WeChat      Избранное

Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту

21/10/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту

ФотоWWW

Тараптар КРге финансылык көмөк көрсөтүү, өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү, социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу маселелерин дагы талкуулашты.

Кыргызстан Россия Федерациясы менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздук мамилелерди чыңдоого чоң маани берет. Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров РФтин Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушууда билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров РФтин Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

"Бийлик өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын калыбына келтирүүгө, анын ичинде болжолдонуп жаткан коронавирус пандемиясынын экинчи толкунуна даярдык көрүүгө багытталган иштерди активдештирди. Мындан сырткары, Россиянын жана Владимир Путиндин атайын өкүлү Дмитрий Козактын Кыргызстандагы ички саясий абалдын турукташуусундагы өзгөчө ролун белгилеп кетким келет. Россия биздин өлкөнүн ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү болуп келген жана кала берет", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кыйын кырдаалда көмөк көрсөткөндүгү үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди.

Ал эми элчи Удовиченко Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, Россиядан кошумча инвестиция тартууга басым жасалганын белгиледи.

"Кыргызстан менен Россия тыгыз жана жылуу мамиледе. Россия өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкка жана Кыргызстанда тил саясатын улантууга кызыкдар. КРде бир катар олуттуу программалар ишке ашырылууда. Маанилүү элементтердин бири катары Россиядан инвестиция тартуу, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкка басым жасоо болуп саналат. РФтин салык тутумун модернизациялоого жана товарларга байкоо жүргүзүүчү маркировкалоо тутумун ишке киргизүүгө көмөктөшүүгө даяр", — деп белгиледи элчи.

Премьер өлкөнүн Конституциясына ылайык, орус тили расмий тил боюнча каларын, анын макамын өзгөртүү боюнча ой жок экенин белгилеген. Буга байланыштуу ал Кыргызстандын айылдарында жашаган жарандарга сабак берүү үчүн орус тили мугалимдеринин санын көбөйтүү өтүнүчүн билдирген.

Тараптар КРге финансылык көмөк көрсөтүү, өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү, социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу маселелерин дагы талкуулашкан.

Маалымдалгандай, өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргыз-Россия комиссиясынын мындан аркы ишин Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артем Новиков алып барат.








(Автор:sputnik / Редактор:GL)