WeChat      Избранное

Түндүк-түштүк альтернативдик жолу – экономиканын өнүгүүсүнө кошулган барандуу салым

18/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:


Түндүк-түштүк альтернативдик жолу – экономиканын өнүгүүсүнө кошулган барандуу салым

Түндүк-түштүк альтернативдик жолу – экономиканын өнүгүүсүнө кошулган барандуу салым

Фото WWW

10-11-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги Тогуз-Торо районунун борбору Казарман аймагын басып өткөн Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун учурдагы абалы, жумушту жандандыруу үчүн көрүлүп жаткан даярдыктар менен жеринен тааныштыруу ирээтинде журналисттер үчүн пресс-тур уюштурду.

Төлөн Дүйшөк уулу, КРдин Транспорт жана жол министрлигинин Автомобиль жолдор башкармалыгынын жетекчиси: “Жол тармагына байланыштуу инвестициялык долбоорлор жандана баштады” 

-Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, мамлекет тарабынан республика боюнча жол тармагына байланыштуу инвестициялык долбоорлордун алкагында ондон ашуун проект ишке ашырылып жатат. Дүйнө жүзүндө коронавирус эпидемиясы болуп жаткандыгына байланыштуу бул багытта бир катар кыйынчылыктар пайда болду. Азыркы учурда болсо, министрлик, Өкмөт, тиешелүү мекемелер тарабынан чаралар көрүлүп,  долбоорлордун ишмердүүлүгүн кайрадан жандандыруу иштери башталды. 

Түндүк-түштүк альтернативдик жолундагы жумуш чет элдик адистердин жоктугуна байланыштуу азыркы учурда токтоп турат. Бирок, Кыргыз Республикасынын Өкмөт аралык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө кытай адистерин республиканын аймагына киргизүү боюнча макулдашуу ишке ашып, жакынкы күндө алардын келүүсүн күтүп жатабыз. 

Кытай адистеринин келүүсү менен алгачкы жолу биздин мамлекетте курулуп жаткан уникалдуу жасалма курулуштар, туннель, эстакадалык көпүрөлөрдүн иштери кайрадан жанданмакчы. Буюрса, биринчи жана экинчи фазанын участогунда жумуштар толугу менен башталмакчы.  

Албетте, учурдагы кырдаалда элибиздин саламаттыгы башкы маселе. Ошондуктан, сырттан келген адистер толугу менен КРдин Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмдин негизинде текшерилип, кабыл алынган бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталмакчы. Бул жерден белгилей кетчү дагы бир нерсе, кытай адистери өз жергесинен дагы сыртка чыгаарда обсервацияда болуп, ПЦР тестинин жыйынтыгы чыкканда гана чет мамлекеттерге кое берилет экен. Бирок, биз дагы өлкөбүздө кабыл алынган эрежелерге ылайык, аларды ПЦР тестин тапшыртып, базаларда атайын түзүлгөн обсервация бөлүмдөрүндө 3 күндөн 5 күнгө чейин көзөмөлдөн өткөрмөкчүбүз. Андан соң гана, алар жумуш үстүнө келе алышат. Муну менен эле катар, жергиликтүү калк менен болгон байланышты минималдаштыруу боюнча дагы талаптар каралган. 

Айбек Кожошев, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы: “Жол канчалык татаал болгон сайын, сырттан алып келген азык-түлүк, товардын баасы дагы ошончо кымбат” 

-Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун райондун экономикасына тийгизе турган таасири, анын маанилүүлүгү тууралуу дагы маалыматтарды жергиликтүү тургундарга байма-бай берип келебиз. Биз бул багытта долбоорду толугу менен колдоп келе жатабыз. Биринчиден, Тогуз-Торо району борбордон 580 км алыстыкта жайгашкан. Экинчиден, кыш мезгилинде биздин район Жалал-Абад облусуна караштуу болгондуктан, ал жакка  Бишкек аркылуу, же тактап айтканда 1000 км алыстыкты тегеренип барабыз. Жол канчалык татаал болгон сайын, сырттан алып келген азык-түлүк, товардын баасы дагы ошончо кымбат болуп жаткандыгын көрүүдөбүз. Ошондуктан, учурда бул жолдун салынышы район үчүн, жалпы эле мамлекет үчүн абдан жакшы натыйжасын берет деп ишенем. 

Жолдун ачылышы элдин жашоо-турмушун оңдоого дагы зор салымын кошмокчу.  Өндүрүштөр иштеп баштайт, кошумча жумуш орундары түзүлөт дегендей. Долбоордун биринчи фазасы бүтүү алдында турат. Ал эми, экинчи фазасы быйыл 1-октябрга чейин бүтөт деген чоң ишенимдер бар болчу. Тилекке каршы, коронавирус кырдаалына байланыштуу 5 айдан бери жумуш токтоп турат. Жакынкы аралыкта, жергиликтүү башкаруу бийликтерине, райондогу мекеме-ишканаларга, айыл өкмөт башчыларына, укук коргоо органдарына элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге сырттан келген адистерди адистерлин КРдин Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген алгоритмдин негизинде текшерип, анын талаптарын аткаруусу менен иш баштоосу боюнча дагы тапшырмалар берилди. 

Эл компаниянын курулуш иштерин баштоосун күтүп жатат. Бул багытта эч кандай карама-каршылыктар жок. Мына, долбоордун курулуш иштери башталгандан бери жергиликтүү калк дагы кошумча жумуш орундары менен камсыз болду. Кытай компаниясы дагы райондо бир топ алгылыктуу иштерди жасап жатат. Элге дагы өз жардамдарын берип келүүдө. Жергиликтүү бюджетке салыктарды төлөп жатат. Мындан сырткары, компаниянын чечими менен жаратылыш кырсыктарын алдын-алуу боюнча дагы жардамдарын берип келишкен. 

Биз дагы жолдун курулушунун негизинде ортого чыккан кандайдыр бир маселелерди чечип берүүгө өз көмөгүбүздү көрсөтүп жатабыз. Башкача айтканда, бир-бирибизге толугу менен колдоо көрсөтүп, сүйлөшүп-кеңешүүлөрдүн негизинде Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун долбоорун ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн кызматташып келе жатабыз. Чындыгында, жолдун сапаттуу жана эрте бүткөнү бардыгыбыз үчүн абдан жакшы болмок. 

Чындыгында, экинчи фазада бир топ мүчүлүштүктөр пайда болду. Себеби, быйыл жок дегенде 20-30 жылда бир келүүчү селдер биздин бүгүнкү күндө куруп жаткан жолдорубуздун көпчүлүк жерин зыян кылды. Азыр жергиликтүү тургундар, тиешелүү адистер менен биргеликте жаратылыш кырсыктарынан алдын-алуу максатында айрым жолдорду кайрадан оңдоп берүү маселеси жана башка сунуштар менен дагы кайрылуудабыз. 

Менин жеке пикиримде жолдун сапаты абдан жакшы салынууда. Албетте, тиешелүү ведомстволордун адистери дагы бул багытта өз жыйынтыктарын беришмекчи. Эң башкысы бардыгыбыздын максатыбыз бир. Бул элдин турмушун жеңилдеткен сапаттуу жолго ээ болуу. Бир-эки жыл аралыгында аталган долбоор ийгиликтүү ишке ашып, эл кызматына берилет деп ишенем. 

Өмүрбек Турдумамбетов, “Кыргызжолтрансдолбоор” институтунун инженери: “Эстакадалык көпүрөлөрдүн долбоору Кытайдан даярдалып келинген” (подзаголовок)

-Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, Түндүк-түштүк альтернативдик жолунда курулуш иштери 2014-жылы башталган. Ал эми, эстакадалык көпүрө болсо 2017-жылы тургузула баштаган. Мен учурда, ушул көпүрөнүн техникалык көзөмөл жүргүзүүчү консультативдик инженерлер тобунун жетекчиси болуп иштейм. 

Түндүк-түштүк альтернативдик жолунда эки эстакадалык көпүрө салынып жатат. Биринин узундугу 1076, экинчиси 396 метрди түзөт. Тирегичтер 12 метрден 40 метрге чейин жер астына киргизилген.  Бул экинчи көпүрөнүн негизги монтаждоо жумуштары былтыр жай айларында бүткөн. Анын узундугу 396 метр, туурасынан болсо унаа каттай турган бөлүгү 11,5 метр. Ага кошумча, эки тарабынан жөө адамдар өтө турган 95 см тротуар дагы салынган. 

Негизи, бул көпүрө долбоору Кытай Эл Республикасында даярдалып келген. Себеби, биздин долбоорлоо институту мурун мындай проекттер менен иш алып барган эмес. Курулушту 17 инженер-консультант көзөмөл кылат. Ар биринин өзүнүн милдеттери бар. Ал эми, жумушта колдонулган бетондордун, зарыл болгон материалдардын сапаты курулуш лабораториясы аркылуу текшерилет. Ошондуктан, курулуштун сапаты эң жакшы деп айта алам. 

Албетте, бул көпүрөлөрдү тургузууда алгачкы мезгилде көп кыйынчыктар болду. Нарын дарыясы сиздер билгендей, Орто Азиядагы ири дарыялардын бири. 2016-жылы суу катуу кирип убактылуу салынган көпүрөлөрдү дагы алып кеткен учурлар болду. Ошого байланыштуу айлап жумуштар токтоп калып жатты. Бирок, бул долбоорду ишке ашырып жаткан кытай компаниясынын күчү менен бардыгы калыбына келтирилип, толугу менен сапаттуу бүткөрүлүп жатат. Эң негизгиси техникалар, адистер жетиштүү. 

Тилекке каршы ушул дүйнө жүзүнө келген коронавирус апаатынын кесепетинен көпүрөнүн курулушу 5 айга чукул токтоп калды. Өзүңүздөр көргөндөй азыр жумуш иштери дагы баштала элек. Жакынкы күндөрү кытай адистеринин Кыргызстанга келүүсү менен курулуштун иши жанданмакчы. Буюрса, быйыл жыл аягына чейин толугу менен бүткөрүлөт деген ой бар. 

Замир Искаков, Транспорт жана жолдор министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу: “Долбоордун 1-2- фазасы Кытай Эл Республикасынын “Экспорт-Импорт” банкы тарабынан каржыланып жатат” 

-Биз Түндүк-түштүк авто жолунун биринчи жана экинчи фазасын көзөмөлдөйбүз. Сиздерге белгилүү болгондой, бул долбоор 2014-жылы башталган. 3 фазадан турат. Биринчи жана экинчи фазасы Кытай Эл Республикасынын “Экспорт-Импорт” банкы тарабынан каржыланып жатат. 3-фазасында эки донорубуз бар. Алар “Азия өнүктүрүү” банкы жана “Ислам өнүктүрүү” банкы.

Азыркы күндө 1-2-фазанын иштеринин аткарылуусу 80%дан ашып калды. 3-фазабыздын бир участогунда курулуш иштери 2018-жылы башталган. Калган эки участогунда болсо, мобилизациялоо иштери башталганы турат. Жолдун биринчи фазасынын узундугу 154 км, азыркы күндө 80% аткарылып калды. Туннелди казуу иштерин улантуу үчүн кытай адистерин күтүп жатабыз. Экинчи фазанын узундугу 90 км, азыркы күндө 85% аткарылды. Анда эки эстакадалык көпүрөлөр курулуп жатат. Алардын биринде 70% курулуш иштери аяктап калды, экинчисинде болсо жумуштар 90%га аяктады. 

Дүйнөдө, Кыргызстанда болуп жаткан пандемия кырдаалына байланыштуу курулуш иштери 5 айга чукул токтоп калды. План боюнча, экинчи фазаны октябрь айлары менен ачып, бул каттам менен унаалар жүрө баштамак. Эки эстакадалык көпүрөлөр дагы ачылмак. Биринчи фазабыз болсо 2021-жылдын май айында туннель бүтсө эле, Жалал-Абад менен Казарман ортосунда каттам ачылаары күтүлүп жаткан. Бирок, учурдагы кырдаалга байланыштуу убакыттан уттуруп койдук. Жакынкы күндөрү долбоорду кайрадан жандандырып, иштерди баштамакчыбыз. 


Карагулов Алтынбек, “Кыргызжолтрансдолбоор” институтунун кызматкери: “Туннель салынып бүтсө жолго кеткен убакыт бир кыйла кыскарат” 

-Мен Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун долбооруна ылайык салынып жаткан туннель боюнча көзөмөл жүргүзүү тобунун жетекчисимин. Туннелдин жалпы узундугу 3890 метр. Түндүк жана түштүк жагынан тең жумуш жүрүп жаткан. Учурда, 3890 метрдин ичинен 1100 метри калды.

Туннелде жалпысынан 400дөн ашуун адам иштейт. Ал жакта чет өлкөлүк адистер менен биргеликте жергиликтүү калктын тургундары дагы чогуу иштешет. Азыркы тапта, кытай адистери келсе жумуш кайрадан жанданмакчы. 

Туннель 2015-жылдын август айында казылып башталган. Көк-Арт ашуусун тешип өткөн бул туннель деңиз денгээлинен 2500 метр бийиктикте жайгашкан. Тоо ичиндеги жолдун бийиктиги 11, туурасы да 11 метрди түзмөкчү. 

Ал жалпы эле мамлекеттин территориясынын ортосунан өткөндүктөн Нарын, Жалал-Абадты, Ысык-Көлдү жакындаштырат. Убакыт үнөмдөлөт. Мисалы, Жалал-Абадтан эгерде Ысык-Көлгө бара турган болсок учурда 17 саат убакыт керектелет. Бул жол менен келсек ушул эле маршрутту 5-6 сааттын ичинде басып өтөбүз.  

Сарыкулаков Майрамбек, Кара-Суу айылынын тургуну: “Жаңы жол салынып бүтсө, бардыгыбыз үчүн эң жакшы жетишкендик болмок” 

-Мен “ЧайнаРоуд энд Бридж” компаниясында 5 жылдан бери  айдоочу болуп иштеп келе жатам. Бул жылдар аралыгы компанияга жакшы эле көнүшүп, иштеп калдык. Учурдагы кырдаалга байланыштуу жумуш иштери токтоп, биз дагы ишсиз отуруп калдык. Ошондуктан, курулуш иштери тез жанданса деген эле ой-тилек. Бул жерге жумушка келгенге чейин эл ташып иштечүмүн. Азыркы жумушум болсо бир өңчөй болуп жакшы, бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. 

Жергиликтүү калк арасында дагы бул жерде иштегендер көп. Албетте, башында тил билбегендиктен кытайлар менен иштешүү бираз оор болду. Бирок, убакыттын өтүшү менен бир-бирибизди жакшы түшүнүп, азыр мамилелерибиз абдан жакшы. Чындыгында, кытай эли абдан иштерман келет экен. Бир байкаганым туруп жүрүп эле, отурбай тамактана беришет. Жол бүтүп, эртерээк колдонууга берилсе эл үчүн абдан жакшы болот эле. 

Кара-Көө ашуусу өзү абдан опурталдуу. Кышында кар калың түшкөндө жабылып калат. Ал эми, жаңы жол салынып бүтсө, бардыгыбыз үчүн эң жакшы жетишкендик болмок. 




(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)