WeChat      Избранное

Сейил Эсенбек кызы: “Аралыктан окуу оңой болгон жок”

15/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Сейил Эсенбек кызы: “Аралыктан окуу оңой болгон жок”

Фото WWW

Коронавирус кырдаалы жашообузду кыйла өзгөртүүгө дуушар кылды десек эч жаңылышпайбыз. Көптөгөн тармактарда иш токтоп, же болбосо аралыктан иштөө чечимдери кабыл алынды. Билим берүү тармагы дагы алардын катарында болуп, дистанттык иш алып барууда эң көп кыйынчылыктарга кабылды десек болот.

Биз ушул багытта борборубуздагы Жогорку окуу жайлардын биринде иштеп, кытай тилинен сабак берген Сейил Эсенбек кызы менен баарлашып, карантин учурундагы окуу процесси тууралуу ой-пикирин уктук.

-Чындыгында, коронавирус илдети күтүлбөгөн жерден башталып, бардыгыбызды кыйын абалга калтырды. Мындай абалга эч даяр эмес элек. Бул учурда биздин эң башкы максат окууну үзгүлтүккө учуратпай, улантып кетүү болду. Тезинен whatsapp топторун ачып, студенттер менен байланыш жолдорун туура нукка салууга аракет кылдык. Ал аркылуу тапшырмаларды берип, кайтарым байланыштары дагы болуп жатты.

Студенттер болсо ар кайсы аймактарга, ата-энелеринин жанына тарап кетишти. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, интернет республиканын аймактарында бирдей тартпайт. Ошондуктан, байланыш кээде жакшы болсо, кээ бир жерде начар болуп, кыйынчылыктар жаралды. Муну менен катар эле, окуучулардын телефондорунда бирдик жок болуп калган учурлар дагы көп эле кездешип жатты. Мисалы, бир группада 20-30дан адам болсо, кээде беш, алтоосу менен эле иштешип жаттык. Андай кырдаалдарда ата-энелерине чейин байланышка чыгууга дагы туура келди.

Сентябрь айынан баштап дагы окуу аралыктан өткөрүлөт деп жатышат. Чындыгында, өлкө ичинде коронавирус кырдаалы кандай болоорун ким билет. Ошондуктан, ал окуу процессине азыртадан баштап даярдыктар көрүлө баштады. Classroom программасы аркылуу дагы иштөөнү пландаштыруудабыз. Ал жакта аралыктан байланыш жакшы болуп, сабак өтүүгө бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлүптүр.

Албетте, учурдагы кырдаал, карантин мугалимдер, студенттер үчүн деле бир топ түйшүк жаратты. Анткени, мурун мындай абалга туш келип, иштеп көргөн эмеспиз да. Аралыктан окутууда эң башкы талап бул-тез ылдамдыктагы интернетке ээ болуу экен. Анткени, кээ бир студенттерибиз онлайн чакырыкка жооп бермек тургай, жөн гана социалдык тармактар аркылуу жооп берүүгө дагы шарттары болбой жатты. Мугалимдер үчүн дагы кошумча талаптар болуп жатты. Атайын видео-сабактар дагы даярдалды. Бирок, баары бир бул жаатта жакшы тажрыйба болуусу керек экен. Карантинден кийин окуу акысын төлөө дагы көпчүлүк үчүн кыйынчылыкты жаратты. Эч жактан кирешеси жок отуруп калган ата-энелер үчүн балдардын контрагын төлөп берүү оор болду десем жаңылышпайм.

Эми, азыр Бишкекте жашоо өз нугуна түшө баштады. Бирок, коронавирус жуктургандардын саны күн санап көбөйүүдө. Ошондуктан, бардык жарандарыбызды мамлекет тарабынан кабыл алынган санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого чакырмакчымын

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)