар келбей жатат. Бизде товарлардын 80%ы импорт жолу менен келет эмеспи. Мына, ушул багытта чек ара маселелери дагы болууда.

Искендер Шаршеев: “Азыркы тапта Кыргызстанда абал оор”

Ал эми, КЭР тарабынан демилгеленген “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде эки тараптуу кызматташуу байланыштары түзүлүүдө. Бирок, учурдун башкы талабы бул Кыргызстан менен Кытай ортосунда эркин жүк ташуу келишимдери түзүлүүсү эле. Канча убакыттан бери жүзөгө ашырылбай жаткан темир жолдун дагы курулушу зарыл. Мына, ушул багыттагы иштер абдан көп убакыттан бери созулуп, чечилбей келе жатат. Бул маселелер чечилсе регионалдык экономиканы жандантып, өнүктүрөөрү шексиз.

Биздин тоо-кен секторунда иштеген ассоциациялардын мүчөлөрүнүн айтуусунда, кытай инвесторлору менен жергиликтүү калктын ортосундагы түшүнбөөчүлүктөр бул маалыматтын жетишсиздигинен улам дагы болууда. Чындыгында кытай инвесторлорунун жергиликтүү калк менен карым-катнашы, маалымат алмашуусу абдан сейрек, жетиштүү деңгээлде эмес болууда.

Ошондуктан, өлкө ичинде кандайдыр бир саясий окуялар болгондо, ушундай туура эмес жагдайлар болуп кетүүдө. Бул жерден кытай инвесторлору жергиликтүү калк менен жакындан байланышта болуп, жакшы маалымат алмашса деген ойлор бар. Байланышта болуу,ачык-айкын маалыматтар менен алмашуу дагы учурдун талабы.

Бүгүнкү күндө түзмө-түз мамлекетке берилген акча, түз инвестиция боюнча Кытай үстөмдүк кылууда. Бирок, жеке инвестиция кылуу боюнча келген акча андан дагы көп болуусу мүмкүн деген ойлорун биздин уюмдун мүчөлөрү билдирүүдө. Биздин өлкө инвестиция алууга даяр. Бирок, бул багытта толук кандуу, жетиштүү түрдө ишти өздөштүрө элекпиз. Бул жерден мамлекет, ишкерлер чөйрөсү, жергиликтүү калк арасына дагы бир катар түшүнүктөрдү киргизүү зарыл. Тактап айтканда, ишкерлерге, жергиликтүү калкка инвестор менен кантип иштешүү керектиги тууралуу айтылып, ошол эле мезгилде инвесторго дагы жергиликтүү калк менен кандай иш алып баруу керектиги жөнүндө маалымат берүү абзел.Азыркы маалда абал өтө татаал. Өзгөчө оор кырдаал бул туризм тармагы, мейманкана жааты жана импорт-экспорт жасаган дистрибьютерлер аймагында болууда. Чындыгында, пандемия эмес, саясий кырдаалдар чек аралардын жабылуусуна алып келип, бул багыттагы иштерди солгундатып жаткандыгы дагы маалым.

Инвестиция былтыркы сегиз айга салыштырмалуу 9,2% төмөндөсө, тышкы инвестициянын көлөмү быйылкы тогуз айда 27 % кемиген Акыркы коомдук-саясий кырдаалдардан улам, 10-октябрга карата Кыргызстандын экономикасы сегиз млрд. сом же 104 млн. доллар зыян тартты. Бул тууралуу Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы (БАУА) тараткан кайрылууда жазылган.Берилген маалыматка ылайык: “Ансыз да пандемия шартында экономикасы жабыркаган Кыргызстанда январь-август ичинде мунай тазалоо өндүрүшү төрт млрд. сомдон 841 млн. сомго чейин төмөндөп кеткен. Текстил, тигүү өнөр жайы 5,3 млрд. сомдон 3,8 млрд. сомго чейин, кен иштетүү 467 млн. сомдон 402 млн. сомго азайган. Ал эми жашылча-жемиштерди сыртка экспорттоонун көлөмү 731 миң доллардан 167 миң долларга чейин төмөндөгөн.Инвестиция былтыркы сегиз айга салыштырмалуу 9,2% төмөндөсө, тышкы инвестициянын көлөмү быйылкы тогуз айда 27 % кемиген. Мамлекеттик бюджетке түшүүчү киреше былтыркыга салыштырмалуу 8 080,4 млн. сомго азайган. Натыйжада август айында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 76 904,9 млн. сомду түзүп, ички дүң өнүмдүн 27,3% гана түзгөн. Туризм тармагы быйыл пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам жарым-жартылай да иштеген жок, деп жазылган.Кайрылуу ээлери пандемияда жабыркаган ишкер чөйрө 5-октябрда башталган башаламандык учурунда да зыян тартып жатканын белгилешет. Алар башаламандык башталган күндөн бери Кара-Кече, Жамгыр, Кичи-Чаарат, Иштамберди, Бозымчак, Жерүй кендеринде иш токтоп калганын эскертишүүдө.Маалыматта жазылгандай, 5-октябрдан берки башаламандыктардын натыйжасында сырттан келүүчү 210 млн. долларлык бизнес-келишим, 20дан ашуун келишимдер жокко чыккан. Миллиарддаган сомдук чыгашаларга алып келүүчү саясий туруксуздук өлкөдө жумушсуздуктун күч алып, мамлекеттик бюджеттин толбой калышына, бул өз кезегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык абаланын начарлашына алып келерин белгилеген БАУА бардык саясий тараптарды тынч сүйлөшүүгө отуруп, мыйзам жолуна түшүүгө чакырган.Ишкерлердин кайрылуусунда “Бул кырдаалдардан кийин Кыргызстанды оор экономикалык жыл күтүп турат. Бизнес-коомчулукка пандемиянын жана башаламандыктын кесепетин азайтууга көмөктөшүү зарыл, ишкерлерди консультациялык-координациялык кеңештерге кошуп, бизнес-коомчулуктун да пикири эске алынсын деген талаптар жазылган.

 БАУА – бизнестин бирдиктүү үнү 

Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы – өлкөдө ишкерлер чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, бизнес жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуу менен алек болгон уюм. Ал 2007-жылы 13-ноябрда бизнес-ассоциациялардын биринчи улуттук форумунда түзүлгөн.БАУАнын башкы максаты уюмдун мүчөлөрүнө бизнес жүргүзүү боюнча жол көрсөтүү менен катар аларга эксперттик колдоо көрсөтүп, ишкерликтеги актуалдуу маселелерди чечүүгө жардамдашуу болуп саналат.

     


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)