WeChat      Избранное

Азамат Темиркулов: “Мыйзам гана бул абалды туура нукка сала алат”

15/10/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Азамат Темиркулов: “Мыйзам гана бул абалды туура нукка сала алат”

Акыркы күндөрдө Кыргызстанда болуп жаткан саясий кырдаал тууралуу саясий илимдеринин доктору, доцент, белгилүү серепчи Азамат Темиркулов өз ой-пикири  менен бөлүштү.

-Азыркы тапта, бийлик кетип, өлкөдө толугу менен мыйзамсыздык өкүм сүрүп турганы менен жашоо-турмуш кадимкидей эле уланып жатат. Элдер жумушка барып, өз иштери менен алек. Ири соода борборлору жабылса дагы, магазиндер иштеп жатат. Коомдук транспорттор өз тартиби менен жумушун улантууда. 

Бардыгыбыз билгендей, акыркы эки жолу төңкөрүш жолу менен бийликти алмаштырууда кыргызстандыктар кандайдыр бир деңгээлде мындай көрүнүштөргө көнүшүп калгандай. Ошондуктан, бул кырдаалга эл сабырдуулук менен мамиле кылып, эч кандай паника деле кылган жок. 

Бирок албетте, баары бир тынчсыздануу, санааркоо бар. Күн сайын бийлик үчүн күрөш жүрүп жатат. Азыркы тапта, премьер-министрдин орду үчүн салгылашуу болууда. Президенттин тагдыры дагы болсо белгисиз. Жогорку Кеңеш кийинки шайлоого чейин легитимдүү орган болуп кала бермекчи. Жогоруда айткандай, азыркы тапта премьер-министрдин кызматы талашта болууда. Ага азыр жакында эле митинг учурунда түрмөдөн бошотуп чыгышкан Садыр Жапаров, бир жагынан болсо мурунку премьер-министр, президенттике талапкер Өмүрбек Бабанов бар. Ал ага каршы козголгон иштен улам, качып жургөнү белгилүү. Менин оюм боюнча, эгерде премьер-министрдин кызматына талапкер болгондордун ортосундагы күрөш токтобосо, анда бул карама-каршылык көпкө созулуп, кыйын кырдаалга алып келүүсү мүмкүн. Алардын жыйынтыгы кандай болоорун айтуу оор болуп калмакчы. 

Бул кырдаалдан дагы үчүнчү күчтөр колдонуп кетүүсү мумкүн. Мисалы, эл аралык террористтик уюмдар, ар башка мамлекеттердин кызыкчылыктарын көздөгөн түрдүү күч органдары ж.б.у.с. Бул кырдаалда бардыгы мыйзам талаасында чечилүүсү керек. Мыйзам гана бул абалды туура нукка сала алат. Жеке пикиримде премьер-министрликтин ордун талашуунун кереги жок. Кайра шайлоого чейин анын ордун убактылуу кызматын аткаруучу, тактап айтканда вице-премьер-министр ээлеп турса болот. 

Кыргыз-кытай алакасына токтоло турган болсок, тилекке каршы ушундай баш-аламандык учурунда ар түрдүү криминалдык топтор пайда болууда. Мына, ошолор ушундай учурдан пайдаланып ишканаларды басып алуу менен, талап-тоноо иштери менен алектенишүүдө. Тилекке каршы, чет өлкөлүк инвесторлордун дагы ишканаларына кол салуу болууда. Бул абдан туура эмес көрүнүш. 

Бул жерден баса белгилеп кетүү керек, бул криминалдык топтордун кылганы. Бул эч кандай элдин, биздин өлкөнүн позициясын билдирбейт. Өлкөдөгү кырдаал жөнгө салынып, тынчыгандан кийин күнөөлүүлөр табылып, өз жазасын толугу менен тартат деп ишенем. Бул жагымсыз кырдаал эки өлкөнүн достук алакасына эч кандай терс таасирин тийгизбейт деп үмүттөнөм.

Кандай болгон күнү да, биздин өлкөнүн башына кандай бийлик келсе дагы, сырткы саясат линиясы өз калыбында калмакчы. Кыргыз-кытай кызматташтыгы мурункудай эле чыңдалып, өнүгө бермекчи. Бул жерде сырткы саясат маселеси жок, ички саясат көйгөйлөрү болууда. Кыргызстан мындан ары демократиялык  өнүгүү жолуна түшөбү, же болбосо кайрадан эле патриархалдык режимге кайтып келеби, же болбосо көпчүлүктүн, элдин үнүн эске алып, ошого жараша иш кылган бийлик келеби, мунун бардыгы ички саясатка, бийликке кимдин келүүсүнө байланыштуу болмокчу.


(Автор:Чолпонай Турдакунова / Редактор:GL)